
Иш башкармасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын жогорку кызмат адамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын жана Министрлер Кабинетинин ишин финансылык, материалдык-техникалык, транспорттук, социалдык жана медициналык жактан камсыз кылуучу өз алдынча мамлекеттик орган. . Азыркы учурда Иш башкармасы көп тармактуу уюм болуп саналат, анын материалдык-техникалык базасы жана жакшы даярдалган кадрлары ага белгиленген компетенциянын чегинде жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды жогорку профессионалдык деңгээлде аткарууга мүмкүндүк берет. Ишкердик башкаруунун схемасы борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүн (бөлүмдөрүн) жана 17 ведомстволук уюмдарды камтыйт, аларда ар кандай тармактардын эки миңден ашык жогорку кесипкөй адистери иштейт. Көп жылдык тажрыйба, кызматкерлердин дилгирлиги, команданын ынтымактуулугу Бизнес администрациясына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз ыйгарым укуктарын натыйжалуу ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы менен биргеликте мамлекеттик маанидеги маанилүү иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча жогорку уюштуруучулук деңгээлде иш алып барууда. Ведомствого караштуу уюмдар мамлекеттик администрациялык имараттарды, мамлекеттик резиденцияларды, клиникалык оорукананы, автотранспорттук ишкананы жана башка мекемелерди тейлешет, алар көрсөтүлүүчү кызматтардын натыйжалуулугун жана сапатын дайыма жогорулатууга багытталган. Жыйынтыктап айтканда, Кыргызстан экономикалык жактан күчтүү, демократиялык мамлекетти куруу жолуна түшкөнүн белгилегим келет. Жарандардын бакубаттуулугун чыңдоого, коррупцияга каршы күрөшүүгө, ачык коомду курууга багытталган реформалар жүргүзүлүүдө. Бул Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын ишмердүүлүгүнө кошумча талаптарды белгилейт жана биздин алдыбызга жаңы максаттарды жана милдеттерди коюп жатат.
Жаңылыктар / 05:00, 30 июня, 2025
Мамлекет башчысынын колдоосу жана тапшырмасы менен мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү багытында бир катар иштер жүргүзүлүп жатат. Бүгүн Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Мамлекеттик камсыздандыруу уюму менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемеси биргеликте ишке ашырып жаткан жаңы санариптик кызматтар менен таанышты. Эми ОСАГО камсыздандыруусун «Түндүк» тиркемеси аркылуу онлайн каттоого болот. Жарандар үчүн эң зарыл болгон кызматтардын бири — автоунааларга милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) полисин онлайн каттоо мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Мындан сырткары, бардык облустук жана райондук филиалдарда камсыздандыруу кызматын көрсөтүү үчүн жаңы “Камсыздандыруу” автоматташтырылган маалыматтык системасы баскыч-баскыч менен киргизилип жатат. Кийинки этапта — турак жайларды камсыздандыруу кызматын да «Түндүк» тиркемеси аркылуу онлайн каттоо мүмкүнчүлүгү ишке ашырылат.
Жаңылыктар / 05:00, 11 июня, 2025
Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев мамлекеттик кызматтардын жеткиликтүүлүгүн арттырууга багытталган дагы бир жаңы мүмкүнчүлүк тууралуу өзүнүн фейсбук баракчасында билдирди. “Бүгүн биз дагы бир маанилүү жаңылыкты элге тартууладык. Президент Садыр Жапаровдун санариптештирүү боюнча тапшырмасынын алкагында мамлекеттик ипотекага ‘Түндүк’ мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн түрдө кезекке туруу мүмкүнчүлүгү ишке ашты. Мурда документтерди чогултуп, кол менен толтуруп, көп убакыт коротушчу. Эми болсо баары жеңилдеди – болгону 2–3 мүнөттө бардык маалымат автоматтык түрдө толтурулат. Жада калса жубайыңдын макулдугу да тиркеме аркылуу ыңгайлуу жана мыйзамдуу жол менен берилет. Бул жарандар үчүн шарттарды жеңилдетүүгө багытталган дагы бир реалдуу кадам. Президенттин тапшырмалары ырааттуу аткарылып, мамлекеттик кызматтар элге жеткиликтүү болуп баратат”, — деп жазды Туманбаев. Эске салсак, «Түндүк» тиркемеси аркылуу буга чейин да ID-карта алуу, ЖААК күбөлүктөрүн кайра чыгартуу жана башка кызматтар жеткиликтүү болгон. Эми бул тизмеге мамлекеттик ипотека боюнча онлайн кезекке туруу мүмкүнчүлүгү да кошулду.
Жаңылыктар / 12:30, 10 июня, 2025
Кыргызстан биометрикалык паспортторду өз алдынча өндүрүп, чет өлкөлөргө экспорттой баштады. Алгачкы өнөктөш — Түштүк Африкадагы Намибия Республикасы болду. Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин расмий маалыматына ылайык, “Учкун” ачык акционердик коому менен Намибия ортосунда 130 миң даана паспорт боюнча биринчи келишим түзүлүп, даяр продукция ийгиликтүү жөнөтүлгөн. 10-июнда Намибиянын расмий делегациясы Бишкекке келип, документтердин сапатына жогору баа берип, экинчи контрактты түзүү боюнча сүйлөшүү өткөрүштү. Ошондой эле алар башка тармактар боюнча дагы кызматташууну көздөп жатканын билдиришти. Каныбек Туманбаевдин айтымында, бул ийгилик Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси жана саясий эркинин негизинде мүмкүн болду. Бүгүн мамлекеттик ишканалар өндүрүштүк мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, эл аралык рынокко чыга баштады. Буга чейин Кыргызстан өзүнүн паспортторун чет өлкөлөрдө — башка мамлекеттердин заводдорунда жасатып келген. Эми болсо, тескерисинче, Кыргызстанда өндүрүлгөн жогорку сапаттагы документтерди чет мамлекеттерге экспорттоо жолу ачылды.
Жаңылыктар / 12:00, 01 июня, 2025
Бүгүн “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркында, өзгөчө камкордукка муктаж балдар үчүн арналган майрамдык иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Сокулук жана Москва райондорундагы, ошондой эле Бишкек шаарындагы үч адистештирилген мекемеден мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана алардын коштоочулары чакырылды. Майрамдык программада оюн-зоок, концерттик номерлер жана меймандостук атмосфера камтылды. Балдарды аниматорлор тосуп алып, ар кандай оюндар жана бийлер менен шаңга бөлөштү. Андан соң белгилүү аткаруучулар — Жан Сабыров, Нурмат Садыров, Аваз Акимов жана Айдана Дека, ошондой эле президенттик камералык оркестр “Манас” балдар үчүн атайын даярдалган музыкалык номерлерди аткарышты. Иш-чаранын жүрүшүндө балдарга майрамдык маанай тартуулоо максатында ар түрдүү белектер ыйгарылды. Айрымдарына оюнчуктар, планшеттер жана наушниктер берилсе, мүмкүнчүлүгү чектелген бөбөктөргө ылайыкташкан коляскалар тапшырылды. Кээ бир балдарга телефондор жана алар кыялданган жекече белектер да даярдалып, кубаныч тартууланды. Бул иш-чара — балдар үчүн гана эмес, бүтүндөй коом үчүн үмүт жана боорукердик менен сугарылган күн болду. Президент Садыр Нургожоевич Жапаров жетектеген мамлекеттик саясаттын жүрөгүндө дал ушул — адамдын тагдыры, өзгөчө балдардын бакубат келечеги турат. “Ар бир коом өзүнүн балдарына болгон мамилеси менен өлчөнөт. Президент Садыр Нургожоевич Жапаров мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды коомдун толук кандуу мүчөсү катары көрүүгө үндөп келет. Бул жөн гана социалдык колдоо эмес — бул инсандык ар-намысты таануу. Биз ушул мамилени турмушка ашырууну парз катары кабыл алып, мамлекеттин жүзү болгон балдардын кубанычын көбөйтүүгө умтулабыз,” — деп белгиледи Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Тургунбекович Туманбаев.