

Иш башкармасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын жогорку кызмат адамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын жана Министрлер Кабинетинин ишин финансылык, материалдык-техникалык, транспорттук, социалдык жана медициналык жактан камсыз кылуучу өз алдынча мамлекеттик орган. . Азыркы учурда Иш башкармасы көп тармактуу уюм болуп саналат, анын материалдык-техникалык базасы жана жакшы даярдалган кадрлары ага белгиленген компетенциянын чегинде жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды жогорку профессионалдык деңгээлде аткарууга мүмкүндүк берет. Ишкердик башкаруунун схемасы борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүн (бөлүмдөрүн) жана 17 ведомстволук уюмдарды камтыйт, аларда ар кандай тармактардын эки миңден ашык жогорку кесипкөй адистери иштейт. Көп жылдык тажрыйба, кызматкерлердин дилгирлиги, команданын ынтымактуулугу Бизнес администрациясына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз ыйгарым укуктарын натыйжалуу ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы менен биргеликте мамлекеттик маанидеги маанилүү иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча жогорку уюштуруучулук деңгээлде иш алып барууда. Ведомствого караштуу уюмдар мамлекеттик администрациялык имараттарды, мамлекеттик резиденцияларды, клиникалык оорукананы, автотранспорттук ишкананы жана башка мекемелерди тейлешет, алар көрсөтүлүүчү кызматтардын натыйжалуулугун жана сапатын дайыма жогорулатууга багытталган. Жыйынтыктап айтканда, Кыргызстан экономикалык жактан күчтүү, демократиялык мамлекетти куруу жолуна түшкөнүн белгилегим келет. Жарандардын бакубаттуулугун чыңдоого, коррупцияга каршы күрөшүүгө, ачык коомду курууга багытталган реформалар жүргүзүлүүдө. Бул Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын ишмердүүлүгүнө кошумча талаптарды белгилейт жана биздин алдыбызга жаңы максаттарды жана милдеттерди коюп жатат.
Жаңылыктар / 05:00, 15 января, 2026
Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Калкты тейлөө борборуна (КТБ) күтүүсүз текшерүүгө барып, көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапаты жана иштин жүрүшү менен таанышты. Текшерүүнүн жүрүшүндө Каныбек Туманбаев белгилегендей, бүгүнкү күндө жарандар бир катар мамлекеттик кызматтарды КТБларга барбастан эле ала алышат. Тактап айтканда, паспорт алмаштыруу, ар кандай маалымкаттарды жана башка документтерди алуу мүмкүнчүлүгү “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн форматта жеткиликтүү. Бул жарандардын убактысын үнөмдөп, КТБларга болгон жүктү азайтууга шарт түзөт. Каныбек Туманбаев кызматкерлерге жарандар арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырмасын берди. Ошондой эле кайрылууларды ыкчам кароо жана кызмат көрсөтүүнү үзгүлтүксүз жакшыртып туруу зарылдыгын баса белгиледи.

Жаңылыктар / 05:00, 15 января, 2026
Учурда Кыргыз Республикасында мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү 083 формадагы медициналык маалымкатты талап кылбастан алмаштырууга болот. Бул тууралуу буга чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирген. Бүгүн Каныбек Туманбаев айдоочулук күбөлүктөр алмаштырылып жаткан Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборго барып, текшерүү жүргүздү. Иш сапардын алкагында ал жарандар менен баарлашып, кызмат көрсөтүүнүн тартибин кеңири түшүндүрүп берди. Алгач Президенттин Иш башкаруучусу мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруунун зарылдыгын түшүндүрдү. Анын айтымында, эски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр санариптештирилген эмес жана коңшу мамлекеттердин айрымдарында таанылбайт. Бул документтерди Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары колдонууда кыйынчылыктарды жаратат. Ушуга байланыштуу айдоочулук күбөлүктү өлкөдөн тышкары колдонгусу келген жарандар үчүн жаңы үлгүдөгү күбөлүккө өтүү — аны мыйзамдаштыруунун жана заманбап эл аралык талаптарга ылайык келтирүүнүн зарыл чарасы болуп саналат. Ошондой эле эски үлгүдөгү мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдүн коргоо элементтери начар экени белгиленди. Көпчүлүк күбөлүктөрдө эски сүрөттөр колдонулгандыктан, инсанды аныктоо татаалдашып, документти башка адам пайдаланып кетүү коркунучу жаралат. Жаңы үлгүдөгү күбөлүктөр күчөтүлгөн коргоо элементтерине ээ болуп, мындай учурлардын алдын алат жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу кызматкерлердин ишин жеңилдетет. Мындан тышкары, Каныбек Туманбаев мурда «Түндүк» системасы аркылуу арыз бергенде 083 формадагы медициналык маалымкат автоматтык түрдө талап кылынганын белгиледи. Жарандар үчүн ыңгайлуулук жаратуу максатында, дүйшөмбүдөн тарта бул талап эски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу үчүн системадан алынып салынарын айтты. Бул жарандарга айдоочулук күбөлүктү онлайн форматта, үйдөн чыкпай эле алмаштырууга мүмкүнчүлүк берет. Жыйынтыгында ал жарандарды кезек күтүүлөрдү болтурбоо үчүн белгиленген тартипти сактоого чакырды: • айдоочулук күбөлүктөрү санариптештирилбеген жана «Түндүк» системасында көрүнбөгөн жарандар документтерди алмаштыруу үчүн жеке өзү кайрылуусу зарыл; • айдоочулук күбөлүктөрү «Түндүк» системасында чагылдырылган жарандарга алмаштырууну онлайн форматта жүргүзүү сунушталат. Бул ыкма документтердин коопсуздугун жогорулатууга, жарандар үчүн ыңгайлуулукту камсыздоого жана мамлекеттик органдардын ишин иретке келтирүүгө багытталган.

Жаңылыктар / 02:00, 13 января, 2026
Бүгүн, 13-январда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев жана Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев «Бишкек Арена» стадионунун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышышты. Стадиондун курулуш аянтчасында иштер бекитилген графикке ылайык үзгүлтүксүз улантылууда. Бүгүнкү күнгө карата объектте курулуш-монтаж иштеринин олуттуу бөлүгү аткарылып, долбоордун туруктуу темпте ишке ашырылып жатканын көрсөтүүдө. Сегиз блок боюнча бетон иштери толугу менен аяктады — 100%. Жер иштери 95% аткарылган, ал эми тышкы инженердик тармактар, анын ичинде канализация жана суу түтүктөрү 98% деңгээлде бүткөрүлдү. Таяныч дубалдар жана тосмолор 90% аткарылып, кийинки курулуш этаптарына өтүүгө шарт түзүлдү. Имараттын ичиндеги иштер да активдүү жүргүзүлүүдө. Газоблоктон тургузулган ички жана тышкы бөлгүч дубалдар 65%, полдун цементтик стяжкасы 50%, дубалдарды шыбактоо иштери 40% деңгээлде аткарылды. Негизги металл конструкцияларын монтаждоо 35%, ички инженердик тармактарды орнотуу иштери 30% түзөт. Долбоор этап-этабы менен, курулуш нормаларын жана коопсуздук талаптарын сактоо аркылуу ишке ашырылууда. Жакынкы мезгилде инженердик жана ички жасалгалоо иштеринин темпин жогорулатуу пландалууда. Стадиондун курулушу регион үчүн маанилүү инфраструктуралык долбоор болуп саналат. Келечекте ал спорттук жана массалык иш-чараларды өткөрүү үчүн заманбап объектке айланат.

Жаңылыктар / 02:00, 13 января, 2026
Бүгүн, 13-январда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев жаңы «Ош базарынын» курулуш иштери менен таанышты. Курулуш иштеринин жүрүшү тууралуу Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев маалымат берди. Анын айтымында, «Ош базары» объектисинде курулуш-монтаж иштери бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүүдө. 1, 2, 3, 4 жана 5-блоктордо монолиттик иштер толугу менен аяктап, учурда инженердик коммуникацияларды орнотуу иштери жүргүзүлүүдө. 1 жана 2-блоктордо чатыр жабуу иштери толук бүткөрүлдү. Бардык блоктордо сырткы айнектөө үчүн конструкцияларды орнотуу улантылууда. Учурда №6-блокто («Жашыл базар») монолиттик темир-бетон пайдубалдар, колонналар жана тирөөч дубалдар толук бүткөрүлүп, гидроизоляция жана кайра топурак толтуруу иштери аткарылды. Борбордук бөлүктө металл конструкцияларын монтаждоо иштери аяктоо баскычында болуп, монолиттик ригелдерди арматуралоо жана бетон куюу иштери жүргүзүлүүдө. Секциялар боюнча: • 1–4-секциялар: металл тосмолор орнотулуп, пайдубалдардын гидроизоляциясы аткарылды. Тышкы дубалдардын айрым бөлүктөрүндө кладка иштери аяктады. 4-секцияда чатыр жабуу иштери бүткөрүлдү. Инженердик жана ички жасалгалоо иштери улантылууда. • 6–7–8-секциялар: чатыр жабуу жана гидроизоляция иштери толук аяктады. Тосмолордун жана лифт шахталарынын металл каркастары орнотулду. Инженердик тармактарды орнотуу жана айнектөө иштери жүргүзүлүүдө. • 10–11-секциялар: инженердик тармактар 97 пайызга аткарылды. Чатыр жабуу жана экинчи просветти айнектөө иштери аяктады. Учурда витраждык айнектөө жана цоколь кабатына бетон стяжка куюуга даярдык көрүлүүдө. • 15–16-секциялар: каркастын монолиттик иштери аяктап, металл тосмолорду орнотуу жана шыбак иштери жүргүзүлүүдө. • 18–19–20-секциялар: монолиттик иштер толук бүткөрүлүп, парапеттердин кирпич кладкасы аяктады. Учурда тосмолорду орнотуу жана чатыр жабуу иштери улантылууда. • 22–23–24-секциялар: тосмолорду орнотуу, ЦСП жана ГСП менен каптоо, шыптарды сырдоо, чатырды жылуулоо жана экинчи просветтин металл балкаларын монтаждоо иштери жүргүзүлүүдө. Өтмөктөр жана кире бериштер боюнча: №5, 12, 13 жана 14-өтмөктөрүндө пайдубал плиталары, монолиттик темир-бетон колонналары жана жабуулары бүткөрүлдү. Ошондой эле 4, 6, 8, 10 жана 11-секцияларда кире бериш жолдор бетон менен куюлду. Кошумча түрдө 3 скважина бургуланды. №7-блокто («Көздөр») долбоорго ылайык котлован казуу иштери аткарылды. Рынок аймагын айланып өтүүчү тышкы жана ички дренаж линияларын куруу иштери аяктоо баскычында. Суу түтүгү жана канализация системаларын орнотуу, аймакты көрктөндүрүү жана жол куруу иштери азырынча баштала элек. Объекттин курулушу долбоордук жана нормативдик талаптарды так сактоо менен улантылууда.