Бишкек шаары, 2023-жылдын 17-июлу № 140
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө
Ушул конституциялык Мыйзам Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди пайдалануунун жана мамлекеттик тил саясатын жүзөгө ашыруунун укуктук негиздерин, аны өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүдө мамлекеттик органдардын, мекемелердин, уюмдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерин белгилейт, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин пайдаланууда жарандардын укуктарын камсыз кылат.
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Кыргыз тили – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили

  1. Кыргыз тили Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили болуп саналат.
  2. Кыргыз Республикасында кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары статусу ушул конституциялык Мыйзамда жана башка ченемдик укуктук актыларда аныкталган бардык чөйрөлөрдө анын милдеттүү түрдө пайдаланылышын камсыз кылат.
  3. Мамлекеттик тил пайдаланылган бардык чөйрөлөрдө кыргыз адабий тилинин орфоэпиялык, орфографиялык, стилистикалык, грамматикалык ченемдери сакталат.
    Кыргыз адабий тилинин алфавити жана орфоэпия, орфография эрежелери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилет.
  4. Мамлекеттик тил Кыргыз Республикасынын бардык этносторун бириктирүүчү жана алардын өз ара түшүнүшүүсүн жана байланыштарын бекемдөөгө өбөлгө түзүүчү Кыргыз Республикасындагы улуттар аралык баарлашуу тили болуп саналат.
    Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин пайдалануу милдеттүүлүгү Кыргыз Республикасынын этносторунун эне тилин пайдалануу укугун тануу же кемсинтүү катары чечмеленбөөгө тийиш.
    2-берене. Расмий тилдин жана башка тилдердин пайдаланылышы
  5. Кыргыз Республикасында расмий тил катары орус тили пайдаланылат. Расмий тилди пайдалануу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
  6. Кыргыз Республикасы өзүнүн аймагында жашаган бардык этностордун өкүлдөрүнүн тилдерин эркин пайдалануу принцибин карманат жана бул тилдерди өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө кепилдик берет. Кыргыз Республикасынын ар бир жараны өз эне тилин сактоо, окуп үйрөнүү жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө укуктуу.
    3-берене. Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдар
  7. Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушул конституциялык Мыйзамдан, мамлекеттик тилди пайдаланууну жана өнүктүрүүнү жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.
  8. Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын жарандарына, Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жайылтылат.
    4-берене. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин пайдалануу чөйрөлөрү
    Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили төмөнкүлөрдө милдеттүү түрдө пайдаланылууга тийиш:
    1) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчиктин бардык формаларындагы ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ишинде;
    2) шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү процессинде;
    3) Кыргыз Республикасынын сот өндүрүшүндө, Куралдуу Күчтөрүндө, укук коргоо органдарында;
    4) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерди түзүүдө;
    5) ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууда, иш кагаздарын жүргүзүүдө жана документ жүгүртүүдө;
    6) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчиктин бардык формаларындагы мекемелердин жана уюмдардын аталыштарында;
    7) географиялык аталыштарда жана топонимика объекттеринин аталыштарында, адам аттарында;
    8) товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматтарда;
    9) нотариалдык конторалардын ишинде, Кыргыз Республикасынын жаранынын инсандыгын ырастоочу документтерди жол-жоболоштурууда, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөрдүн бланктарын даярдоодо, билими жөнүндө жана (же) квалификациясы тууралуу документтерди жана мамлекеттик үлгүдөгү башка бланктарды жол-жоболоштурууда;
    10) билим берүү, илим, маданият чөйрөлөрүндө, телекөрсөтүү жана радиоуктуруу программаларында, жалпыга маалымдоо каражаттарында, китеп басып чыгарууда, компьютердик программалардын жана веб-сайттардын пайдалануучулар интерфейстеринде, эл алдындагы иш-чараларда, жарнамада, транспортто, керектөөчүлөрдү тейлөө чөйрөсүндө;
    11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган башка чөйрөлөрдө.
    2-глава. Мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, башка уюмдарда жана мекемелерде мамлекеттик тилди пайдалануу
    5-берене. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жумуш тили
  9. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жумуш тили болуп мамлекеттик тил саналат.
  10. Мамлекеттик эмес уюмдардын ишинде мамлекеттик тил пайдаланылат, ал эми расмий тил ушул конституциялык Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда пайдаланылышы мүмкүн.
    6-берене. Шайлоолор жана референдумдарды өткөрүү процессинде мамлекеттик тилди пайдалануу
  11. Шайлоолордун жана референдумдардын документтери мамлекеттик тилде жүргүзүлөт, зарыл болгон учурларда алар расмий тилге которулушу мүмкүн.
  12. Шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү үчүн бюллетендер мамлекеттик жана расмий тилде даярдалат.
  13. Телекөрсөтүү жана радио берүү аркылуу берилүүчү шайлоо алдындагы үгүт материалдары мамлекеттик жана расмий тилде жайылтылат.
    Шайлоо алдындагы үгүт материалдары, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Президентин, Жогорку Кеңештин депутаттарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын депутаттарын жана кызмат адамдарын шайлоо жөнүндө видео материалдар, шайлоолордун жыйынтыктары, ошондой эле саясий жарнама, шайлоо алдындагы үгүт жана теледебаттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды эске алуу менен мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүлөт.
    7-берене. Сот өндүрүшүндө мамлекеттик тилди пайдалануу
  14. Кыргыз Республикасында сот өндүрүшү мамлекеттик тилде жүргүзүлөт, мында Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдарына ылайык расмий тил пайдаланылышы мүмкүн.
  15. Мамлекеттик тилди билбеген сот өндүрүшүнүн катышуучулары Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдарында белгиленген тартипте эне тилин жана анын мамлекеттик тилдеги котормосун пайдаланышы мүмкүн.
    8-берене. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө жана башка аскердик түзүлүштөрдө, укук коргоо органдарында мамлекеттик тилди пайдалануу
  16. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн башка аскердик түзүмдөрдө ченемдик актылар, документтер, иш кагаздарын жүргүзүү, командалар, окутуу, тарбиялык иш-чаралар, уставдык мамилелер жана кызматтык иштер мамлекеттик тилде жүзөгө ашырылат.
  17. Кыргыз Республикасынын бардык укук коргоо органдарында ченемдик укуктук актылар, документтер, иш кагаздары, кызмат иштери мамлекеттик тилде жүргүзүлөт.
    9-берене. Чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен болгон өз ара мамилелерде, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин түзүүдө мамлекеттик тилди пайдалануу
  18. Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, консулдук мекемелердин жана эл аралык уюмдарга караштуу Кыргыз Республикасынын өкүлчүлүктөрүнүн иши мамлекеттик тилде, ал эми Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда расмий тилде жүргүзүлөт.
  19. Чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен биргеликте өткөрүлүүчү расмий иш-чараларда Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү мамлекеттик тилди, зарыл болгон учурларда – расмий тилди, ошондой эле чет мамлекеттин мамлекеттик тилин же болбосо эл аралык уюмдун жумуш тилин пайдаланат.
  20. Эгерде түзүлүүчү эл аралык келишимде башкасы каралбаса, Кыргыз Республикасынын эл аралык эки тараптуу келишимдери мамлекеттик тилде жана экинчи тараптын тилинде түзүлөт.
    10-берене. Ченемдик укуктук актыларда, иш кагаздарын жүргүзүүдө жана документ жүгүртүүдө мамлекеттик тилди пайдалануу
  21. Кыргыз Республикасында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий документтери мамлекеттик тилде жол-жоболоштурулат жана мыйзамдарда каралган учурларда расмий тилге которулат жана эки тилде жарыяланат.
  22. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары мамлекеттик жана расмий тилдерде кабыл алынат.
  23. Расмий документтердин жана ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик тилдеги нускасы түп нуска болуп саналат.
  24. Тийиштүү административдик-аймактык бирдиктин аймагында мамлекеттик тилде сүйлөгөн адамдардын басымдуу саны жашаган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлчүлүктүү органынын тиешелүү чечими болгон шартта, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик тилде гана кабыл алууга жол берилет.
  25. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлору жана расмий документтери мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген юридикалык терминологиянын стандарттарына ылайык иштелип чыгат.
  26. Мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, ошондой эле менчиктин бардык формаларындагы мекемелерде, ишканаларда, уюмдарда иш кагаздарын жүргүзүү жана документ жүгүртүү мамлекеттик тилде, ал эми зарыл учурларда расмий тилде жүргүзүлөт.
  27. Кыргыз Республикасынын ишканалары, уюмдары, мекемелери тарабынан илимий, илимий-техникалык жана долбоордук документтерди, финансылык, эсептик, отчёттук документтерди иштеп чыгуу жана жүргүзүү мамлекеттик тилде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда расмий тилде жүзөгө ашырылат.
  28. Жарандар мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга мамлекеттик же расмий тилдерде кайрылууга укуктуу. Жарандардын кайрылууларына жооптор кайрылуу жазылган тилде берилет.
  29. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери өз кызматкерлерине мамлекеттик тилди үйрөнүүсү үчүн шарт түзүүгө, иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнү камсыз кылууга милдеттүү.
    3-глава. Аталыштарда жана адам аттарында мамлекеттик тилди пайдалануу
    11-берене. Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдардын аталыштары
  30. Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын расмий аталыштары мамлекеттик жана расмий тилдерде жол-жоболоштурулат.
  31. Биргелешкен, чет өлкөлүк уюмдардын аталыштары мамлекеттик тилде транслитерациялоо менен жол-жоболоштурулат.
    Кыргыз тилинин жазуу тамгаларынын транслитерациясын колдонуу эрежелери мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
  32. Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын расмий аталышынын мөөрлөрдө, штамптарда, штемпелдерде, расмий бланктарда жана көрнөктөрдө жазылышы мамлекеттик тилде жазылат жана расмий тилде же болбосо башка тилдерде кайталанып жазылат. Аталыштарды жазууда жана жол-жоболоштурууда мамлекеттик тилдеги текст сол жагына же жогору жагына жазылат. Башка тилдеги тексттин шрифтинин өлчөмү мамлекеттик тилдеги шрифттин өлчөмүнөн кичинерээк болушу керек.
    12-берене. Географиялык аталыштарда жана топонимика объекттеринин аталыштарында мамлекеттик тилди пайдалануу
  33. Географиялык аталыштар, ошондой эле парктардын, скверлердин, бульварлардын, көчөлөрдүн, туюк көчөлөрдүн, проспекттердин, аянттардын, көпүрөлөрдүн жана калктуу конуштардын башка объекттеринин аталыштары мамлекеттик тилде жазылат.
  34. Топонимдер башка тилдерге которулбайт, алар расмий документтерде, жалпыга маалымдоо каражаттарында, картографиялык, маалымдамалык, энциклопедиялык, окуу жана башка басылмаларда транслитерациянын жардамы менен берилет.
  35. Кыргыз Республикасынын аймагындагы географиялык объекттердин жана топонимика объекттеринин аталыштарынын жол белгилериндеги, көрнөктөрдөгү жана башка көрсөткүчтөрдөгү жазуулары мамлекеттик тилде аткарылат. Көрсөткүчтөрдөгү географиялык объекттердин жана топонимика объекттеринин аталыштары мамлекеттик тилдеги аталышы менен катар латын тамгалары менен аталышы жайгаштырылышы мүмкүн. Латын тамгалары менен жазылган жазуунун өлчөмү мамлекеттик тилдеги жазуудан кичинерээк болушу жана оң жагына же төмөн жагына жайгаштырылышы керек.
    13-берене. Адам аттарында мамлекеттик тилди пайдалануу
  36. Кыргыз Республикасынын жарандарынын фамилиясы, аты жана атасынын аты кыргыз адабий тилинин ченемдерин сактоо менен жарандардын өз эркин билдирүүсүнө жана улуттук салттарына ылайык мамлекеттик тилде жазылат.
  37. Инсандыгын ырастоочу документтерде фамилиясын, атын жана атасынын атын жазуу тартиби жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталат.
    14-берене. Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалыматта мамлекеттик тилди пайдалануу
  38. Товарлар (жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр) жөнүндө маалымат (ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, товарлардын этикеткаларынын тексттери, маркалоо, товарлардын номенклатуралык тизмелери, аларды пайдалануу боюнча нускамалар, техникалык паспорттор) милдеттүү түрдө мамлекеттик жана расмий тилдерде, ал эми Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда чет тилдерде да жайгаштырылат.
  39. Товарлар жөнүндө, чет тилдеги атайын маалымат (ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, товарлардын этикеткаларынын тексттери, маркалоо, товарлардын номенклатуралык тизмелери, аларды пайдалануу боюнча нускамалар, техникалык паспорт жана башка маалымат) импорттоочу фирмалардын эсебинен мамлекеттик тилге которулат.
  40. Товардык белгилер жана тейлөө белгилери, ошондой эле товарлар чыгарылган жердин аталышы жана географиялык көрсөтмөлөр аларга коргоо укугу берилген түрдө пайдаланылат.
    4-глава. Нотариат ишинде, мамлекеттик үлгүдөгү документтерди жол-жоболоштурууда мамлекеттик тилди пайдалануу
    15-берене. Нотариат ишиндеги мамлекеттик тил
  41. Нотариалдык иш кагаздарын жүргүзүү мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүлөт.
  42. Эгерде нотариалдык иш-аракеттерди жасоо үчүн кайрылуучу адам нотариалдык иш кагаздары жүргүзүлгөн тилди билбесе, жол-жоболоштурулган документтердин тексттери ага котормочу тарабынан которулууга тийиш.
    16-берене. Мамлекеттик үлгүдөгү документтерди жол-жоболоштуруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик тил
    Кыргыз Республикасынын жаранынын инсандыгын ырастоочу документтерди, жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөрдүн бланктарын, билими жана (же) квалификациясы жөнүндө документтерди, аскердик билеттерди, айдоочулук күбөлүктөрдү жана башка мамлекеттик үлгүдөгү бланктарды жол-жоболоштуруу кыргыз тилинин орфографиялык ченемдерин сактоо менен милдеттүү түрдө мамлекеттик тилде жүзөгө ашырылат. Паспорттор жана эл аралык үлгүдөгү башка документтер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жол-жоболоштурулат.
    5-глава. Билим берүү жана илим чөйрөсүндө мамлекеттик тилди пайдалануу
    17-берене. Билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик тил
  43. Мамлекеттик тил Кыргыз Республикасынын билим берүү системасында мектепке чейинки тарбия жана билим берүү уюмдарында, башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында, кошумча кесиптик билим берүү уюмдарында окутуунун жана тарбиялоонун негизги тили болуп саналат.
  44. Окутуу орус же башка тилдерде жүргүзүлгөн мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, жалпы билим берүү уюмдарында (мектептерде, лицейлерде, гимназияларда), башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарында окутуунун бардык мезгилинде кыргыз тилин окутуу жана үйрөтүү камсыз кылынат. Окутуу орус жана башка тилдерде жүргүзүлгөн орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында мамлекеттик тилди окутуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген көлөмдөрдө жүзөгө ашырылат.
  45. Жалпы билим берүү уюмдарында (мектептерде, лицейлерде, гимназияларда) милдеттүү түрдө кыргыз тили боюнча жазуу жана оозеки жүзүндөгү көчүрүү (класстан класска), бүтүрүү экзамендери, ал эми башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарында кирүү жана бүтүрүү экзамендери киргизилет.
  46. Угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар окуган адистештирилген мектептерде орус жаңсоо тилинде окутууга жол берилет.
    18-берене. Илим чөйрөсүндөгү мамлекеттик тил
  47. Кыргыз Республикасында илимий эмгектердин тилин тандоо эркиндиги берилет, илимдин бардык тармактары боюнча мамлекеттик тилде изилдөөлөрдү жайылтуу, аларды жарыялоо үчүн жана илимий жетишкендиктерди ар тараптуу колдоо үчүн мамлекет тарабынан колдоого алынган шарттар түзүлөт.
  48. Окумуштуулук даража алуу үчүн илимий эмгектерди коргоо мамлекеттик жана расмий тилдерде жүзөгө ашырылат.
    6-глава. Маданият чөйрөсүндө мамлекеттик тилди пайдалануу
    19-берене. Маданият жана искусство чөйрөсүндөгү мамлекеттик тил
  49. Кыргыз Республикасындагы маданий-көңүл ачуучу жана оюн-зоок иш-чараларынын негизги тили болуп мамлекеттик тил саналат.
    Маданий-көңүл ачуучу жана оюн-зоок иш-чараларында башка тилдерди пайдаланууга Кыргыз Республикасында жашап жаткан этностордун өкүлдөрүнүн укуктарын камсыз кылуу зарыл болгон учурда жол берилет.
    Маданий-көркөм жана оюн-зоок иш-чараларынын кулактандыруулары, афишалары, башка маалыматтык материалдары, кирүү билеттери мамлекеттик тилде даярдалат. Кулактандырууларда, афишаларда, башка маалыматтык материалдарда мамлекеттик тил менен катар башка тилдерди да пайдаланууга жол берилет, мында башка тилдеги текст мамлекеттик тилдеги тексттен шрифттин көлөмү жана өлчөмү боюнча кичинерээк болушу керек. Аткаруучулардын жеке аттары, жамааттардын жана чыгармалардын аталыштарын, мыйзам тарабынан корголуучу соода маркаларын (товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн белгилерди) жазууда шрифттин өлчөмүнө карата талаптар милдеттүү болуп саналбайт.
  50. Мамлекеттик тил музей ишинин жана көркөм көргөзмөлөрдүн тили болуп саналат. Менчиктин бардык формаларындагы музейлерде музей предметтерин эсепке алуу мамлекеттик тилде жүргүзүлөт.
    Музейлерде жана көркөм көргөзмөлөргө коюлуучу музей предметтери жөнүндө маалымат мамлекеттик тилде берилет. Мамлекеттик тил менен катар музей предметтери жөнүндө маалымат башка тилдерде которулуп жазылышы мүмкүн. Музей предметтери жөнүндө жазуу жүзүндөгү маалыматта башка тилдеги жазуу мамлекеттик тилдеги жазуунун төмөн жагында же оң жагында жайгаштырылат.
  51. Кыргыз Республикасынын кинематографиясынын субъекттери тарабынан тартылган фильмдер мамлекеттик тилде жайылтылат жана көрсөтүлөт, ошондой эле мамлекеттик тилде кайталоо же үн коштоо шарты менен башка тилдерде көрсөтүлүшү мүмкүн.
  52. Туристтик жана экскурсиялык тейлөө кызматтарынын тили болуп мамлекеттик тил саналат. Чет элдиктерди туристтик же экскурсиялык тейлөө башка тилдерде да жүргүзүлүшү мүмкүн.
  53. Мамлекет маданият жана искусство чыгармаларын мамлекеттик тилде жаратууга жана жайылтууга өбөлгө түзөт.
    7-глава. Мамлекеттик тилди жалпыга маалымдоо каражаттарында пайдалануу
    20-берене. Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик тил
  54. Телерадио уюмдары телерадиоканалдарын берүүнү мамлекеттик жана расмий тилдерде жүзөгө ашырат.
  55. Телерадио уюмдары үчүн мамлекеттик тилде берүүнүн милдеттүү (минималдуу) көлөмү 60 пайыздан кем болбошу керек жана берүү тартиби “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленет.
  56. Эгерде телерадиопрограмманын жана/же телерадиоберүүнүн түп нуска (же кайталоо) тили мамлекеттик тил болбосо, мындай телерадиопрограммалар жана телерадиоберүүлөр мамлекеттик тилде кайталоо шарты менен берилет.
    21-берене. Жалпыга маалымдоо каражаттарында мамлекеттик тилдин иштөөсүн камсыз кылуу
  57. Мамлекеттик тилде иш жүргүзүүчү бардык жалпыга маалымдоо каражаттары (телекөрсөтүү, радио, басмаканалар, басып чыгаруу органдары) кыргыз адабий тилинин ченемдерин сактоого милдеттүү.
  58. Менчигинин формасына карабастан телерадиокомпаниялар өз берүүлөрүнүн 60 пайызынан кем эмесин мамлекеттик тилде алып барышат.
    22-берене. Жалпыга маалымдоонун басма сөз каражаттары чөйрөсүндөгү мамлекеттик тил
    Кыргыз Республикасында жалпыга маалымдоонун басма сөз каражаттары мамлекеттик жана расмий тилдерде басылып чыгат.
    8-глава. Китеп басып чыгаруу, пайдалануучулар интерфейстери жана эл алдындагы иш-чаралар чөйрөсүндө мамлекеттик тилди пайдалануу
    23-берене. Китеп басып чыгаруу жана китеп жайылтуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик тил
    Мамлекет жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында окуучуларды окутуу үчүн кыргыз адабий чыгармаларын басып чыгарууга жана жайылтууга, чет тилдеги адабияттарды, анын ичинде көрүү мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жеткиликтүү форматта (аудио форматта же Брайл шрифти менен) мамлекеттик тилге которууга жана басып чыгарууга көмөк көрсөтөт.
    24-берене. Компьютердик программалардын жана веб-сайттардын пайдалануучулар интерфейстери чөйрөсүндөгү мамлекеттик тил
  59. Кыргыз Республикасында ишке ашырылып жаткан пайдалануучулар интерфейси бар компьютердик программада мамлекеттик тилдеги интерфейс болушу керек.
  60. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчиктин бардык формаларындагы ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ишинде милдеттүү түрдө мамлекеттик тилдеги пайдалануучулар интерфейси бар компьютердик программалар пайдаланылат.
  61. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, менчиктин бардык формаларындагы ишканалар, мекемелер жана уюмдар үчүн компьютердик программаларды сатып алууда пайдалануучулар интерфейсинин мамлекеттик тилде болуусу милдеттүү шарт болуп саналат.
  62. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчиктин бардык формаларындагы ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын, ошондой эле Кыргыз Республикасында товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрүн сатуучу жана Кыргыз Республикасында катталган чарба субъекттеринин интернет-ресурстары (анын ичинде веб-сайттар, социалдык тармактардагы веб-баракчалар) мамлекеттик тилде түзүлөт. Интернет-ресурстун мамлекеттик тилдеги версиясы менен катар башка тилдердеги версиялары да болушу мүмкүн. Интернет-ресурстун мамлекеттик тилдеги версиясы башка тилдеги маалыматтардын көлөмүнөн кем болбогон маалымат көлөмүн камтууга тийиш.
  63. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасында катталган жана товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрүн сатуучу чарба субъекттеринин мобилдик тиркемелеринде пайдалануучулар интерфейсинин мамлекеттик тилдеги версиясы болууга тийиш.
  64. Ушул берененин талаптары программалоо тилдерине жайылтылбайт.
  65. Мамлекеттик тилдеги тексттерди окуу үчүн көрүүсү начар адамдар пайдалануучу компьютердик жана мобилдик экран окугуч программаларды ыңгайлаштырууну мамлекет каржылоого милдеттенет.
    25-берене. Эл алдындагы иш-чаралар чөйрөсүндөгү мамлекеттик тил
  66. Кыргыз Республикасында мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик мекемелер жана уюмдар, ошондой эле мамлекет же аймактык коомдун ээлери (уюштуруучулары, катышуучулары, акционерлери) болуп саналган чарба субъекттери тарабынан өткөрүлүүчү жана уюштурулуучу эл алдындагы иш-чаралар (курултайлар, сессиялар, конференциялар, чогулуштар, көргөзмөлөр, семинарлар, тренингдер, талкуулар, форумдар, кеңешмелер, сүйлөшүүлөр жана башка иш-чаралар) мамлекеттик тилде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда расмий тилде жүргүзүлөт.
    Бул жобо чет өлкөлүктөр жана/же жарандыгы жок адамдар үчүн атайын уюштурулган иш-чараларга жайылтылбайт.
  67. Эл алдындагы иш-чарада башка тил пайдаланылган учурда уюштуруучу анын мамлекеттик тилге синхрондук же ырааттуу которууну камсыз кылууга милдеттүү.
    9-глава. Жарнама, транспорт жана керектөөчүлөрдү тейлөө чөйрөсүндө мамлекеттик тилди пайдалануу
    26-берене. Жарнама чөйрөсүндөгү мамлекеттик тил
  68. Кыргыз Республикасынын аймагында жарнама мамлекеттик жана расмий тилде жайылтылат.
  69. Шаарлардын, айыл аймактардын аймактарында жана башка аймактарда плакаттар, такталар, жанып туруучу таблолор жана башка техникалык каражаттар түрүндөгү тышкы жарнама алгач мамлекеттик тилде, андан кийин расмий тилде жол-жоболоштурулат.
    Жарнаманын мамлекеттик тилде даярдалган тексти мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылууга тийиш.
    Расмий тилдеги тексттин шрифтинин өлчөмү чоңдугу боюнча мамлекеттик тилдеги тексттин шрифтинин өлчөмүнөн кичинерээк болушу керек жана анын оң же төмөн жагына жайгаштырылууга тийиш.
  70. Жарнама тексттеринде белгиленген тартипте катталган товардык белгилер (тейлөө белгилери), типографиялык басмаканада терилген муундук литерлер (логотиптер) түп нускадагы тилде берилиши мүмкүн.
  71. Жарнаманын жазуу жүзүндөгү жана оозеки тексттеринде кыргыз адабий тилинин ченемдери (орфоэпиялык жана орфографиялык эрежелер) так сакталууга тийиш.
    27-берене. Транспорт чөйрөсүндөгү мамлекеттик тил
  72. Кыргыз Республикасында транспорт чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүлөт.
  73. Жүргүнчүлөр транспортунун бардык түрлөрүндө, темир жол бекеттеринде, автобекеттерде, аэропорттордо маалымат, кулактандыруулар, билдирүүлөр, жазуулар, маалымдамалык билдирмелер мамлекеттик тилде берилет жана расмий тилде коштолуп берилиши мүмкүн.
  74. Эл аралык каттамдарда расмий таанылган тилди пайдалануу учурларын кошпогондо, транспорттун бардык түрлөрүнүн диспетчердик кызматтарынын жана байланыштын, ошондой эле транспортто жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн тили болуп мамлекеттик жана расмий тил саналат.
    28-берене. Керектөөчүлөрдү тейлөө чөйрөсүндөгү мамлекеттик тил
  75. Менчиктин бардык формаларындагы ишканалар, мекемелер жана уюмдар, ишкер жеке адамдар, керектөөчүлөрдү тейлөөчү башка чарба субъекттери мамлекеттик тилде кызмат көрсөтөт жана маалымат берет. Мамлекеттик тил менен катар маалымат расмий тилде да кайталанышы мүмкүн.
  76. Кыргыз Республикасынын аймагындагы товарлар (кызмат көрсөтүүлөр) жөнүндө, анын ичинде интернет-дүкөндөр жана интернет-каталогдор аркылуу маалымат мамлекеттик жана расмий тилде берилет. Мындай маалымат башка тилдерде кайталанышы мүмкүн.
    10-глава. Башка коомдук чөйрөлөрдө мамлекеттик тилди пайдалануу
    29-берене. Телекоммуникациялар жана почта байланышы чөйрөсүндөгү мамлекеттик тил
    Кыргыз Республикасынын аймагында почта жана телеграф кат-кабарлары мамлекеттик тилде, ал эми зарыл учурларда расмий тилде жол-жоболоштурулат. Республиканын чегинен тышкары жөнөтүлүүчү кат-кабарлардын дареги мамлекеттик тилде кайталоо менен бара турган өлкөнүн тилинде көрсөтүлөт.
    30-берене. Спорт чөйрөсүндөгү мамлекеттик тил
  77. Кыргыз Республикасында спорттук, анын ичинде эл аралык иш-чаралар мамлекеттик тилде, зарыл учурларда расмий тилде өткөрүлөт.
    Спорттун айрым түрлөрүндө колдонулуучу атайын эл аралык терминдерди котормосуз пайдаланууга болот.
  78. Спорттук иш-чараны өткөрүү убагында маалыматтык жана башка кулактандыруулар мамлекеттик жана расмий тилде аткарылат.
  79. Спорттук мелдештерди көрүү үчүн кирүү билеттери, спорттук мелдештер жөнүндө башка маалыматтык продукциялар мамлекеттик тилде, зарыл учурларда расмий тилде даярдалат.
    31-берене. Жалпыга тааныштыруу үчүн кабарламадагы мамлекеттик тил
    Жалпыга тааныштыруу үчүн кабарламалар (кулактандыруулар, прейскуранттар, көрсөтмөлөр, көрнөктөр, билдирүүлөр, жазуулар жана белгилүү бир субъекттердин, ишканалардын жана мекемелердин кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин товарлары, иштери жана кызмат көрсөтүүлөрү жөнүндө адамдардын чектелбеген чөйрөсүнө маалымдоо үчүн пайдаланылуучу же пайдалануусу мүмкүн болгон ачык жарыяланган тексттик, көрүнөө маалымат) алгач мамлекеттик тилде, андан кийин расмий тилде жол-жоболоштурулат.
    11-глава. Мамлекеттик тилди билүү милдети
    32-берене. Мамлекеттик тилди билүүгө жана аны кызматтык милдеттерин аткарууда пайдаланууга милдеттүү адамдар
  80. Төмөнкү адамдар мамлекеттик тилди билүүгө жана аны кызматтык милдеттерин аткарууда пайдаланууга милдеттүү:
    1) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде белгиленген тизмедеги мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар;
    2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, жергиликтүү кеңештердин депутаттары;
    3) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматчылары;
    4) ички иштер жана башка укук коргоо органдарынын офицердик жана жетектөөчү (орто жана жогорку) курамындагы адамдар, башка органдардын атайын наамдар ыйгарылуучу кызмат адамдары;
    5) ички иштер органдарынын жана башка укук коргоо органдарынын атайын наамдар ыйгарылуучу катардагы, сержанттык жана старшиналык курамындагы адамдар;
    6) соттор;
    7) прокурорлор;
    8) адвокаттар;
    9) нотариустар;
    10) бардык менчик формаларындагы окуу жайларынын жетекчилери, кызматкерлери;
    11) билим берүү мекемелерине жана/же илимий мекемелерге чакырылган жана илимий, педагогикалык, илимий-педагогикалык кызматкерлер же чет тил окутуучулары катары убактылуу негизде иштеп жаткан чет өлкөлүк жарандардан же жарандыгы жок адамдардан тышкары, педагогикалык, илимий-педагогикалык жана илимий кызматкерлер;
    12) мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо мекемелеринин медициналык кызматкерлери;
    13) Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналбаган адамдардан тышкары, ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-12-пунктчаларында аныкталбаган мамлекеттик жана муниципалдык менчик формасындагы ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызмат адамдары жана кызматкерлери.
  81. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдар өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик тилди билүүгө (күнүмдүк-тиричилик, социалдык-маданий жагдайларда жана чөйрөлөрдө, окуу жана кесиптик (расмий-иштиктүү) чөйрөлөрдө мамлекеттик тилде коммуникативдик байланышты түзө билүүгө) милдеттүү.
  82. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында Кыргыз Республикасынын башка жарандары үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууга ниеттенген же Кыргыз Республикасында туруктуу жашоо үчүн келген чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн ушундай эле талаптар белгилениши мүмкүн.
    33-берене. Мамлекеттик тилди билүү деңгээли боюнча талаптар
  83. Ушул конституциялык Мыйзамдын 32-беренесинде аныкталган адамдардын мамлекеттик тилди тийиштүү деңгээлде билүүсүнө талаптар алардын тиешелүү иш чөйрөсүн жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин актылары менен белгиленет.
  84. Мамлекеттик тилди билүү деңгээли ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү мамлекеттик тилди билүү деңгээли жөнүндө сертификат менен күбөлөндүрүлөт.
    12-глава. Мамлекеттик тилди коргоо жана сактоо
    34-берене. Мамлекеттик тилди коргоону камсыз кылуу
  85. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин коргоо, сактоо жана өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, мамлекеттик органдар, административдик ведомстволор, мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан камсыз кылынат.
    Мамлекеттик органдар мамлекеттик тилдин иштеши жана өнүгүшү үчүн зарыл болгон шарттарды түзөт.
  86. Кыргыз Республикасы эл аралык укуктун принциптерине ылайык республиканын чегинен тышкары жерлерде жашаган кыргыздардын эне тилин сактоосуна, өнүктүрүүсүнө жана окуп-үйрөнүүсүнө камкордук кылат.
    35-берене. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
    Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, менчиктин бардык формаларындагы уюмдардын жана мекемелердин жетекчилери, ошондой эле юридикалык жана жеке жактар ушул конституциялык Мыйзамды жана мамлекеттик тил чөйрөсүн жөнгө салуучу башка мыйзам актыларын бузгандыгы жана сактабагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында жоопкерчилик тартат.
    36-берене. Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы
  87. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын бекитет жана аткарылышын камсыз кылат.
  88. Программада тиешелүү убакыт мезгилинин ичинде мамлекеттик тилди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негизги стратегиялык максаттары жана артыкчылыктуу милдеттери, ошондой эле көрсөтүлгөн максаттарга жана милдеттерге жетүү үчүн жүзөгө ашыруу пландалып жаткан чаралар аныкталат.
  89. Программа Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын мамлекеттик тилди окуп-үйрөнүүгө болгон муктаждыктарын канааттандыруу үчүн жана аны Кыргыз Республикасында, ошондой эле анын чегинен тышкары жайылтуу үчүн мыйзамда белгиленген кепилдиктерди жана жеңилдиктерди эске алуу менен иштелип чыгууга жана ишке ашырылууга тийиш.
    13-глава. Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, терминологиялык жана ономастикалык комиссиялардын, ошондой эле мамлекеттик тилди өнүктүрүүнү камсыз кылуу боюнча ишти жүзөгө ашыруучу кызматкерлердин ыйгарым укуктары
    37-берене. Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясы
  90. Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча ыйгарым укуктуу орган:
    1) мамлекеттик тилди өнүктүрүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырууну камсыз кылат;
    2) ушул конституциялык Мыйзамдын жана мамлекеттик тил чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларынын сакталышына мониторинг жүргүзөт жана контролду жүзөгө ашырат;
    3) мамлекеттик тилди өнүктүрүү чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча маалыматтык, методикалык камсыз кылууну уюштурат;
    4) терминологиялык жана ономастикалык комиссиялардын ишине колдоо көрсөтөт;
    5) кыргыз тилинде иштелип чыккан тармактык терминдерди бекитет;
    6) “Кыргызтесттин” деңгээлдик системасына ылайык мамлекеттик жана башка тилдерди билүү деңгээлин аныктоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын ишине колдоо көрсөтөт;
    7) ушул конституциялык Мыйзамда, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин актыларында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
    38-берене. Терминологиялык жана ономастикалык комиссиялардын компетенциясы
  91. Кыргыз Республикасынын терминологиялык комиссиясы социалдык-маданий, саясий жана экономикалык жашоо чөйрөсүнө, илимдин жана технологиянын ар түрдүү тармактарына тиешелүү кыргыз тилиндеги терминдерди иштеп чыгуу, бирдейлештирүү жана жактыруу боюнча ишти жүзөгө ашырат.
  92. Кыргыз Республикасынын ономастикалык комиссиясы калктуу конуштардын, аэропорттордун, темир жол бекеттеринин, автобекеттердин, көчөлөрдүн, физикалык-географиялык жана мамлекеттик менчиктин башка объекттеринин аталыштарын тактоо жана өзгөртүү, Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарынын ажырагыс бөлүгү катары тарыхый аталыштарды калыбына келтирүү жана сактоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык бирдиктеринин аталыштарын атоодо жана кайра атоодо бирдиктүү методдорду калыптандыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгат.
    39-берене. Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнү камсыз кылуу боюнча ишти жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу кызматкерлердин компетенциясы
  93. Мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мамлекеттик менчик формасындагы мекемелерде, ишканаларда жана уюмдарда кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары колдонулушуна жана иштешине көмөк көрсөтүү максатында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана мамлекеттик тилдеги документтерге лингвистикалык экспертиза жүргүзүү милдеттерин жүктөө менен бекитилген штаттык сандын жана эмгек акы фондунун чегинде кызматкердин же кызматкерлердин штаттык бирдиги милдеттүү түрдө киргизилет.
  94. Жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу максатында аталган кызматкерлер төмөнкүдөй ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат:
    1) өз ишинин чөйрөсүндө мамлекеттик тилди коргоого, өнүктүрүүгө жана иштөөсүнө багытталган программаны натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана киргизет;
    2) кыргыз тилинин өнүгүшүн жана иштешин камсыз кылуу боюнча мамлекеттик максаттуу программалардын, ушул конституциялык Мыйзамдын аткарылышына мониторинг жүргүзүүнү жүзөгө ашырат;
    3) мамлекеттик тилдеги документтердин тексттерин редакциялайт, кыргыз тилинин орфографиялык эрежелерине ылайык келишине лингвистикалык экспертиза жүргүзөт.
  95. Ыйгарым укуктуу кызматкерлер мамлекеттик тилди өнүктүрүү чөйрөсүндөгү өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерин аткарууда мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракеттенүү аркылуу ишти жүзөгө ашырат.
    14-глава. Корутунду жоболор
    40-берене. Ушул конституциялык Мыйзамдын күчүнө кириши
  96. Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
  97. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
    1) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 2-апрелиндеги № 54 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 7, 316-ст.);
    2) “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”, “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 8-декабрындагы № 307 Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 11, 1021-ст.);
    3) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 21-январындагы № 8 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2010-ж., № 1, 8-ст.);
    4) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүнү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 6-октябрындагы № 165 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 9, 1264-ст.);
    5) “Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 25-февралындагы № 33 Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 2, 132-ст.);
    6) “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 23июнундагы № 135 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2015-ж., № 6, 653-ст.).
  98. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн чечимдерин жана Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларын ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаров

2023-жылдын 31-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган