Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы
Опубликовано: 18 Май 2021
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана ишмердүүлүгүн өркүндөтүү, ошондой эле анын ишин андан ары регламенттөө максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы деп кайра аталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын укук мурастоочусу деп эсептелсин.
3. Тиркелген Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө жобо бекитилсин.
4. Төмөнкүлөр белгиленсин:
– Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын чектик штаттык саны 266 бирдик санында;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын ведомстволук мекемелеринин чектик штаттык саны 1555 бирдик санында.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы:
– өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;
– ушул Жарлыктан келип чыгуучу уюштуруучулук жана башка чараларды көрсүн.
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 13-майындагы № 111 «Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы жөнүндө» Жарлыгы;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 15-февралындагы № 43 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасын кайра уюштуруу жөнүндө» Жарлыгы;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 9-апрелиндеги № 81 «Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Жарлыгы;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 25-июнундагы № 122 «Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» Жарлыгы;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 8-ноябрындагы № 246 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 13-майындагы «Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралу» Жарлыгы;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 4-июлундагы № 157 «Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын кээ бир маселелери жөнүндө» Жарлыгы;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 26-апрелиндеги № 82 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 13-майындагы «Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жарлыгы;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 30-мартындагы № 64 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 13-майындагы «Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жарлыгы.
7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров
Бишкек ш.
2021-жылдын 17-майы
ПЖ № 186
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 17-майындагы N 186 Жарлыгы менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы (мындан ары – Иш башкармасы) Кыргыз Республикасынын Президентине түздөн-түз баш ийген жана отчет берген мамлекеттик орган болуп саналат.
2. Иш башкармасы өз компетенциясынын чегинде, мыйзамда белгиленген тартипте төмөнкүлөрдүн ишин камсыз кылууну жүзөгө ашырат:
– Кыргыз Республикасынын Президентинин;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын.
3. Иш башкармасы өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына жана буйруктарына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик актыларына, ошондой эле ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырат.
4. Иш башкармасы юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча баланска, банктарда жана башка финансылык мекемелердеги эсептерине (анын ичинде эсептик) жана ага бекитилип берилген мүлккө, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн, өзүнүн аталышы жазылган мөөргө жана штамптарга, белгиленген үлгүдөгү бланктарга ээ.
5. Иш башкармасынын чектик штаттык саны Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленет.
6. Иш башкармасынын түзүмү жана штаттык расписаниеси Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусу (мындан ары – иш башкаруучу) тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти белгилеген чектик штаттык сандын чегинде бекитилет.
7. Иш башкармасынын мамлекеттик ишкананын жана мекеменин уюштуруу-укук формаларындагы ведомстволук уюмдары (мындан ары – ведомстволук уюмдар) бар.
8. Иш башкармасы өз ишин аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүү аркылуу жүргүзөт.
2. Негизги милдеттери, функциялары жана укуктары
9. Иш башкармасынын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин ишин финансылык, материалдык-техникалык, транспорттук, социалдык-тиричилик, санаториялык-курорттук жана медициналык жактан камсыз кылуу;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын ишин финансылык, материалдык-техникалык, транспорттук, социалдык-тиричилик жана медициналык жактан камсыз кылуу;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын (мындан ары – Президенттин Администрациясы) ишин финансылык, материалдык-техникалык жана транспорттук жактан камсыз кылуу;
4) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын катышуусу менен өткөрүлүүчү иш-чараларды, ошондой эле Президенттин Администрациясы тарабынан өткөрүлүүчү кеңешмелерди, конференцияларды жана башка иш-чараларды финансылык, материалдык-техникалык жана башка камсыз кылуу;
5) ишин камсыз кылуу Иш башкармасына жүктөлгөн мамлекеттик органдар тарабынан пайдаланылуучу мамлекеттик администрациялык имараттарды, объекттерди, жайларды жана жабдууларды эксплуатациялык-техникалык жактан тейлөөнү, ошондой эле көрсөтүлгөн имараттарды, объекттерди жана жайларды, жабдууларды талаптагыдай абалда күтүүнү камсыз кылуу;
6) Иш башкармасынын оперативдүү башкаруусуна өткөрүп берилген мамлекеттик администрациялык имараттарды, объекттерди жана жайларды эсепке алууну жана эксплуатациялык-техникалык жактан тейлөөнү камсыз кылуу, ошондой эле көрсөтүлгөн имараттардын, объекттердин жана жайлардын сарамжалдуу пайдалануусу үчүн контролду жүзөгө ашыруу;
7) Мамлекеттик компьютердик тармакты программалык жана техникалык жактан камсыз кылуу, ошондой эле алардын маалыматтык коопсуздугун камсыз кылуу;
8) материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну Иш башкармасы ишке ашырган мамлекеттик органдардын, анын ичинде Иш башкармасынын ведомстволук уюмдарынын мамлекеттик администрациялык имараттарын, социалдык-тиричилик багыттагы объекттерин, ден соолукту чыңдоо мекемелерин жана башка объекттерин курууну, реконструкциялоону жана оңдоону уюштуруу. 10. Иш башкармасы төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын иши үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында ведомстволук уюмдардын ишин уюштурат;
2) Кыргыз Республикасынын жогорку кызмат адамдарынын катышуусу менен өткөрүлүүчү протоколдук иш-чараларды жана мамлекеттик деңгээлдеги кабыл алууларды финансылык, материалдык-техникалык жана транспорттук тейлөөнү жүргүзөт; 3) ишмердигин камсыз кылуу Иш башкармасына жүктөлгөн мамлекеттик органдардын, ошондой эле ведомстволук уюмдардын чыгымдарынын сметаларын пландаштырат, иштеп чыгат жана бекитүүгө сунуш кылат;
4) ишмердигин камсыз кылуу Иш башкармасына жүктөлгөн мамлекеттик органдардын чыгымдарын оперативдүү, бухгалтердик жана статистикалык эсепке алууну, ошондой эле алардын чыгымдарынын сметасын аткарууну жүзөгө ашырат;
5) бухгалтердик эсепке алууну жүргүзүү боюнча усулдук жетекчиликти ишке ашырат, ведомстволук уюмдардын эсепке алуу жана финансылык отчеттуулук абалын координациялайт;
6) ведомстволук уюмдардын ишин координациялайт, ведомстволук уюмдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча бардык зарыл чараларды көрөт, алардын ишмердигинин натыйжаларын талдайт, алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сакташына, анын ичинде ревизияларды жана башка текшерүүлөрдү жүргүзүү жолу менен контролдукту ишке ашырат;
7) ишмердигин камсыз кылуу Иш башкармасына жүктөлгөн мамлекеттик органдарды Иш башкармасынын оперативдүү башкаруусуна өткөрүп берилген мамлекеттик администрациялык имараттарга, объекттерге жана жайларга өз чечимдери менен жайгаштырат;
8) мамлекеттик органдарды, мекемелерди, уюмдарды жана ишканаларды министрликтер менен ведомстволордун сунуштары боюнча Бишкек шаарында турган мамлекеттик имараттарга жана жайларга жайгаштыруу жөнүндө чечимдерди кабыл алат;
9) мыйзамда белгиленген тартипте товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууну уюштурат;
10) ишмердигин камсыз кылуу Иш башкармасына жүктөлгөн мамлекеттик органдардын кызматтык жана нөөмөттүк автотранспорттук каражаттарды эсепке алууну, сатып алууну, бөлүштүрүүнү, эсептен чыгарууну уюштурат;
11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген автотранспорттук каражаттардын лимитинин алкагында мамлекеттик органдардын, мекемелердин жана ишканалардын оперативдүү башкаруусуна жана чарбалык карамагына, ошондой эле ыкчам пайдалануусуна кызматтык жана нөөмөттүк автотранспорт каражаттарын борбордоштурулган камсыз кылууну, бөлүштүрүүнү жана өткөрүп берүүнү уюштурат; 12) ага караштуу ведомстволук санаторийлерге, пансионаттарга, башка ден соолукту чыңдоо мекемелерине жолдомолорду сатууну жана бөлүштүрүүнү камсыз кылат;
13) анын ведомстволук объекттеринде белгиленген тартипте мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жүргүзүүнү уюштурат;
14) Кыргыз Республикасына келген жогору даражалуу меймандар жана маанилүү адамдар үчүн Иш башкармасынын аңчылык чарбаларында аң уулоону уюштурат жана жүргүзөт;
15) мамлекеттик, кызматтык жана коммерциялык сырды түзгөн маалыматтарды жана жашыруун мүнөздөгү маалыматтарды, ошондой эле мындай маалыматтарды коргоо боюнча ведомстволук уюмдардын ишин контролдоону жана координациялоону Иш башкармасынын компетенциясынын чектеринде камсыз кылат;
16) Иш башкармасынын балансында турган мамлекеттик администрациялык имараттарды, объекттерди жана жайларды эксплуатациялоо жана күтүү боюнча чарбалык-техникалык кызматтарды түзөт;
17) турак-жайларды, социалдык-тиричилик жана өндүрүш багытындагы объекттерди, медициналык жана соода-мейманкана багытындагы административдик имараттарды, жайларды долбоорлоону жана курууну уюштурат;
18) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, Президенттин Администрациясынын жана Иш башкармасынын компьютердик системаларынын программалык-техникалык комплексинин, телекоммуникациялык жана аудио-видео жабдууларынын иштешин камсыз кылат;
19) тейлөөгө алынган органдардын жана адамдардын компьютердик системаларында маалыматтык-техникалык коргоо боюнча иш-чараларды уюштурат;
20) тейлөөгө алынган органдарда маалымат технологияларын колдонууну эске алуу менен аларды өнүктүрүүнүн келечектерин үйрөнүүнү жана божомолдоону уюштурат;
21) Иш башкармасынын компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат;
22) ишмердигин камсыз кылуу Иш башкармасына жүктөлгөн мамлекеттик органдардын мамлекеттик администрациялык имараттарында, объекттеринде жана жайларында коомдук тамактануу жана чекене сооданы уюштурат;
23) Иш башкармасынын ишин натыйжалуу камсыз кылуу боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна киргизет.
11. Өзүнө жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды жүзөгө ашырууда Иш башкармасы мыйзамда белгиленген тартипте төмөнкүлөргө укуктуу:
1) анын компетенциясына кирген маселелер боюнча бардык зарыл маалыматтарды, аныктама маалыматтарды мамлекеттик органдардан, жеке жана юридикалык жактардан суроого;
2) ишмердигин камсыз кылуу Иш башкармасына жүктөлгөн мамлекеттик органдардын мамлекеттик администрациялык имараттарында, объекттеринде жана жайларында коомдук тамактанууну уюштурууга;
3) Кыргыз Республикасынын жогорку кызмат адамдарынын катышуусу менен протоколдук иш-чараларды жана мамлекеттик кабыл алууларды финансылык, материалдык-техникалык жана транспорттук тейлөөнү жүргүзүүгө;
4) Кыргыз Республикасына келүүчү жогорку даражалуу коноктор жана маанилүү адамдар үчүн аңчылыкты уюштуруу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан ар жылдык жана кошумча квоталарды алууга;
5) ведомстволук уюмдарды түзүүгө, кайра уюштурууга жана жоюуга, ошондой эле бул уюмдардын уставдарын, жоболорун, түзүмүн, штаттык санын бекитүүгө;
6) анын ведомстволук уюмдары тарабынан берилүүчү товарлардын, аткарылуучу, көрсөтүлүүчү кызматтардын жана жумуштардын тизмесин белгилөөгө жана аныктоого;
7) ведомстволук уюмдардын ишин уюштурууга жана контролдоого;
8) негизги фонддорду жана өндүрүштүк кубаттуулуктарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында анын балансында жана ведомстволук уюмдардын балансында турган объекттерди реконструкциялоого, курууга жана өнүктүрүү үчүн инвесторлорду тартууга;
9) Иш башкармасынын Мамлекеттик имараттар департаментинин балансында турган бир мамлекеттик орган жайгашкан мамлекеттик администрациялык имаратты ошол мамлекеттик органдын пайдалануусуна кийин аны күтүүгө жана эксплуатациялоого контролдук жүргүзүү менен өткөрүп берүүгө;
10) мамлекеттик мүлктү ведомстволук уюмдардын оперативдүү башкаруусуна жана чарбалык карамагына өткөрүп берүүгө, ага жана анын ведомстволук уюмдарына бекитилип берилген мүлктү мамлекеттик мүлктү башкаруу саясатын иштеп чыгуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана мамлекеттик мүлк жана ижара чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашпастан өз алдынча ижарага берүүгө, ага жана анын ведомстволук уюмдарына бекитилип берилген мамлекеттик мүлктү, анын ичинде ижаралоо мамилелери чөйрөсүндө пайдалануу тартибин жана шарттарын өз чечимдери менен аныктоого;
11) кадрларды тандоо жана жайгаштыруу, ведомстволук уюмдардын жетекчилерин, алардын орун басарларын жана башкы бухгалтерлерин дайындоо жана ээлеген кызматтарынан бошотуу маселелерин чечүүгө;
12) Иш башкармасынын бюджеттик жана бюджеттен тышкары каражаттарынын эсебинен адистерди контракттык негизде ишке тартууга;
13) Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин актыларын аткаруу үчүн атайын комиссияларды, кеңештерди жана жумушчу топторун түзүүгө;
14) Иш башкармасынын карамагына таандык Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин жана тапшырмаларынын тийиштүү мамлекеттик органдар менен кызмат адамдарынын аткарышын контролдоого;
15) өзүндө болгон каражаттарды өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес багыттагы капиталдык салымдарды каржылоого, ошондой эле чарбалык ишти жүргүзүү үчүн пайдаланууга;
16) ведомстволук уюмдардын кирешелерин Иш башкармасы тарабынан ишке ашырылып жаткан өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес багыттагы чыгымдарын түздөн-түз каржылоого, ошондой эле инвестициялык долбоорлорду даярдоого жана жүзөгө ашырууга жумшоого;
17) инвестицияларды тартуу менен турак-жайларды, социалдык-тиричилик жана өндүрүштүк багыттагы объекттерди, администрациялык имараттарды, медициналык жана соода-мейманкана жайларын, анын ичинде үлүштүк катышуу тартибинде долбоорлоону жана курууну уюштурууга;
18) ишмердигин камсыз кылуу Иш башкармасына жүктөлгөн кызмат адамдарынын, Президенттин Администрациясынын кызматкерлеринин жана Иш башкармасынын кызматкерлеринин турак жай-социалдык шарттарын жакшыртуу менен байланышкан кыймылсыз мүлктү сатып алуу жана башкаруу боюнча чараларды көрүүгө;
19) финансылык-чарбалык иштин жыйынтыктары боюнча ведомстволук мамлекеттик ишканалардын таза кирешесин толук көлөмдө алардын материалдык-техникалык базасын чыңдоого, ошондой эле өнүктүрүүнүн стратегиялык планын (бизнес-планды) ишке ашырууга жумшоого; 20) иш башкаруучу жана анын орун басарлары, ошондой эле мамлекеттин жогорку кызмат адамдарын чет өлкөлүк иш сапарларда коштоп жүрүүчү Иш башкармасынын протоколдук иш-чараларды уюштуруу бөлүмүнүн кызматкерлери үчүн дипломаттык паспортторду алууга;
21) негизги милдеттерге жетишүү жана функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон башка укуктарды жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.
12. Иш башкармасы жана анын ведомстволук уюмдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтөт.
3. Мүлк жана каражаттар
13. Иш башкармасынын мүлкү жана каражаттары мамлекеттик менчик болуп саналат, Иш башкармасынын балансында чагылдырылат жана ага бекитилген негизги фонддордон жана жүгүртүү каражаттарынан, ошондой эле анын ишинин натыйжасында түзүлүүчү фонддордон турат.
14. Ведомстволук уюмдарга чарба жүргүзүүчү коомдордун жана шериктештиктердин уставдык капиталына төгүм катары бекитилип берилген негизги фонддорду жана жүгүртүү каражаттарды пайдаланууга, ошондой эле ведомстволук уюмдардын башка жактар менен үлүштүк курулушка катышуусуна Иш башкармасынын уруксаты менен гана жол берилет.
15. Төмөнкүлөр Иш башкармасынын финансы каражаттарынын негизги булактары болуп саналат:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин ишин камсыз кылууга республикалык бюджеттен бөлүнүүчү каражаттар; 2) ишмердигин камсыз кылуу Иш башкармасына жүктөлгөн мамлекеттик органдардын ишин камсыз кылууга республикалык бюджеттен бөлүнүүчү каражаттар;
3) атайын каражаттар, белгиленген ченемдерге ылайык ведомстволук уюмдардын кирешелеринен чегерүүлөр;
4) бюджеттен тышкары, демөөрчүлүк жана зайым каражаттары, гранттар, инвестициялар, коммерциялык банктардын жана башка кредиттик мекемелердин кредиттери; 5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка келип түшүүлөр.
16. Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими менен бекитилген Иш башкармасынын Атайын эсеби жөнүндө жобого ылайык Иш башкармасы атайын эсепти өзүнүн чарбалык ишинин каражаттарынан, ведомстволук уюмдардын чегерүүлөрүнөн жана башка келип түшүүлөрдөн толтурат, ал каражаттарды ишин камсыз кылуу Иш башкармасына, ведомстволук уюмдарга жүктөлгөн кызмат адамдарынын жана мамлекеттик органдардын тийиштүү материалдык-техникалык базасын жана алардын иши үчүн тиешелүү шарттарды түзүү, алардын кызматкерлерин социалдык жактан коргоону жана кепилдик берүүнү камсыз кылуу, ошондой эле башка максаттар үчүн пайдаланат.
4. Ишти уюштуруу
17. Иш башкармасына иш башкаруучу жетекчилик кылат, ал Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
18. Иш башкаруучунун орун басарлары, анын ичинде финансылык документтерге кол коюу укугу бар биринчи орун басары болот, алар иш башкаруучунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Иш башкаруучунун жана анын орун басарларынын коомдук башталышта кеңешчилери болот, аларды иш башкаруучу дайындайт жана бошотот. Кеңешчилер иш башкаруучу бекиткен Кеңешчилер жөнүндө жободо белгиленген компетенцияга ылайык иштешет.
19. Иш башкаруучу жок болгон учурда анын функциялары иш башкаруучунун биринчи орун басарына жүктөлөт.
20. Иш башкаруучу:
1) Иш башкармасына жалпы жетекчилик кылат жана Иш башкармасына жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жекече жоопкерчилик тартат;
2) өзүнүн орун басарларынын ортосундагы милдеттерди бөлүштүрөт;
3) Иш башкармасы жөнүндө жобону, Иш башкармасынын жана анын ведомстволук мекемелеринин чектик штаттык санын Кыргыз Республикасынын Президентине бекитүүгө берет;
4) Иш башкармасынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана ведомстволук уюмдарынын милдеттерин жана иш тартибин аныктайт;
5) Иш башкармасынын компетенциясына кирген маселелер боюнча актылардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизет;
6) Иш башкармасынын иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине маалымат берет;
7) иш башкаруучунун орун басарларын, анын ичинде биринчи орун басарын кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш киргизет;
8) Иш башкармасынын компетенциясына кирген маселелер боюнча буйруктарга жана тескемелерге кол коет, ошондой эле алардын аткарылышына текшерүү уюштурат;
9) иш башкаруучунун орун басарларын, анын ичинде биринчи орун басарын кошпогондо, Иш башкармасынын кызматкерлерин алар менен эмгек келишимдерин түзүү жана бузуу жолу менен белгиленген тартипте кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
10) ведомстволук уюмдардын жетекчилерин жана алардын орун басарларын, башкы бухгалтерлерин, алар менен эмгек келишимдерин түзүү жана бузуу жолу кызмат орундарына дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
11) Иш башкармасынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жобону бекитет, Иш башкармасынын кызматкерлеринин функциялык милдеттерин аныктайт;
12) ведомстволук уюмдардын, анын ичинде ведомстволук мекемелердин алар үчүн белгиленген штаттык сандын чегинде уставдарын, жоболорун, түзүмүн, штаттык расписаниесин жана штаттык санын бекитет;
13) Иш башкармасынын ишинин маселелери боюнча финансылык тартиптин сакталышын камсыз кылат;
14) мыйзамдарда белгиленген тартипте Иш башкармасынын акча каражаттарын жана мүлкүн тескейт;
15) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык колдо бар фонддорду пайдалануу маселелерин чечет;
16) Иш башкармасынын балансында турган объекттердин капиталдык курулушуна, реконструкциялоого жана капиталдык оңдоого сметаларды, долбоорлорду, титулдук барактарды белгиленген тартипте бекитет;
17) келишимдерди (контракттарды) түзөт, чарбалык, финансылык жана бухгалтердик операцияларды жүргүзөт, алардын аткарылышын Иш башкармасынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө жана ведомстволук уюмдарына тапшырат, ишеним каттарды берет;
18) Иш башкармасынын ведомстволук уюмдарын түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу маселелерин чечет;
19) ведомстволук уюмдар тарабынан берилүүчү товарлардын, көрсөтүлүүчү кызматтардын, аткарылуучу жумуштардын тизмесин, ошондой эле товарларга, жумуштарга, көрсөтүлүүчү кызматтарга баалардын (тарифтердин) прейскуранттарын белгиленген тартипте бекитет;
20) Иш башкармасынын коллегиясынын жыйналыштарында төрагалык кылат жана коллегиянын жыйналыштарында кабыл алынган чечимдерге кол коет;
21) мамлекеттик органдарда, соттордо, эл аралык жана башка уюмдарда Иш башкармасынын атынан иш алып барат;
22) Иш башкармасынын компетенциясына кирген маселелерди чечүү боюнча мамлекеттик органдар жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү ишке ашырат;
23) Иш башкармасынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл маалыматты, документтерди, материалдарды мамлекеттик жана башка органдардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилеринен суратат;
24) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Иш башкармасынын жана ведомстволук уюмдардын өзгөчө айырмаланган кызматкерлерине ардак наамдарды ыйгарууга жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого көрсөтөт, башка сыйлыктар тууралу чечимдерди кабыл алат;
25) Иш башкармасынын кызматкерлерине, ведомстволук уюмдардын жетекчилерине, алардын орун басарларына жана ведомстволук уюмдардын башкы бухгалтерлерине карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартип жазасын колдонот;
26) жарандарды кабыл алууну жүргүзөт, келип түшкөн сын-пикирлерди, даттанууларды жана каттарды карап чыгууну жана алар боюнча өз учурунда чараларды көрүүнү камсыз кылат;
27) иш кагаздарын жүргүзүүдө расмий тил менен бирге мамлекеттик тилди колдонуу, иш кагаздарын жүргүзүүнүн эрежелеринин сакталышы, архив ишин жүргүзүү, заманбап маалыматтык жана телекоммуникациялык технологияларды пайдалануу боюнча чараларды көрөт;
28) Кыргыз Республикасынын Президентинде, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында, Жогорку Кеңешинде болгон жыйналыштарга (кеңешмелерине) белгиленген тартипте катышат;
29) жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен өз ара аракеттенүү тартибин, Иш башкармасынын кызматчыларынын эл алдында чыгып сүйлөө эрежелерин жана кызматтык пайдалануу үчүн гана дайындалган маалыматты берүү тартибин аныктайт;
30) Иш башкармасы тарабынан иштелип чыккан ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна виза коет, аларга негиздеме-маалымкаттарга кол коет, ошондой эле Иш башкармасына тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан макулдашууга киргизилүүчү ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна кол коет;
31) Иш башкармасынын компетенциясына кирген башка функцияларды ишке ашырат.
21. Иш башкармасында коллегия түзүлөт, анын курамы иш башкаруучунун чечими менен бекитилет.
22. Иш башкармасынын коллегиясынын курамына иш башкаруучу (коллегиянын төрагасы), анын орун басарлары жана Иш башкармасынын башка кызматкерлери кирет. Коллегиянын курамына Иш башкармасынын ведомстволук уюмдарынын жетекчилери да кириши мүмкүн.
23. Иш башкармасынын Коллегиясы жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.
5. Кайра уюштуруу жана жоюу
24. Иш башкармасын кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө чечимди Кыргыз Республикасынын Президенти кабыл алат.