Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын
Профсоюз комитети
 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын кызматкерлеринин профсоюз уюмунун ишинин негизги багыты бул Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын администрациясынын жана профсоюз комитетинин рынок экономикасынын шарттарында профсоюздун мүчөлөрүн социалдык-экономикалык жана укуктук жактан коргоодо бирдиктүү мамиле кылууну жана макулдашууну камсыз кылуу саналат. Бул үчүн кызматкерлерин социалдык кепилдиктерин жана компенсацияларын аныктоо, аларга татыктуу эмгек акы төлөө жана эмгегин ченемдөө боюнча иш жүргүзүлүп келет. Бүгүнкү күндө профсоюз комитети Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын кызматкерлеринин кызыкчылыктарын көрсөтүүгө жана укуктарын коргоого иш-жүзүндө укукка ээ болгон жалгыз уюм болуп саналат.       

Профсоюз комитетинин рынок экономикасынын шарттарында башкы милдети бул профсоюз мүчөлөрүнүн эмгегин, социалдык-тиричилик, руханий укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо саналат. Профсоюз комитетинин эмгек жамаатынын атынан жумуш берүүчү менен Жамааттык келишимди түзөт, анын аткарылышына системдик контролду жүзөгө ашырат. Профкомдун макулдашуусу боюнча эмгек акы төлөө жана материалдык жактан кызыктыруу формасынын системасы белгиленет, сыйлоо жөнүндө жобо бекитилет. 

Профсоюз иш алып баруучу көйгөйлөр эң жогору масштабды түзөт. Эң негизгиси бул Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын администрациясы тарабынан кызматкерлердин укугун кемсинтүүгө, мыйзамсыз кызматтан бошотууга, эмгек шарттарынын начарлашына каршы эмгек мыйзамын, башка социалдык колдоо жана коргоо функцияларды сактоо. Алдыда турган милдеттерди чечүү үчүн профсоюз ар дайым юристтердин, эмгекти коргоо жаатындагы адистердин жана экономисттердин жардамына кайрылууга муктаж. Алар эмгек мыйзамынын сакталышына, коопсуздук техникасынын сакталышына көз салышат, социалдык-тиричилик жана маданий арналыштагы объекттердин ишин уюштурат. Эгерде кызматкер эмгек мыйзамын бузуп жатса, Жамааттык келишим боюнча милдеттерди аткарбаса бир гана профсоюз органы аны менен эмгек келишимин жоюуга же жетекчилик кызмат ордундагы кызматкерди жумуштан алуу укуктуу.  

Ошондуктан, профком жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын администрациясынын ишинин жалпы максаты бул Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын Жамааттык келишиминде жазылгандай натыйжалуу жана үзгүлтүксүз ишти камсыз кылуу, кызматкердин жана алардын үй-бүлөлөрүнүн социалдык кепилдиктерин жана бакубатчылыгынын өсүүсүн камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын аброюн жогорулатуу болуп саналат. Бүгүн ал профкомдун негизги жетектөөчү документи болуп эсептелет.

Жамааттык келишим бул негиз салуучу документ, ал жеке кызматкердин да, барды эмгек жамаатынын дагы негизги укуктарын жана кепилдиктерин мыйзамдаштырат. Кызматкерлер үчүн максималдуу пайдалуу шарттарында жамааттык келишимди түзүү, анын аткарылышын жана сакталышын контролдоо бүгүн профсоюздун эң башкы милдеттеринин бири. 

Жамааттык келишимге ылайык профсоюздун мүчөсү төмөнкүлөргө таянууга укуктуу:

  • эмгек укугу, эмгек акы төлөө, салык мыйзамынын жагында бекер юридикалык консультация алууга, соттук доо арыз учурунда адвокаттын жардамына;
  • жумушка орношууга, кайра окуудан өтүүгө, квалификациясын жогорулатууга, профсоюздун эсебинен жарым-жартылай төлөө менен башка адистикти алууга көмөктөшүүгө;
  • эмгекти коргоо, эмгек милдеттерин аткарууда ден соолугуна келтирилген залалдын ордун толтуруу менен байланышкан маселелерди чечүүдө көмөктөшүүгө;
  • жумуш берүүчүлөрдүн мыйзамдарды жана башка нормативдик актыларды сактоосуна туруктуу контролду жүргүзүүгө;
  • эс алуу үйлөрүнө жана санаторияларга, балдар ден соолугун чыңдоо лагерлерине жолдомо алууга профсоюздук бюджеттин эсебинен финансылык жардам, дотация алууга;
  • убактылуу жумушсуз калганда, табигый кырсыктарда жана материалдык абал начарлаганда профсоюздун каражаттарынан материалдык жардам алууга;
  • профсоюз мүчөсү анын союзда турбаган кесиптешинен администрациянын демилгеси боюнча иштен бошотуу коркунучунан көбүрөөк деңгээлде корголгон;
  • эгерде администрация сиздерге адилетсиз тартип чарасын көрсө, кызматтык нускамада каралбаган ишти жасатып жатса, же коопсуздук техникасын буздуруп жатса, сиздер профкомго кайрылсаңыздар болот, ал сиздердин кызыкчылыгыңыздарды коргойт.        

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын профсоюз уюму профсоюз комитетинин башчысы менен 8 профсоюздук топтон турат.

Профсоюз комитети курамында тандалган:

Аты-жөнүКызмат ордуБөлүмү Профкомдо шайлануучу кызмат орду
1КУЛМУРЗАЕВ Нурбек МурзалиевичреферентКыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөр менен иштөө бөлүмүПрофкомдун төрагасынын м.а.
2ИСАЕВА Малика ИсаевнареферентБухгалтердик эсеп жана отчеттуулук бөлүмүПрофкомдун мүчөсү
3ОМУРАЛИЕВ Айбек НурзамировичреферентСектора правовой экспертизыЧлен Профкома
4АДЫЛБЕК кызы Махабатбашкы адисМатериалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүПрофкомдун мүчөсү
5МАЖИНОВА Мээрим Тургунбековнабашкы адисКР Президентинин Администрациясынын ишмердүүлүгүн камсыздоо боюнча тобуПрофкомдун мүчөсү
6Кучукбаева Гульсана Намаровнабашкы адисКР Президентинин Администрациясынын ишмердүүлүгүн камсыздоо боюнча тобуПрофкомдун мүчөсү
7ОРОЗМАМАТОВА Алтынай Болотбековнабашкы адисКР Президентинин Администрациясынын ишмердүүлүгүн камсыздоо боюнча тобуПрофкомдун мүчөсү
8ЖАКЫПБЕКОВ Амир СуйундуковичреферентМаалыматташтыруу жана телекоммуникациялар бөлүмүПрофкомдун мүчөсү

Профсоюз комитетинин алдында төмөнкүдөй түзүмдө ревизиялык комиссия дайындалган:

Аты-жөнүКызмат орду Бөлүмү Профкомдо шайлануучу кызмат орду
1СЫДЫКОВА Асылгуль СаламатовнареферентЭкономика жана пландаштыруу бөлүмүКомиссиянын төрайымы
2АЖЫБАЕВА Жылдыз ЖакшимбековнареферентАдам ресурстарын башкаруу бөлүмүКомиссия мүчөсү

Профкомдун астында ашкананын ишин контродоо боюнча комиссия иш алып барат жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын администрациясы менен бирдикте турак жай-тиричилик комиссиясы түзүлгөн. 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын администрациясы жана профсоюз комитетенен ортосунда Жамааттык келишим түзүлгөн, анын аткарылышына Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын кызматкерлеринин эмгек жамаатынын жалпы жыйналышында жыл сайын жыйынтыктар берилет.