

Иш башкармасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын жогорку кызмат адамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын жана Министрлер Кабинетинин ишин финансылык, материалдык-техникалык, транспорттук, социалдык жана медициналык жактан камсыз кылуучу өз алдынча мамлекеттик орган. . Азыркы учурда Иш башкармасы көп тармактуу уюм болуп саналат, анын материалдык-техникалык базасы жана жакшы даярдалган кадрлары ага белгиленген компетенциянын чегинде жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды жогорку профессионалдык деңгээлде аткарууга мүмкүндүк берет. Ишкердик башкаруунун схемасы борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүн (бөлүмдөрүн) жана 17 ведомстволук уюмдарды камтыйт, аларда ар кандай тармактардын эки миңден ашык жогорку кесипкөй адистери иштейт. Көп жылдык тажрыйба, кызматкерлердин дилгирлиги, команданын ынтымактуулугу Бизнес администрациясына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз ыйгарым укуктарын натыйжалуу ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы менен биргеликте мамлекеттик маанидеги маанилүү иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча жогорку уюштуруучулук деңгээлде иш алып барууда. Ведомствого караштуу уюмдар мамлекеттик администрациялык имараттарды, мамлекеттик резиденцияларды, клиникалык оорукананы, автотранспорттук ишкананы жана башка мекемелерди тейлешет, алар көрсөтүлүүчү кызматтардын натыйжалуулугун жана сапатын дайыма жогорулатууга багытталган. Жыйынтыктап айтканда, Кыргызстан экономикалык жактан күчтүү, демократиялык мамлекетти куруу жолуна түшкөнүн белгилегим келет. Жарандардын бакубаттуулугун чыңдоого, коррупцияга каршы күрөшүүгө, ачык коомду курууга багытталган реформалар жүргүзүлүүдө. Бул Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын ишмердүүлүгүнө кошумча талаптарды белгилейт жана биздин алдыбызга жаңы максаттарды жана милдеттерди коюп жатат.

Жаңылыктар / 06:00, 23 января, 2026
Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев айдоочулук күбөлүктөрдү берүү, автотранспорт каражаттарын жана айдоочулардын курамын каттоо боюнча мамлекеттик борбордо («Унаа») пландан тышкары текшерүү жүргүзүп, мекеменин ишмердүүлүгү менен таанышты. Текшерүүнүн жүрүшүндө автотранспорт каражаттарын каттоо жана кайра каттоо, айдоочулук күбөлүктөрдү берүү жана алмаштыруу, жарандарга көрсөтүлүп жаткан кызматтардын уюштурулушу, ошондой эле коопсуздук талаптары каралды. Президенттин иш башкаруучусу эски үлгүдөгү, мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдө жарандардын 20–30 жыл мурдагы сүрөттөрү колдонулуп жатканын белгилеп, мындай документтер жаранды так аныктоону кыйындатарын айтты. Ошондой эле эски айдоочулук күбөлүктөрдүн коргоо элементтери жетишсиз болуп, аларды жасалмалоо оңой экени, бул болсо коопсуздукка түз коркунуч жаратарын белгиледи. Мындан тышкары, эски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр чет мамлекеттерде мыйзамдуу документ катары таанылбай турганы, башкача айтканда, эл аралык деңгээлде легалдашпаганы белгиленди. Ушуга байланыштуу мамлекетте так тартип болушу керектиги, ал эми документтер заманбап талаптарга жооп бериши зарыл экени баса белгиленди. Ушул максатта Президенттин иш башкаруучусу айдоочулук күбөлүктөрдү берүү жана автотранспортту каттоо багытында санариптештирүүнү өнүктүрүү, санарип кызматтарды кеңейтүү жана маалыматтарды толук жаңылоо боюнча жетекчиликке конкреттүү тапшырмаларды берди. Белгилей кетсек, мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында 2026-жылдын 15-январынан 21-январына чейин: • онлайн форматта — 46 431 арыз, • офлайн форматта — 32 528 арыз кабыл алынган. Жалпысынан 78 959 арыз катталган. Бул көрсөткүч жарандардын бул маселеге олуттуу көңүл буруп жатканын жана кызматка болгон суроо-талап жогору экенин айгинелейт. Текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекеттик кызмат көрсөтүүдө тартипти күчөтүү, коопсуздукту камсыз кылуу жана санарип чечимдерди ырааттуу киргизүү зарылдыгы белгиленди.
Жаңылыктар / 05:00, 15 января, 2026
Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Калкты тейлөө борборуна (КТБ) күтүүсүз текшерүүгө барып, көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапаты жана иштин жүрүшү менен таанышты. Текшерүүнүн жүрүшүндө Каныбек Туманбаев белгилегендей, бүгүнкү күндө жарандар бир катар мамлекеттик кызматтарды КТБларга барбастан эле ала алышат. Тактап айтканда, паспорт алмаштыруу, ар кандай маалымкаттарды жана башка документтерди алуу мүмкүнчүлүгү “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн форматта жеткиликтүү. Бул жарандардын убактысын үнөмдөп, КТБларга болгон жүктү азайтууга шарт түзөт. Каныбек Туманбаев кызматкерлерге жарандар арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырмасын берди. Ошондой эле кайрылууларды ыкчам кароо жана кызмат көрсөтүүнү үзгүлтүксүз жакшыртып туруу зарылдыгын баса белгиледи.

Жаңылыктар / 05:00, 15 января, 2026
Учурда Кыргыз Республикасында мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү 083 формадагы медициналык маалымкатты талап кылбастан алмаштырууга болот. Бул тууралуу буга чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирген. Бүгүн Каныбек Туманбаев айдоочулук күбөлүктөр алмаштырылып жаткан Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборго барып, текшерүү жүргүздү. Иш сапардын алкагында ал жарандар менен баарлашып, кызмат көрсөтүүнүн тартибин кеңири түшүндүрүп берди. Алгач Президенттин Иш башкаруучусу мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруунун зарылдыгын түшүндүрдү. Анын айтымында, эски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр санариптештирилген эмес жана коңшу мамлекеттердин айрымдарында таанылбайт. Бул документтерди Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары колдонууда кыйынчылыктарды жаратат. Ушуга байланыштуу айдоочулук күбөлүктү өлкөдөн тышкары колдонгусу келген жарандар үчүн жаңы үлгүдөгү күбөлүккө өтүү — аны мыйзамдаштыруунун жана заманбап эл аралык талаптарга ылайык келтирүүнүн зарыл чарасы болуп саналат. Ошондой эле эски үлгүдөгү мөөнөтсүз айдоочулук күбөлүктөрдүн коргоо элементтери начар экени белгиленди. Көпчүлүк күбөлүктөрдө эски сүрөттөр колдонулгандыктан, инсанды аныктоо татаалдашып, документти башка адам пайдаланып кетүү коркунучу жаралат. Жаңы үлгүдөгү күбөлүктөр күчөтүлгөн коргоо элементтерине ээ болуп, мындай учурлардын алдын алат жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу кызматкерлердин ишин жеңилдетет. Мындан тышкары, Каныбек Туманбаев мурда «Түндүк» системасы аркылуу арыз бергенде 083 формадагы медициналык маалымкат автоматтык түрдө талап кылынганын белгиледи. Жарандар үчүн ыңгайлуулук жаратуу максатында, дүйшөмбүдөн тарта бул талап эски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу үчүн системадан алынып салынарын айтты. Бул жарандарга айдоочулук күбөлүктү онлайн форматта, үйдөн чыкпай эле алмаштырууга мүмкүнчүлүк берет. Жыйынтыгында ал жарандарды кезек күтүүлөрдү болтурбоо үчүн белгиленген тартипти сактоого чакырды: • айдоочулук күбөлүктөрү санариптештирилбеген жана «Түндүк» системасында көрүнбөгөн жарандар документтерди алмаштыруу үчүн жеке өзү кайрылуусу зарыл; • айдоочулук күбөлүктөрү «Түндүк» системасында чагылдырылган жарандарга алмаштырууну онлайн форматта жүргүзүү сунушталат. Бул ыкма документтердин коопсуздугун жогорулатууга, жарандар үчүн ыңгайлуулукту камсыздоого жана мамлекеттик органдардын ишин иретке келтирүүгө багытталган.

Жаңылыктар / 02:00, 13 января, 2026
Бүгүн, 13-январда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев жана Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев «Бишкек Арена» стадионунун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышышты. Стадиондун курулуш аянтчасында иштер бекитилген графикке ылайык үзгүлтүксүз улантылууда. Бүгүнкү күнгө карата объектте курулуш-монтаж иштеринин олуттуу бөлүгү аткарылып, долбоордун туруктуу темпте ишке ашырылып жатканын көрсөтүүдө. Сегиз блок боюнча бетон иштери толугу менен аяктады — 100%. Жер иштери 95% аткарылган, ал эми тышкы инженердик тармактар, анын ичинде канализация жана суу түтүктөрү 98% деңгээлде бүткөрүлдү. Таяныч дубалдар жана тосмолор 90% аткарылып, кийинки курулуш этаптарына өтүүгө шарт түзүлдү. Имараттын ичиндеги иштер да активдүү жүргүзүлүүдө. Газоблоктон тургузулган ички жана тышкы бөлгүч дубалдар 65%, полдун цементтик стяжкасы 50%, дубалдарды шыбактоо иштери 40% деңгээлде аткарылды. Негизги металл конструкцияларын монтаждоо 35%, ички инженердик тармактарды орнотуу иштери 30% түзөт. Долбоор этап-этабы менен, курулуш нормаларын жана коопсуздук талаптарын сактоо аркылуу ишке ашырылууда. Жакынкы мезгилде инженердик жана ички жасалгалоо иштеринин темпин жогорулатуу пландалууда. Стадиондун курулушу регион үчүн маанилүү инфраструктуралык долбоор болуп саналат. Келечекте ал спорттук жана массалык иш-чараларды өткөрүү үчүн заманбап объектке айланат.