
Иш башкармасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын жогорку кызмат адамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын жана Министрлер Кабинетинин ишин финансылык, материалдык-техникалык, транспорттук, социалдык жана медициналык жактан камсыз кылуучу өз алдынча мамлекеттик орган. . Азыркы учурда Иш башкармасы көп тармактуу уюм болуп саналат, анын материалдык-техникалык базасы жана жакшы даярдалган кадрлары ага белгиленген компетенциянын чегинде жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды жогорку профессионалдык деңгээлде аткарууга мүмкүндүк берет. Ишкердик башкаруунун схемасы борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүн (бөлүмдөрүн) жана 17 ведомстволук уюмдарды камтыйт, аларда ар кандай тармактардын эки миңден ашык жогорку кесипкөй адистери иштейт. Көп жылдык тажрыйба, кызматкерлердин дилгирлиги, команданын ынтымактуулугу Бизнес администрациясына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз ыйгарым укуктарын натыйжалуу ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы менен биргеликте мамлекеттик маанидеги маанилүү иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча жогорку уюштуруучулук деңгээлде иш алып барууда. Ведомствого караштуу уюмдар мамлекеттик администрациялык имараттарды, мамлекеттик резиденцияларды, клиникалык оорукананы, автотранспорттук ишкананы жана башка мекемелерди тейлешет, алар көрсөтүлүүчү кызматтардын натыйжалуулугун жана сапатын дайыма жогорулатууга багытталган. Жыйынтыктап айтканда, Кыргызстан экономикалык жактан күчтүү, демократиялык мамлекетти куруу жолуна түшкөнүн белгилегим келет. Жарандардын бакубаттуулугун чыңдоого, коррупцияга каршы күрөшүүгө, ачык коомду курууга багытталган реформалар жүргүзүлүүдө. Бул Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын ишмердүүлүгүнө кошумча талаптарды белгилейт жана биздин алдыбызга жаңы максаттарды жана милдеттерди коюп жатат.
Жаңылыктар / 12:00, 01 июня, 2025
Бүгүн “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркында, өзгөчө камкордукка муктаж балдар үчүн арналган майрамдык иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Сокулук жана Москва райондорундагы, ошондой эле Бишкек шаарындагы үч адистештирилген мекемеден мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана алардын коштоочулары чакырылды. Майрамдык программада оюн-зоок, концерттик номерлер жана меймандостук атмосфера камтылды. Балдарды аниматорлор тосуп алып, ар кандай оюндар жана бийлер менен шаңга бөлөштү. Андан соң белгилүү аткаруучулар — Жан Сабыров, Нурмат Садыров, Аваз Акимов жана Айдана Дека, ошондой эле президенттик камералык оркестр “Манас” балдар үчүн атайын даярдалган музыкалык номерлерди аткарышты. Иш-чаранын жүрүшүндө балдарга майрамдык маанай тартуулоо максатында ар түрдүү белектер ыйгарылды. Айрымдарына оюнчуктар, планшеттер жана наушниктер берилсе, мүмкүнчүлүгү чектелген бөбөктөргө ылайыкташкан коляскалар тапшырылды. Кээ бир балдарга телефондор жана алар кыялданган жекече белектер да даярдалып, кубаныч тартууланды. Бул иш-чара — балдар үчүн гана эмес, бүтүндөй коом үчүн үмүт жана боорукердик менен сугарылган күн болду. Президент Садыр Нургожоевич Жапаров жетектеген мамлекеттик саясаттын жүрөгүндө дал ушул — адамдын тагдыры, өзгөчө балдардын бакубат келечеги турат. “Ар бир коом өзүнүн балдарына болгон мамилеси менен өлчөнөт. Президент Садыр Нургожоевич Жапаров мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды коомдун толук кандуу мүчөсү катары көрүүгө үндөп келет. Бул жөн гана социалдык колдоо эмес — бул инсандык ар-намысты таануу. Биз ушул мамилени турмушка ашырууну парз катары кабыл алып, мамлекеттин жүзү болгон балдардын кубанычын көбөйтүүгө умтулабыз,” — деп белгиледи Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Тургунбекович Туманбаев.
Жаңылыктар / 12:00, 30 мая, 2025
Үч жыл ичинде бүтүндөй система өзгөрдү… 2022-жылы Каныбек Туманбаев Президенттин Иш башкармасынын жетекчиси болуп дайындалганда, бул мекеме тейлөөчү гана кызмат катары кабылданып келген. Бирок Президент Садыр Жапаров ишеним артып, түз колдоо көрсөткөндөн кийин — бул структура чыныгы мамлекеттик механизмге айланды. Президенттин Иш башкармасы үч жыл ичинде ондогон курулуштардын, реформалардын, санариптик өзгөрүүлөрдүн жана финансылык туруктуулуктун негизги аткаруучусуна айланды. Жыйынтыктар сөз менен эмес, иш менен далилденди. Жаңы Президенттик администрация — өзгөрүүлөрдүн символу. Кыргыз Республикасынын Президенттик администрациясынын жаңы имараты — «Ынтымак-Ордо» — Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен, Президенттин Иш башкармасы тарабынан ишке ашырылган ири мамлекеттик долбоорлордун бири болуп калды. Имарат кыска мөөнөттө курулуп, бүгүн өлкө башкаруусунун заманбап борборуна айланды. Санариптик чечимдер, энергияны үнөмдөөчү системалар жана функционалдык пландаштыруу менен жабдылган бул комплекс — ачык-айкын жана натыйжага багытталган бийликтин жүзү катары кабыл алынууда. 100дөн ашык бүткөн же оңдолгон объект — бул башталышы гана. Үч жыл ичинде Президенттин тапшырмасынын негизинде, Президенттин Иш башкармасы тарабынан 100дөн ашык объект курулуп же капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Алардын арасында оорукана, мектеп, спорт залдар, маданий жайлар, мамлекеттик мекемелер жана реабилитациялык борборлор бар. Ар бир бүткөн объект — өлкө өзгөрүп жатканын тастыктаган жандуу мисал. Ири курулуштар ишке ашып жатат. Бишкекте 51 миң орундуу улуттук стадиондун курулушу жүрүп жатат. Президент Садыр Жапаров өзү баштаган бул долбоор — келечек муундар үчүн маанилүү белек болуп калат. Мамлекеттик ипотекалык программа алкагында 62 миң батирдин курулушу башталып, бүгүнкү күндө 3 миңден ашык үй-бүлө өз үйүнө ээ болду. 20 жылдан бери токтоп турган Улуттук банктын имараты дагы соңуна чыгып калды. Коомдук жана социалдык чөйрө өзгөрүүдө. Президенттин тапшырмасы менен, элге түздөн-түз тиешеси бар социалдык жана маданий объектилерди жаңыртуу иштерин Президенттин Иш башкармасы ырааттуу жана жоопкерчилик менен ишке ашырып жатат. Реабилитациялык борборлор, оорукана, билим берүү мекемелери заманбап шартта кайрадан ишке берилүүдө. Жаңы эс алуу аймактары, сейил бактар, маданий жайлар курулуп, жарандар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз чөйрө калыптанууда. Мындай өзгөрүүлөрдүн ачык мисалы — “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркындагы жаңылануу. Бул жерде экотропалар, амфитеатр, санариптик тейлөө, жаңы эс алуу зонасы курулуп, парк заманбап форматта элге кайтарылды. Көп нерсе сөз эмес, иш менен далилденди: 2021-жылы мекеменин кирешеси 586,7 млн сом болсо, 2024-жылы — 8,3 млрд сом. 2025-жылга план — 11,1 млрд сом! Быйыл эле, төрт айда — 4,1 млрд сом түшкөн. Башкача айтканда — 16 эсе өсүш болгону 2,5 жылда. Санариптик реформалар — системалуу негизде. “Кызмат” мамлекеттик мекемеси Президенттин Иш башкармасынын карамагына өткөрүлүп, мамлекеттик кызмат көрсөтүү системасы толук реформалана баштады. Жаңы IT-бөлүм түзүлдү. Учурда 7 кабаттуу заманбап IT-борбордун курулушу жүрүп жатат. “Түндүк” платформасы да кайра каралып, толук жаңыланууда. Бүгүн ал мурдагыдай жөн гана маалымкаттык кызмат эмес. Жакынкы убакта “Түндүк” жарандар үчүн бардык мамлекеттик кызматтарды бир платформа аркылуу сунуштаган санариптик экосистема катары иштей баштайт. Мында бюрократиясыз, кезексиз, тез жана ачык форматтагы мамлекеттик тейлөө негизги принцип болот. Бул иштердин аркасында эң негизги фактор — Президент Садыр Жапаровдун саясий эрки, ишеними жана түз колдоосу. Ал тапшырма гана эмес, ишеним да берди. Натыйжада — жоопкерчиликти алган команда иш менен сүйлөй баштады. Үч жылда жасалган иштер — бул чоң өзгөрүүнүн башаты гана. Бүгүн Президенттин Иш башкармасы — жөн гана чарбалык орган эмес, өлкөнүн келечегин курууда жетекчи ролду аткарып жаткан стратегиялык мамлекеттик түзүм.
Жаңылыктар / 12:00, 17 мая, 2025
Бүгүн, 2025-жылдын 17-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Мамлекеттик салык кызматына 65 даана кызматтык автотранспортту тапшырды. Бул демилге салык органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана алардын өзгөчө аймактардагы ишмердүүлүгүн жакшыртуу максатында ишке ашырылды. Автотранспорт каражаттарын берүү — салык кызматын жаңылоо жана реформалоо багытындагы ырааттуу иштердин бир бөлүгү болуп саналат. Мамлекет башчысынын колдоосу менен акыркы учурда бул тармакта бир катар маанилүү кадамдар жасалды: кызматкерлердин эмгек шарттары жакшыртылып, процесстер санариптештирилип, административдик жол-жоболор оптималдаштырылууда. Тапшыруу аземинде сөз сүйлөгөн Каныбек Туманбаев салык системасын чыңдоо өлкөнүн туруктуу экономикалык өнүгүүсүнүн маанилүү элементи экендигин баса белгиледи. «Президент салык кызматынын натыйжалуулугун жогорулатуу маселесине өзгөчө көңүл бурат. Бул жөн гана унааларды берүү эмес — бул салык органдарынын ачык-айкын, жеткиликтүү жана мобилдүү иштешине болгон салым», — деп белгиледи ал.
Жаңылыктар / 12:00, 13 мая, 2025
2025-жылдын 13-майында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Сузак районунда жаңы эл аралык аэропорттун курулушуна капсула салынды.