A-FRAME, АСМА-ЖОЛ, БАССЕЙН: АЛА-АРЧАДА УКМУШ ЛОКАЦИЯ ЖАРАТЫЛУУДА


Ала-Арча жаратылыш паркында уникалдуу туристтик жай түзүлүүдө — A-frame үйлөрү, асма жол, бассейн, куполдор жана заманбап мейманкана курулууда. Бүгүн Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев курулуш жүрүп жаткан жерге барып, абал менен таанышып чыкты. Ал бардык иштерди сапаттуу бүтүрүп, объектти жыл аягына чейин толук пайдаланууга берүүнү талап кылды. Объект бүтүп калганда, келген коноктор асма жол аркылуу бийиктикке чыгып, укмуштуу пейзажды көрө алышат. Табият койнундагы жайлуу үйлөрдө эс алып, чыныгы жаратылыш менен жакын болуу мүмкүнчүлүгү жаралат. Бул — өлкөбүздөгү эң кооз эс алуу жайларынын бирине айланары шексиз.


САЛКЫН-ТӨР ЖАРАТЫЛЫШ ПАРКЫНДА ЗАМАНБАП РЕКОНСТРУКЦИЯ БАШТАЛАТ


Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Нарын облусундагы белгилүү Салкын-Төр жаратылыш паркын кайра жаңылоого багытталган реконструкциялык иштер башталууда. Бүгүн Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жаратылыш паркындагы абалды жеринен көрүп чыгып, алдыда аткарыла турган иштер боюнча маалымдама алды. «Салкын-Төр — бул Нарын элинин гана эмес, бүт өлкөнүн табигый сыймыгы. Бул паркты элибиз үчүн коопсуз, таза жана заманбап шарттарда уюштурулган эс алуу жайына айлантуу — Президенттин саясий эркинин дагы бир далили», — деди Туманбаев. Анын айтымында, реконструкция иштери жаратылышка зыян келтирбестен, экотуризмди өнүктүрүүгө багытталган. «Бул жерде автоматташтырылган кирүү пункту, экологиялык стилдеги жеңил A-frame үйлөр, эс алуучу жайлар, санитардык түйүндөр жана чакан тамактануучу жайлар курулат. Табият менен адамдын ортосундагы гармония сакталып, Салкын-Төр чыныгы экотуристтик багытка айланат», — деп кошумчалады ал. Реконструкция долбоору Президенттин Иш башкармасына караштуу “Кыргызстройсервис” мамлекеттик ишканасы тарабынан ишке ашырылууда. Ал эми жол маселеси боюнча буга чейин Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев тиешелүү тапшырма берип, толук асфальттоо иштери да пландалууда. «Бул долбоор Президенттин түз көзөмөлүндө турат. Бардык иштер сапаттуу, натыйжалуу жана жаратылышка аяр мамиле менен аткарылат», — деп белгиледи Каныбек Туманбаев.


ПРЕЗИДЕНТТИН ИШ БАШКАРУУЧУСУ ЖЭЭК АЛЛЕЯСЫНЫН КУРУЛУШУ МЕНЕН ТААНЫШТЫ


Бүгүн Нарын дарыясынын жээгинде курулуп жаткан жээк аллеясынын курулушу менен Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жеринен таанышып чыкты. Ал белгилегендей, бул аллея шаар тургундары үчүн жайлуу, коопсуз жана заманбап талаптарга жооп берген эс алуу жайы болушу керек. Ошондой эле курулуш иштерин сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүтүрүү боюнча так тапшырмалар берилди. Белгилей кетсек, бул долбоорду Президенттин Иш башкармасына караштуу “Кыргызстройсервис” мамлекеттик ишканасы ишке ашырууда.


НАРЫН ШААРЫНДАГЫ АВТОБЕКЕТТИ РЕКОНСТРУКЦИЯЛОО ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ


Президент Садыр Нуркожоевич Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Нарын шаарындагы эски автобекетти толук жаңылоо жана заманбап стандарттарга ылайыкташтыруу иштери башталды. Бул коомдук жайдын реконструкциясы — аймактын транспорттук инфратүзүмүн жакшыртуу жана жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү максатында ишке ашырылууда. Бүгүн Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев автобекеттин жаңыланып жаткан имараты менен таанышып, иштердин жүрүшүн жеринен көрдү. Ал белгилегендей, бул обьект — аймактык байланыштын негизги түйүнү катары, күн сайын жүздөгөн жүргүнчүлөргө кызмат көрсөтүп келет жана ага ылайык, заман талабына жооп берген шарттарды түзүү — өзгөчө мааниге ээ. Имарат эки кабаттан турат, жалпы аянты 760 чарчы метрди түзөт:  • 1-кабат (580 м²) — кенен күтүү залы, кафетерий,эне-бала бөлмөсү жана жүк сактоочу камера (камера хранения) каралган;  • 2-кабат (180 м²) — узак жолго чыккан жүргүнчүлөр үчүн хостел, ошондой эле айдоочулар үчүн атайын эс алуу бөлмөсү жайгашат. Объект толугу менен жарандардын коопсуздугуна, тазалыгына жана шарттарын камсыздоого ылайык долбоорлонгон. Мында шаар тургундарына гана эмес, башка аймактардан келген конокторго да ыңгайлуу шарт түзүлөт. Реконструкция иштерин Президенттин Иш башкармалыгына караштуу “Кыргызстройсервис” мамлекеттик ишканасы ишке ашырууда. Объекттин сапаттуу жана өз убагында бүткөрүлүшү боюнча көзөмөл катуу жүрүп жатат. Бул долбоор — Нарын шаарынын коомдук инфратүзүмүн жаңылоого багытталган, күнүмдүк муктаждыкка жооп берген маанилүү обьекттердин бири болуп саналат.


Иш башкармалык жөнүндө

Photo
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын ишмердүүлүгүнө кызыгууңуз үчүн рахмат!

Иш башкармасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын жогорку кызмат адамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын жана Министрлер Кабинетинин ишин финансылык, материалдык-техникалык, транспорттук, социалдык жана медициналык жактан камсыз кылуучу өз алдынча мамлекеттик орган. . Азыркы учурда Иш башкармасы көп тармактуу уюм болуп саналат, анын материалдык-техникалык базасы жана жакшы даярдалган кадрлары ага белгиленген компетенциянын чегинде жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды жогорку профессионалдык деңгээлде аткарууга мүмкүндүк берет. Ишкердик башкаруунун схемасы борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүн (бөлүмдөрүн) жана 17 ведомстволук уюмдарды камтыйт, аларда ар кандай тармактардын эки миңден ашык жогорку кесипкөй адистери иштейт. Көп жылдык тажрыйба, кызматкерлердин дилгирлиги, команданын ынтымактуулугу Бизнес администрациясына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз ыйгарым укуктарын натыйжалуу ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы менен биргеликте мамлекеттик маанидеги маанилүү иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча жогорку уюштуруучулук деңгээлде иш алып барууда. Ведомствого караштуу уюмдар мамлекеттик администрациялык имараттарды, мамлекеттик резиденцияларды, клиникалык оорукананы, автотранспорттук ишкананы жана башка мекемелерди тейлешет, алар көрсөтүлүүчү кызматтардын натыйжалуулугун жана сапатын дайыма жогорулатууга багытталган. Жыйынтыктап айтканда, Кыргызстан экономикалык жактан күчтүү, демократиялык мамлекетти куруу жолуна түшкөнүн белгилегим келет. Жарандардын бакубаттуулугун чыңдоого, коррупцияга каршы күрөшүүгө, ачык коомду курууга багытталган реформалар жүргүзүлүүдө. Бул Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын ишмердүүлүгүнө кошумча талаптарды белгилейт жана биздин алдыбызга жаңы максаттарды жана милдеттерди коюп жатат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы

Жаңылыктар

Жаңылыктар / 12:00, 26 июля, 2025

A-FRAME, АСМА-ЖОЛ, БАССЕЙН: АЛА-АРЧАДА УКМУШ ЛОКАЦИЯ ЖАРАТЫЛУУДА

Ала-Арча жаратылыш паркында уникалдуу туристтик жай түзүлүүдө — A-frame үйлөрү, асма жол, бассейн, куполдор жана заманбап мейманкана курулууда. Бүгүн Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев курулуш жүрүп жаткан жерге барып, абал менен таанышып чыкты. Ал бардык иштерди сапаттуу бүтүрүп, объектти жыл аягына чейин толук пайдаланууга берүүнү талап кылды. Объект бүтүп калганда, келген коноктор асма жол аркылуу бийиктикке чыгып, укмуштуу пейзажды көрө алышат. Табият койнундагы жайлуу үйлөрдө эс алып, чыныгы жаратылыш менен жакын болуу мүмкүнчүлүгү жаралат. Бул — өлкөбүздөгү эң кооз эс алуу жайларынын бирине айланары шексиз.

Жаңылыктар / 12:00, 25 июля, 2025

САЛКЫН-ТӨР ЖАРАТЫЛЫШ ПАРКЫНДА ЗАМАНБАП РЕКОНСТРУКЦИЯ БАШТАЛАТ

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Нарын облусундагы белгилүү Салкын-Төр жаратылыш паркын кайра жаңылоого багытталган реконструкциялык иштер башталууда. Бүгүн Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жаратылыш паркындагы абалды жеринен көрүп чыгып, алдыда аткарыла турган иштер боюнча маалымдама алды. «Салкын-Төр — бул Нарын элинин гана эмес, бүт өлкөнүн табигый сыймыгы. Бул паркты элибиз үчүн коопсуз, таза жана заманбап шарттарда уюштурулган эс алуу жайына айлантуу — Президенттин саясий эркинин дагы бир далили», — деди Туманбаев. Анын айтымында, реконструкция иштери жаратылышка зыян келтирбестен, экотуризмди өнүктүрүүгө багытталган. «Бул жерде автоматташтырылган кирүү пункту, экологиялык стилдеги жеңил A-frame үйлөр, эс алуучу жайлар, санитардык түйүндөр жана чакан тамактануучу жайлар курулат. Табият менен адамдын ортосундагы гармония сакталып, Салкын-Төр чыныгы экотуристтик багытка айланат», — деп кошумчалады ал. Реконструкция долбоору Президенттин Иш башкармасына караштуу “Кыргызстройсервис” мамлекеттик ишканасы тарабынан ишке ашырылууда. Ал эми жол маселеси боюнча буга чейин Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев тиешелүү тапшырма берип, толук асфальттоо иштери да пландалууда. «Бул долбоор Президенттин түз көзөмөлүндө турат. Бардык иштер сапаттуу, натыйжалуу жана жаратылышка аяр мамиле менен аткарылат», — деп белгиледи Каныбек Туманбаев.

Жаңылыктар / 12:00, 25 июля, 2025

ПРЕЗИДЕНТТИН ИШ БАШКАРУУЧУСУ ЖЭЭК АЛЛЕЯСЫНЫН КУРУЛУШУ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Бүгүн Нарын дарыясынын жээгинде курулуп жаткан жээк аллеясынын курулушу менен Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жеринен таанышып чыкты. Ал белгилегендей, бул аллея шаар тургундары үчүн жайлуу, коопсуз жана заманбап талаптарга жооп берген эс алуу жайы болушу керек. Ошондой эле курулуш иштерин сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүтүрүү боюнча так тапшырмалар берилди. Белгилей кетсек, бул долбоорду Президенттин Иш башкармасына караштуу “Кыргызстройсервис” мамлекеттик ишканасы ишке ашырууда.

Жаңылыктар / 12:00, 25 июля, 2025

НАРЫН ШААРЫНДАГЫ АВТОБЕКЕТТИ РЕКОНСТРУКЦИЯЛОО ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ

Президент Садыр Нуркожоевич Жапаровдун тапшырмасынын негизинде Нарын шаарындагы эски автобекетти толук жаңылоо жана заманбап стандарттарга ылайыкташтыруу иштери башталды. Бул коомдук жайдын реконструкциясы — аймактын транспорттук инфратүзүмүн жакшыртуу жана жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү максатында ишке ашырылууда. Бүгүн Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев автобекеттин жаңыланып жаткан имараты менен таанышып, иштердин жүрүшүн жеринен көрдү. Ал белгилегендей, бул обьект — аймактык байланыштын негизги түйүнү катары, күн сайын жүздөгөн жүргүнчүлөргө кызмат көрсөтүп келет жана ага ылайык, заман талабына жооп берген шарттарды түзүү — өзгөчө мааниге ээ. Имарат эки кабаттан турат, жалпы аянты 760 чарчы метрди түзөт:  • 1-кабат (580 м²) — кенен күтүү залы, кафетерий,эне-бала бөлмөсү жана жүк сактоочу камера (камера хранения) каралган;  • 2-кабат (180 м²) — узак жолго чыккан жүргүнчүлөр үчүн хостел, ошондой эле айдоочулар үчүн атайын эс алуу бөлмөсү жайгашат. Объект толугу менен жарандардын коопсуздугуна, тазалыгына жана шарттарын камсыздоого ылайык долбоорлонгон. Мында шаар тургундарына гана эмес, башка аймактардан келген конокторго да ыңгайлуу шарт түзүлөт. Реконструкция иштерин Президенттин Иш башкармалыгына караштуу “Кыргызстройсервис” мамлекеттик ишканасы ишке ашырууда. Объекттин сапаттуу жана өз убагында бүткөрүлүшү боюнча көзөмөл катуу жүрүп жатат. Бул долбоор — Нарын шаарынын коомдук инфратүзүмүн жаңылоого багытталган, күнүмдүк муктаждыкка жооп берген маанилүү обьекттердин бири болуп саналат.

Ведомстволук уюмдар

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН №1 МАМЛЕКЕТТИК РЕЗИДЕНЦИЯСЫ МАМЛЕКЕТТИК МЕКЕМЕСИ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН № 2 МАМЛЕКЕТТИК РЕЗИДЕНЦИЯСЫ МАМЛЕКЕТТИК МЕКЕМЕСИ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИНИН ТҮШТҮК РЕЗИДЕНЦИЯСЫ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИНИН ДЖАЛАЛ-АБАД РЕЗИДЕНЦИЯСЫ

Пайдалуу шилтемелер


Photo
Photo
Photo
Photo