
Иш башкармасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын жогорку кызмат адамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын жана Министрлер Кабинетинин ишин финансылык, материалдык-техникалык, транспорттук, социалдык жана медициналык жактан камсыз кылуучу өз алдынча мамлекеттик орган. . Азыркы учурда Иш башкармасы көп тармактуу уюм болуп саналат, анын материалдык-техникалык базасы жана жакшы даярдалган кадрлары ага белгиленген компетенциянын чегинде жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды жогорку профессионалдык деңгээлде аткарууга мүмкүндүк берет. Ишкердик башкаруунун схемасы борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүн (бөлүмдөрүн) жана 17 ведомстволук уюмдарды камтыйт, аларда ар кандай тармактардын эки миңден ашык жогорку кесипкөй адистери иштейт. Көп жылдык тажрыйба, кызматкерлердин дилгирлиги, команданын ынтымактуулугу Бизнес администрациясына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз ыйгарым укуктарын натыйжалуу ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы менен биргеликте мамлекеттик маанидеги маанилүү иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча жогорку уюштуруучулук деңгээлде иш алып барууда. Ведомствого караштуу уюмдар мамлекеттик администрациялык имараттарды, мамлекеттик резиденцияларды, клиникалык оорукананы, автотранспорттук ишкананы жана башка мекемелерди тейлешет, алар көрсөтүлүүчү кызматтардын натыйжалуулугун жана сапатын дайыма жогорулатууга багытталган. Жыйынтыктап айтканда, Кыргызстан экономикалык жактан күчтүү, демократиялык мамлекетти куруу жолуна түшкөнүн белгилегим келет. Жарандардын бакубаттуулугун чыңдоого, коррупцияга каршы күрөшүүгө, ачык коомду курууга багытталган реформалар жүргүзүлүүдө. Бул Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын ишмердүүлүгүнө кошумча талаптарды белгилейт жана биздин алдыбызга жаңы максаттарды жана милдеттерди коюп жатат.
Жаңылыктар / 12:00, 15 августа, 2025
Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев бүгүн “Учкун” ачык акционердик коомунун жамааты менен жолугуп, өндүрүш процессин жеринде көрүп чыкты. Учурда ишканада мамлекеттик маанидеги продукциялар паспорттор, банктык документтер, окуу куралдары ж.б. продукциялар чыгарылууда. Жакынкы күндөрү бул тизмеге дагы эки багыт кошулат: айдоочулук күбөлүктөр жана унаа мамлекеттик номурлары да дал ушул жерде өндүрүлөт. 2025-жылдын январь–июнунда “Учкун” 1 млрд 807,2 млн сом киреше тапты – бул пландан 214,2 млн сомго көп. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүш 3,5 эседен ашып, 1 млрд 314,5 млн сомго жетти. Жалпысынан, ишкана Президенттин Иш башкармасына өткөндөн бери кирешесин 31 эсеге көбөйттү – 56,5 млн сомдон 1 млрд 807,2 млн сомго чейин. Бул мамлекеттик менежменттин натыйжалуулугунун жана өндүрүштүн үзгүлтүксүз жаңыртылышынын айкын далили.
Жаңылыктар / 12:00, 11 августа, 2025
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев иш сапары менен Нарын облусуна келип, бир катар курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Сапардын алкагында Нарын районуна атайын техникалар тапшырылып, шаардагы социалдык жана инфраструктуралык объектилердин курулушу боюнча маалымат берилди. Учурда облус боюнча 15 миллиард сом бөлүнүп 127 ири долбоор ишке ашып жатат. Ошондой эле, быйыл 266 чакырым жолго асфальт төшөлүп, анын 200 чакырымы толугу менен бүткөрүлөрү белгиленди. Иш сапарга Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев да катышып, курулуштардын жүрүшү менен жеринен тааныштырды. Ал белгилегендей, бул долбоорлор – Президенттин тапшырмаларынын алкагында ишке ашырылып жаткан ири иштердин бир бөлүгү. Сапар учурунда Камчыбек Ташиев Салкын-Төр мамлекеттик жаратылыш паркын Президенттин Иш башкармасынын балансына өткөрүп, толук реконструкциялоо боюнча тапшырма берди. Парк жаңылангандан кийин эс алуучулар үчүн заманбап шарттар түзүлүп, аймактын туризмдик мүмкүнчүлүгү жогорулайт.
Жаңылыктар / 12:00, 08 августа, 2025
Ысык-Көлдүн Каракол шаарында “Хан-Тенири” жаңы турак жай комплекси өз эшигин ачты. Учурда Президент Садыр Нургожоевичтин жетекчилиги астында өлкө боюнча миңдеген объектилер курулуп жатат. Бул долбоор да - “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасынын алкагында ишке ашкан, Ысык-Көл облусундагы алгачкы мамлекеттик ипотекалык турак жай. Эми жүздөгөн үй-бүлөлөр жаңы батирлердин ачкычын алып, өз үйүнө ээ болуу бактысын сезет. Бул батирлер “Мамлекеттик ипотекалык компаниянын” кезегинде турган жарандарга жана батирдин баасынын 50% алдын ала төлөгөндөргө берилет. “Хан-Тенири” комплекси: • Жалпы 3 105 батир; • 69 блоктон турган 9 кабаттуу үйлөр; • Курулуш толугу менен 2027-жылдын аягына чейин аяктайт. Биринчи этапта — 420 батир: • 1 бөлмөлүү — 168, • 2 бөлмөлүү — 168, • 3 бөлмөлүү — 84; • 10 блок, ар бири 9 кабаттан; • Жалпы аянты — 24 974 м². • 1 450 унаа токтотуучу жай; • Заманбап мектеп; • Эки бала бакча; • Мечит жана башка социалдык объектилер. Бул программа Каракол менен эле чектелбейт курулуш иштери азыр Чолпон-Атада кызуу жүрүп, Балыкчыда да башталды.
Жаңылыктар / 12:00, 05 августа, 2025
2025-жылдын январь–июнь айларында «ЭлКат» жоопкерчилиги чектелген коому 935,7 млн сом киреше тапты. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 229 млн сомго көп болуп, өсүш 32%ды түздү. Ошол эле учурда таза пайда 97,7 млн сомго көбөйүп, 65%га өстү. Компания мамлекеттик башкарууга өткөрүлгөндөн кийин операциялык натыйжалуулук жогорулап, каржылык абал бир кыйла жакшырды. Компаниянын буга чейин 138 млн сом карызы болгон, аталган карызды кыска мөөнөт ичинде 100% төлөнүп берилди. «Бул компанияда да кыска убакыттын ичинде жакшы натыйжа болду. Президент Садыр Жапаров койгон тапшырмалардын негизинде киреше да, таза пайда да өсүп жатат. Мунун баары мамлекеттик активдерди эффективдүү башкаруунун үлгүсү», – деди Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев.