Новости

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусунун кайрылуусу.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын ишине кызыгуу жаратканыңыздар үчүн Сиздерге ыраазычылык билдирем!

Иш башкармалык – Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын жогорку кызмат адамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Министрлер Кабинетинин ишин финансылык, материалдык-техникалык, транспорттук, социалдык-тиричиликтик жана медициналык жактан камсыз кылуучу өз алдынча мамлекеттик орган.

Бүгүнкү күндө Иш башкармалык материалдык техникалык базасы жана мыкты даярдалган персоналы, белгиленген компетенциясынын алкагында ага жүктөлгөн милдеттер менен функцияларды жогорку кесиптик деңгээлде аткарууга мүмкүндүк берген көп тармактуу уюм болуп саналат.

Иш башкармасынын схемасына ар түрдүү тармактардагы, кесипкөй адистер эмгектенген, борбордук аппараттын жана ведомстволук уюмдардын түзүмдүк бөлүмдөрү кирет. Көп жылдык иш тажрыйбасы, кызматкерлердин шыктануусу, жамааттын биримдүүлүгү Иш башкармасына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктарын натыйжалуу ишке ашырууга мүмкүндүк берет.

Иш башкармлык Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы менен биргеликте мамлекеттик маанидеги иш-чараларды даярдоо жана жогорку уюштуруу деңгээлинде өткөрүлүүсүн камсыздоо боюнча иштерди жүргүзөт.

Ведомстволук уюмдардын карамагында мамлекеттик административдик имараттар, мамлекеттик резиденциялар, клиникалык оорукана, автотранспорттук ишкана жана иштин натыйжалуулугу менен кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын дайыма жогорулатып турууга багытталган башка мекемелер бар.

Сөзүмдүн соңунда Кыргызстан экономикалык жактан күчтүү, демократиялык мамлекетти куруу жолунда экенин белгилей кетким келет. Жарандардын бакубаттыгын бекемдөөгө, коррупцияга каршы күрөшүүгө, ачык коомду түзүүгө багытталган реформалар жүргүзүлүүдө.

Бул Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын ишине кошумча талаптарды белгилейт, алдыбызга жаңы максаттарды жана милдеттерди коёт.

Кыргыз Республикасынын Президентинин

иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев