“Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын клиникалык ооруканасы” мамлекеттик мекемеси

 

Индекс 720001 Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Киев көч. 110
Факс: 0(312) 621-660

http://www.kbudp.kg/

 

 

Директор -– башкы врач

БАИТОВА Гульмира Мусаевна

 

“Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын клиникалык ооруканасы” мамлекеттик мекемеси (КРПӨИБ КО) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен бекитилген кызмат орундардын жана адамдардын тизмесине ылайык бекитилген контингентке медикалык-санитардык жардамды ишке ашыруучу мамлекеттик мекеме болуп саналат. КРПӨИБ КО Кыргыз Республикасында таанылган Чет өлкөлүк элчиликтердин жана Эл аралык уюмдардын кызматкерлерине медикалык-санитардык жардамды көрсөтөт. Андан тышкары КРПӨИБ КО акы төлөнүүчү амбулатордук жана стационардык кызмат көрсөтүүлөрдү жүргүзөт.

 

Клиникалык оорукана тууралуу маалымат

КЛИНИКА

Клиникалык оорукана өзүнүн курамында: стационарды, бейтапкананы жана акы төлөнүүчү медициналык кызмат көрсөтүүлөр бөлүмүн камтыйт.

  • Стационар бөлүмү
  • Жалпы хирургия бөлүмү
  • Терапия бөлүмү
  • Кардиология бөлүмү
  • Анестезиология, реанимация жана ургенттик терапия бөлүмү
  • Неврология бөлүмү
  • Кабыл алуу бөлүмү
  • Балдар бөлүмү
  • Жалпы профиль бөлүмү (чарбалык эсеп)

Стационарда күнү-түнү дарылоо-диагностикалык жардам көрсөтүлөт.

Оорулууларга ургенттик жардам көрсөтүүнү жакшыртуу максатында реанимациялык бөлүм 6дан 16 койка орунга кеңейтилген, анда кардиологиялык, цереброваскулярдык, бронхо өпкөлүк оорулар менен ооруган бейтаптарга көп профилдүү тез жардам көрсөтүлөт.  

Клиникалык оорукананын бейтапканасында төмөнкүлөр бар:

  • Үй-бүлөлүк врачтардын тобу 9 участогу менен
  • Тар чөйрөдөгү адистер
  • Күндүзгү стационар
  • Балдар бейтапканасы
  • Медициналык тез жардам пункту
  • Стоматология.

28 адистик боюнча кабыл алуулар жүрөт, зарыл учурларда бейтаптарга үйүнөн консультативдик жардам көрсөтүлөт.

ДИАГНОСТИКА

КРПӨИБ КОдо 3 лаборатория бар, аларда клиникалык, биохимиялык, бактериологиялык жана иммунологиялык изилдөөлөр жүргүзүлөт.

Функционалдык текшерүү жүргүзүү бөлүмүндө: рентгеноскопия жана рентгенография, эхокардиография, ЭКГ, функционалдык пробалар менен ЭКГ, суткалык АД жана ЭКГ, мониторинг, реография, электроэнцефанография, ички органдарды ультра үн менен текшерүү, транскраниалдык дуплекстик текшерүү жана тамырларды ультра үн менен текшерүү, гастроскопия, колоноскопия жана башкалар жүргүзүлүп келет. Андан тышкары “Фиброскан” аппараты бар, аны менен боордун ийилчектигин жана боордун фиброзунун деңгээлин баа берилет. 

ТАРЫХ БАРАКТАРЫ

  • 1937-жылы биринчи бейтапкана милициялардын бейтапканасында жайгашкан.
  • 1937-жылдын июлунан тартып Дзержинский көч. 45 дарегиндеги Партиянын шаардык комитетинин имаратына көчүрүлгөн жана 1937-жылдын декабрь айына чейин жабдууланган жана медициналык кадрлар менен комплекттенген: терапевт, хирург, педиатр, акушер, фельдшер, врач-лаборант.
  • 1946-жылы июнь айында Саламаттык сактоо министрлигинин № 1 адистештирилген бейтапканасы уюштурулган, ал Дзержинский менен Баетов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Башкы врачы болуп Н.И. Пелишенко дайындалган.  
  • 1946-жылдын декабрь айында катталуу жайы ачылган. Ушул эле жылы КП БКнын, Министрлер Советинин, Жогорку Советинин жана ведомстволук уюмдардын кызматкерлерин диспансерлөө боюнча комиссия уюштурулган.
  • 1949-жылдын аягында кызматкерлердин саны 29 адамдан 33гө чейин жогорулайт. Бейтаптар менен бир беткей кесиптеги адистер иштей башташат.
  • 1952-1954-жылдары А.А. Ильин башкы врач болгон.
  • 1954-1956-жылдары К.К. Жданов башкы врач болгон.
  • 1956-1960-жылдары Т.Д. Похилько башкы врач болуп иштеген.
  • 1960-жылы Саламаттык сактоо министрлигинин адистештирилген бейтапканасы МККнын адистештирилген бейтапканасы менен бириккен, анда 25 койка орундуу бейтапкана жана стационар болгон.
  • Кайра уюштуруулардын жыйынтыгында 1964-жылы башкы врач Эчкенко Николай Самойлович башында турган Саламаттык сактоо министрлигинин адистештирилген ооруканасы катары иштей баштайт (1960-1964-жж.). Оорукана Логвиненко менен Кызыл армия (азыр Сыдыков көч.) көчөлөрүнүн кесилишинде эки кабаттуу имаратта жайгашкан.
  • 1965-жылы оорукананын башкы врачы болуп Раимбекова Анна Абдрахманова дайындалат, ал 1972-жылга чейин эмгектенет. Анын келиши менен хирургия, жалпы терапия, гастроэнтерология эндокринология менен, кардиология жана кийинчерээк балдар бөлүмдөрү уюшулган. Анын атын диспансердик же башкача айтканда нөлдүк бөлүмдү, бейтапкананы жана стационардык люкстарды уюштуруучу жана алгачкы ачуучу менен байланыштырат.
  • 1970-жылдан тартып 1985-жылга чейин башкы врач болуп Акимбаев Токтор Акимбаевич дайындалган. Анын келиши менен Киев-Панфилов көчөлөрүндө жайгашкан корпус курулуп бүткөн.
  • 1985-1986-жж. бир убакта эле 4-чү башкы башкармалыктын начальниги жана башкы врач болуп Кадырбеков Кушпак Кадырбекович иштеген.
  • 1986-жылдан тартып 2005-жылдарга чейин башкы врач болуп Джайлобаев Асан Джайлобаевич иштеген. Анын демилгеси боюнча 1992-жылы Республикада биринчи жолу Дарылоо-ден соолукту чыңдоо бирикмесинин базасында акы төлөнүүчү медициналык кызмат көрсөтүүлөр бөлүмү ачылды. Көп жылдык жана ак ниет эмгеги үчүн Джайлобаев Асан Джайлобаевич көптөгөн Өкмөттүк сыйлыктар менен сыйланган, анын ичинде: “Ак ниет эмгеги үчүн” юбилейлик медалы, “Эмгектин ардагери” медалы, “Даңк” медалы.
  • 2005-2016-жж. КРПӨИБнын КОнун директору, УИАнын мүчө-корреспонденти, медицина илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы жана ойлоп табуучусу Сагымбаев Марат Акимович эмгектенген. Марат Акимовичтин жетекчилиги алдында КОнун материалдык-техникалык базасын бекемдөө жана кеңейтүү боюнча өтө чоң иштер аткарылган. Түзүмдүк бөлүнүштөр кайра уюштурулган.    
  • 2016-жылдан баштап КРПӨИБ КОнун директору, медицина илимдеринин доктору, жогорку категориядагы врач, КРнын эмгек сиңирген врачы, АВВМ башкаруу мүчөсү, Кардиологдордун европалык коомунун мүчөсү, Acute Cardiovascular Care Association эксперти, КММИППКнын дипломго чейинки билим берүү кафедрасынын профессору жана КММА жана КОСУнун терапевтикалык дисциплина кафедрасынын доценти Баитова Гульмира Мусаевна. Анын артында академик М. Мирахимов атындагы улуттук кардиология борборунун ургенттик кардиология бөлүмүндө 20 жылдык илимий-практикалык эмгек турат. 92 басма иштин автору, анын ичинде 79 илимий жана 7 окуу-методикалык мүнөздөгү басылмалар, 5 рационалдуу сунуштун жана 1 ойлоп табуунун авторлорунун бири.

“Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын клиникалык ооруканасы” мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо