Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын алдындагы “Ысык-Көл” мейманкана-соода комплекси” мамлекеттик ишканасы
![]() |
Кыргыз Республикасы, 720016, Бишкек ш., Тынчтык проспекти 301 тел.: 0(312) 554340 |
|
№ | Аты-жөнү | Кызмат орду | Телефон номерлери |
1 | ДУЙШЕБАЕВ Эшмамбет Кененсариевич | Башкы инженер | 554340 |
2 | СОЛОМАТИНА Вера Дмитриевна | Башкы бухгалтер | 554396 |
Азыркы учурда ишкананын ишмердиги токтоп турууда.
Ишкананын ишмердигинин предмети:
- чет мамлекеттердин делегацияларын, Кыргыз Республикасынын жарандарын, чет өлкөлүк бизнесмендерди, туристтерди кабыл алуу жана тейлөө, аларга эл арылык деңгээлде мейманканалык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү;
- жарандардын, чет өлкөлүк бизнесмендердин, туристтердин жайгаштыруу, тейлөө жана мейманканалык кызмат көрсөтүүлөр боюнча талаптарды эң жогорку деңгээлде, толук өлчөмдө канааттандыруу;
- мейманканалык кызмат көрсөтүүлөр (сауна, номер, тиричилик);
- конференц-зал кызмат көрсөтүүлөрү;
- соода-сатык кызмат көрсөтүүлөрү (бар, дүкөн, киоск);
- тамактануу кызмат көрсөтүүлөрү (ресторан, ашкана, буфет);
- медициналык кызмат көрсөтүүлөр (медпункт, дарыкана);
- жалпы ден соолукту чыңдоо кызмат көрсөтүүлөрү (фитнес, аэробика ж.б.);
- авиа жана унаа менен ташуу кызмат көрсөтүүлөрү (автобус, авиакасса);
- автомашиналарды акы төлөп токтотуу жеринин кызмат көрсөтүүлөрү;
- оргтехника, интернет жана эл аралык, шаар аралык телефон байланышуу кызмат көрсөтүүлөрү;
- мейманканалык чарба, туризм тармагындагы эл аралык байланыштарды өнүктүрүү, ошондой эле чет өлкөлүк өнөктөштөр менен иштиктүү байланышты жакшыртуу;
- валюта сатып алуу жана сатуу, валюта алмаштыруу менен байланышкан операцияларды жүргүзүү (акча алмаштыруу бюролорду жана пункттарды ачуу);
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка да иштин түрү.