Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын алдындагы “Президенттин “Манас” камералык оркестри” мамлекеттик мекемеси

                      

Индекс

Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш.,  Киев көч. 96Б
Тел.: 0(312) 900-397; 665-921
 Факс: 0(312) 900-397
e-mail: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.
Facebook: "Manas" Presidential Chamber Orchestra

сайт www.pkomanas.gov.kg

Жетекчилик

 

Директор

ОСМОНАЛИЕВА Айнура Калыбаевна

 

Директордун орун басары

(көркөм жетекчи, башкы дирижер) 

АСАНАЛИЕВ Эрнис Умбарович

 

Башкы бухгалтер

БЕКТУРОВА Асель Шеримбековна

 

 

 Президенттин “Манас” камералык оркестри – Кыргыз Республикасынын оркестри болуп саналат. “Манас” камералык оркестри 1999-жылы түзүлүп, 2001-жылдын 4-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин буйругу менен “Манас” оркестрине “Президенттин” деген макамы берилген.

Оркестрдин негиздөөчүсү – көркөм жетекчи жана дирижер – кыякчы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, эл аралык сынактын лауреаты, Кыргыз улуттук консерваториянын доценти Эрнис Асаналиев. 

Бүгүн, оркестрдин артисттеринин катарында КР эмгек сиңирген артисттери, республикалык жана эл аралык сынактардын лауреаттары, ошондой эле К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын студенттери жана бүтүрүүчүлөрү, алар үчүн оркестр кесиптик өнүгүүгө база болуп бере алат.

Оркестрдин миссиясы протоколдук иш-чараларды тейлөө, ошондой эле классикалык музыканы жана камералык аткаруучулукту Кыргызстанда өнүктүрүү болуп саналат.

Оркестр композиторлор жана аткаруучулар менен кызматташат, алар: СССРдин эл артисти Самара Токтахунова, КР эл артисти Муратбек Бегалиев, КР эмгек сиңирген артисти Нурланбек Нышанова, Дмитрий Горновский (Германия), Казахстан республикасынын эмгек сиңирген ишмери Амир Тебенихин (Казахстан), Виктор Ослунд (Швеция), Ашу (США), Гернот Винишхофер (Австрия), Газиза Жубанова атындагы Казахстан Республикасынын Мамлекеттик кыл-кыяк квартети, Талгат Каримов (Казахстан), КР эл артисти Эльвира Асанкулова,  КР эмгек сиңирген артисти, КР эл артисти Чырмаш Торобеков,  КР эмгек сиңирген артисти Садырбек Жумашев, эл аралык сынактардын лауреаты Руслан Жумабаев, КР эл артисти Талгар Жакшылыков, Телек Найманбаев, Багдат Абильханов (Казахстан), Николай Саченко (Россия), Валентин Урюпин (Россия), Вольфганг Курц (Германия) ж.б.

Оркестрдин репертуарында ар кандай доордун бароккодон тартып азыркы күндүн композиторлорунун чыгармаларына чейин бар. Президенттин “Манас” камералык оркестри ар бир сезондо өзүлөрүнүн угуучулары үчүн ар түрдүү программаларды тартуулап келет.


«Манас» Президенттик камералык оркестринин акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрүнүн прейскуранты

Кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышы

Өлчөө бирдиги

Бир иш-чаранын баасы 

Маданий массалык иш-чаралар

сом

57874

Корпоративдик тейлөө

сом

18968

Протоколдук иш-чараларды тейлөө форматтан тышкары

сом

34466

     

 

Негизги милдеттери жана функциялары

Оркестр протоколдук иш-чараларды тейлейт, ошондой эле кеңири аудитория үчүн концерттерди өткөрөт, Кыргызстанда классикалык музыканы жана камералык аткаруучулукту таанытып келет.

Оркестр төмөнкүлөрдү жүргүзөт:

  • кыргыз музыкалык искусствону, анын көп түрдүү формаларын жана жанрларын таанытууну жана өнүктүрүүнү;
  • кыргыздын жаштарын дүйнөлүк классикалык искусствого жана кыргыз композиторлорунун чыгармачылыгына тартууну;
  • заманбап музыкалык искусство каражаттары менен элдерди маданий, эстетикалык жактан тарбиялоого көмөктөшүүнү.

Төмөнкүлөрдү уюштурат:

  • классикалык музыка концерттерин;
  • музыкалык чыгармачыл кечтерди, композиторлор жана көрүнүктүү аткаруучулар менен жолугушууларды;
  • классикалык музыка аткаруучулукту пропагандалоо максатында массалык иш-чараларды жана театралдаштырылган акцияларды;
  • классикалык музыка фестивалдарын, сынактарын;
  • оркестрдин чыгармачылыгы жана классикалык музыка боюнча жазууларды, тартууларды, магниттик,  кино-видео, аудио, лазердик жана башка маалымат алып жүрүүчүлөргө белгиленген тартипте жаздырууну, аларды көбөйтүүнү жана сатууну уюштурат;
  • “Оркестрдин” ишмердүүлүгү боюнча жарнамалык продукцияларды, буклеттерди, проспекттерди, альбомдорду, афишаларды басмадан чыгарат;
  • Мамлекеттик жана коомдук уюмдар менен бирдикте эл аралык фестивалдарга катышат;
  • Оркестрдин максаттары жана милдеттерине ылайык чет өлкөлүк уюмдар, мекемелер менен бирдикте коммерциялык ишмердикти уюштурат;
  • башка музыканттар, көркөмдүк, театралдык жамааттар менен кызматташтыкты уюштурат, алардын ичинде чет өлкөлүк дагы.

Президенттин “Манас” камералык оркестрин уюштуруу жөнүндө жобо