Кыргыз Республикасынын
Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын алдындагы
“Кыргыз Республикасынын Президентинин № 1 мамлекеттик резиденциясы”
мамлекеттик мекемеси

 

Чоң-Арык айылы, 720016
Телефон:  0312 550131 ;  0312 550290
Факс: 0312 550386 ;  0312 507435

сайт https://residence.kg/
e-mail: Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.
Иш убактысы: 08:00 – 17:00 дүйшөмбү – жума

Директор
СМАТОВ Эмилбек Абдыбекович

 

Директордун орун басары
Каракеев Алмаз Казыбекович

Директордун орун басары
Джумагулова Мээркан Аскаровна

Мамрезиденциянын негизги милдеттери:

  • Кыргыз Республикасынын Президентин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүн материалдык-техникалык, социалдык-тиричилик жактан тейлөө;
  • Мамлекеттик жогорку деңгээлде өтүүчү визиттерди камсыздоо жана тейлөө, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын мамлекеттик протоколун камсыздоо, ошондой эле Мекемеде расмий жолугушууларды, кабыл алууларды, чогулуштарды жана ар түрдүү иш-чараларды өткөрүү убагында башка Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарын тейлөө.

Мекеме төмөнкүдөй функцияларды аткарат:

  • жеке жана юридикалык жактарга, анын ичинде чет элдик жактарга маданий-массалык иш-чараларды, ошондой эле ар түрдүү өкүлчүлүктүү иш-чараларды өткөрүү;
  • коомдук тамактанууну уюштуруу жана мал чарба продуктыларын өстүрүү жана өсүмдүк өстүрүүнү жүргүзүү;
  • мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекеттик товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу;
  • курулуш-монтаждык, жасалгалоо жана башка подряддык жумуштарды өзүнүн күчү менен гана эмес, башка подрядчыларды тартуу менен уюштуруу жана жүргүзүү;
  • Мекеме Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка да ишмердикти жүргүзөт. 

Расмий жолугушууларды, кабыл алууларды, чогулуштарды жана финансылык чыгымдарды талап кылуучу башка иш-чараларды даярдоо жана уюштуруу алдын ала Уюмдаштыруучунун уруксаты менен гана жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын чакыруусу боюнча Мекемеге келген делегацияларды жана конокторду кабыл алуу жана тейлөө боюнча  чыгымдарды төлөө, көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын бюджетинде каралган каражаттардын эсебинен же макулдашуу боюнча  башка булактардан гана жүргүзүлөт.