Кыргыз Республикасынын
Президентинин Иш башкармасынын алдындагы
“Кыргыз Республикасынын Президентинин № 1 мамлекеттик резиденциясы”
мамлекеттик мекемеси
![]() |
Чоң-Арык айылы, 720016 сайт residence.kg |
![]() |
БИЛИМБЕК уулу Адилет Директор |
Байланыш маалыматтары:
№ |
Аты-жөнү |
Кызмат орду |
Телефон номерлери |
1 |
БИЛИМБЕК уулу Адилет |
Директор |
(0312) 550131 |
2 |
КАСЫМОВ Байэль Бейшенбекович |
Директордун орун басары |
(0312) 507435 |
3 |
ДЖУНУШОВ Даир Досумбекович |
Директордун орун басары |
(0312) 550260 |
4 |
АШИРАЛИЕВА Асель Абдыевна |
Башкы бухгалтер |
(0312) 550257 |
Мамрезиденциянын негизги милдеттери:
- Кыргыз Республикасынын Президентин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүн материалдык-техникалык, социалдык-тиричилик жактан тейлөө;
- Мамлекеттик жогорку деңгээлде өтүүчү визиттерди камсыздоо жана тейлөө, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын мамлекеттик протоколун камсыздоо, ошондой эле Мекемеде расмий жолугушууларды, кабыл алууларды, чогулуштарды жана ар түрдүү иш-чараларды өткөрүү убагында башка Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарын тейлөө.
Мекеме төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- жеке жана юридикалык жактарга, анын ичинде чет элдик жактарга маданий-массалык иш-чараларды, ошондой эле ар түрдүү өкүлчүлүктүү иш-чараларды өткөрүү;
- коомдук тамактанууну уюштуруу жана мал чарба продуктыларын өстүрүү жана өсүмдүк өстүрүүнү жүргүзүү;
- мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекеттик товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу;
- курулуш-монтаждык, жасалгалоо жана башка подряддык жумуштарды өзүнүн күчү менен гана эмес, башка подрядчыларды тартуу менен уюштуруу жана жүргүзүү;
- Мекеме Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка да ишмердикти жүргүзөт.
Расмий жолугушууларды, кабыл алууларды, чогулуштарды жана финансылык чыгымдарды талап кылуучу башка иш-чараларды даярдоо жана уюштуруу алдын ала Уюмдаштыруучунун уруксаты менен гана жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын чакыруусу боюнча Мекемеге келген делегацияларды жана конокторду кабыл алуу жана тейлөө боюнча чыгымдарды төлөө, көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын бюджетинде каралган каражаттардын эсебинен же макулдашуу боюнча башка булактардан гана жүргүзүлөт.