Бөлүм башчысы АТКАНОВ Нургазы Анаркулович
телефон. 961464 факс. 660354
|
Бөлүмдүн негизги милдеттери жана функциялары
Бөлүмдүн негизги милдеттери:
- Иш башкармасын жана ведомстволук уюмдардын жетекчилик курамын квалификациялуу кадрлар менен камсыз кылуу;
- уюмдун максаттарына жана милдеттерине, күндөлүк пландарга жана адам ресурстарын башкаруунун заманбап концепцияларына ылайык Иш башкармасынын бирдиктүү кадр саясатын жүзөгө ашыруу;
- эмгек мыйзамдарынын жана мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдардын ченемдерин сактоону камсыз кылуу;
- сектордун карамагына таандык болгон ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгуу;
- өздүк курамды эсепке алуу жана аны системалуу талдоо, кадрдык резервди түзүү;
- ишти баалоо системасын түзүү жана өнүктүрүү, кызматкерлердин профессионалдык компетенциясын баалоо;
- окутууга муктаждыкты аныктоо, кызматкерлерди окутуу жана өнүктүртүү, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу процессин уюштуруу жана камсыз кылуу;
- карьералык пландоо жана кадрдык курамды өнүктүрүү боюнча ишти жүзөгө ашыруу;
- кадрларды башкаруу маселелери боюнча чечимдерди кабыл алуу үчүн маалыматтык-аналитикалык базаны түзүү жана колдоо;
- Иш башкармасынын кызматкерлеринин эмгек тартибин сактоосун камсыз кылуу;
- кадрдык иштер маселелери боюнча ведомстволук уюмдарга методикалык жардам көрсөтүү;
- ведомстволук уюмдарда кадрдык иштерге мониторинг жүргүзүү.
Бөлүм төмөнкү функцияларды аткарат:
- кадрдык потенциалды, ошондой эле Иш башкармасынын максаттарын жана милдеттерин эске алуу менен учурдагы жана келечектеги кадрларга болгон муктаждыктарды пландоо;
- кызматкерлерди тандоонун бирдиктүү критерийлерин аныктоо жана иштеп чыгуу: квалификациялык мүнөздөмөлөрдү талдоо жана кызмат орундарына квалификациялык талаптарды иштеп чыгуу;
- бош кызмат орундарын ээлөөгө тандоону уюштуруу жана өткөрүү;
- мамлекеттик кызматчылардын ишинин натыйжалуулугун баалоону уюштуруу жана жүргүзүү;
- Иш башкармасынын кадрдык резервин түзүү, кесипкөй жана лидерлик потенциалга ээ кызматкерлерди өнүктүрүү;
- кадрлардын туура жайгашуусун, Иш башкармасынын учурдагы уюштуруучулук түзүмүн талдоо, Иш башкармасынын түзүмүн жана штаттык санын оптималдаштыруу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу;
- кызматкерлерди окутууга муктаждыктарды талдоо;
- кызматкерлердин кызматтык нускамаларын иштеп чыгуу, Иш башкармасында этикалык стандарттарды өнүктүрүүгө шарт түзүүчү ченемдерди жана эрежелерди, жаңыдан кабыл алынган кызматкерлерди адаптациялоо системасын киргизүү;
- мамлекеттик кызматчылардын декларацияларды тапшыруу процессин координациялоо;
- кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын алуу, аныктоо жана чечүү боюнча чараларды жүзөгө ашыруу;
- иштеп жаткан мыйзамдарга ылайык кызматкерлерди кабыл алууну, которууну жана бошотууну, ошондой эле кадр боюнча башка белгиленген документацияны өз убагында тариздөөнү камсыз кылуу;
- эмгек келишимдерин түзүүнү жана тариздөөнү уюштуруу;
- эмгек китепчелерин жүргүзүүнү жана сактоону уюштуруу;
- Иш башкармасынын өздүк курамын, ведомстволук уюмдардын жетекчилигин эсепке алуу;
- “Адам ресурстарын эсепке алуу жана башкаруу” автоматташтырылган маалымат системасы программалык камсыздоосун колдонуу менен кадрлардын сандык жана сапаттык курамы жөнүндө маалыматтардын банкын түзүү жана жүргүзүү;
- табелдик эсепти жүргүзүүнү уюштуруу;
- Иш башкармасынын кызматкерлеринин жана ведомстволук уюмдардын жетекчилик курамынын өргүүлөрүнүн графигин түзүү, бекитилген графиктерге ылайык өргүүлөрүн тариздөө, кезектеги өргүүлөрүн пайдаланууларын эсепке алуу;
- иш-сапарларды тариздөө жана эсепке алуу;
- кадр боюнча документ жүгүртүүнү системалаштыруу, кадрдык иш кагаздардын бирдиктүү стандарттарын жүргүзүү;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде кадрлар менен иштөө боюнча буйруктардын долбоорлорун, ошондой эле маалым каттарды жана башка аналитикалык документтерди даярдоо;
- ведомстволук, өкмөттүк жана мамлекеттик сыйлыктарга сунушталуучу кызматкерлерге документтерди даярдоо;
- Иш башкармасынын кызматкерлеринин ички эмгек тартибинин эрежелерин сактоолорун, анын ичинде Киргизүүлөрдү башкарууну контролдоо системасынын (КБКС) маалыматтарын колдонуу менен контролдоо;
- белгиленген кадрдык отчеттуулукту жүргүзүү, Иш башкармасынын жетекчилиги үчүн кадрдык иштер секторунун иши тууралуу отчетторду даярдоо;
- ведомстволук уюмдарда кадрдык иш кагаздарды жүргүзүүнүн тууралыгын контролдоо;
- ведомстволук уюмдардын кадрдык кызматтарынын кызматкерлерине кадрдык иш кагаздарды жүргүзүү маселелери боюнча методикалык жардам көрсөтүү жана консультация берүү;
- Иш башкармасынын жетекчилиги тарабынан бекитилген тизмекке ылайык Иш башкармасынын ведомстволук уюмдарынын ишине кураторлук кылуу.
|