Бөлүм башчысы
СЫДЫКОВА Жылдыз Жамгырчыевна
тел. +996(312) 961466 E-mail:
|
Бөлүмдүн негизги милдеттери жана функциялары
Бөлүмдүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- сатып алуулардын максималдуу натыйжалуулугун жана үнөмдүүлүгүн камсыз кылуу;
- жабдуучуларга (подрядчыларга) карата айкындык, ачыктык, мыйзамдуулук жана калыстык;
- сатып алууларды жүргүзүү процессинде жабдуучулардын (подрядчылардын) ортосунда атаандаштыкты өнүктүрүү жана катышууну кеңейтүү;
- мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө жабдуучулар (подрядчылар) үчүн тең жана адилет шарттарды түзүү.
- конкурстук өтүнмөлөрдүн мазмунунда, баанын өзгөрүсүн, же конкурстук өтүнмөлөргө карата бөлүмдүн сатып алуучу уюмдун конкурстук комиссиясынын жана жабдучуунун (подрядчы) ортосундагы коштосунда, эч кандай өзгөрүүлөрдү болбоо.
- коммерциялык сыр болуп саналган маалыматтарды камтыган берилүүчү жана колдонулуучу маалыматтардын жашыруундук принцибин сактоо. Аларды үчүнчү жактарга Кыргызыг Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда гана берүүгө болот.
- конкурстук документтерге өзгөрүүлөрдү жана толуктооолорду киргизүү жөнүндө жабдуучуга (подрядчыларга) кабарлоо.
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн , Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкаруучусунун (мындан ары- иш башкаруучу) чечимдеринин жана тапшырмаларынын Иш башкармасынын ведомстволук түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан аткарылышын контролдоо.
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Иш башкармасынын ченемдик укуктук актыларынын, буйруктарынын, чечимдеринин жана башка документтеринин долбоорлорун даярдоого катышуу.
Бөлүм төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- кезектеги финансылык жылга мамлекеттик сатып алуулардын натуралай жана акчалай түрдө мамлекеттик сатып алуулардын планын иштеп чыгуу жана түзүү, аны мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталында жайгаштыруу. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын, Иш башкармасынын жана башка мамлекеттик органдарынын бөлүнгөн бюджеттик каражаттарына ылайык камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын, Иш башкармасынын иши тийиштүү түрдө функцияланышы үчүн сатып алууларды өз убагында уюштуруу жана материалдык-техникалык каражаттар менен камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын, Иш башкармасынын башка түзүмдүк бөлүмдөрү менен биргеликте мамлекеттик денгээлде өткөрүлүүчү иш-чараларды, самиттерди, уюштурууда камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын жетекчилеринин чет өлкөлөргө расмий иш- сапарларын, расмий чет-өлкөлүк делегациялар үчүн сувенирлерди, белектерди, гүлдөрдү жана гүл композицияларын Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын, Иш башкармасынын тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрү менен макулдашуу жана сатып алуу.
- мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоюолорунун жүргүзүлүшүн мамлекеттик сатып алуу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талабына ылайык келишин камсыз кылуу максатында аларды контролдойт.
- ар бир өткөрүлүүчү конкурска сатып алуу методун аныктайт.
- сатып алына турган товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө мониторинг жүргүзөт.
- сатып алуу жол-жоболорун өткөрүү боюнча конкурстук документтерди жана башка документтерди иштеп чыгат.
- конкурстук документтерди мамлекеттик сатып алуу веб-порталына жайгаштырат.
- конкурстук өтүнмөлөрдү тапшыруу үчүн акыркы мөөнөттү белгилейт.
- конкурстук документтер берилген бардык жабдуучуларга (подрядчыларга) суроо-талаптын булагына ачыкка талапкерлердин бардык суроо-талаптарына аларды алгандан кийин үч жумушчу күндүн ичинде жооп берет жана түшүндүрмөлөрдү берет;
- конкурстук документтерге өзгөртүүлөр киргизилген учурда, мындай толуктоо дароо жабдууучулар (подрядчылар) үчүн милдеттүү күчкөө ээ болгон жазуу жүзүндө бардык жабдуучуларга (подрядчыларга) берет.
- эгерде бөлүм конкурстук документтерге катыштуу кандайдыр бир маселелерди түшүндүрүү үчүн жолугушуу өткөрсө, анда протокол түзүлөт, анда жолугушуунун жүрүшүндө берилген конкурстук документтерди түшүндүрүү жөнүндө суроо-талаптарды, ошондой эле булагы көрсөтүлбөстөн ошол суроо-талаптарга жоопторду камтыйт. Протокол конкурстук документтерди алган барды жабдуучуларга (подрядчыларга) берилет.
- документтерди ачуу башталганча чейин конкурстук комиссиянын мүчөлөрү үчүн сатып алуу жол-жоболорун өткөрүү боюнча консультация жана инструктаж өткөрөт.
- конкурстук комиссиянын чечиминин негизинде сатып алуучу уюмдун атынан жеңүүчүгө келишимди берүү жөнүндө чечим чыгарат, же болбосо конкурстук комиссия тарабынан конкурстук өтүнмөлөрдү кошумча карап чыгуу жөнүндө чечим чыгарат.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген форма боюнча товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу тууралуу мезгил-мезгили менен (квартал сайын жана жылдык) жыйындыкталган отчетту берет.
- жабдуучулардын (подрядчылардын) конкурстук өтүнмөлөрүн жана башка документтерди, анын ичинде мамлекеттик сатып алууларга тиешелүү болгон конкурстук документтерди электрондук версиясын үч жыл аралыгында топтоону жана сактоону камсыз кылат.
- “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорунун сакталышын текшерүү үчүн мамлекеттик органдарынын талабы боюнча сатып алуулар жол-жоболоруна тиешелүү зарыл болгон документтерди көрсөтөт;
- материалдарды архивдейт, товардык-материалдык баалуулуктардын талаптагыдай сакталышын, аларды колдонуу жана андан ары эсептен чыгарып салууну контродойт;
- сатып алынуучу товарлар, жумуштар жана кызматтар боюнча маркетингдик изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- ишенимсиз (ак ниетсиз) жабдуучуларды (подрядчыларды) маалымат базасына киргизүү демилгейт.
|