ТАЛИПОВ Чынгызбек Насирбекович
Бөлүмүнүн башчысы
тел. +996(312) 960335 e-mail:
|
Бөлүмдун негизги милдеттери жана функциялары
Бөлүмдун негизги милдеттери:
- Иш башкармасынын милдеттерин жүзөгө ашырууну жана коюлган максаттарга жетүүнү камсыз кылуучу ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуу;
- Иш башкармасынын мүлктүк жана башка мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын укуктук ыкмалар менен коргоо;
- Иш башкармасынын функцияларын жүзөгө ашырууну укуктук камсыз кылуу;
- Иш башкармасынын ченемдик укуктук актыларынын, буйруктарынын, чечимдеринин жана укуктук мүнөздөгү башка документтеринин долбоорлорун даярдоого катышуу.
Бөлүмду төмөнкү функцияларды аткарат:
- Иш башкармасынын профилдик түзүмдүкбөлүмдөрү менен биргеликте Иш башкармасы тарабынан иштелип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоого катышат;
- мамлекеттик органдар тарабынан Иш башкармасына макулдашууга киргизилген Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлоруна экспертиза жүргүзөт;
- Иш башкармасынын мыйзам долбоорлоо иштерин координациялоону жана жалпылоону жүзөгө ашырат;
- сот органдарында жана башка мамлекеттик органдарда укуктук маселелерди кароодо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Иш башкармасынын кызыкчылыктарын коргойт;
- профилдик түзүмдүк бөлүмдөрдүн өтүнмөлөрү боюнча чарбалык мамилелерди жөнгө салуучу келишимдердин долбоорлорун иштеп чыгат;
- Иш башкармасынын укуктук мүнөздөгү буйруктарынын, нускамаларынын жана башка документтеринин долбоорлорун макулдашат;
- эмгек тартибин бекемдөө боюнча иш-чараларды иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга катышат;
- дооматтарды жана талаш-тартыштарды кароодо аныкталган Иш башкармасынын ишиндеги кемчиликтерди жоюу боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана жетекчиликке берет;
- Иш башкармасында жана анын ведомстволук уюмдарында укуктук иштерге методикалык жетекчилик кылат, аталган иштин абалын текшерет, сектордун тажрыйба алмашуусун уюштурат, укуктук маселелер боюнча белгиленген тартипте кеңешмелерди чакырат жана семинарларды өткөрөт;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын туура колдонуу үчүн Иш башкармасынын түзүмдүк бөлөмдөрүнө методикалык жардам көрсөтөт, кемчиликтерди жана бузууларды жоюу боюнча сунуштарды киргизет;
- Иш башкармасынын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан берилген материалдардын негизинде сотторго доо арыздарын, доо арыздарына каршы пикирлерди жана дооматтарды даярдайт,ошондой эле Иш башкармасына келтирилген зыяндардын ордун толтуруу боюнча башка процессуалдык иш аракеттерди аткарат;
- ведомстволук уюмдардын укуктук иштери маселелери боюнча Иш башкармасына келип түшкөн даттанууларды, арыздарды өз убагында кароону жана алар боюнча корутундуларды даярдоону камсыз кылат;
- тиешелүү учурларда профилдик түзүмдүк бөлүмдөр менен биргеликте Иш башкармасынын буйруктарынынжана башка документтеринин расмий түшүндүрмөлөрүн даярдайт;
- ведомстволук уюмдардын уюмдаштыруу документтерин бекитүү боюнча Иш башкармасынын буйруктарынын тиешелүү долбоорлорун даярдайт.
|