Бөлүм башчысы
АБЛАСАНОВ Эмилбек Эшенкулович
тел. +996(312) 960337 e-mail:
|
Бөлүмдүн негизги милдеттери жана функциялары
Бөлүмдүн негизги милдеттери
- Иш башкармасынын объекттерин куруунун, күндөлүк жана капиталдык оңдоонун долбоорлук-сметалык документациясын, деффект актыларын жана сметаларын иштеп чыгууну уюштуруу;
- мамлекеттик администратийдик имараттарды долбоорлоону, курууну, реконструкциялоону жана оңдоону уюштуруу маселелери боюнча Иш башкармасынын ведомстволук уюмдарына методикалык жана практикалык жардам көрсөтүү;
- бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер ченемдик укуктук актылардын, буйруктардын, чечимдердин долбоорлорун даярдоого катышуу.
Бөлүм төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- Иштеп жаткан мыйзамдарга ылайык капиталдык курулуш объекттерин курууну, реконструкциялоону жана капиталдык оңдоону контролдойт жана техникалык көзөмөл жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүнүн имаратындакурулуш, күндөлүк жана капиталдык оңдоону долбоорлоону, долбоорлук-сметалык документтерин, деффект актыларын жана сметаларын иштеп чыгууну уюштурат;
- Иш башкармасынын объекттерин куруунун жана оңдоо-курулуш иштерин жүргүзүүнүн титулдук барактарын жана курулуш планын түзөт;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүнүн имаратын (кызматтык, техникалык жайлардын) күндөлүк жана капиталдык оңдоону уюштурат, аткарылган оңдоо-курулуш иштерин кабыл алууну ишке ашырат;
- Иш башкармасынын ведомстволук уюмдары тарабынан алардын ыкчам башкаруусундагы имараттарга жана курулмаларга пландык-алдын алуучу оңдоонунжүргүзүлүшүн, күз-кыш мезгилинде иштөөгө даярдыгын, өрткө каршы жана техникалык коопсуздук эрежелеринин сакталышын контролдойт;
- Иш башкармасынын жетекчилигинин тапшырмасы боюнча подрядчы уюмдардын аткарылган оңдоо-курулуш иштери жана көрсөтүлгөн кызматтар боюнча документтерининкурулуш ченемдерине, эрежелерге жана төлөөгө коюлуучу башка талаптарга ылайык келүусүн текшерүү;
- оңоо-курулуш иштерин уюштуруу маселелери боюнча Иш башкармасынын ведомстволук уюмдарына методикалык жана практикалык жардам көрсөтүү;
- инвестицияларды тартуу боюнча жумуштарга, социалдык-тиричиликтик жана өндүрүштүк багыттагы объекттерди, административдик имараттарды жана жайларды долбоорлоого жана курууга катышат;
- бөлүмдүн компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдеринин, Иш башкармасынын буйруктарынын долбоорлорун иштеп чыгат;
- оңдоо-курулуш иштерине тиешелүү маселелер боюнча ведомстволор аралык комиссиялардын ишине, жыйналыштарга катышат;
- Иш башкармасынын жетекчилиги бекиткен тизмеге ылайык Иш башкармасынын ведомстволук уюмдарынын ишине кураторлук кылуу.
|