Бөлүм башчысы
СУЛАЙМАНБЕКОВ Айбек Таалайбекович
тел. +996(312) 961451

|
Бөлүмдүн негизги милдеттери жана функциялары
Бөлүмдүн негизги милдеттери:
- Иш башкармасынын жана анын ведомстволук уюмдарынын ыкчам башкаруусуна өткөрүп берилген мамлекеттик административдик имараттарды, объекттерди жана жайларды эсепке алууну жана эксплуатациялык-техникалык тейлөөнү камсыз кылуу, ошондой эле көрсөтүлгөн имараттарды, объекттерди жана жайларды натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдаланууга контроль жүргүзүү;
- министрликтердин жана ведомстволордун сунушу боюнча Бишкек шаарында жайгашкан мамлекеттик имараттарда жана жайларда мамлекеттик органдарды, мекемелерди жана ишканаларды жайгаштырууну уюштуруу;
Бөлүм төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу орган менен бирдикте мамлекеттик башкаруу органдарын жайгаштырууга пайдаланылган Бишкек шаары боюнча мамлекеттик имараттардын реестрин (мындан ары - Реестр) түзөт;
- Реестрге киргизилген мамлекеттик имараттардын сарамжалдуу жана максаттуу пайдаланылышына контроль жүргүзөт;
- мамлекеттик административдик имараттарды, курулмаларды жана жайларды мамлекеттик органдар, мекемелер жана ишканалар ортосунда, ошондой эле Иш башкармасынын ведомстволук уюмдарынын ортосунда кабыл алуу-өткөрүп берүүнү уюштурат;
- Иш башкармасына жана анын ведомстволук уюмдарына бекитилип берилген мүлктү мыйзамдарда белгиленген тартипте ижарага берүү боюнча ишти уюштурат;
- социалдык-тиричиликтик жана өндүрүштүк багыттагы объекттер, административдик имараттар жана жайлар үчүн, анын ичинде үлүштүк катышуу иретинде инвестицияларды тартуу боюнча иштерге катышат;
- сектордун компетенциясына кирген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн чечимдеринин, Иш башкармасынын буйруктарынын долбоорлорун иштеп чыгат;
- сектордун компетенциясына кирген маселелер боюнча Иш башкармасына келип түшкөн каттар жана кайрылуулар боюнча өз убагында кароону жана корутундуларды даярдоону камсыз кылат;
- мамлекеттик органдарды жайгаштыруу, мамлекеттик имараттарды жана жайларды пайдалануу, ошондой эле мамлекеттик объекттерди мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссиялардын ишине, жыйналыштарга катышат.
|