Кыргыз Республикасынын Президентинин 
иш башкаруучусу
 

БАТЫРКАНОВ Тилек Карыбекович

тел. +996 (312) 660563

 1979-жылдын 17-июнунда Бишкек шаарында туулган.

Жогорку билимдүү.

2001-жылы менеджмент адистиги боюнча Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетин, 2015-жылы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу адистиги боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясын бүтүргөн.

 

 

  

ЭМГЕК ИШМЕРДИГИ

2001-2003-жж. КР ФМ караштуу МСК, ири салык төлөөчүлөр менен иштөө боюнча бөлүм, инспектор
 2003-2006-жж. Свердлов району боюнча МСК, салык инспектору, улук инспектор
 2006-2007-жж.   КР Социалдык фонду, методология бөлүмү, башкы адис
 2007-2008-жж.  Жалал-Абад облусунун КР Социалдык фондунун Кара-Көл шаар башкармалыгы, башкармалыктын начальниги
 2008-2010-жж.  Чүй облусунун КР Социалдык фондунун Аламүдүн райондук башкармалыгы, начальник
2010-2012-жж.  КР Социалдык фондунун Свердлов райондук башкармалыгы, жетектөөчү адис
2012-2013-жж. КР Социалдык фонду, маалыматты талдоо жана жыйынтыктоо бөлүмү, башкы адис
2013-2019-жж. КР Финансы министрлигинин Аламүдүн райондук финансылык бөлүмү, начальник
2019-2021-жж.  КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, төраганын орун басары
21.07.2021 -ж. КР Президентинин иш башкаруучусунун биринчи орун басары
9.12.2021 КР Президентинин иш башкаруучу


 


Кыргыз Республикасынын Президентинин 
иш башкаруучусунун биринчи орун басары


ДЖЕТЫБАЕВ Нуртазин Алымкулович

тел. +996 (312) 660563 

Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаарында 1966-жылдын 10-октябрында туулган. 

Жогорку билимдүү:

 1991-жылы «Инженер-куруучу» адистиги боюнча Фрунзе политехникалык институтунун «Өнөр жайлык жана жарандык курулуш» факультетин аяктаган.

1999-жылы «Юриспруденция» адистиги боюнча Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин сырттан окуп бүтүргөн. 

ЭМГЕК ИШМЕРДИГИ 

1984–1986-жж.

СССРдин Куралдуу күчтөрүнүн катарында кызмат өтөө

1991–1994-жж.

«ПРЕСС» кичи ишканасынын директору, курулуш өндүрүшүнүн чебери 

1994–1995-жж.

Кыргызстандын кичи ишканалар союзунун директорунун орун басары

1995–2000-жж.

Кыргызстандын кичи ишканалар союзунун аткаруучу директору

2000– 2003-жж.

«Ал-строй» ЖЧКнын башкы директору 

2003– 2004-жж.

«Байтик» АТАКтын директору

2004– 2006-жж.

«Кыргызалтын» ААКтын «Адистештирилген курулуш-өндүрүштүк ишканасы» филиалынын начальниги»

2006– 2008-жж.

«Мастер-Класс» ЖЧКнын башкы директору 

2008– 2012-жж.

«Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы» коомдук бирикмесинин башкы катчысы 

2012– 2014-жж

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Иш башкармалыгынын начальниги

2016– 2018-жж.

«Мамлекеттик эмес сот экспертизасынын көз карандысыз борбору» мамлекеттик эмес соттук-эксперттик уюм» мекемесинин директору

2018–2019-жж.

«БишкекПрофСтрой» ЖЧКнын аткаруучу директору

2019–2021-жж.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Долбоорду ишке ашыруу тобунун жетекчиси

2021-жылдын декабрынан баштап

Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусунун биринчи орун басары

 

Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорттун отличниги, Кыргыз Республикасынын мини-футбол боюнча спорт чебери. 

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.   


Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусунун орун басары

ШЕРМАТОВ Эмиль Абсатарович

тел. +996 (312) 662462 тел. +996 (312) 666058 

тел. +996 (312) 662462 тел. +996 (312) 666058

  1972-жылдын 27-мартында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Терек-Сай поселогунда туулган.

  Билими жогорку.

  Бүтүргөн окуу жайлары:

  Ош технология университети, 1996-жыл, адистиги экономист;

  Кыргыз мамлекеттик юридика академиясы, 2006-жыл, адистиги юрист;

  Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясы, 2007-жыл, адистиги менеджмент.

ЭМГЕК ИШМЕРДИГИ

1988-1993 - жж. Ош коомдук тамактануу трести, бухгалтер-стажер, улук бухгалтер
1994-2001 - жж.  “Арман”  ЖчК экономисти, сатуу бөлүмүнүн башчысы
2005-2006 - жж. КР вице-премьер-министринин жардамчысы
2006-2007  - жж. КР Президентинин Администрациясы, Мамлекеттик катчынын жардамчысы
2007-2008  - жж. КР Жогорку Кеңешинин төрагасынын кеңешчиси
2008  - жж. ЖК Аппарат жетекчиси
2008-2009  - жж. КР Коопсуздук кеңеши, референт-кеңешчи
2009-2010  - жж. КР Президентинин Администрациясы, КР Президентинин Коргонуу, коопсуздук жана укуктук тартип иштери боюнча кеңешчиси кызматынын башкы инспектору,  кызматтын жетекчисинин орун басары
2013-2017 - жж. “Кыял” улуттук элдик кол өнөрчүлүк бирикмесинин директорунун юридикалык маселелер боюнча жардамчысы, директордун орун басары
2017-2019 - жж. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын “Кыял” улуттук элдик кол өнөрчүлүк бирикмесинин башкы директорунун орун басары
2020 - жж. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы
2020-жылдын ноябрынан баштап Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкаруучусунун орун басары