КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Бишкек шаары, 2014-жылдын 25-марты № 179
Айрым аңчылык участокторун жана мүлктүк комплекстерди өткөрүп берүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-мартындагы № 145, 2015-жылдын 7-сентябрындагы № 622 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Дене тарбия жана спорт, аңчылык чарбасын жүргүзүү, аңчылык ресурстарын жана алардын жашаган чөйрөсүн сактоо, көбөйтүү жана сарамжалдуу пайдалануу, мамлекеттик мүлк чөйрөлөрүндө башкаруу жана координациялоо маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин ыкчам башкаруусуна болгон мүлкү, штаттык саны жана зарыл болгон каржылоосу менен төмөнкүлөрдү өткөрүп берсин:
(үчүнчү абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-сентябрындагы № 622 токтомуна ылайык күчүн жоготту);
3 штаттык бирдиги жана эмгек акы төлөө фондусу менен Нарын облусунун Ат-Башы районунда жайгашкан аянты 20000 га "Үч-Чат" аңчылык участогун;
3 штаттык бирдиги жана эмгек акы төлөө фондусу менен Чүй облусунун Чүй районунда жайгашкан аянты 20466 га "Шамси-Туюк" аңчылык участогун жана "Шахтын үйү" аңчылык базасын (1965-жылы курулган бир батирлүү кардонду (инвентаризациялык № 17), жанындагы 1 га аянты менен мончону);
3 штаттык бирдиги жана эмгек акы төлөө фондусу менен Чүй облусунун Чүй районунда жайгашкан аянты 39000 га "Кегети" аңчылык участогун; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин ыкчам башкаруусуна Чүй облусунун Чүй районунун "Кегети" капчыгайында жайгашкан мурдагы "Эдельвейс" (ИК 7101400060091) пионер лагеринин мүлктүк комплекси менен аянты 5,3273 га аңчылык участогун өткөрүп берсин;
- 5,3273 га аянты менен аңчылык участокторун жана мурдагы "Эдельвейс" пионер лагеринин мүлктүк комплексин штаттык саны жана 2014-жылга зарыл болгон каржылоо менен белгиленген тартипте өткөрүп берүүнү ишке ашырсын. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-мартындагы № 145, 2015-жылдын 7-сентябрындагы № 622 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Чүй облусунун Чүй районунун, Нарын облусунун Ат-Башы районунун мамлекеттик администрациялары белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин пайдалануусуна ушул токтомдун 1-пунктунда аталган аңчылык участокторун берсин;
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-сентябрындагы № 622 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте Чүй облусунун "'Кегети" капчыгайында жайгашкан, 5,3273 га аянты менен мурдагы "Эдельвейс" пионер лагеринин мүлктүк комплексин өткөрүп берүү-кабыл алууну жүргүзсүн. 4. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрүшсүн. 5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 15-октябрындагы № 602 "Кегети" капчыгайынын жерлерин аңчылык участоктору үчүн өткөрүп берүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 19-июнундагы № 323-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-августундагы № 479-б буйругу.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2014-жылдын 28-мартында № 22 жарыяланды 7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин милдетин аткаруучу
Ж.Сатыбалдиев