КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Бишкек шаары, 2017-жылдын 3-октябры № 641

"Кыял" Улуттук элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмеси" мамлекеттик ишканасын Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын карамагына өткөрүп берүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд "Кыял" Улуттук элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмеси" мамлекеттик ишканасын (мындан ары - мамлекеттик ишкана) мүлктүк комплекси менен Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын карамагына өткөрүп берсин.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы:

- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган мамлекеттик ишкананы өзүнүн карамагына кабыл алсын;

- мамлекеттик ишкананын уставын иштеп чыксын жана бекитсин;

- мамлекеттик ишкананын иш багытынын сакталышын жана кыргыз элдик кол өнөрчүлүк искусствосун өнүктүрүү милдеттеринин ишкана тарабынан аткарылышын камсыз кылсын;

- мамлекеттик ишкананын имараттарын, жайларын жана жер участокторун анын иш багытына ылайык пайдаланууну камсыз кылсын;

- юридикалык жактарды каттоону жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мамлекеттик ишкананы кайра каттоо боюнча чараларды жана ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун маселелери" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 5-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун башкаруу схемасында:

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Кыял" Улуттук элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмеси" мамлекеттик ишканасы" позициясы алынып салынсын.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 5-мартындагы № 135 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Кыял" Улуттук элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмеси" мамлекеттик ишканасы жөнүндө" токтомунун 1 жана 2-пункттары;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-сентябрындагы № 550 "Кыял" Улуттук элдик көркөм кол өнөрчүлүк бирикмеси" мамлекеттик ишканасынын ишин уюштуруу жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 595 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

С.Исаков