Мамлекеттик органдар, мамлекеттик мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары үчүн 2020-жылдын 22, 28, 29-марты, 4, 5, 7, 11, 12-апрели иш күндөрү деп белгиленди. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бул чечим Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирус инфекциясынын кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча ыкчам чараларды көрүүгө, Кыргыз Республикасынын экономикасынын башка чөйрөлөрүнүн туруктуу ишин камсыздоого багытталган.

Учурдагы кырдаал мамлекет жана мамлекеттик бийлик органдары тарабынан тиешелүү чараларды көрүүнү талап кылат. Көрсөтүлгөн чараларды аткаруу үчүн тийиштүү башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу жана анын ичинде эс алуу жана майрам күндөрү аларды ишке ашыруу талап кылынат.

Ушул буйруктун тиркемесинде көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын, мамлекеттик мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери Кыргыз Республикасынын эмгектик укук мамилелерин жөнгө салуучу мыйзамдарына ылайык көрсөтүлгөн иш күндөрүндө иштөөчү кызматкерлердин тизмесин аныктоо тапшырмасы берилди.

Муну менен катар Кыргыз Республикасынын бюджеттик мекемелерди тейлеген коммерциялык банктарга 2020-жылдын 22, 28, 29-мартын, 4, 5, 7, 11, 12-апрелин иш күндөрү деп жарыялоо, Кыргыз Республикасынын эмгектик укук мамилелерин жөнгө салуучу мыйзамдарына ылайык көрсөтүлгөн иш күндөрүндө иштөөчү кызматкерлердин тизмесин аныктоо сунушу берилди.

Тиркеме

 

2020-жылдын 22, 28, 29-марты, 4, 5, 7, 11, 12-апрели иш күндөрү деп белгиленген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, мамлекеттик мекемелеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын тизмеси

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, мамлекеттик ишканаларынын жана мекемелеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын аталышы

1.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты

2.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги

3.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги

4.

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги

5.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги

6.

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги

7.

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги

8.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги

9.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

10.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги

11.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги

12.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги

13.

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги

14.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

15.

Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети

16.

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети

17.

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети

18.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги

19.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы

20.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы

21.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы

22.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы)

23.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы

24.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы

25.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду

26.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду

27.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд

28.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция

29.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция

30.

Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги

31.

Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы

32.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү

33.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар

34.

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы (макулдашуу боюнча)

35.

Кыргыз Республикасынын «ЭлТР» мамлекеттик корпорациясы

36.

Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агентствосу(макулдашуу боюнча)

37.

Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары, администрациялык райондор боюнча Бишкек шаарынын мэрияларынын муниципалдык администрациялары, облустук жана райондук маанидеги шаарлардын мэриялары (макулдашуу боюнча)

38.

Айыл өкмөтү (макулдашуу боюнча)