2020-жылдын 15-февралында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын Чакан залында болуучу «Барокко кечеси» деп аталган орган музыкасынын концертине чакырабыз.

Башталышы 18.30да. Белеттин баасы 400-500 сом. Концерттинсолисти–атактуу поляк органист ГедыминГрубба,Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын алдындагы Президенттин “Манас” камералык оркестринин коштоосу менен. Оркестрдин көркөм жетекчиси жана башкы дирижёору - Кыргыз Республикасынын эл артисти Эрнис Асаналиев.

Программада композиторлор И.С. Бахтын, Г.Ф. Генделдин, Т. Альбинонинин чыгармалары аткарылат.

Гедымин Груббанын музыкасын Европада теле жана радиодо угууга болот, ал арген музыка үчүн 18 диск жаздырган.

Гедымин Грубба көп жылдар бою Гдань епархиясынын соборлорунда иштеп келатат, жаш музыканттарга тажрыйбасын бөлүшүп, бүткүл дүйнөбоюнча: Австралияда, Жаңы Зеландияда, Беларуста, Украинада, Канадада, Польшада, Румынияда, АКШда мастер-класс көрсөтүп, консультацияларды берип жүрөт.

«Манас» Камералык оркестри - Кыргыз Республикасында Президенттик деген ардактуу статуска ээ болгон бирден-бир оркестр.Улуттук жана классикалык музыка маданиятын пропагандалоого активдүү катышканы үчүн оркестр урмат-сыйга жана атак-даңкка ээ болгон.

Белеттерди ticket.kg сайтынан, Филармониянын кассасынан,же 0704 400 002, 0555 108 088 телефондор боюнча сатып алса жана брондосо болот.