Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-январындагы № 1 “2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында 2019-жылы контролдоо-өткөрүү пунктунун (КПП) иши автоматташтырылды,КПП аркылуу кирүү-чыгуунун автоматтык системасы орнотулду.

Бүгүнкү күндө эс алуучулар терминал аркылуу акы төлөп паркка кире алышат.

 

Чейин

 Кийин

Сентябрь айынан баштап кирүү-чыгууну контролдоонун автоматтык системасы иштей баштагандан кийин өткөрүү иши жакшырды.

Сыноо режиминде иштетилип жаткан КППда түшкөн киреше мурунку мезгилдерге салыштырганда 50% көбөйдү.

КППнын күзөт кызматчылары үчүн жаңы имарат курулду.

Электр өчүп калса үзгүлтүксүз иштеп турушу үчүн генератор орнотулду.

КППга жана анын ишин аралыктан контролдоп жана тейлеп туруу үчүн администрациялык имаратка чейин жогорку ылдамдыктагы интернет линиясы тартылды.

Заманбап шарттары бар 2 даараткана курулуп бүткөнү калды.

Жакынкы 3 жылда дагы бир топ маанилүү иштер аткарылмакчы, алар:

  • контролдоо-өткөрүү пунктунун айланасын абаттоо, үстүн жаап бастырма куруу;

  • аймакты тазалап туруу үчүн таштанды ташыгыч автомобиль жана евро-контейнерлерди;

 

  • “Ала-Арча”мейманканасынан “Ак-Сай” участогуна чейинки аймакты жарыктандыруу;

  • аймакта жабык чарпаяларды жана скамейкаларды орнотуу;

 

  • администрациялык имаратты – музейди мейманканага айлантып реконструкциялоо жана парктын өйдөкү зонасында жаңы музей куруу;

  • альпинисттер үчүн 100 койка орундуу мейманкана-хостел куруу;
  • расширение автостоянок и другие работы.