Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын Клиникалык ооруканасы (КРПӨИБ КО) “Электрондук саламаттык сактоо” деп аталган Медициналык-информациялык системаны (МИС) пайдаланууга киргизип жатат.

E-med.kg - электрондук документ түзүүнүн негизинде элдин саламаттыгын сактоонун баардык маселелерин чечүүгө багытталган система, анда бүткүл информацияны тез алууну камсыздоочу жеке медициналык маалыматтар болот, ал маалыттарды врачтар аралыктан туруп эле чогуу карай алышат, врачтар менен пациенттер телемедициналык технологиялардын негизинде аралыктан байланыша алышат.

МИС бир нече этап менен киргизилет:

2018-жылы «Таза коом» мамлекеттик программаны ишке ашыруунун алкагында россиянын «Барс-групп» компаниясы менен МИС киргизиле баштап, биринчи этабы аткарылган – клиниканын МИСке муктаждыгы изилденген. Локалдуу тармак жана сервер орнотулуп, документтер цифралаштырылган.

2019-жылдын биринчи жарымында оорукананын 308 кызматкери окутулган.

2019-жылдын 5-июнунда МИСти «Мобайл сервис групп» ЖчК тарабынан техникалык тейлөөгө келишим түзүлгөн жана “Цифралык медициналык экосистема” программалык продуктусун бекер өткөрүп берүүгө келишим түзүлгөн.

МИСти киргизүү үчүн бюджеттен тышкаркы каражаттарга кошумча 122 компьютер (мурда 103 компьютер бар болчу) жана принтерлер сатып алынган.

Акы төлөнүүчү медициналык кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн менеджери жана экономисти «Түндүк» электрондук системасы боюнча окутулуп «рутокен» - бул системага ачкыч алышкан, Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине КРПӨИБ КО киргизилген.

2019-жылдын 13-декабрында «Мобайл сервис групп» тарабынан МИСтин бүткүл системасы сыноодон өткөрүлгөн.

Презентация

Электрондук программа төмөнкүлөргө коюлду:

  • ооруканада тейлөөнүн тизмесине киргизүү кабинетинде;
  • поликлиниканын жана акы төлөнүүчү медициналык кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн регистратураларында. Врачка электрондук жазылуу (телефон боюнча) болуп жатат жана ал жазуу тийиштүү врачка дароо көрүнөт;
  • бюджеттик поликлиникада жана акы төлөнүүчү медициналык кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн поликлиникасында пациенттин кабыл алынганы пациенттин электрондук амбулаториялык картасына дароо жазылат, анда пациенттин оору жөнүндө даттануулары, анамнези, объективдүү статусу, керектүү изилдөөлөр жана дайындалган дарылоо көрсөтүлөт;
  • стационарда, кабыл алуу бөлүмүндө пациент ооруканага түшкөндө оорунун электрондук таржымалы ачылат, кийин ал таржымалды врачтар электрондук жол менен жазып турушат
  • лабораторияда лабораториялык изилдөөгө жиберүүлөрдүн баары, ошондой эле алардын натыйжалары онлайн режимде берилет.
  • кассаларда накталай эмес эсептешүү киргизилген;
  • администрация үчүн отчёт электрондук түрдө жасалат.
 
 

 

Азыркы учурда иш сынамык режимде жүргүзүлүп жатат, МИСти киргизүү процессинде электрондук документтердеги маалыматтарга КО ишинин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен оңдоолор киргизилет. Хирургия бөлүмү, реанимация, балдар бөлүмү жана неврология бөлүмү үчүн оорунун таржымалынын кошумча бөлүмдөрү иштелип даярдалып жатат.

МИСти аптекаларга жана чарбалык структураларга да киргизүү, пациенттер үчүн мобилдик тиркемелерди киргизүү пландалып жатат. Кагаз жүзүндөгү жана электрондук форматтарды бир жыл катары менен пайдалануу пландалууда.