Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 11-январындагы № 1 "2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында “Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын Автотранспорттук ишканасы” мамлекеттик мекемесинин аткарылган негизги иш чаралары.

Кыргыз Республикасынын Президентитнин Жарлыгына ылайык 2019-жыл “Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү” программасынын алкагында “Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын Автотранспорттук ишканасы” мамлекеттик мекемеси май куйуучу станцияны автоматташтыруу жана автоунааларга GPS треккерлерин орнотуу боюнча иш чаралар аткарылган. Аталаган иш чаранын негизги максаты болуп, мамлекетик автоунааларды максаттуу колдонуу жана май куйуучу станцияны автоматташтырууда күйүүчү майды үнөмдөө болуп саналат.

Май куйуучу станцияны автоматташтыруу долбоору Кыргыз Республикасында биринчилерден болуп “Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын Автотранспорттук ишканасы” мамлекеттик мекемесинде ишке ашырылды.

 

Аталган долбоорду ишке ашыруу аркылуу күйүүчү майды 20 % (жыйырма) пайызга чейин үнөмдөө максаты алдыга коюлууда. Мындан сырткары аталган долбоордо отчеттордун ачык айкындуулугу, электрондук учет жүргүзүү, автоунаалардын ылдамдыктарын жана коопсуздугун көзөмөлдөө жана башка көптөгөн программалар каралган.