Кымбаттуу достор! Сиздерди 2020-жылдын 23-январында Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын Чакан залында болуучу «Бахтан Пьяцоллага чейинки» классикалык музыканын уникалдуу концертине чакырабыз.

Башталышы саат 18.30да. Белеттин баасы 400-500 сом. Концерттин солисти–эл аралык конкурстардын лауреаты Алексей Балашов (Москва, гобой), Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын алдындагы Президенттин “Манас” камералык оркестри коштойт, көркөм жетекчиси жана башкы дирижёру Кыргыз Республикасынын эл артисти Эрнис Асаналиев.

Программада композиторлор И.С. Бахтын, К.Ф.Э. Бахтын, А. Паскуллинин, В. Дашкевичтин, А. Пьяццолланын чыгармалары аткарылат. Гобоист Алексей Балашов –эл аралык конкурстардын лауреаты. Аны аткаруучулук өнөрүнүн өтө жогорку деңгээли, берилип жана чебер ойногону, аспабынын уккулуктуу үнү, гобойду тартуудагы ыкмаларды жетик билгендиги үчүн«гобойдун виртуозу», «гобойдун Паганиниси» деп аташат.

«Манас» Камералык оркестри - Кыргыз Республикасында Президенттик деген ардактуу статуска ээ болгон бирден-бир оркестр.

Улуттук жана классикалык музыка маданиятын пропагандалоого активдүү катышканы үчүн оркестр урмат-сыйга жана атак-даңкка ээ болгон. Концерттин башкы демөөрчүсү –өлкөнүн ишкер чөйрөсүнүнактивдүү өкүлүEliteHouse курулуш компаниясы.

Компания бир нече эл аралык жана жергиликтүү уюмдардын мүчөсү, социалдык багыттагы иштерди негизги багыт катары жүргүзүүдө.

Белеттерди ticket.kgсайтынан, Филармониянын кассасынан,же 0704 400 002, 0555 108 088 телефондор боюнча сатып алса жана брондосо болот.