Сиздерди 2019-жылдын 25-сентябрында Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын чоң залында өтө турган уникалдуу концертке чакырабыз.

Башталышы саат 18.30. Билет баасы 500-800 сом. Кеченин башкы каарманы – «Флейта ханышасы» Вивиана Гузман, АКШ. Концерттин программасында В. Моцарт, И. Бах, А. Пьяццолла, В. Гузман, П. Генин, Э. Эльгар, С. Берченко, К. Молдобасанов сыяктуу композиторлордун чыгармалары ойнотулат.

Вивиана Гузман тааныштыруучу дүйнөнүн флейталары өтө кызыктуу жана пайдалуу болот. Вивиана Гузман - америкалык флейтистка, Чилиде туулган, жыл сайын дүйнө жүзү боюнча 80ден ашык концертин тартуулайт. Анын классикалык «Traveling Sonata» жаздыруусу GRAMMY номинациясын алган, ал эми дүйнөлүк «Song of the Whale» музыкасын жаздыруусу Global Music Awards алтын медалын алган. Viviana Guzman CNN, PBS, NBC, ABC, Good Morning America жана NPR үчүн программаларга катышкан, ал Latina Style, ошондой эле COSMOPOLITAN en Español журналдарынын мукабасына чыккан жана 127 өлкөдө жана бардык 7 континетте, анын ичинде Түштүк Африкада ойногон.

Анын YouTube каналын 2,7 миллиондон ашык көрүүчү көргөн, ал эми анын музыкалык клиптери 30 өлкөдө UNIVISION көрсөтүлгөн. Ал солистка катары 365 оркестрде, анын ичинде Россияда, Чилиде, Бразилияда, Вермонтто, Нью-Йоркто, Висконсинде, Калифорнияда, Техаста, Монтанада, Филиппиндерде ж.б.у.с. ойногон. Анын катышуусундагы концертер Карнеги-Холл, Эйвери Фишер-Холл (Линкольн-борбор) залдарында жана башка дүйнөнүн көрүнүктүү сахналарында өткөн. Михаил Барышников, Пласидо Доминго жана Гленн Клоуз сыяктуу белгилүү артисттер жана башка көптөгөн музыканттар менен аткарган .

Сыйкырдуу флейтаны Кыргызстандагы мыкты оркестрлердин бири, 19 жылдан ашык убакыттан бери Кыргыз Республикасынын Эл артисти, эл аралык конкурстун лауреаты, Кыргыз Улуттук Консерваториясынын доценти Эрнис Асаналиевдин башкаруусунда болуп келген Президенттин “Манас” камералык оркестри коштойт. Оркестрдин артисттеринин арасында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисттери, республикалык жана эл аралык конкурстардын лауреаттары, К. Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук консерваториясынын бүтүрүүчүлөрү бар. Билеттерди төмөнкү телефондор аркылуу брондоого болот: 0555915374; 0704 400 002