Кыргыз Республикасынын 23-сентябрь мамлекеттик тил күнү деп белгиленишине жана Ч.Т. Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдык юбилейине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын кызматкерлеринин арасында кыргыз тилинде эссе жазуу боюнча сынак жарыяланды.
Сынак үстүдөгү жылдын 12-октябрында өтөт.
Сынактын шарттары: эссе жазууга 2 саат бөлүнөт, эссенин көлөмү 3 барактан жогору жана Times new roman 14 шрифти 1,5 интервалы менен кыргыз тилинде жазылат.
Эссе 5 критерийлер боюнча бааланат, алар: биринчиси – темага ылайык келгендиги жана анын толук ачылышы; экинчиси – түзүмдүүлүгү, композиция түзгөндүгү жана логикалык ой-толгоосу; үчүнчүсү – жүйөлөштүрүлүшү жана талдоосу; төртүнчүсү – жазуу речинин сапаты (сүйлөмдү түзүү, сөз байлыгы, элдик макал-лакаптарды, туруктуу сөз айкаштарын, эпитет, метафорлорду пайдалануу); бешинчиси – сабаттуулугу (фонетикалык, морфологиялык, синтаксистик, стилистикалык, пунктуациялык талаптарынын сакталышы).
Эссенин болжолдуу темасы:
- 1. Ч.Т. Айтматовдун чыгармалары кыргыз кинематографиясында;
- 2. “Кыргыз жана орус тилдери куштун эки канаты”(Ч.Т. Айтматов);
- 3. Ч. Т. Айтматовдун чыгармаларында адептүүлүк проблемасынын чагылдырылышы;
- 4. Көп тилдүүлүк, анын учурдагы абалы жана келечеги;
- 5. Эне тил болбой, эл болбойт.