Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков “Дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол койду.

Ушул токтомго ылайык беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2017-жылдын 30-декабрындагы жана 2018-жылдын 8-январындагы дем алыш күндөрү тиешелүү түрдө 2018-жылдын 2-январындагы жана 3-январындагы иш күндөрүнө которулат.

Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген жеке менчик формасындагы юридикалык жактардын жетекчилерине 2017-жылдын 30-декабрындагы жана 2018-жылдын 8-январындагы дем алыш күндөрүн тиешелүү түрдө 2018-жылдын 2-январындагы жана 3-январындагы иш күндөрүнө которуу сунушталат.