КР Президенти Алмазбек Атамбаев 2017-жылдын 5-сентябрында “Ала-Арча” мамлекеттик резиденцияда Кыргыз Республикасына расмий сапары менен келген Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиеевди кабыл алды.

Мамлекеттик сапардын алкагында КР Президенти Алмазбек Атамбаев жана Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиеев эки тараптуу кеңири жана тар форматтагы сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү, анда президенттер кеңири маселелер боюнча пикир алмашып, эки өлкөнүн ортосундагы мамилени жана кызматташтыкты андан ары өнүктүрүү тууралуу сүйлөшүштү.

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында кыргыз-өзбек эки тараптуу документтерге кол коюу аземи болуп өттү, КР Президенти Алмазбек Атамбаев жана Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиеев бир катар документтерге кол коюу менен кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимге да кол коюшту.

 Мамлекеттер башчыларынын катышуусунда төмөндөгү документтер кабыл алынды жана кол коюлду:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө Меморандум;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кызматташтык жана салык мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча өз ара жардамдашуу жөнүндө Макулдашуу;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы чек ара өкүлчүлүктөрүнүн ишмердиги жөнүндө Макулдашуу;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы жогорку билим берүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө Макулдашуу;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы илимий-техникалык кызматташтык жөнүндө Макулдашуу; Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Консулдук конвенцияны ратификациялоо жөнүндө грамоталар менен алмашуу тууралуу Протокол;

Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын Мэриясы жана Өзбекстан Республикасынын Анжиян шаарынын Хокимияты ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кызматташтык жөнүндө Макулдашуу;

Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр-жай палатасынын жана Өзбекстан Республикасынын Соода-өнөр-жай палатасы ортосундагы кызматташтык жөнүндө Макулдашуу;

Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту жана Өзбекстан Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык жана региондор аралык изилдөөлөр институту ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Макулдашуу;

Бишкек шаарынын Мэриясы жана Ташкент шаарынын Хокимияты ортосундагы Макулдашуу; 2017-2019-жылдары чек ара боюндагы региондор ортосундагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү жана кеңейтүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн Биргелешкен иш-чаралар планы;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы региондор аралык кызматташтык жөнүндө Макулдашуу.

  • 0509_01
  • 0509_02
  • 0509_03
  • 0509_04
  • 0509_05
  • 0509_06
  • 0509_07
  • 0509_08
  • 0509_09
  • 0509_10
  • 0509_11
  • 0509_12
  • 0509_13
  • 0509_14
  • 0509_15
  • 0509_16
  • 0509_17
  • 0509_18
  • 0509_19
  • 0509_20
  • 0509_21
  • 0509_22
  • 0509_23
  • 0509_24
  • 0509_25
  • 0509_26