2017-жылдын 14-16-сентябрында, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо, анын ичинде өнөр жай азыктарын, мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы көйгөйлөрүнө арналган «Антиконтрафакт-2017» V Эл аралык форуму өткөрүлдү.
Форумдун уюштуруучулары болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Евразия экономикалык комиссиясы, Россия Федерациясынын өнөр жай жана соода министрлиги жана «Антиконтрафакт» Эл аралык ассоциациясы эсептелет.
Форумдун ишине биринчи вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов катышып, өткөрүлүп жаткан форумдун маанилүүлүгүн белгилеп кетти. Форумга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ЕАЭБ курамына кирген мамлекеттердин жана башка көптөгөн өлкөлөрдүн бизнес жана бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү катышкан.
Форум төмөнкү секциялардын иштеринин пленардык отурумдарынан турду:
Интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды коргоо. Интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды коргоо чөйрөсүндө ЕАЭБдин мүчө-өлкөлөрүнүн аракеттерин координациялоо.
Интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө укук бузууларга бөгөт коюу жаатында укук колдонуу практикасы;
Маркалоо каражаттары жана ыкмалары, өнөр жай продукциясына байкоо жүргүзүү тутумун – Биримдиктин мүчө-өлкөлөрүндө өнөр жай продукциясынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы аракеттенүүнүн технологиялык формаларын түзүү; Контрафактыга каршы аракеттенүү – көмүскө экономикага каршы күрөшүүнүн натыйжалуу ыкмаларынын бири, мамлекеттердин экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу;
Өнөр жай продукциясынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы аракеттенүү жана интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды коргоо чөйрөсүндө кадрдык мүмкүнчүлүктү калыптандыруу;
Өнөр жай продукциясынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы аракеттенүүдө техникалык жөнгө салуунун ролу; Цементтик тармак нотификациянын жол-жоболорун киргизүү боюнча сынамык долбоор;
Автомобилдик запастык бөлүктөрдүн мыйзамсыз чыгарылышына жана жүгүртүлүшүнө каршы аракет көрсөтүү;
Трансчекаралык рыноктордо антимонополиялык контроль: ак ниет эмес атаандаштык;
Санариптик экономикада өнөр жай продукциясынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын ролу; Азык-түлүк коопсуздугу; Фармацевтикалык тармакта өнөр жай продукциясынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы аракеттенүү маселелери;
ЕАЭБдин мүчө-өлкөлөрүнүн бажы органдары тарабынан интеллектуалдык менчик объектилеринин корголушу;
ЕАЭБдин аймагында контрафактылык товарлардын жайылтылыш деңгээлин аныктоого карата ыкмаларды жана тегерек үстөлдөрдү бирдейлештирүү:
Товарлардын сапатын жогорулатуу атаандаштыкка жөндөмдүүлүктүн куралы катары.
Коомчулуктун, бизнестин жана мамлекеттин ачык маеги;
ЕАЭБде өнөр жай продукциясынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү боюнча өз ара аракеттерди өнүктүрүү;
Авторлор, ойлоп табуучулар жана укук ээлери өз укуктары үчүн күрөштө.
Алар баарлашуу форматында интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо, анын ичинде өнөр жай азыктарын, мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы көйгөйлөрү тууралуу пикир алмашышты.
Форумдун жыйынтыгында Кыргызпатенттин атынан эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнө жана өнөктөштөргө Ардак грамоталар жана алкыш каттары берилди. Форумдук катышуучуларынан түшкөн сунуштарды топтоп Форумдун жыйынтыктоо резолюциясына кошуу каралды.