2017-жылдын 5-июлунда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку балл алган республиканын мектептеринин эң мыкты бүтүрүүчүлөрүнө “алтын” сертификаттарды тапшырды.

Президент өзүнүн сөзүндө бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, мындан ары да билимге умтулууга чакырды.

- Эң негизгиси – бул билим. Алтын сертификаттын ээси болуу силер үчүн келечекке күчтүү фундамент коюу болуп саналат.

Өткөн жылдарды эстөө менен мен, мектепте жакшы окуп, күнү-түнү колума китеп кармап көп нерсеге жетишкенимди түшүнөм. Бул жагдай мага колдоо көрсөтүп келет жана мындан ары да колдойт, - деп айтты Президент.

Ошондой эле Алмазбек Атамбаев ар дайым жаныңарда болуп, силерге жардам берип, силерди колдоп келген мугалимдерге жана ата-энеңерге ыраазы болушуңар керек деп билдирди. Мамлекет башчысы бүтүрүүчүлөргө бакыт, ден соолук жана ийгиликтерди каалап, 55 бүтүрүүчүгө “алтын” сертификаттарды ыйгарды.

Мамлекет башчысынын колунун баалуу белектерди да алышты – планшет жана 10 000 сом өлчөмүндө бир жолку стипендия. Ошондой эле Мамлекет башчысынын демилгеси менен жалпы республикалык тестирлөөдө жогорку балл алган региондук мектептердин 15 бүтүрүүчүлөрү баалуу белектер жана акча каражаттары менен сыйланышты.

  • s01
  • s02
  • s03
  • s04
  • s05
  • s06
  • s07
  • s08
  • s09
  • s10
  • s11
  • s12
  • s13
  • s14
  • s15
  • s16
  • s17
  • s18
  • s19
  • s20