2017-жылдын 23-майында Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын ыкчам башкармасында турган кыймылсыз мүлктү сатуу боюнча аукцион болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-декабрындагы № 519-б жана Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын 2017-жылдын 14-февралындагы № 37 буйруктарын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын ыкчам башкаруусунда турган Раззаков көч. 56 дарегинде жайгашкан кыймылсыз мүлк объекттерин сатуу чечими кабыл алынган.

Квартираларды сатуу боюнча өткөрүлгөн аукциондун жыйынтыгы боюнча № 3 лоттун (3 бөлмөлүү квартира, аянты 113,1 ч.м., старттык баасы 6 604 361 сом) жеңүүчүсү болуп Р.Н. Якубов аталды, ал 6 754 361 сомго сатып алды.

№ 1 жана № 2 лоттор боюнча катышуучулар табыштама бербегендиктен, аукцион өткөрүлгөн жок деп табылды.