2017-жылдын 8-июнунда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын кичи залында “Жай, кечкурун, достор” аттуу сезондун акыркы классикалык музыка концерти болот.
Концерттик программада Президенттин “Мана” камералык оркестри, көркөм жетекчиси жана башкы дирижеру – Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Эрнис Асаналиев, Заира Раимбекова (вокал), Саян Исин (тенор) катышат. “Жай, кечкурун, достор” концертинин программасында - В. Моцарттын, И. Штраустун, Л. Андерсондун, А. Вивальдинин, Г. Гендельдин, Ф. Легардын ж.б. чыгармалары жаңырат.
Жайдын кечки убагында, достордун тегерегинде жана музыка дүйнөсүндө угуучулар чыныгы ырахаттанууга мүмкүндүк алышат. Башталышы саат 18.30да. Билеттин баасы 350-400 сом. Билеттер филармониянын кассасында www.ticket.kg. Суроолор жана брондоо үчүн телефондор: (0312) 665921, 0555915374, 0705662485