2017-жылдын 12-14-майында “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында чыгыш европалык өлкөлөрдүн “Байгерлик үчүн биримдик” деген диабетикалык ассоциациялардын XV саммити болуп өттү. Саммитке КМШга кирген мамлекеттердин диабетикалык ассоциациялардын жетекчилери катышты.

Бишкек шаарында 2016-жылдын 7-июнунда КМШга мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйналышында кабыл алынган 2016-2020-жылдарга кант диабетин алдын алуу жана дарылоо боюнча КМШга мүчө-мамлекеттердин мамлекет аралык кызматташуу программасын жүзөгө ашырууда диабетикалык ассоциациялардын катышуусу алгачкы маселелердин бири болду. Программанын негизги иштеп чыгуучусу КМШга мүчө-мамлекеттердин парламенттер аралык ассамблеясынын алдындагы Саламаттыкты сактоо боюнча Эксперттик кеңеш аталды. Бул программанын иш-чараларын жүзөгө ашырууда кант диабети менен ооругандардын санынын төмөндөшүн алдын алуу этабы эң маанилүү болушу мүмкүн.

Кант диабетин алдын алуу жана дарылоону мыйзамдуу жөнгө салуу маселелери 2003-жылдан бери КМШга мүчө-мамлекеттердин парламенттер аралык ассамблеясы тарабынан каралат. КМШ ПАА тарабынан КМШ мейкиндигинде кант диабетинин инфекциялык эмес эпидемиясын алдын алуу маселелери боюнча бир нече негиз салуучу ченемдик укуктук актылар иштелип чыккан,  анын ичинде “Кант диабети менен ооруган КМШнын жарандарын медикалык-социалдык коргоонун негиздери жөнүндө” моделдик мыйзамы, кант диабети оорусунун өсүшү менен күрөшүүдө КМШнын мүчө-мамлекеттеринин кызматташуусу жөнүндө Макулдашуунун долбоору.


 

  • 01_12052017
  • 02_12052017
  • 03_12052017
  • 04_12052017
  • 05_12052017
  • 06_12052017
  • 07_12052017