2017-жылдын 14-апрелинде “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйыны жана Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын формалдуу эмес жолугушуусу болуп өттү.

ЕАЭБте 2017-жылы төрагалык кылган Кыргызстандын борборуна, беш мамлекеттин – Беларуссия, Казахстан, Россия, Тажикстан жана Молдованын президенттери келишти.

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынын жыйынтыгында “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында документтерге кол коюу аземи болуп өттү. Евразия экономикалык бирлигине кирген мүчө-мамлекеттердинбашчылары төмөнкү документтерге кол коюшту:

1. Молдова Республикасынын Евразиялык экономикалык биримдикте байкоочу мамлекеттин статусун алуу ниетин жактыруу. - Евразиялык экономикалык комиссия белгиленген тартипте мүчө мамлекеттер менен бирге ЕАБдин алдындагы байкоочу мамлекеттин статусу жөнүндө Жобону иштеп чыгып жана ЖЕЭКтин кезектеги жыйынында бекитүү үчүн берсин. - ушул чечимдин 2-пунктунда каралган Жобо бекитилгенден кийин Молдова Республикасына байкоочу мамлекеттин статусун берүү чечимин кабыл алсын. - Евразиялык экономикалык биримдиктин органдарынын 2016-жылдагы тышкы аудитти (көзөмөлдү) ишке ашыруунун жыйынтыктары жөнүндө. 2. Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн 2017-2018-жылдарга макроэкономикалык саясатынын негизги багыттары жөнүндө.

3. Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегия мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө ( 2 чечим).

4. Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегия мүчөсүн дайындоо жөнүндө (2 чечим). 5. Евразиялык экономикалык комиссиянын Иш регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (2 чечим). 6. Евразиялык экономикалык жамааттын мамлекеттер аралык чечими күчү жоготконун таануу жөнүндө.


Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынынын ишин чагылдыруу боюнча
Пресс-борбор
(2017-жылдын 14-апрели)

  • 20170414_111550
  • 20170414_111642
  • 20170414_115448
  • 20170414_115727
  • 20170414_120655
  • 20170414_121756
  • 20170414_121850
  • 20170414_121910
  • 20170414_122332
  • 20170414_133727
  • 20170414_133831
  • 20170414_133852
  • 20170414_133912
  • 20170414_133934
  • 20170414_134019
  • 20170414_143713
  • 20170414_143744