КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ

2021-жылдын 11-октябры № 122

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө

1-глава. Жалпы жоболор

1-берене. Жөнгө салуу предмети. Аткаруу бийлигинин органдарынын тутуму

1. Ушул конституциялык Мыйзам төмөнкүнү аныктайт:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетин (мындан ары - Министрлер Кабинети), аткаруу бийлигинин башка органдарын түзүүнүн жана ишин уюштуруунун тартибин, алардын укуктук статусун;

2) Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилеринин, алардын орун басарларынын укуктарын, милдеттерин, жоопкерчилигин, укуктук коргоосун жана социалдык кепилдиктерин.

2. Аткаруу бийлигинин органдарынын тутумун төмөнкүлөр түзөт:

1) Кыргыз Республикасынын Президенти (мындан ары - Президент);

2) Министрлер Кабинети;

3) министрликтер жана мамлекеттик комитеттер;

4) администрациялык ведомстволор;

5) Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү (мындан ары -ыйгарым укуктуу өкүл);

6) жергиликтүү мамлекеттик администрациялар.

3. Президент аткаруу бийлигине башчылык кылат жана ишин жетектейт.

4. Президент Президентке караштуу мамлекеттик органдарды жана мекемелерди түзүүгө укуктуу.

2-берене. Министрлер Кабинетинин укуктук статусу

1. Министрлер Кабинети Президентке баш ийген жана отчет берген аткаруу бийлигинин жогорку коллегиалдуу органы болуп саналат.

2. Министрлер Кабинети ага баш ийген органдардын ишин жетектейт.

3. Министрлер Кабинети өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын (мындан ары - Конституция), ушул конституциялык Мыйзамдын, мыйзамдардын жана Президенттин актыларынын негизинде жана аткаруу үчүн жүргүзөт.

3-берене. Министрлер Кабинетинин ишинин негизги принциптери

Министрлер Кабинети өз ишинде төмөнкү негизги принциптерге негизденет:

1) адилеттиктин жана мыйзамдын үстөмдүгү;

2) Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн коллегиалдуулугу, жеке жоопкерчилиги;

3) коомго пайдалуулук;

4) мамлекеттик органдардын ортосундагы, ошондой эле мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы функцияларды жана ыйгарым укуктарды чектөө;

5) айкындык жана ачыктык;

6) өз иши үчүн Президенттин алдындагы жоопкерчилиги;

7) Конституцияда жана ушул конституциялык Мыйзамда каралган формада Президентке жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине (мындан ары - Жогорку Кеңеш) отчеттуулугу.

2-глава. Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы. Министрлер Кабинетинин курамын түзүүнүн тартиби

4-берене. Министрлер Кабинетинин түзүмү

1. Министрлер Кабинети өзүнө министрликтерди жана мамлекеттик комитеттерди камтыйт.

2. Министрлер Кабинетинин түзүмүн Президент аныктайт. Министрлер Кабинетинин түзүмүн Министрлер Кабинетинин ишинин жүрүшүндө Президент жеке демилгеси боюнча же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын сунушу боюнча өзгөртүшү мүмкүн.

3. Министрлер Кабинетинин түзүмүнүн өзгөрүшү Министрлер Кабинетинин кызматтан кетүүсүнө алып келбейт.

5-берене. Министрлер Кабинетинин курамы

1. Министрлер Кабинети Министрлер Кабинетинин Төрагасынан, анын орун басарларынан, министрлерден жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларынан турат.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси болуп саналат.

2. Министрлер Кабинетинин курамын Конституцияда жана ушул конституциялык Мыйзамда аныкталган тартипте Президент аныктайт.

6-берене. Министрлер Кабинетинин курамын түзүүнүн, бош кызмат орундарына Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн дайындоонун тартиби

1. Министрлер Кабинетинин Төрагасын, анын орун басарларын, министрлерди жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларын (мындан ары - Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү) Жогорку Кеңештин макулдугу менен Президент дайындайт.

Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн дайындоо ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген талаптарды жана чектөөлөрдү эске алуу менен жүргүзүлөт.

2. Президент кызматка киришкен күндөн баштап 3 жумуш күндүн ичинде Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн талапкерлигин Жогорку Кеңешке макулдашууга киргизет.

Министрлер Кабинетинин иштеп жаткан курамы (айрым мүчөсү) кызматтан кеткен учурда Президент Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн (айрым мүчөсүнүн) талапкерлигин мындай кызматтан кетүүнү кабыл алган күндөн баштап 3 жумуш күндүн ичинде киргизет.

3. Жогорку Кеңеш 7 календардык күндүн ичинде Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн (айрым мүчөлөрүнүн) талапкерлигин карайт жана дайындоого макулдук берүү жөнүндө же макулдук берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алат.

Эгерде Жогорку Кеңеш киргизилген талапкерлер боюнча чечимди белгиленген мөөнөттө кабыл албаса, анда алар макулдашылды деп эсептелет.

4. Министрлер Кабинетинин курамына (айрым мүчөсүнө) макулдашылган талапкерлер боюнча Президент аларды дайындоо жөнүндө жарлыкты 2 жумуш күндүн ичинде чыгарат.

5. Эгерде Жогорку Кеңеш Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана башка мүчөлөрүнүн (айрым мүчөсүнүн) дайындалышына макулдук берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алса, Президент 3 жумуш күндүн ичинде Жогорку Кеңешке башка талапкерлерди же мурда сунушталган талапкерлерди кайталап макулдашууга киргизет.

Министрлер Кабинетинин Төрагасын дайындоого макулдук берүүдөн баш тартуу Министрлер Кабинетинин башка мүчөлөрүнүн талапкерлигин Жогорку Кеңеш тарабынан кароосунун токтотулушуна алып келет.

6. Жогорку Кеңеш Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана башка мүчөлөрүнүн (айрым мүчөсүнүн) кайталап киргизилген же жаңы талапкерлигин 7 календардык күндүн ичинде карайт жана дайындоого макулдук берүү жөнүндө же макулдук берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алат.

7. Эгерде ушул берененин 6-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде Жогорку Кеңеш жаңы же кайталап киргизилген талапкерлерди карабаса же карап жана макулдук бербесе, анда Президент ушул мөөнөт аяктагандан кийин аларды Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана башка мүчөлөрүнүн (айрым мүчөсүнүн) кызмат ордуна дайындоого укуктуу.

8. Кызмат ордуна дайындалган Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана башка мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары ант берген күндөн баштап пайда болот.

7-берене. Министрлер Кабинетинин мүчөсүнүн анты

1. Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана башка мүчөлөрү кызмат ордуна дайындалгандан кийин төмөнкү мазмундагы ант беришет:

"Мен ... Кыргыз Республикасынын ... кызматына киришип жатып, Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын ыйык сактоого; өзүмдүн милдеттеримди ак ниет жана таза аткарууга жана Кыргызстан элине кызмат кылууга ант берем. Берген антымды бузганым үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликти тартууга даярмын.".

2. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана башка мүчөлөрүнүн анты Президенттин, Жогорку Кеңештин депутаттарынын катышуусунда берилет.

8-берене. Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери үчүн белгиленген талаптар жана чектөөлөр

1. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана Министрлер Кабинетинин башка мүчөсүнүн, аткаруу бийлигинин башка органынын жетекчисинин кызмат орундарын жогорку билимге ээ, мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 10 жылдан кем эмес иш стажы бар, анын ичинде жетекчи кызмат орундарында 5 жыл, ошондой эле тийиштүү иш чөйрөсүндө 10 жылдан кем эмес жетекчилик иш тажрыйбасы бар адамдар ээлей алат.

2. Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана Министрлер Кабинетинин башка мүчөсү, аткаруу бийлигинин башка органынын жетекчиси болуп төмөнкү адамдар дайындалышы мүмкүн эмес:

1) Кыргыз Республикасынын жараны болбогон;

2) башка мамлекеттин жарандыгы бар;

3) ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген талаптарга ылайык келбеген;

4) сот тарабынан аракетке жөндөмсүз же чектелүү аракетке жөндөмсүз деп табылган, же болбосо ага карата соттун чечими менен мамлекеттик кызматчы катары ишти жүзөгө ашырууга же мамлекеттик кызматта кызмат ордун ээлөөгө тыюу салынган;

5) мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган соттуулугу барлар.

3. Министрлер Кабинетинин мүчөсү, аткаруу бийлигинин башка органынын жетекчиси төмөнкүлөргө укуксуз:

1) Жогорку Кеңештин же башка шайлануучу органдын депутаты болууга;

2) мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында башка кызматтарды ээлөөгө;

3) ишкердик иш жүргүзүүгө, коммерциялык уюмда кызмат ордун ээлөөгө;

4) мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында үчүнчү жактардын иштери боюнча өкүл болууга;

5) кызматтык иш үчүн арналган маалыматтарды, материалдык-техникалык, финансылык жана маалыматтык камсыз кылуу каражаттарын кызматтык эмес максаттарда пайдаланууга;

6) кызматтык ыйгарым укуктарды аткаруу менен байланышкан аракеттерди (аракетсиздикти) жасагандыгы үчүн белек, акча жана кызмат көрсөтүү түрүндө сый акыларды жеке жана юридикалык жактардан алууга, буга протоколдук жана башка расмий иш-чараларды өткөрүүдөгү символикалуу сувенирлер кирбейт;

7) жеке жана юридикалык жактардын эсебинен кызматтык иш сапарларга жана башка кыдырууларга барууга, буга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык же Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын чет мамлекеттердин мамлекеттик органдары, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдар менен макулдашуулары боюнча өз ара негизде жүргүзүлүүчү кызматтык иш сапарлар кирбейт;

8) эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса же мамлекеттик бийлик органдарынын чет мамлекеттердин мамлекеттик органдары, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдар менен макулдашуулары боюнча өз ара негизде, Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген чет өлкөлүк коммерциялык эмес өкмөттүк эмес уюмдардын, алардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башкаруу органдарынын, камкордук же байкоочу кеңештеринин курамына кирүүгө;

9) мамлекеттик кызматчынын өзүнүн жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн, ошондой эле анын жакын туугандары болуп эсептелген адамдардын жеке кызыкчылыктарына түздөн-түз таасир тийгизген маселелерди чечүү максатында өзүнүн кызматтык абалын пайдаланууга;

10) өзүнүн кызматтык ишине байланыштуу жана кызмат убагында саясий партияларды түзүүгө, катышууга же алардын ишине кандайдыр бир формада көмөк көрсөтүүгө;

11) референдум жана шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде кызмат ордунун же кызмат абалынын артыкчылыктарын жана административдик ресурстун башка түрлөрүн колдонууга;

12) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштешине тоскоолдук жаратуучу иш таштоолорду, митингдерди жана башка иш-чараларды уюштурууга же аларга катышууга.

4. Министрлер Кабинетинин мүчөсү, аткаруу бийлигинин башка органынын жетекчиси аталган кызматка киришкен күндөн баштап бир айдын ичинде коммерциялык уюмдардын уставдык капиталындагы өзүнүн менчигинде турган үлүшүн (акциялардын пакетин) кызмат ордунда болгон мезгилге мыйзамда белгиленген тартипте ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүүгө милдеттүү.

5. Министрлер Кабинетинин мүчөсүнүн, аткаруу бийлигинин башка органынын жетекчисинин милдеттеринен жеке кызыкчылыгын жогору коюусуна (кызыкчылыктардын кагылышуусуна) жол берилбейт. Министрлер Кабинетинин мүчөсү, аткаруу бийлигинин башка органынын жетекчиси мамлекеттик кызматчынын этикасын сактоого милдеттүү.

6. Министрлер Кабинетинин мүчөсү, аткаруу бийлигинин башка органынын жетекчиси аталган кызматка киришкен күндөн баштап 7 жумуш күндөн кечиктирбестен Министрлер Кабинетинин мүчөсүнүн, аткаруу бийлигинин башка органынын жетекчисинин кызматына ылайык келбеген ыйгарым укуктарын жана милдеттерин токтотууга, ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасына өздүк (жеке) кызыкчылыктар жөнүндө декларация тапшырууга тийиш.

7. Ушул беренеде белгиленген талаптарды жана чектөөлөрдү бузган учурда Министрлер Кабинетинин мүчөсү, аткаруу бийлигинин башка органынын жетекчиси ээлеген кызматынан бошотулат.

9-берене. Министрлер Кабинетинин мүчөсүнүн ишинин кепилдиктери

1. Министрлер Кабинетинин мүчөсү ага ишенип берилген органдын ишин уюштуруу жана ага жүктөлгөн ыйгарым укуктарды аткарууну камсыздоо, өзүнүн милдеттерин аткаруу менен байланыштуу айтылган ой-пикирлери, Министрлер Кабинетинин кабыл алынган чечимдери же мурда кабыл алынган ченемдик укуктук актыларын аткаруу үчүн куугунтуктоого алынышы мүмкүн эмес.

Министрлер Кабинетинин мүчөсүнө карата анын кесиптик ишине байланыштуу кылмыш-жаза иши Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан гана козголушу мүмкүн.

2. Министрлер Кабинетинин мүчөсү өзүнүн кызматтык иши үчүн республикалык бюджеттин эсебинен акчалай сыйакы алат жана Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган социалдык пакет менен камсыздалат.

3. Министрлер Кабинетинин мүчөсү Министрлер Кабинети белгилеген учурларда жана шарттарда кызматтык турак жай алуу укугуна ээ. Кызматтык турак жай менчиктештирилүүгө жатпайт. Министрлер Кабинетинин мүчөсү кызматтык турак жайды Министрлер Кабинетинин мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтоткон күндөн баштап бир айлык мөөнөттө бошотот.

4. Мамлекеттик орган жоюлгандыгына, кайра уюштурулгандыгына байланыштуу, ошондой эле Министрлер Кабинетинин кызматтан кетүүсүнөн улам кызматынан бошотулган Министрлер Кабинетинин мүчөсү эки орточо айлык эмгек акы өлчөмүндө компенсация алат.

Эгерде Министрлер Кабинетинин кызматтан бошотулган мүчөсү Министрлер Кабинетинин жаңы курамынын мүчөсү же болбосо административдик ведомствонун жетекчиси болуп дайындалса же башка ишке өтсө, ушул бөлүктө каралган компенсация төлөнүп берилбейт.

5. Кызматтык ишин аткарууга байланыштуу өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө кол салуу коркунучу бар болгондо Министрлер Кабинетинин мүчөсү мамлекеттик коргоо менен камсыз кылынат. Зарыл болгондо коопсуздук чаралары Министрлер Кабинетинин мүчөсүнүн жубайына жана жакын бир туугандарына карата колдонулушу мүмкүн.

Коопсуздук чараларын колдонуунун шарттары жана тартиби Министрлер Кабинетинин чечими менен белгиленет.

6. Ушул берененин 1-5-бөлүктөрүндө каралган кепилдиктер аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерине карата да колдонулат.

10-берене. Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү

1. Министрлер Кабинети Президенттик ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн чегинде иштейт.

2. Жаңы шайланган Президенттин кызматка киришүүсү Министрлер Кабинетинин бүткүл курамынын кызматтан кетүүсүнө жана анын ыйгарым укуктарынын токтотулушуна алып келет.

11-берене. Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн кызматтан кетүүсү. Министрлер Кабинетинин мүчөсүнүн кызматтан бошотулушу

1. Министрлер Кабинети же болбосо Министрлер Кабинетинин айрым мүчөсү кызматтан кетүү жөнүндө өтүнүч берүүгө укуктуу. Кызматтан кетүүнү Президент кабыл алат же четке кагат.

2. Президенттин Министрлер Кабинетинин Төрагасынын кызматтан кетүүсүн кабыл алуусу жана аны кызматтан бошотуусу Министрлер Кабинетинин бүткүл курамынын кызматтан кетүүсүнө алып келбейт.

3. Президент өзүнүн демилгеси боюнча же болбосо Жогорку Кеңештин же Элдик Курултайдын сунушун эске алып, Министрлер Кабинетинин Төрагасын же Министрлер Кабинетинин башка мүчөсүн кызматтан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.

4. Министрлер Кабинетинин Төрагасы же Министрлер Кабинетинин башка мүчөсү ээлеген кызматынан төмөнкү учурларда бошотулушу мүмкүн:

1) Президент аныктаган мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттары менен макул болбосо же аларды талаптагыдай эмес ишке ашырса;

2) ишеним жоголсо;

3) республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө Министрлер Кабинетинин отчету Жогорку Кеңеш тарабынан канааттандырарлык эмес деп таанылса;

4) ал антты бузса;

5) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкса же болбосо башка мамлекеттин жарандыгын алса;

6) башка ишке которулса же шайлануучу кызматка шайланса, ээлеген кызмат ордуна шайкеш келбеген иш менен алектенсе;

7) ал жетектеген мамлекеттик орган кайра уюштурулса жана жоюлса;

8) ага карата соттун айыптоочу өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирсе;

9) ага карата медициналык мүнөздөгү мажбурлоочу чараларды колдонуу же болбосо медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалы боюнча өзүнүн ыйгарым укуктарын жүргүзүшү мүмкүн эместиги жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирсе;

10) каза болсо же сот адамды каза болгон же дайынсыз жок болгон, аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелүү деп тааныса;

11) ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген талаптарды жана чектөөлөрдү бузса.

5. Министрлер Кабинети кызматтан кеткен учурда Министрлер Кабинетинин мурдагы курамы Министрлер Кабинетинин жаңы курамы түзүлгөнгө чейин өзүнүн милдеттерин аткарууну улантат.

6. Министрлерди, мамлекеттик комитеттердин төрагаларын кызмат ордунан бошотуу жөнүндө чечим соттук тартипте даттанылууга жатпайт.

7. Ушул берененин 4-бөлүгүнүн жоболору министрлердин орун басарларына, мамлекеттик комитеттердин төрагаларынын орун басарларына, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерине жана алардын орун басарларына карата да бирдей колдонулат.

12-берене. Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын аткаруудан четтетүү

1. Министрлер Кабинетинин мүчөсү ага карата кызматтык тергөө жүргүзүү мезгилине же тергөө жана соттук териштирүү мезгилинде өзүнүн ыйгарым укуктарын аткаруудан Президент тарабынан мыйзамга ылайык четтетилиши мүмкүн.

2. Министрлер Кабинетинин мүчөсү өзүнүн ыйгарым укуктарын аткаруудан четтетилген мезгилде ага эмгек акы эсептөө жана төлөө токтотулуп турат.

3. Эгерде баштапкы тергөөнүн, тергөөнүн же соттук териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча Министрлер Кабинетинин мүчөсүнүн күнөөсү ырасталбаса, ага четтетүү мезгилиндеги эсептөөсү жана төлөөсү токтотулуп турган эмгек акысынын орду толтурулат.

3-глава. Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктары жана жоопкерчилиги

13-берене. Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктары

1. Министрлер Кабинети Конституцияга жана мыйзамдарга ылайык Президенттин жана Жогорку Кеңештин, соттордун, өзгөчө статуска ээ башка мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына кирген маселелерден тышкары, мамлекеттик башкаруунун бардык маселелерин чечет.

2. Министрлер Кабинети:

1) Конституцияны, мыйзамдарды жана Президенттин актыларын аткарууну камсыз кылат, Конституциянын, мыйзамдардын, Президенттин актыларынын, кайрылууларынын жана тапшырмаларынын негизинде жана аларды аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында аткарууга милдеттүү болгон токтомдорду жана тескемелерди чыгарат, алардын аткарылышын контролдоону камсыз кылат;

2) мамлекеттин ички жана тышкы саясатын ишке ашырат;

3) улуттук программаларды иштеп чыгат жана Президентке бекитүүгө киргизет жана алардын ишке ашырылышын камсыз кылат;

4) мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти коргоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча чараларды ишке ашырат;

5) мамлекеттик эгемендикти, аймактык бүтүндүктү коргоо, конституциялык түзүлүштү сактоо боюнча чараларды, ошондой эле коргонуу жөндөмдүүлүгүн, улуттук коопсуздукту чыңдоо жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча чараларды ишке ашырууну камсыз кылат;

6) бюджеттик-финансылык, баалык, тарифтик, инвестициялык, тышкы экономикалык, салыктык жана бажылык саясатты аткарууну камсыз кылат;

7) социалдык-экономикалык чөйрөдө, жаштар саясаты, маданият, искусство, туризм, спорт, илим, интеллектуалдык менчик, билим берүү, саламаттык сактоо, эмгек, ишке орноштуруу жана миграция, этностор аралык мамилелер, балдарды коргоо жана гендердик теңдик, социалдык камсыз кылуу, жаратылышты коргоо, экологиялык коопсуздук жана жаратылышты пайдалануу, жер ресурстарын башкаруу жана жер мамилелерин жөнгө салуу; архитектура, шаар куруу жана курулуш иши, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат, статистика, мамлекеттик тилди, тоолуу аймактарды өнүктүрүү жана башка чөйрөлөрдө бирдиктүү мамлекеттик саясатты аткарууну камсыз кылат;

8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин аткарылышын камсыз кылат; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте эл аралык келишимдерди түзүү жөнүндө чечим кабыл алат, мындай келишимдерди узартат же бузат; Кыргыз Республикасынын жарандарын анын аймагынан тышкары жерлерде коргойт; Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар менен өз ара мамилелерди өнүктүрүүнү камсыз кылат;

9) Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн жана консулдук мекемелерин жана Кыргыз Республикасынын эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлчүлүктөрүн ачууну камсыз кылат;

10) республикалык бюджетти иштеп чыгат жана Жогорку Кеңешке берет жана анын аткарылышын камсыз кылат;

11) менчиктин бардык түрлөрүн өнүктүрүүнүн бирдей шарттарын камсыз кылуу жана аларды коргоо, мамлекеттик менчик объекттерин башкаруу боюнча чараларды ишке ашырат;

12) мамлекеттик мүлктүн менчик ээсинин укуктарын ишке ашырат, мамлекеттик ишканаларды жана мекемелерди түзөт, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигин менчиктештирүүнү уюштурат;

13) мамлекеттик материалдык резервдин объекттерин, товардык-материалдык баалуулуктарын башкаруу жана Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды көрөт;

14) жалпы мамлекеттик программаларды иштеп чыгат, бекитет жана алардын ишке ашуусун камсыз кылат;

15) тышкы экономикалык ишти жүргүзүүнү камсыз кылат;

16) техникалык жөнгө салуу жаатындагы ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат; товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн ата мекендик өндүрүүчүлөрүнүн кызыкчылыктарын коргоо боюнча чараларды көрөт;

17) бирдиктүү монополияга каршы жана атаандаштык саясатын жүргүзүүнү камсыз кылат;

18) экономикалык мейкиндиктин бирдейлигин жана экономикалык иштин эркиндигин, товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана финансылык каражаттардын эркин жүгүртүлүшүн камсыз кылат;

19) республиканын экономикалык жана финансылык тутумун чыңдоо боюнча чараларды иштеп чыгат жана жүргүзөт;

20) бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуунун чараларын иштеп чыгат, бекитет жана ишке ашырат;

21) мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча чараларды көрөт;

22) ушул конституциялык Мыйзамда каралган учурларда мыйзамдардын долбоорлоруна расмий корутундуларды берет;

23) министрлердин, мамлекеттик комитеттердин төрагаларынын, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилеринин, ошондой эле өткөрүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар жагында жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларынын отчётторун угат;

24) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жоболорун, башкаруу схемаларын жана чектик штаттык санын бекитет;

25) консультациялык-кеңеш берүүчү органдарды түзөт;

26) эркин экономикалык зоналар жөнүндө жобону жана аларды өнүктүрүү программаларын бекитет;

27) Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасын жана башка сыйлыктарды уюштурат, алар менен сыйлоонун негиздерин жана тартибин аныктайт;

28) класстык чендерди, аскердик наамдарды жана атайын наамдарды ыйгаруу тартибин аныктайт;

29) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, аткаруу бийлигинин башка органдарынын актыларын жокко чыгарат;

30) мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын материалдык-техникалык жактан камсыз болушун уюштурат;

31) жарандык коом жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат;

32) Конституция, ушул конституциялык Мыйзам жана мыйзамдар менен анын карамагына кирген башка ыйгарым укуктарды аткарат.

3. Министрлер Кабинети ушул конституциялык Мыйзамда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктардан алганда, аларды аткаруу боюнча функцияларды министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, аткаруу бийлигинин башка органдарынын ортосунда бөлүштүрөт.

4. Министрлер Кабинетинин иши Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы тарабынан камсыз кылынат.

14-берене. Министрлер Кабинетинин отчеттуулугу жана жоопкерчилиги

1. Министрлер Кабинети өз ишинде Президент тарабынан аныкталуучу мамлекеттин ички жана тышкы саясатын ишке ашырууга Президенттин алдында отчет берет жана жооптуу.

Министрлер Кабинетинин Президент менен өз ара аракеттенүүсүнүн Конституция жана ушул конституциялык Мыйзам менен жөнгө салынбаган маселелери Президент тарабынан аныкталат.

Президент Министрлер Кабинетинин Төрагасына, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнө жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерине тартиптик жаза чарасын колдонууга, ошондой эле аларга сыйлоо чараларын колдонууга укуктуу.

2. Министрлер Кабинети жыл сайыл 1-майдан кечиктирбестен республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө Жогорку Кеңешке отчет берет.

3. Жогорку Кеңеш республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө Министрлер Кабинетинин отчеттук угуунун жыйынтыктары боюнча канааттандырарлык эмес деп таанууга укуктуу.

Министрлер Кабинетинин отчету канааттандырарлык эмес деп таанылган учурда Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн жоопкерчилиги Президент тарабынан каралат.

4-глава. Министрлер Кабинетинин ишин уюштуруу тартиби

15-берене. Министрлер Кабинетинин иши

1. Министрлер Кабинетинин ишин Министрлер Кабинетинин Төрагасы Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү менен жыйналыштарды, консультацияларды жана жолугушууларды өткөрүү, алардын чыгып сүйлөөлөрү жана чечимдерди кабыл алуу аркылуу уюштурат.

2. Министрлер Кабинетинин ишин уюштуруунун жогорку формасы жыйналыш болуп саналат. Министрлер Кабинетинин жыйналыштары зарылчылыкка жараша, бирок айына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.

Президент Министрлер Кабинетинин жыйналыштарында төрагалык кылат.

Министрлер Кабинетинин жыйналыштары Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан чакырылышы жана анын төрагалыгы астында өткөрүлүшү мүмкүн.

Президент Министрлер Кабинетинин кезексиз жыйналыштарын чакырууга укуктуу.

3. Министрлер Кабинетинин жыйналыштарынын күн тартиби төрагалык кылуучу тарабынан аныкталат.

4. Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү Министрлер Кабинетинин жыйналыштарына катышат жана жеке добуш берет. Төрагалык кылуучунун чечими боюнча Министрлер Кабинетинин жыйналышына башка адамдар да чакырылышы мүмкүн.

5. Министрлер Кабинетинин жыйналышы, эгерде ага Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмеси катышса ыйгарым укуктуу болот.

6. Министрлер Кабинетинин жыйналыштарында чечимдер Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең чыккан учурда төрагалык кылуучу добуш берген чечим кабыл алынды деп эсептелет.

Министрлер Кабинетинин жалпы улуттук, стратегиялык маанидеги, ошондой эле бүтүндөй мамлекеттин кызыкчылыгын козгогон маселелер боюнча чечимдери Министрлер Кабинетинин жыйналыштарында гана кабыл алынат.

Министрлер Кабинети өзүнүн жабык жыйналыштарында айрым маселелерди кароого укуктуу.

7. Министрлер Кабинетинин жыйналыштарын даярдоо, өткөрүү жана чечимдерди кабыл алуу тартиби, ошондой эле бүтүндөй мамлекеттин кызыкчылыгын козгогон жана жалпы улуттук, стратегиялык маанидеги маселелердин тизмеги Министрлер Кабинети бекиткен Министрлер Кабинетинин Регламенти менен аныкталат.

Ушул берененин 6-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маселелерди кошпогондо, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары тарабынан демилгеленген Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлору Министрлер Кабинетинин кароосуна Министрлер Кабинетинин Регламентинде аныкталган Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү жана демилгечилер менен милдеттүү макулдашуу менен гана киргизилет.

8. Министрлер Кабинети өзүнүн жыйналыштарында каралууга жаткан маселелер жана алар боюнча кабыл алынган чечимдер жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жарандарга маалымат берет.

9. Министрлер Кабинетинин ачык жыйналышынын видео жана аудио жазып алуулары толук көлөмдө, кыскартылбай, жыйналыш өткөрүлгөндөн кийин 2 жумуш күндүн ичинде Министрлер Кабинетинин расмий сайтына же болбосо Министрлер Кабинетинин расмий сайтына шилтемелерди милдеттүү жайгаштыруу менен жалпыга жеткиликтүү видеопорталдарга жарыяланат. Министрлер Кабинетинин жыйналышынын видео же аудио жазып алууларын белгиленген мөөнөттө жарыялоого мүмкүн болбогондо, коомчулук жазып алуулар жарыялана турган мөөнөт жөнүндө маалымдалууга тийиш.

Жабык жыйналыштарды жазып алуулар жашырындуулук режимин сактоо менен сакталат.

10. Министрлер Кабинетинин чечимдери Министрлер Кабинетинин Регламентинде каралган тартипте Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнөн жазуу жүзүндө сурап-билүү жолу менен жыйналыш өткөрбөстөн кабыл алынууга тийиш.

16-берене. Министрлер Кабинетинин кеңеш берүүчү органдары жапа жумушчу топтору

Экономиканын тармактарын же мамлекеттик башкаруу чөйрөлөрүн өнүктүрүү менен байланышкан сунуштарды даярдоо, Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун иштеп чыгуу жана алар боюнча пикир келишпестиктерди кароо, ошондой эле Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын айрым тапшырмаларын аткаруу үчүн комиссиялар, жумушчу, эксперттик топтор жана башка консультативдик-кеңеш берүүчү органдар түзүлүшү мүмкүн.

17-берене. Министрлер Кабинетинин ченемдик жана ченемдик эмес укуктук актылары, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын актылары

1. Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актылары токтомдор түрүндө, ченемдик эмес укуктук актылары тескемелер түрүндө кабыл алынат.

2. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелери анын компетенциясына кирген маселелер боюнча чыгарылат.

3. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери алар тарабынан киргизилген жана макулдашылган Президенттин, Министрлер Кабинетинин же Министрлер Кабинетинин Төрагасынын актыларынын долбоорлорунун, ошондой эле Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын мыйзам чыгаруу демилгелеринин алкагында демилгеленген мыйзам долбоорлорунун мыйзамдуулугу, негиздүүлүгү жана аныктыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.

4. Президенттин жарлыктары, тескемелери, Министрлер Кабинетинин токтомдору жана тескемелери, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелери Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында министрликтер, мамлекеттик комитеттер, аткаруу бийлигинин башка органдары, башка мамлекеттик органдар, мекемелер жана уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары жана жарандар тарабынан аткарылууга милдеттүү.

5. Министрлер Кабинетинин ченемдик жана ченемдик эмес укуктук актыларын кабыл алуу тартиби, ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасынын мыйзам чыгаруу демилгесинин алкагында демилгеленген мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү тартиби ченемдик укуктук актылар жөнүндө мыйзамдар жана Министрлер Кабинетинин Регламенти менен аныкталат. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелерин кабыл алуу тартиби Министрлер Кабинетинин Регламенти менен аныкталат.

6. Министрлер Кабинетинин токтомдоруна жана тескемелерине алар Президент төрагалык кылган Министрлер Кабинетинин жыйналыштарында кабыл алынган учурларды кошпогондо, Министрлер Кабинетинин Төрагасы кол коёт, ал эми ал жок болгон учурда - Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары кол коёт.

7. Мамлекеттик же башка мыйзам менен корголуучу сырды түзгөн маалыматтарды, ошондой эле купуя мүнөздөгү маалыматтарды камтыган актыларды кошпогондо, Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо аларды колдонуу үчүн милдеттүү шарт болуп саналат.

Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоонун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

8. Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин колдонуу аларды жокко чыгаруу же күчүн жоготууга берүү жолу менен токтотулушу мүмкүн. Министрлер Кабинетинин токтомдору жана тескемелери Президенттин жарлыктары жана тескемелери, Министрлер Кабинетинин токтомдору жана тескемелери, ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелери Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелери менен жокко чыгарылышы мүмкүн.

9. Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын ченемдик жана ченемдик эмес укуктук актыларын жокко чыгаруу тартиби, негиздери жана кесепеттери ченемдик укуктук актылар жөнүндө мыйзамдар менен аныкталат.

10. Министрлер Кабинетинин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын актылары сотто даттанылышы мүмкүн.

5-глава. Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары жана жоопкерчилиги

18-берене. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын ыйгарым укуктары

1. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Министрлер Кабинетине жетекчиликти жүзөгө ашырган, анын ишинин багытын аныктаган жана анын ишин уюштурган аткаруу бийлигинин кызмат адамы болуп саналат.

2. Министрлер Кабинетинин Төрагасы:

1) Министрлер Кабинетин жетектейт, анын иши үчүн Конституцияда жана ушул конституциялык Мыйзамда каралган чектерде Президенттин, Жогорку Кеңештин алдында жеке жоопкерчилик тартат;

2) Конституцияны, мыйзамдарды жана Президенттин актыларын жана тапшырмаларын аткаруу бийлигинин бардык органдары тарабынан аткарылышын камсыз кылат;

3) Кыргыз Республикасында жана анын чегинен тышкары Министрлер Кабинетинин атынан чыгат;

4) Президент тарабынан аныкталуучу мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын багыттарынын алкагында Министрлер Кабинетинин ишинин негизги багыттарын аныктайт;

5) Президентке Кыргыз Республикасынын тышкы жана ички саясатынын негизги багыттары, Министрлер Кабинетинин түзүмүн өзгөртүү боюнча сунуштарды киргизет;

6) Министрлер Кабинетинин жана ага баш ийген аткаруу бийлигинин органдарынын ишин уюштурат;

7) жыйналыштарда Президент төрагалык кылган учурларды кошпогондо, Министрлер Кабинетинин жыйналыштарында төрагалык кылат;

8) Министрлер Кабинетинин токтомдоруна, тескемелерине, Министрлер Кабинетинин жыйналыштарынын протоколдоруна кол коёт;

9) анын компетенциясына кирген маселелер боюнча тескемелерди чыгарат;

10) Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларына ыйгарым укуктарды бөлүп берет;

11) Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын, министрлердин, мамлекеттик комитеттердин төрагаларынын, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилеринин ишин координациялайт жана контролдойт;

12) мыйзамда белгиленген тартипте сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана өкмөттөр аралык жана башка эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга кол коёт;

13) мыйзам долбоорлорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет;

14) Жогорку Кеңеш тарабынан кезексиз тартипте каралууга тийиш болгон кечиктирилгис мыйзам долбоорлорунун тизмесин аныктайт;

15) Президент тарабынан кызматка дайындала турган жана кызматтан бошотула турган коргоо, коомдук тартипти камсыз кылуу, улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларын (анын ичинде биринчи орун басарын) кошпогондо, министрлердин жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларынын сунушу боюнча министрлердин жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларынын орун басарларын (анын ичинде биринчи орун басарын) кызматка дайындайт;

16) кабыл алынган чечимдерге жана саясий жетекчилик тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясатка аткарган иши ылайык келбеген негиздер боюнча Президент тарабынан кызматтан бошотула турган коргоо, коомдук тартипти камсыз кылуу, улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларын (анын ичинде биринчи орук басарын) кошпогондо, саясий жетекчиликтин ишенимин жоготуу учурунда, ошондой эле ушул конституциялык Мыйзамдын 11-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган башка негиздер боюнча министрлердин жана мамлекеттик комитеттердин төрагаларынын орун басарларын (анын ичинде биринчи орун басарын) кызматтан бошотот;

17) коргоо, коомдук тартипти камсыз кылуу, улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларынын, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилеринин жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн кызмат орундарына талапкерлерди Президенттин кароосуна киргизет;

18) аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилеринин сунушу боюнча алардын орун басарларын кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;

19) ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн сунушу боюнча алардын орун басарларын кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;

20) акимдин сунушу боюнча акимдин биринчи орун басарын (орун басарын) кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;

21) Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана анын орун басарларынын кеңешчилерин жана жардамчыларын дайындайт жана бошотот;

22) мамлекеттик ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерин, Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналардын башкы директорлорун, алардын орун басарларын, ошондой эле дайындоо жана бошотуу Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемеси менен ишке ашырылуучу кызмат орундарынын номенклатурасына кирген башка адамдарды белгиленген тартипте дайындайт жана бошотот;

23) министрлерге, мамлекеттик комитеттердин төрагаларына, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерине сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;

24) дайындоо жана бошотуу Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемеси менен ишке ашырылуучу кызмат орундарынын номенклатурасына кирген өзү тарабынан дайындалуучу жана бошотулуучу башка адамдарга сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот;

25) Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы жана Министрлер Кабинетинин башка сыйлыктары менен сыйлайт, адамдарды мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого, жогорку аскердик наамдарды, жогорку класстык чендерди, ардактуу жана Кыргыз Республикасынын башка атайын наамдарын ыйгарууга көрсөтөт;

26) Конституцияда жана мыйзамдарда каралган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.

19-берене. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын ордун алмаштыруунун тартиби

1. Министрлер Кабинетинин Төрагасы жок болгон убакта анын милдеттерин Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары аткарат.

2. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары жок болгон учурда аны Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары алмаштырат.

3. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана анын орун басарларынын бир учурда иште жок болушуна жол берилбейт.

20-берене. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарынын (анын ичинде биринчи орун басарынын) ыйгарым укуктары

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары (анын ичинде биринчи орун басары):

1) Министрлер Кабинетинин жыйналыштарына катышат;

2) бекитилген милдеттерди бөлүштүрүүгө ылайык тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, аларга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин жана алардын бирикмелеринин ишин координациялоону жүзөгө ашырат;

3) өзүнүн компетенциясынын чектеринде министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, аткаруу бийлигинин башка органдарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, аларга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик ишканаларга, уюмдарга, мекемелерге аткаруу үчүн милдеттүү болгон тапшырмаларды жана көрсөтмөлөрдү берет;

4) мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышат;

5) Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын мыйзам чыгаруу демилгелеринин алкагында демилгеленүүчү мыйзам долбоорлорун даярдоого катышат;

6) Президенттин актыларынын, Министрлер Кабинетинин токтомдорунун жана тескемелеринин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелеринин долбоорлорун даярдоого катышат, кабыл алынгандан кийин алардын аткарылышын камсыз кылат жана аларды ишке ашырууга жоопкерчилик тартат;

7) Министрлер Кабинетине киргизилген мыйзамдардын, Президенттин актыларынын, Министрлер Кабинетинин токтомдорунун жана тескемелеринин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелеринин долбоорлорун алдын ала карайт;

8) Президентке андан ары киргизүү үчүн Министрлер Кабинетинин Төрагасына министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерине сыйлоо же тартиптик жаза чараларын колдонуу жөнүндө сунуштарды киргизет;

9) Министрлер Кабинетинин Төрагасы жок убакта анын милдеттерин аткарат;

10) мыйзам менен каралган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.

21-берене. Министрлердин, мамлекеттик комитеттердин төрагаларынын ыйгарым укуктары

1. Министрлердин, мамлекеттик комитеттердин төрагалары:

1) Министрлер Кабинетинин жыйналыштарына катышат;

2) тийиштүү чөйрөдө мамлекеттик саясатта иштеп чыгууну жана ишке ашырууну жүзөгө ашырат;

3) Конституциянын, конституциялык мыйзамдардын, мыйзамдардын, актылардын, Президенттин кайрылууларынын жана тапшырмаларынын, Министрлер Кабинетинин токтомдорунун жана тескемелеринин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемелеринин негизинде жана аларды аткаруу үчүн буйруктар менен тескемелерди чыгарат, алардын аткарылышын уюштурат;

4) Президенттин жана Министрлер Кабинетинин ченемдик жана ченемдик эмес укуктук актыларынын долбоорлорун, мыйзам долбоорлорун, алардын компетенциясына кирген маселелер боюнча башка материалдарды Президенттин Администрациясынын жооптуу кызматкерлери менен биргеликте иштеп чыгууну уюштурат жана алардын кароосуна киргизет;

5) Президенттин, Министрлер Кабинетинин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тапшырмасы боюнча Жогорку Кеңеште Президенттин жана Министрлер Кабинетинин атынан чыгат;

6) белгиленген тартипте соттордо Министрлер Кабинетинин кызыкчылыктарын билдирет;

7) Президенттин тапшырмасы боюнча эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга кол коёт;

8) коргоо, коомдук тартипти камсыз кылуу жана улуттук коопсуздук маселелерин тейлеген мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларын кошпогондо, министрдин, мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басарларын (анын ичинде биринчи орун басарын) кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерлер боюнча сунуштарды Министрлер Кабинетинин Төрагасына киргизет;

9) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде тиешелүү аскер наамдарын, класстык чендерди, дипломатиялык рангдарды, атайын класстык чендерди жана башка атайын наамдарды ыйгарат;

10) өзүнүн орун басарларына жана аткаруу бийлик органдарынын аларга баш ийген башка жетекчилерине сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот; орун басарларга карата ээлеген кызмат ордунан бошотуу түрүндөгү тартиптик жазаны колдонуу жөнүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасына сунуштарды киргизет;

11) ушул конституциялык Мыйзамда, башка мыйзамдарда, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин актыларында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

2. Министрлер, мамлекеттик комитеттердин төрагалары төмөнкүлөр үчүн жеке жоопкерчилик тартышат:

1) өзүнүн иши үчүн жана тийиштүү мамлекеттик органдын иши үчүн;

2) берилген маалыматтын чындыкка шайкеш келиши үчүн.

3. Министрлер, мамлекеттик комитеттердин төрагалары Министрлер Кабинетинин жыйналыштарында каралуучу, ошондой эле башка министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана башка мамлекеттик органдар менен макулдашууну талап кылган маселелерден тышкары, аларга тапшырылган иш чөйрөлөрүнө тиешелүү болгон маселелер боюнча өз алдынча чечимдерди кабыл алышат.

4. Бул берененин жоболору ушундай эле аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерине карата да колдонулат.

6-глава. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, аткаруу бийлигинин башка органдарынын (административдик ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын) статусу

22-берене. Министрликтер жана мамлекеттик комитеттер

1. Министрлик - иштин тиешелүү чөйрөсүндө (тармагында) мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу, ишке ашыруучу жана башкарууну жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин борбордук мамлекеттик органы. Министрлер Кабинети министрликке тармактар аралык координациялоо функциясын жүктөөгө укуктуу.

2. Мамлекеттик комитет - иштин тиешелүү чөйрөлөрүндө (тармактарында) мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу, ишке ашыруучу жана бул максаттарда тармактар аралык координациялоону жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин борбордук мамлекеттик органы.

3. Министрликтер жана мамлекеттик комитеттер юридикалык жак статусуна ээ. Алар түзүлгөн күндөн тартып алар түзүлдү деп эсептелет.

Министрликтердин жана мамлекеттик комитеттердин курамдарында алардын ишин камсыз кылуучу түзүмдүк бөлүмдөр иштейт.

4. Министрликтерге министрлер, мамлекеттик комитеттерге төрагалар башчылык кылат.

5. Министрликтердин жана мамлекеттик комитеттердин карамагында алардын айрым ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруучу ведомстволук бөлүмдөр иштеши мүмкүн. Бөлүнүп берилген ыйгарым укуктарга ылайык ведомстволук бөлүмдөр министрликтерге жана мамлекеттик комитеттерге отчет беришет. Ведомстволук бөлүмдөр Министрлер Кабинетинин чечимдери менен түзүлөт, кайра уюшулат жана жоюлат.

6. Ведомстволук бөлүмдөр төмөнкү формаларда түзүлөт.

1) лицензиялык-уруксат берүү чөйрөсүн кошкондо өз алдынча аткаруу үчүн айрым функциялар, ошондой эле башка мамлекеттик органдар менен координациялоо функциялары бөлүнүп берилген департаменттер жана кызматтар;

2) акча каражаттарын топтоштуруу жана товардык-материалдык баалуулуктарды топтоо максаттарында түзүлүүчү фонддор;

3) мамлекеттик монополиялык кызматтарды көрсөтүү үчүн түзүлгөн борборлор.

Министрликтердин жана мамлекеттик комитеттердин ведомстволук бөлүмдөрүнүн түрлөрү жана укуктук статусу Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

7. Министрликтер жана мамлекеттик комитеттер өздөрүнүн актыларын буйруктар жана тескемелер түрүндө чыгарат.

Министрликтерге жана мамлекеттик комитеттерге Министрлер Кабинетинин атынан токтомдорду жана тескемелерди чыгаруу боюнча ыйгарым укуктар бөлүнүп берилиши мүмкүн.

23-берене. Администрациялык ведомстволор

1. Администрациялык ведомстволор мамлекеттик органдар болуп саналат алар Министрлер Кабинетинин Төрагасынын сунушу боюнча Президенттин чечимдери менен түзүлөт, жоюлат жана кайра уюшулат.

Администрациялык ведомстволор юридикалык жактын статусуна ээ. Алар түзүлгөн күндөн тартып алар түзүлдү деп эсептелет.

2. Администрациялык ведомстволор өз ишин Министрлер Кабинетинин алдында жана анын жетекчилиги астында жүзөгө ашырат жана Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипке ылайык мамлекеттик агенттиктер, мамлекеттик кызматтар жана мамлекеттик инспекциялар түрүндө түзүлөт.

Мамлекеттик агенттик жана мамлекеттик кызмат деп иштин тиешелүү чөйрөсүндө Министрлер Кабинетинин функцияларын жүзөгө ашыруучу администрациялык ведомстволор түшүнүлөт.

Мамлекеттик инспекция деп иштин тиешелүү чөйрөсүндө Министрлер Кабинетинин контролдоо жана инспекциялоо функцияларын жүзөгө ашыруучу администрациялык агенттик түшүнүлөт.

3. Администрациялык ведомстволор тарабынан кабыл алынуучу чечимдер администрациялык ведомстволордун жетекчилеринин буйруктары жана тескемелери менен таризделет. Администрациялык ведомстволордун жетекчилеринин буйруктары жана тескемелери ченемдик эмес укуктук актылар болуп эсептелет.

24-берене. Ыйгарым укуктуу өкүлдөр

1. Ыйгарым укуктуу өкүл Президенттин атынан иш алып барган жана мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун, тиешелүү облустун чектеринде мамлекеттик саясаттын ишке ашырылышын камсыз кылган кызмат адамы болуп саналат.

2. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн статусун жана ишинин уюштурулушун Президент аныктайт.

3. Ыйгарым укуктуу өкүлдөр тарабынан кабыл алынган чечимдер алардын буйруктары жана тескемелери менен жол-жоболоштурулат. Ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн буйруктары жана тескемелери ченемдик эмес укуктук актылар болуп саналат.

25-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар

1. Жергиликтүү мамлекеттик администрация мамлекеттик орган болуп эсептелет, ал администрациялык-аймактык бирдиктин тиешелүү аймагында аткаруу бийлигин жүзөгө ашырат.

2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын статусу жана анын ишин уюштуруу мыйзам менен аныкталат.

3. Жергиликтүү мамлекеттик администрация тарабынан кабыл алынган чечимдер жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жетекчисинин токтомдору жана тескемелери менен жол-жоболоштурулат. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын өзүнүн компетенциясынын чегинде кабыл алынган чечимдери берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар бөлүгүндө тийиштүү аймакта жайгашкан бардык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына аткарууга милдеттүү.

26-берене. Мамлекеттик ишканалар жана мекемелер

1. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын сунушу боюнча Президент жана Министрлер Кабинети мамлекеттик ишканаларды жана мекемелерди түзүүгө укуктуу.

2. Президент жана Министрлер Кабинети мамлекеттик ишканаларды жана мекемелерди түзүү, жоюу, кайра уюштуруу жана алардын уставдарын бекитүү боюнча ыйгарым укуктарын министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге жана аткаруу бийлигинин башка органдарына бере алат.

3. Мамлекеттик ишканалардын ишин башкаруунун жана координациялоонун натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында тармактык багыттагы холдингдер жана концерндер түзүлүшү мүмкүн.

4. Каржылоо булагын аныктабастан, мамлекеттик ишканаларды жана мекемелерди түзүүгө жол берилбейт.

5. Мамлекеттик ишканалардын жана мекемелердин башка юридикалык жактарды уюштуруусуна жол берилбейт.

6. Мамлекеттик ишканаларды жана мекемелерди түзүүнүн жана алардын иштөөсүнүн тартибин Министрлер Кабинети аныктайт.

7-глава. Министрлер Кабинетинин мыйзам чыгаруу ишине катышуусу. Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңеш менен өз ара аракеттенүүсү

27-берене. Мыйзам чыгаруу ишине катышуу

1. Президентке жана Министрлер Кабинетинин Төрагасына мыйзам чыгаруу демилге укугу берилген.

Президент же Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан Жогорку Кеңешке киргизилген мыйзамдын долбоорун сунуштоо үчүн министрлерден, мамлекеттик комитеттердин төрагаларынан, аткаруу бийлигинин башка органдарынын, башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринен, башка кызмат адамдарынан расмий өкүл дайындалат.

2. Мыйзам чыгарууну демилгелөө укугу мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана Жогорку Кеңешке киргизүү жолу менен ишке ашырылат. Мыйзам долбоорлору Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, аткаруу бийлигинин башка органдарынын сунуштары боюнча киргизилет.

Президент, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Жогорку Кеңешке киргизилген мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алганга чейин чакыртып алууга укуктуу.

3. Министрлер Кабинети Президент жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелегендерди кошпогондо, мыйзам чыгаруу ишине мыйзам чыгарууну демилгелөө укугуна ээ болгон башка субъектилер демилгелеген мыйзамдардын долбоорлоруна расмий корутунду берүү жолу аркылуу да катышат.

4. Төмөнкүлөрдү караштырган мыйзамдардын долбоорлору расмий корутунду берүү үчүн Министрлер Кабинетине алдын ала жөнөтүлүүгө тийиш:

1) республикалык бюджет жөнүндө мыйзамдын долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү;

2) мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабыла турган чыгымдарды көбөйтүү же анын киреше бөлүгүн кыскартуу;

3) республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүү;

4) салыктарды киргизүү же жокко чыгаруу, аларды төлөөдөн бошотуу;

5) мамлекеттин финансы милдеттенмелерин кабыл алуу жана өзгөртүү;

6) Министрлер Кабинетинин, аткаруу бийлигинин башка органдарынын ыйгарым укуктарын өзгөртүү.

5. Ушул берененин 4-бөлүгүндө каралган мыйзамдардын долбоорлоруна Министрлер Кабинетинин расмий корутундусу Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемеси менен, ал эми калган учурларда Министрлер Кабинетинин Төрагасы же анын орун басары кол койгон кат жүзүндө таризделет.

Мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдардын көбөйүшүн караган мыйзам долбоорлору Министрлер Кабинети каржылоо булагын аныктагандан кийин Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынат.

6. Министрлер Кабинети мыйзам долбоорун ал келип түшкөн күндөн баштап 30 күндөн кечиктирбестен карайт. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекти менен макулдашуу боюнча ал мөөнөт узартылышы мүмкүн.

7. Министрлер Кабинетине көз каранды болбогон жагдайлар боюнча (зарыл маалыматтарды бербөө, анын ичинде финансылык-экономикалык негиздемелер, социалдык-экономикалык болжол жана долбоорду кабыл алуунун башка кесепеттери) корутундуну өз убагында берүү мүмкүнчүлүгү жок болгондо жазуу жүзүндөгү корутунду берүүнүн мөөнөтү жөнүндө маселе мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекти менен Министрлер Кабинетинин ортосундагы макулдашуу боюнча чечилет.

8. Министрлер Кабинетинин корутундулары мыйзамдардын долбоорлорун Жогорку Кеңештин жыйналыштарында кароодо милдеттүү түрдө таркатылууга жана жарыяланууга тийиш.

28-берене. Министрлер Кабинетинин Жогорку Кеңеш менен өз ара аракеттенүүсү

1. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, аткаруу бийлигинин башка органдары органдын карамагындагы маселелер боюнча мыйзам долбоорлоо ишин, Жогорку Кеңеш тарабынан каралуучу мыйзам долбоорлору боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасынын көз карашын аныктоо боюнча сунуштардын даярдалышын уюштурат, Жогорку Кеңештин чечимдеринин жана аткаруу бийлигинин органынын карамагындагы маселелер боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын суроо-талаптарынын аткарылышын камсыз кылат.

2. Жогорку Кеңештин депутаттарынын суроо-талаптары жиберилген Министрлер Кабинети, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, аткаруу бийлигинин башка органдары мыйзамдарда белгиленген мөөнөттө аларга жооп берүүгө милдеттүү.

3. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Жогорку Кеңештин жана анын комитеттеринин жыйналыштарына катышууга, талкууланып жаткан маселелер боюнча өз пикирин айтууга укуктуу.

4. Жогорку Кенештин жана анын комитеттеринин чечими боюнча Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери Жогорку Кеңештин жана анын комитеттеринин жыйналыштарына белгиленген тартипте катышууга укуктуу.

5. Министрлер Кабинети Жогорку Кеңештин комитеттеринин жана комиссияларынын Министрлер Кабинетинин же ага караштуу органдардын ишине тиешелүү чечимдерин карайт, чечимдерди кароонун натыйжалары же алар боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымдайт.

8-глава. Министрлер Кабинетинин жана сот бийлигинин органдарынын, атайын статуска ээ башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандык коомдун өз ара мамилелеринин негиздери

29-берене. Министрлер Кабинетинин жана сот бийлигинин органдарынын өз ара мамилелери

1. Адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылуу, мыйзамдуулукту сактоо, соттук чечимдерди аткаруу маселелери боюнча Министрлер Кабинетинин жана сот бийлигинин органдарынын өз ара мамилелери Конституциянын, ушул конституциялык Мыйзамдын жана башка мыйзамдардын негизинде түзүлөт.

2. Министрлер Кабинети мыйзамда белгиленген тартипте сот бийлигинин органдарынын бюджетинин аткарылышына камсыз кылат.

3. Министрлер Кабинети жарандардын укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылууга, сот статистикасына жана практикасына тиешелүү суроо-талаптар менен сот органдарына кайрылууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагалары жана алардын орун басарлары Министрлер Кабинетинин жыйналыштарында катышууга укуктуу.

4. Жогорку сот жана Конституциялык сот Министрлер Кабинетинин Регламентинде аныкталган тартипте мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун демилгелөө жөнүндө сунуш менен Министрлер Кабинетине кайрылууга укуктуу.

30-берене. Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өз ара мамилелери

1. Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын (мындан ары - Башкы прокуратура) өз ара мамилелери Конституциянын, ушул конституциялык Мыйзамдын жана башка мыйзамдардын негизинде түзүлөт.

2. Башкы прокуратура аткаруу бийлигинин органдарынын тутумундагы мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө Министрлер Кабинетине белгиленген тартипте маалымдайт. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору жана анын орун басарлары Министрлер Кабинетинин жыйналыштарына катышууга укуктуу, Министрлер Кабинетинин Төрагасы, анын орун басарлары, ошондой эле Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү Башкы прокуратуранын жыйналыштарына жана коллегияларына катышууга укуктуу.

3. Министрлер Кабинети жана Башкы прокуратура Министрлер Кабинетинин түзүмүнө кирүүчү мамлекеттик органдардын, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жана прокуратура органдарынын ортосундагы ишти координациялоону камсыз кылат.

4. Министрлер Кабинети жарандардык укуктары менен эркиндиктеринин мыйзамдуулугун, коомдук тартипти коргоону, кылмыштуулукка каршы күрөшүүнү жана мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоону камсыз кылууга карата суроо-талаптар жана сунуштамалар мекен прокуратурага кайрылууга укуктуу, аларга мыйзамда белгиленген мөөнөттөрдө жооп берилүүгө тийиш.

5. Прокуратура органдары Министрлер Кабинетине, министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, аткаруу бийлигинин башка органдарына прокурордук чара көрүү актыларын белгиленген тартипте жиберүүгө укуктуу.

Прокурордук чара көрүү актылары четке кагылган же алар мыйзамда белгиленген мөөнөттө карабаган учурда прокуратура органдары сотко кайрылууга укуктуу.

6. Башкы прокуратура Министрлер Кабинетинин Регламентинде аныкталган тартипте мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун демилгелөө жөнүндө сунуш менен Министрлер Кабинетине кайрылууга укуктуу.

31-берене. Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын өз ара мамилелери

1. Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) өз ара мамилелери Конституциянын, ушул конституциялык Мыйзамдын жана башка мыйзамдардын негизинде түзүлөт.

2. Улуттук банк акча-кредиттик жана валюталык саясатты жүргүзүүдө Министрлер Кабинети менен өз ара аракеттенет.

Министрлер Кабинети Улуттук банк менен биргелешкен же макулдашылган актыларды чыгарууга укуктуу.

3. Улуттук банк Министрлер Кабинетинин Регламентинде аныкталган тартипте мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун демилгелөө жөнүндө сунуш менен Министрлер Кабинетине кайрылууга укуктуу.

32-берене. Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын өз ара мамилелери

1. Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын (мындан ары - Эсептөө палатасы) өз ара мамилелери Конституциянын, ушул конституциялык Мыйзамдын жана башка мыйзамдардын негизинде түзүлөт.

2. Министрлер Кабинети Эсептөө палатасына Министрлер Кабинетине баш ийген мамлекеттик органдарда жана алардын ведомстволук бөлүмдөрүндө жана уюмдарында аудитордук текшерүү жүргүзүүнүн зарылдыгы жөнүндө сунушту киргизүүгө укуктуу.

3. Эсептөө палатасынын аудитордук текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча токтомдору Министрлер Кабинетине берилет.

4 Эсептөө палатасы Министрлер Кабинетинин Регламентинде аныкталган тартипте мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун демилгелөө жөнүндө сунуш менен Министрлер Кабинетине кайрылууга укуктуу Эсептөө палатасынын төрагасы Министрлер Кабинетинин жыйналыштарына катышууга укуктуу, Министрлер Кабинетинин Төрагасы, анын орун басарлары, ошондой эле Министрлер Кабинетинин башка мүчөлөрү Эсептөө палатасынын жыйналыштарына катышууга укуктуу.

33-берене. Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын өз ара мамилелери

1. Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын өз ара мамилелери Конституциянын, ушул конституциялык Мыйзамдын жана башка мыйзамдардын негизинде түзүлөт.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Министрлер Кабинетинин Регламентинде аныкталган тартипте мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун демилгелөө жөнүндө сунуш менен Министрлер Кабинетине кайрылууга укуктуу.

34-берене. Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) өз ара мамилелери

1. Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) өз ара мамилелери Конституциянын, ушул конституциялык Мыйзамдын жана башка мыйзамдардын негизинде түзүлөт.

2. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Министрлер Кабинетинин Регламентинде аныкталган тартипте мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун демилгелөө жөнүндө сунуш менен Министрлер Кабинетине кайрылууга укуктуу.

35-берене. Министрлер Кабинетинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара мамилелери

1. Мыйзамда каралган учурларда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын суроо-талаптары боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктар аларга мыйзамдарда белгиленген тартипте берилиши мүмкүн. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө аларды ишке ашыруу үчүн зарыл материалдык, финансылык жана башка каражаттар бир убакта берилүүгө тийиш.

2. Министрлер Кабинети жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аларга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча ишин жетектейт, ошондой эле аларга жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдарга ылайык өз функцияларын ишке ашырууда көмөк көрсөтөт.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча Министрлер Кабинетине же ал ыйгарым укук берген мамлекеттик органдарга отчет берет.

4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча Министрлер Кабинетине кайрылууга укуктуу.

36-берене. Министрлер Кабинетинин жана жарандык коомдун өз ара мамилелери

1. Министрлер Кабинетинин саясий партиялар, диний уюмдар, башка коммерциялык эмес уюмдар, ошондой эле мамлекеттик эмес жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара мамилелери Конституциянын, мыйзамдардын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген адам укуктары боюнча эл аралык келишимдердин талаптарынын, ошондой эле конструктивдүү мамлекеттик-коомдук диалогдун принциптеринде, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерине тиешелүү чечимдерди кабыл алууда коомдук пикирди эсепке алуунун негизинде түзүлөт.

2. Министрлер Кабинети жарандык коом менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу максатында:

1) адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзөт, адам укуктары боюнча эл аралык уюмдарга мезгилдүү баяндамаларды даярдоону камсыз кылат, укук коргоо ишин жүзөгө ашыруучу укук коргоочулардын жана коммерциялык эмес уюмдардын катышуусу менен адам укуктары боюнча эл аралык органдардын сунуштамаларын аткаруу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;

2) Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилгенге чейин Министрлер Кабинетинин расмий Интернет-порталына жарыялоону камсыз кылуу менен адамдын жана жарандын укуктарына менен эркиндиктерине тиешелүү мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоону жүзөгө ашырат;

3) адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылууга багытталган сунуштамаларды талкуулоо жана иштеп чыгуу максатында жарандык коомдун өкүлдөрү жана башка кызыкдар тараптар менен жолугушууларды өткөрөт;

4) адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин сактоо жана камсыз кылуу маселелери боюнча Министрлер Кабинетинин жана ага баш ийген аткаруу бийлик органдарынын ишине мониторингди жүзөгө ашыруучу жарандык коомдун өкүлдөрүнө көмөк көрсөтөт.

3. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, аткаруу бийлигинин башка органдарынын алдында чечимдерди кабыл алуунун жана аларды ишке ашыруунун жол-жоболорунун ачык-айкындуулугун жогорулатуу боюнча мамлекеттик органдын жана жарандык коомдун өз ара аракеттенүүсү үчүн коомдук кеңештер түзүлүшү керек. Коомдук кеңештердин курамына коммерциялык эмес уюмдардын, илимий чөйрөлөрдүн, бизнес-ассоциациялардын, кесиптик жана тармактык бирликтердин, мамлекеттик органдын ишине аралашкан чөйрөлөрдүн эксперттик жамааттарынын өкүлдөрү кирет.

9-глава. Өтмө жоболор 

37-берене. Ушул конституциялык Мыйзамдын күчүнө кириши

1. Ушул конституциялык Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 18-июнундагы № 85 конституциялык Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 6, 2396-ст.);

2) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 19-июлундагы № 150 конституциялык Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 936-ст.);

3) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 19-июлундагы № 151 конституциялык Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 937-ст.);

4) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 30-декабрындагы № 228 конституциялык Мыйзамы ("Эркин Тоо" газетасы, 2014-жылдын 10-январы, № 1);

5) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 24-майындагы № 75 конституциялык Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 5, 390-ст.);

6) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 15-июлундагы № 116 конституциялык Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 7, 834-ст.).

3. Ушул конституциялык Мыйзам күчүнө кирген күндөп тартып бардык мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар ушул конституциялык Мыйзамга каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.

4. Президентке эки айлык мөөнөттө өз чечимдерин ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирүү сунушталсын.

5. Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө:

1) өз чечимдерин ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирсин;

2) мыйзамдарды ушул конституциялык Мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндө мыйзамдардын долбоорлорун даярдасын жана Жогорку Кеңешке киргизсин.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жапаров

 

 

 

2021-жылдын 6-октябрында

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

 

КР Конституциялык Мыйзамы "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө"