КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2021-жылдын 27-майы ПЖ № 230
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын карамагына чарабакер коомдогу мамлекеттик үлүштү жана ишкананы өткөрүп берүү маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана анын ведомстволук уюмдарынын ишин күчөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- "Гознак" жоопкерчилиги чектелген коомдун уставдык капиталындагы Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна таандык 65% мамлекеттик үлүштү мүлктүк комплекси менен кошо Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын "Типография" мамлекеттик ишканасынын карамагына өткөрүп берсин;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун алдындагы "Ысык-Көл Аврора санаторийи" мамлекеттик ишканасын Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын карамагына өткөрүп берсин жана аны Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Ысык-Көл Аврора санаторийи" мамлекеттик ишканасы деп кайра атасын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы:
- өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;
- ушул Жарлыктан келип чыгуучу уюштуруучулук жана башка чараларды көрсүн.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жапаров