КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

Бишкек шаары, 2010-жылдын 16-августу N 39-р

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-майындагы N 196-б буйругунун, КР Өкмөтүнүн  2013-жылдын 21-октябрындагы N 575, 2013-жылдын 16-декабрындагы N 669 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун аэропортторунун расмий делегациялар залдарында тейленүүчү кызмат орундарынын жана адамдардын тизмеси;

- "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун аэропортторунун расмий делегациялар залдарына жанаша аймакка кызматтык автомобили менен кирүү укугуна ээ кызмат адамдарынын тизмеси;

- "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун аэропортторунун расмий делегациялар залында көрсөтүлгөн кызматтар үчүн акы төлөө боюнча нускама.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы N 26-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул тескеме кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

Р.Отунбаева

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2010-жылдын 16-августундагы
N 39-р тескемеси менен
бекитилген

"Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун аэропортторунун расмий делегациялар залдарында тейленүүчү кызмат орундарынын жана адамдардын
ТИЗМЕСИ

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-майындагы N 196-б буйругунун, КР Өкмөтүнүн  2013-жылдын 21-октябрындагы N 575, 2013-жылдын 16-декабрындагы N 669 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1. Кыргыз Республикасынын Президенти.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы.

3. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри.

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы, анын орун басарлары, Жогорку соттун судьялары.

4-1. Кыргыз  Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасы, анын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялары.

5. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчиси.

6. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы жана анын орун басары.

7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарлары.

8. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлери.

9. Облустардын мамлекеттик администрацияларынын башчылары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери.

10. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору жана анын орун басарлары.

11. Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын төрагасы жана аудиторлор.

12. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармасынын төрагасы жана анын орун басарлары.

13. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасы, комиссия мүчөлөрү.

14. Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жана анын орун басарлары.

15. Кыргыз Республикасынын министрлери, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комитеттеринин төрагалары, алардын орун басарлары, статс-катчылары.

16. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары.

17. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси.

18. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчисинин орун басарлары.

19. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басарлары.

20. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери.

21. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадрдык кызматынын директору, анын орун басарлары, статс-катчысы.

22. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын төрагалары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик кызматтардын төрагалары, алардын орун басарлары, статс-катчылары.

23. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик инспекциялардын жана агенттиктердин директорлору, алардын орун басарлары, статс-катчылары.

24. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы жана анын орун басарлары.

25. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу фонддордун директорлору жана алардын орун басарлары.

26. Кыргыз Республикасынын Аскердик сотунун төрагасы жана анын орун басарлары.

27. Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин директору жана анын орун басары.

28. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы жана анын орун басарлары.

29. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин директору, анын орун басары, статс-катчысы.

30. Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясынын төрагасы.

31. Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору.

32. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы.

33. Жамааттарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) директору.

34. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин алдындагы Чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү боюнча долбоордун дирекциясынын директору.

35. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жарандык авиациялар агенттигинин директору.

36. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин командачысы.

37. Чет мамлекеттерде жана эл аралык уюмдардын алдында аккредитацияланган Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчилери, башкы консулдары.

38. Президенттин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү.

39. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин Секретариатынын сектор башчылары, мамлекеттик инспекторлору, эксперттери, референттери.

40. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкаруучусу жана анын орун басарлары.

41. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери.

42. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчисинин кеңешчилери, жардамчылары жана өкүлдөрү.

43. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү.

44. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүм башчылары жана алардын орун басарлары.

45. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын сектор башчылары, инспекторлор, эксперттер.

46. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, вице-премьер-министрлеринин кеңешчилери, жардамчылары.

47. Бишкек жана Ош шаардык сотторунун төрагалары, облустук соттордун төрагалары.

48. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат жетекчиси жана анын орун басарлары.

49. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Аппарат жетекчиси.

49-1. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын Аппаратынын жетекчиси.

50. Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) Аппарат жетекчиси.

51. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкаруучусу жана анын орун басарлары.

52. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын кеңешчилери жана жардамчылары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгы.

53. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти жана вице-президенти.

54. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясынын башкы директору.

55. "Кыргыз Туусу", "Слово Кыргызстана", "Эркин Тоо" басма үйлөрүнүн директорлору - башкы редакторлору.

56. "Кабар" Кыргыз улуттук маалыматтык агенттигинин директору.

57. "Кыргызстан калкынын ассамблеясы" коомдук бирикмелер ассоциациясынын төрагасы.

58. Республикалык азиздер жана дүлөйлөр коомунун президенти.

59. Кыргызстандын мусулмандарынын диний башкармалыгынын муфтийи.

60. Орус Православ чиркөөсүнүн Епархиясынын Орто Азия жана Бишкек архиепискобу.

61. Кыргызстандын Профсоюздар федерациясынын төрагасы.

62. Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти.

63. Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын ректорлору.

64. Кыргыз Республикасынын экс-президенти.

65. Советтер Союзунун Баатырлары жана Социалисттик эмгектин Баатырлары.

66. Үч даражадагы Даңк орденинин ээлери.

67. "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамы ыйгарылган адамдар.

68. Баатыр энелер.

69. Төмөнкүдөй мамлекеттик сыйлыктарды алган адамдар:

- 1 даражадагы "Манас" орденин;

- "Баатыр эне" орденин.

70. Төмөнкү акционердик коомдорунун башкармасынын төрагалары:

- "Кыргызнефтегаз" ААКынын;

- "Кыргызалтын" ААКынын;

- "Кыргызгаз" ААКынын;

- "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААКынын;

- "Электр станциялары" ААКынын;

- "Кыргызтелеком" ААКынын.

71. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-майындагы N 196-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)

72. "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору.

73. "Манас" май куюу комплекси" мамлекеттик ишканасынын директору жана анын орун басары.

74. Жогорку деңгээлдеги визиттерди даярдоо жана ишке ашыруу үчүн чет өлкөгө чыгуучу Кыргыз Республикасынын расмий делегацияларынын мүчөлөрү жана ушундай максаттар менен Кыргыз Республикасына келүүчү чет мамлекеттердин топтору.

75. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын 9-Башкы башкармалыгынын кызмат адамдарын коштоочу кызматкерлери.

76. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-майындагы N 196-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)

77. Кыргыз Республикасынын экс-премьер-министрлери.

- (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-майындагы N 196-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)

- (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-майындагы N 196-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2010-жылдын 16-августундагы
N 39-р тескемеси менен
бекитилген

"Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун аэропортторунун расмий делегациялар залдарына жанаша аймакка кызматтык автомобили менен кирүү укугуна ээ кызмат адамдарынын
ТИЗМЕСИ

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-майындагы N 196-б буйругунун, КР Өкмөтүнүн  2013-жылдын 16-декабрындагы N 669 токтомунун редакцияларына ылайык)

1. Кыргыз Республикасынын Президенти.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы.

3. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри.

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы.

4-1. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасы.

5. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчиси.

6. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы.

7. Кыргыз Республикасынын биринчи-вице-премьер-министри, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлери.

8. Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору.

9. Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри.

10. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарлары.

11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр.

- (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-майындагы N 196-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)