Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2011-жылдын 5-мартындагы
N 99 токтому менен
бекитилген

Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин ресурстарын эсепке алууну жүргүзүү, бөлүштүрүү жана пайдалануу тартиби жөнүндө
НУСКАМА

1. Жалпы жоболор

1. Бул Нускама "Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Казыналыктын негизги жоболору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы N 768 "Бюджеттик классификация жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бюджеттик классификациясына ылайык иштелип чыккан.

2. Бул Нускама республикалык бюджеттин ресурстарын эсепке алуунун, бөлүштүрүүнүн жана пайдалануунун бирдиктүү тартибин белгилейт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бюджеттик классификациясына ылайык "Республикалык (бөлүштүрүлбөгөн) ресурстар" Казыналыктын эсеп китебин (мындан ары - КЭК) жүргүзүүнүн тартибин аныктайт.

3. Бул Нускамада төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр менен терминдер пайдаланылат:

1) республикалык бюджеттин ресурстары - бул жыл башындагы бюджеттик каражаттын калдыгын, республикалык бюджеттин учурдагы кирешесин, финансылык жана финансылык эмес активдер боюнча операциялардан жана милдеттенмелерди кабыл алуу боюнча операциялардан алынган каражаттарды камтыган республикалык бюджеттин активдери;

2) бюджеттин кирешелери Кыргыз Республикасынын аймагында институттук бирдиктердин учурдагы операцияларынын натыйжасында активдердин таза наркынын көбөйүшүн көрсөтөт. Кирешелер төмөнкүдөй категорияларга бөлүнөт: салыктык кирешелер; төгүмдөр; социалдык муктаждыкка чегерүүлөр; трансферттер жана салыктык эмес кирешелер;

3) бюджеттин чыгашалары Кыргыз Республикасынын аймагында институттук бирдиктер жүргүзгөн аткарымдардын натыйжасында активдердин таза наркынын азайышын көрсөтөт. Чыгашалар төмөнкүдөй категорияларга бөлүнөт: кызматкерлердин эмгек акысы; товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу; пайыздар; субсидиялар; гранттар; социалдык жөлөкпулдар жана төлөөлөр, ошондой эле чыгашалардын экономикалык классификациясында каралган башка чыгашалар;

4) финансылык эмес активдер - бул мамлекеттик органдардын активдери, аларга карата мамлекеттик орган менчик укугун жүргүзөт жана аларга ээлик кылуунун же аларды пайдалануунун эсебинен экономикалык пайда алышы мүмкүн. Финансылык эмес активдердин көбөйүшүнө алып келген операциялар негизги капиталды керектөөнү кошпогондо, кириштелгендер деп аталат. Финансылык эмес активдердин азайышына алып келген операциялар чыгышталгандар деп аталат. Финансылык эмес активдер өзүнө төмөнкүдөй топторду камтыйт: негизги фонддор; запастар; баалуулуктар; жер жана башка өндүрүштүк эмес активдер;

5) финансылык активдер - активдин ээси болуп саналган менчик ээсине эки институттук бирдиктин ортосунда түзүлгөн контрактта (келишимде) каралган шарттарга жана жоболорго ылайык башка институттук бирдиктен бир же бир нече төлөмдөрдү алуу укугун берген активдер. Финансылык активдерди көбөйтүүгө алып келген операциялар кириштелгендер деп аталат. Финансылык активдерди азайтууга алып келген операциялар чыгышталгандар деп аталат. Финансылык активдер ички жана тышкы болуп бөлүнөт. Финансылык активдерди сатуу Казыналыктын эсебине акча каражатынын агылып келишин көрсөтөт, ал учурда финансылык активдерди кириштөө төлөө болуп саналат жана Казыналыктын эсебинен акча каражатынын агылып кетишин көрсөтөт;

6) милдеттенме - бул башка институттук бирдикке экономикалык наркты берүү боюнча милдеттенме же белгилүү түрдө аракеттенүү. Милдеттенмелердин көбөйүшүнө алып келген операциялар милдеттенме кабыл алуу деп аталат. Милдеттенмелердин азайышына алып келген операциялар төмөнкүдөй аталыштарга ээ: төлөө, кыскартуу, сатып алуу, жоюу же тындыруу. Милдеттенме ошондой эле ички жана тышкы болуп бөлүнөт. Карыз алуу, милдеттенме алуу жана чыгаруу боюнча операциялар - бул Казыналыктын эсебине акча каражатынын агылып келиши, ал эми тындыруу боюнча операциялар төлөөлөр болуп саналат жана Казыначылыктын эсебинен акча каражатынын агылып кетишин көрсөтөт;

7) республикалык бюджеттин каражаттарынын башкы тескөөчүсү (мындан ары - башкы тескөөчү) - мамлекеттик бийлик органы (мамлекеттик орган) же республикалык бюджеттин каражатын башка тикелей алуучу, ал кезектеги финансылык жылга республикалык бюджет жөнүндө тиешелүү мыйзам менен аныкталат жана ушул ченемдик укук актысы менен белгиленген багыттар, республикалык бюджеттин өз карамагындагы каражатын тескөөчүлөр жана алуучулар боюнча акча каражатын бөлүштүрүү укугуна ээ болот;

8) республикалык бюджеттин каражатын тескөөчү (мындан ары - тескөөчү) - карамагына чыгашалардын бекитилген сметасына ылайык максаттуу багыттар боюнча пайдалануу үчүн каражат бөлүнгөн юридикалык жак;

9) республикалык бюджеттин каражатын алуучу (мындан ары - алуучу) - бюджеттик акча каражаттарын кабыл алууга (алууга) укуктуу башкы тескөөчүнүн же тескөөчүнүн карамагында турган бюджеттик мекеме;

10) финансылык план - бул Казыналыктын эсебине республикалык бюджеттин ресурстарынын пландалган келип түшүүсүн, ошондой эле такталган бюджетке ылайык бюджеттин ведомстволук жана экономикалык чыгашалар классификациясына карата Казыналыктын эсебинен министрликтердин жана ведомстволордун пландалган чыгашасын чагылдыруучу документ;

11) финансылык үзгүлтүк - бул бюджеттин акча каражаттарына болгон керектөөсү менен такталган бюджетке жана чыгашалардын финансылык планына ылайык колдонулуудагы мыйзамдарга жана республикалык бюджеттин чыгымдарын каржылоо зарылдыгына карата төлөмдөрдү которуунун белгиленген мөөнөтүнө жараша кирешелердин бирдей эмес түшүүсүнө байланыштуу пайда болгон бюджеттин иш жүзүндө алынган ресурстарынын ортосундагы айырма. Финансылык үзгүлтүк кошумча кирешелерди мобилизациялоонун жана акча каражаттарынын түшүүсүнүн эсебинен, ошондой эле республикалык бюджетте турган бюджеттик мекемелердин казыналык эсебиндеги бюджеттик каражаттын калдыгынын эсебинен жабылат;

12) чыгымдар сметасы - белгиленген тартипте бекитилген жана бюджеттик акча каражаттарынын ар бир максаттуу багыты боюнча эсеп маалыматтарын камтыган, квартал боюнча бөлүштүрүү менен чыгымдардын статьялары боюнча бюджеттик акча каражаттарынын көлөмүн жана максаттуу жумшалышын аныктаган документ;

13) бюджеттик тапшырма - тийиштүү финансы жылына Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө мыйзамга ылайык бекитилген, башкы тескөөчүнүн (тескөөчүнүн) чыгымдар сметасынын негизинде таризделүүчү документ;

14) казыналар аралык тапшырма (мындан ары - КАТ) - бул казыналык курал, ал аркылуу Казыналык системасында каражаттарды (ресурстарды) которуу жүргүзүлөт;

15) "Республикалык (бөлүштүрүлбөгөн) ресурстар" КЭК - бул негизги КЭК, ага республикалык бюджеттин бардык ресурсу келип түшөт жана ошол КЭКден республикалык бюджеттин чыгаша милдеттенмелерин аткаруу боюнча каражаттар жумшалат;

16) "Республикалык (бөлүштүрүлгөн) ресурстар" КЭК - бул КЭК, мында министрликтерге, административдик ведомстволорго, мамлекеттик комитеттерге (мамлекеттик органдарга) республикалык бюджеттен бөлүнгөн, негизги функцияларды жана милдеттерди аткаруу үчүн арналган каражаттар эсепке алынат. Республикалык бөлүштүрүлгөн ресурстар Казыналыктын региондук бөлүмдөрүндөгү (мындан ары - КРБ) казыналык бюджеттик эсептерде жайгаштырылат;

17) бюджеттик каражаттар боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы (мындан ары - КРУБ) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыктын учурдагы эсеби (мындан ары - ТКС-1) - бул мамлекеттик бийлик органдарынан (мамлекеттик органдардан) жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан кирешелер жана түшүүлөр келип түшүүчү эсеп жана андан бюджеттик каражаттар боюнча республикалык жана жергиликтүү бюджеттик уюмдардын бардык эсеп-кысап операциялары жүргүзүлөт. ТКС-1 дебети боюнча республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен Борбордук казыналык жүргүзгөн тикелей чыгымдар өткөрүлөт, ошондой эле КРБнын транзиттик эсептери боюнча дебеттик жүгүртүүнү банк-агенттеринин башкы кеңсеси алып салууну жүргүзөт. Кредит боюнча ТКС-1 республикалык бюджеттин кирешесин жана бюджеттик каражаттар боюнча КРБ транзиттик эсебинин кредиттик жүгүртүүсүн эсепке киргизүү жүргүзүлөт;

18) бюджеттик уюмдардын атайын каражаттары боюнча КРУБдагы Борбордук казыналыктын учурдагы эсеби (мындан ары - ТКС-2) - бул бюджеттик мекемелердин бюджеттен тышкаркы (атайын) каражаты түшүүчү жана аларды чыгымдоо жүргүзүлүүчү эсеп. Ушул эсептин кредити жана дебети боюнча КРБ транзиттик эсептеринин жүгүртүү суммасы жүргүзүлөт;

19) КРУБдагы Борбордук казыналыктын кошумча эсеби (мындан ары - кошумча эсептер) - бул ресурстардын түшүүлөр түрлөрүнө (гранттар, кредиттер, салыктык түшүүлөр, кошуп эсептелген пайыздар ж.б.) жараша алардын түшүүсүнө жана кыймылынын эсебин алууга арналган эсеп. Мындай эсептердеги ресурстар Консолидацияланган фондунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана "Республикалык (бөлүштүрүлбөгөн) ресурстар" КЭКте чагылдырылат;

20) карызды тейлөө эсеби (КТЭ) - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен КРУБдун биргелешкен токтомдорунан жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги (мындан ары - Финансы министрлиги) менен КРУБдун ортосундагы башкы макулдашуудан келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (мындан ары - Өкмөт) милдеттенмелерин аткаруу үчүн арналган. Ушул эсепке түшкөн каражат КРУБдун алдында милдеттенмелерди тындырууга гана, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ички жана тышкы карызын тындырууга жумшалат.

КТЭ кредити боюнча КРУБдагы Финансы министрлиги менен Борбордук казыналыктын эсебинде турган улуттук жана чет өлкөлүк валюталардагы каражаттар калдыгына кошуп эсептелген пайыздардын суммасын чегерүү боюнча операциялар көрсөтүлөт, мында финансы жылынын жыйынтыгы боюнча аныкталуучу КРУБдун комиссиялык же таза пайдасынын 70 пайызы эсептен чыгарып салынат ("Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик бюджетке которууга таандык болгон).

КТЭ дебети боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Крубдун биргелешкен токтомунун жана Башкы макулдашуунун шарттарынан келип чыгуучу милдеттенмелерди Финансы министрлигинин аткарышы үчүн каражаттарды эсептен чыгаруу боюнча операциялар гана жана Өкмөт менен КРУБдун ортосунда финансылык мамилелерди жөнгө салуу максаттары үчүн Мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу тартиби жөнүндө макулдашууга ылайык чагылдырылат.

КТЭ эсебинен каражат жогоруда көрсөтүлгөн максаттардан башкага пайдаланылышы (дебеттелиши) мүмкүн эмес. Финансы министрлигинин же Борбордук казыналыктын КТЭнин эсебинен башка максаттарга каражат которуу жөнүндө буйругу КРУБ тарабынан аткарууга кабыл алынбайт;

21) Утурлама фондунун эсеби эл аралык финансы уюмдарынан жана институттарынан грант, тышкы финансылык жардам, чет өлкөлүк кредиттер жана зайымдар түрүндө түшүүчү каражаттарды эсепке киргизүү үчүн арналган.

II. "Республикалык бөлүштүрүлбөгөн ресурстар" КЭКте республикалык бюджеттин ресурстарын эсепке алууну жүргүзүү тартиби

4. Республикалык бюджеттин ресурстук бөлүгү (бюджеттик каражаттар боюнча) ТКС-1ге жана кошумча эсепке түшкөн ресурстардын эсебинен түзүлөт.

5. Республикалык бюджеттин (бюджеттик каражаттар боюнча) ресурстук бөлүгүн түзүү булактары болуп төмөнкүлөр саналат:

- республикалык бюджеттин кирешелери, анын ичинде салыктык киреше, трансферттер жана салыктык эмес кирешелер;

- финансылык эмес активдер боюнча операциялардан түшүүлөр, анын ичинде негизги фонддорду, запастарды, баалуулуктарды, башка өндүрүштүк эмес активдерди сатуудан түшүүлөр. Мисалы, күйүүчү-майлоочу материалдарды жана дан эгиндерин, жабдууларды, имараттар менен курулмаларды, квартираларды, транспорт каражаттарын ж.б. сатуудан;

- ички жана тышкы финансылык активдер боюнча операциялардан түшүүлөр, анын ичинде баалуу кагаздарды, акцияларды жана капиталга катышуунун башка түрлөрүн сатуудан (анын ичинде мамлекеттик менчикти менчиктештирүүдөн); кредиттерди, ссудаларды жана зайымдарды, ошондой эле башка кредитордук карыздарды тындыруудан;

- ички жана тышкы милдеттенмелер боюнча операциялардан түшүүлөр, анын ичинде мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруудан жана жайгаштыруудан; ички жана тышкы карыз алуулардан; башка кредитордук карызды таануудан;

- жыл башына карата бюджеттик каражаттар калдыгы.

6. Республикалык бюджетти түзүү булагы катары бекемделген кирешелер республикалык бюджеттин тикелей кирешелерин кошпогондо, КРБнын транзиттик эсеби аркылуу төлөөчүнүн каттоодон өткөн жери боюнча республикалык бюджетке которулат.

7. Республикалык бюджеттин тикелей кирешелери төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлөт:

- концессиялык төлөм түрүндө салыктык түшүүлөрдөн;

- салыктык эмес түшүүлөрдөн, анын ичинде: КРУБга жайгаштырылган Өкмөттүн депозиттери боюнча пайыздардан; материалдык, административдик жана жазык жоопкерчилик чараларын колдонуунун натыйжасында алынган каражаттардан; башка салыктык эмес түшүүлөрдөн.

8. Борбордук казыналыкта республикалык бюджеттин тикелей кирешелеринин түшүүсүн эсепке алуу үчүн "Республикалык бюджеттин тикелей кирешелери" КЭКи жүргүзүлөт. "Республикалык бюджеттин тикелей кирешелери" КЭКинде күн сайын республикалык бюджетке, Казыналыктын учурдагы эсебине жана тиешелүү төлөм документтери жана жазылган жана КРБга берилген КАТ менен ырасталуучу кошумча эсептерге түздөн-түз күн сайын түшүүчү мамлекеттик кирешелер чагылдырылат.

9. Республикалык бюджеттин ресурстарынын түшүүлөр операциясын эсепке алуу боюнча жазуулар жана аларды республикалык бюджеттин чыгашалары боюнча милдеттенмелерди каржылоо максатында андан кийинки пайдалануу төмөнкүдөй түрдө "Республикалык (бөлүштүрүлбөгөн) ресурстар" КЭКинде чагылдырылат:

а) "Республикалык (бөлүштүрүлбөгөн) ресурстар" КЭК кредити боюнча республикалык бюджеттин ресурстарынын түшүүлөрү чагылдырылат, анын ичинде:

- республикалык бюджеттин кирешелери, анын ичинде: БК-КРБ которуусунун эсеби боюнча алынган республикалык бюджеттин кирешелери; ТКС-1ге кошуп эсептелген тикелей кирешелер; Өкмөттүн депозиттери боюнча кошуп эсептелген пайыздар; мурда берилген ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттер боюнча кошуп эсептелген пайыздар; өткөн жылдагы бюджеттик каражатты кайтаруу; трансферттер жана башкалар;

- мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруудан түшүүлөр;

- ички жана тышкы карыз алуулар;

- акцияларды сатуудан жана капиталга катышуунун башка түрүнөн түшүүлөр;

- башка финансылык жана финансылык эмес активдер боюнча операциялардан, ошондой эле башка милдеттенмелерди кабыл алуу боюнча операциялардан түшүүлөр, мисалы, баалуу кагаздарды сатуудан, товардык-материалдык запастарды брондон чыгаруудан, жабдууларды, имараттарды жана курулмаларды, квартираларды, транспорт каражаттарын сатып өткөрүүдөн жана сатуудан ж.б. түшүүлөр;

- мамлекеттик бюджеттин башка деңгээлдеринин ссудаларды тындыруунун, ошондой эле ишканалардын, финансылык мекемелердин жана калктын ссудаларды тындыруусунун натыйжасында түшүүчү ресурстар;

б) "Республикалык (бөлүштүрүлбөгөн) ресурстар" КЭК кредити боюнча "минус" белгиси менен төмөнкүдөй операциялар чагылдырылат:

- Борбордук казыналыкка келип түшкөн, ТКС-1ге эсептелген жана салык төлөөчүнүн аймактык турган ордуна жараша КРБнын транзиттик эсебине которуу үчүн арналган кирешелерди кайтаруу боюнча;

- башка бюджеттик төлөмдөр жана чыгашалар боюнча;

в) "Республикалык (бөлүштүрүлбөгөн) ресурстар" КЭК дебети боюнча төмөнкүлөргө карата операциялар чагылдырылат:

- мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча негизги сумманы жана пайыздарды төлөөгө карата чыгашалар менен байланышкан Борбордук казыналыктын тикелей операцияларын каржылоо; мамлекеттик тышкы карыз боюнча негизги сумманы жана пайыздарды төлөө; Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун алдындагы милдеттенмелери; эл аралык уюмдарга үлүштүк жана мүчөлүк төгүмдөрдү төлөө; тейлөө боюнча кызмат көрсөткөндүгү үчүн банк-агентке акы төлөөлөр; индексацияланган суммалар боюнча калктын карызын тындыруу; кредиттерди, ссудаларды жана зайымдарды чыгаруу (ишканаларга жана уюмдарга бюджеттик ссудаларды жана кредиттерди берүү); финансылык жана финансылык эмес активдерди алуу; башка учурдагы чыгашалар; бюджеттен башка төлөмдөр боюнча;

- КАТ аркылуу которулган ресурстар, анын ичинде КРБда тейленүүчү бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрүн, тескөөчүлөрүн жана алуучуларды каржылоо боюнча; мамлекеттик башкаруу секторунун башка бирдиктерине учурдагы гранттарды которуу боюнча; мамлекеттик башкаруунун башка деңгээлдерине ссудаларды чыгаруу боюнча (жергиликтүү бюджеттерге бюджеттик ссудаларды жана кредиттерди берүү); жана башкалар;

г) "Республикалык (бөлүштүрүлбөгөн) ресурстар" КЭК дебети боюнча "минус" белгиси менен эсепке алуу боюнча төмөнкү операциялар чагылдырылат:

- тийиштүү финансы жылынын аякталышында КРБ тарабынан которулган пайдаланылбаган бюджеттик каражаттардын калдыгы;

- башка операциялар.

10. Кошумча эсептерде жүргүзүлгөн операциялар ар бир эсептер боюнча өзүнчө Борбордук казыналыктын "Тикелей операциялар" деген ар күнкү маалыматтарынын "Кошумча эсептер" бөлүмүндө чагылдырылат. Ар бир кошумча эсеп боюнча КЭКте ар күнкү маалыматтарды даярдоого жана эсебин алууну жүргүзүүгө негиз болуп банктык көчүрмө болуп саналат.

11. Кошумча эсепке чет өлкөлүк валютада түшкөн ресурстар алардын түшкөн күнүнө карата белгиленген КРУБдун эсептик курсу боюнча улуттук валютада эсепке алынат.

12. ТКС-1ге чегерүү үчүн кошумча эсептерден каражаттарды алууда курстук айырма келип чыккан учурда курстук айырманын суммасы пайда (+)/зыян (-) катары күндөлүк маалыматта көрсөтүлөт. Мында курстук айырма отчетто 14511300 "Курстук пайда/зыян" бюджеттик классификациянын деңгээли боюнча көрсөтүлөт.

13. Кошумча эсепке түшкөн каражат республикалык бюджеттин ресурстук бөлүгүндө алар ("Республикалык (бөлүштүрүлбөгөн) ресурстар" КЭК) Борбордук казыналыктын күндөлүк маалыматында көрсөтүлгөн күнүндө эсепке алынат.

14. Кошумча эсептен каражатты алуу Борбордук казыналык тарабынан бюджеттик каражаттар боюнча Борбордук казыналыктын учурдагы эсебине аларды которуу жолу менен жүргүзүлөт.

15. Утурлама фондунун эсебинен каражатты алуу колдонуудагы ченемдик актыларга ылайык белгиленген тартипте белгилүү бир программанын талаптарын аткаруу үчүн же мамлекеттик бюджеттин чыгашаларын жабуу үчүн ишке ашырылат.

III. "Республикалык (бөлүштүрүлбөгөн) ресурстар" КЭКинде Республикалык бюджеттин ресурстарын эсепке алуунун жана бөлүштүрүү менен пайдалануу боюнча операцияларды чагылдыруунун жол-жоболору

16. Бюджеттик мекемелерди жана уюмдарды каржылоого республикалык бюджеттен жумшалуучу бюджеттик каражаттар "Республикалык (бөлүштүрүлбөгөн) ресурстар" КЭК дебети боюнча чагылдырылат.

17. Операциялык күн же отчеттук ай бүткөндө "Республикалык (бөлүштүрүлбөгөн) ресурстар" КЭКте сальдо алынган ресурстарга жана каржылоо боюнча жүргүзүлгөн операцияларга жараша "оң" же "терс" маанисинде болушу мүмкүн.

18. "Республикалык (бөлүштүрүлбөгөн) ресурстар" КЭКте дебет (терс) сальдо түзүлгөндө республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде турган бюджеттик мекемелердин казыналык эсептеринен чыгымдар бюджетик, ошондой эле атайын каражаттар боюнча да токтотулбайт.

19. Борбордук казыналык ТСК-1 жана ТСК-2 эсептериндеги акча каражаттарынын калдыктарына күндөлүк мониторинг жана контролдоо жүргүзөт, аларда сальдо "оң" маанисинде болууга тийиш. ТСК-1 жана ТСК-2 де "терс" сальдонун болушуна жол берилбейт.

20. Борбордук казыналык республикалык бюджеттин бардык милдеттенмелерин аткаруу боюнча жетиштүү каражатты камсыз кылуу үчүн бюджеттик мекемелердин киреше жана чыгаша операцияларына контролдук жүргүзөт, казыналыктын учурдагы эсебинде жайгаштырылган мамлекеттик бийлик органдарынын (мамлекеттик органдардын) жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каражаттарынын (республикалык жана жергиликтүү бөлүштүрүлгөн ресурстар, жергиликтүү бөлүштүрүлбөгөн ресурстар) бош калдыктарынан пайдаланат.

21. Борбордук казыналык Финансы министрлигинин жана Борбордук казыналыктын КРУБдагы эсептерин башкарат жана биринчи кезектеги жана кечиктирилгис жалпы мамлекеттик чыгашаларды каржылоонун зарылчылыгы туулганда бир эсептен башка эсепке каражатты которуу жолу менен, финансы жылы аяктаганга чейин андан кийин кайтарып берүү шартында казыналыктын учурдагы эсебинен каражатты пайдаланышы мүмкүн. Мындай операциялар банк көчүрмөсүндө жана күндөлүк маалыматта "Эсептерди толуктоо" деген өзүнчө сапта көрсөтүлөт.

IV. Финансы жылынын аякталышында түшүүлөр, республикалык бюджеттин ресурстарын бөлүштүрүү жана пайдалануу боюнча операцияларды эсепке алуунун жол-жоболору

22. Финансы жылы аяктаганда "Республикалык (бөлүштүрүлбөгөн) ресурстар" КЭКте сальдо "оң" мааниге ээ болууга жана Кыргыз Республикасынын тийиштүү финансы жылына республикалык бюджети жөнүндө мыйзамында белгиленген кассалык жүгүртүүдөгү накталай акчанын өлчөмүндө сакталууга тийиш.

23. Учурдагы финансы жылынын 31-декабрына карата финансылык үзгүлтүккө жол берилбейт.

24. Финансы министрлигинин тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан киргизилүүчү тийиштүү жылга сметалык дайындоолорго бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор учурдагы финансы жылынын 31-декабрына чейин аякталууга тийиш. Республикалык бюджеттин кошумча ресурстарын алганда Борбордук казыналык тийиштүү финансы жылынын бюджетинин алкагында чыгаша бөлүгү боюнча бардык милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылат.

25. Борбордук казыналык республикалык бюджеттин аткарылышын талдоого алат жана учурдагы финансы жылынын аягына чейин аны аткарууну болжолдойт. Жыл акырында ресурстардын жетишсиздиги болгон учурда жана орун алган финансы үзгүлтүгүн жабуунун зарылчылыгы туулганда Борбордук казыналык чыгашалардын корголбогон статьялары боюнча республикалык бюджеттин чыгашаларын каржылоону финансылык үзгүлтүктүн жана кассалык жүгүртүүдөгү накталай акчанын суммасына токтотуп коюуга милдеттүү.

26. Финансы жылын узартуу мезгилинде (корутунду жүгүртүү) Борбордук казыналык жана КРБ тарабынан төмөнкүдөй жол-жоболор жүргүзүлөт:

1) отчеттук жылда Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен каржылоо учурдагы отчеттук жылдын ресурстарынын чегинде гана 31-декабрына чейин (кошуп эсептегенде) жүргүзүлөт;

2) отчеттук жылдан кийинки финансы жылынын бюджети боюнча чыгашаларды каржылоо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын тындыруу менен байланышкан чыгашаларды кошпогондо, жүргүзүлбөйт;

3) КРБ транзиттик эсебине жана Борбордук казыналыктын КРУБдагы учурдагы эсебине (ТСК-1 жана ТСК-2) отчеттук жылдан кийинки финансы жылынын 1-январынан баштап түшкөн бардык кирешелер төмөнкүлөрдөн тышкары, отчеттук жылдан кийинки финансы жылынын отчетторунда чагылдырылат:

- корутунду жүгүртүүлөр мезгилинде (ички казыналык жана казыналар аралык тапшырмалар менен которулуучу) республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде турган мекемелерге эмгек акы төлөөнүн эсебинен түзүлгөн киреше салыгынан;

- Финансы министрлигинин жана Борбордук казыналыктын КРУБдагы топтоочу эсебинен (кошумча жана башка) келип түшкөн жана ТСК-1ге (анткени финансы жылы аяктаганда көрсөтүлгөн эсептердеги калдыктардын нөл балансы болууга тийиш) кошуп эсептелген ресурстардан.