КР 2016-жылдын 16-майындагы N 60 Мыйзамына ылайык
2017-жылдын 1-январынан тартып
КҮЧҮН ЖОГОТОТ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 1998-жылдын 11-июну N 78

Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө

(КР 1999-жылдын 13-июлундагы N 69, 2002-жылдын 9-августундагы N 138, 2003-жылдын 12-июлунун N 125, 2003-жылдын 25-сентябрынын N 216, 2004-жылдын 20-июлундагы N 93, 2004-жылдын 17-сентябрындагы N 169, 2006-жылдын 15-июлундагы N 110, 2008-жылдын 14-февралындагы N 14, 2008-жылдын 17-октябрындагы N 226, 2009-жылдын 17-февралындагы N 54, 2009-жылдын 18-майындагы N 157, 2009-жылдын 15-июнундагы N 184, 2009-жылдын 17-июлундагы N 232, 2010-жылдын 28-январындагы N 14, 2011-жылдын 17-февралындагы N 1, 2012-жылдын 28-июнундагы N 90, 2012-жылдын 29-июнундагы N 91, 2012-жылдын 25-июлундагы N 141, 2012-жылдын 10-октябрындагы N 170, 2013-жылдын 6-февралындагы N 13, 2013-жылдын 17-июлундагы N 149, 2013-жылдын 3-августундагы N 186, 2013-жылдын 7-августундагы N 189, 2013-жылдын 15-ноябрындагы N 201, 2015-жылдын 3-мартындагы N 48, 2016-жылдын 22-июнундагы N 83, 2016-жылдын 22-июнундагы N 85 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин жана жергиликтүү бюджеттердин түзүлүшүнүн жана аткарылышынын негизги принциптерин аныктайт.

I бөлүм
Жалпы жоболор

1-статья. Бюджет тутумунун курамы жана бюджеттердин өз алдынчалыгы

Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутуму - укуктук ченем менен регламенттелүүчү Кыргыз Республикасынын экономикалык мамилелерине жана мамлекеттик түзүлүшүнө негизделген республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди, бюджеттен тышкаркы фонддорду түзүү, кароо, бекитүү жана аткаруу боюнча мамилелердин тутуму.

Бюджет тутумунун бардык бөлүктөрүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген өздөрүнүн киреше булактарынын болушу бюджеттердин өз алдынчалыгынын негизи болуп саналат.

Мамлекеттик бийлик органдары жалпы мамлекеттик салыктардан жана башка кирешелерден чегерүүлөрдүн жергиликтүү бюджеттик ченемдерин, ошондой эле трансферттердин өлчөмдөрүн сактабоо менен байланышкан учурлардан тышкары, жергиликтүү бюджеттерди түзүү жана бекитүү процесстерине кийлигишүүгө жол берилбейт.

Ушул Мыйзамда каралгандан башка учурларда, мамлекеттик бийлик органдары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын жергиликтүү бюджеттеринин аткарылышынын процессине кийлигишүүгө жол берилбейт.

(КР 2004-жылдын 20-июлундагы N 93, 2009-жылдын 17-июлундагы N 232 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

2-статья. Бюджет процесси

Республикалык бюджет жана жергиликтүү бюджет үч жылдык мөөнөткө кезектеги бюджеттик жылга жана андан кийинки болжол кылынуучу эки жылга түзүлөт жана бекитилет.

Республикалык бюджет Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү бюджеттер - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан түзүлөт жана аткарылат. Республикалык бюджет Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, жергиликтүү бюджеттер - айылдык жана шаардык кеңештер тарабынан каралат жана бекитилет.

Сот бийлигинин бюджети сот бийлиги тарабынан өз алдынча түзүлөт жана аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлиги менен макулдашуу боюнча республикалык бюджетке кошулат жана анын курамдык бөлүгү болуп саналат.

Республикалык бюджетти түзүү, кароо, бекитүү жана аткаруу тартиби ушул Мыйзам менен, ал эми жергиликтүү бюджеттер - ушул Мыйзам, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык-экономикалык негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде айылдык жана шаардык кеңештердин чечимдери менен аныкталат.

Республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр, салыктарды киргизүү же жокко чыгаруу жөнүндө, аларды төлөөдөн бошотуу, мамлекеттин финансылык милдеттенмелерин өзгөртүү тууралу мыйзамдардын долбоорлору, мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүүнү, болбосо анын киреше бөлүгүн азайтууну кароочу башка мыйзамдардын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулдугу менен гана кабыл алынышы мүмкүн.

(КР 1999-жылдын 13-июлундагы N 69, 2004-жылдын 20-июлундагы N 93, 2008-жылдын 17-октябрындагы N 226, 2009-жылдын 18-майындагы N 157 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

3-статья. Мамлекеттик (консолидацияланган) бюджет

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жыл сайын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик (консолидацияланган) бюджетинин кезектеги бюджеттик жылга жана андан кийинки болжол кылынуучу эки жылга ирилештирилген прогноздук көрсөткүчтөрүнүн эсеп-кысабын алат, ошондой эле мамлекеттик (консолидацияланган) жылдык бюджетти жана Кыргыз Республикасынын бюджет тутумуна кирген, белгиленген тартипте бекитилген бюджеттерди кошуу жолу менен анын аткарылышы жөнүндө жылдык отчетту жана алардын аткарылышы жөнүндө жылдык отчетторду түзөт.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик (консолидацияланган) бюджети мамлекеттин ички дүң продуктусунун (ИДП) бир бөлүгүн өзүнө топтойт, анын акча каражаттар фондун түзүүчү жана пайдалануучу негизги финансылык план болуп саналат жана мамлекеттик бийликтин тийиштүү органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу кирешелер жана чыгымдар сметасы болуп эсептелет.

(КР 2004-жылдын 20-июлундагы N 93, 2008-жылдын 17-октябрындагы N 226 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

4-статья. Бюджет жана мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары

Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндөгү мыйзам Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сарптоолорго жана милдеттенмелерди кабыл алууга ыйгарым укук берет.

(КР 2004-жылдын 20-июлундагы N 93 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

5-статья. Бюджеттик жөнгө салуу жана бюджет-финансы саясаты

Бюджеттик жөнгө салуу жана болжолдоо Кыргыз Республикасынын экономикасын жөнгө салуунун жана анын экономикалык-социалдык өнүгүшүн алдын-ала эсептөөнүн ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бирдиктүү бюджет-финансы саясатын жүргүзөт.

Кыргыз Республикасы мамлекеттер аралык макулдашуулардын жана эл аралык келишимдердин алкагында республиканын бюджет-финансы саясатын башка мамлекеттер менен координациялайт.

(КР 2004-жылдын 20-июлундагы N 93 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

6-статья. Бюджеттер аралык мамилелер

Бюджеттик укуктук мамилелерди жөнгө салуу маселелери, ошондой эле бюджеттик процесстерди уюштуруу жана жүзөгө ашыруу боюнча мамлекеттик башкаруу органдары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы мамилелердин жыйындысы бюджеттер аралык мамилелер болуп саналат.

Бюджеттер аралык мамилелер мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы иш милдеттерди жана ыйгарым укуктарды так ажыратууга, республикалык жана жергиликтүү бюджеттин ортосунда кирешелерди жана чыгымдарды бирдиктүү бөлүштүрүүгө, бюджеттик жөнгө салуунун бирдиктүү методологиясына негизделет.

Республикалык бюджеттин жана жергиликтүү бюджеттердин ортосундагы өз ара мамилелер ушул Мыйзам, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.

Бекитилген киреше булактарынын айрым түрлөрүн бюджеттин бир деңгээлинен бюджеттин башка деңгээлине берүүгө жол берилбейт.

Бюджеттер аралык мамилелер төмөнкү принциптерге негизделет:

- Кыргыз Республикасынын бюджет тутумундагы ар бир бюджетке кирешелерди бөлүштүрүү жана бекитүү;

- мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чыгымдар боюнча ыйгарым укуктарын туруктуу же узак мөөнөттүү негизде ажыратуу;

- бюджеттердин ортосунда жалпы мамлекеттик салыктарды жана башка кирешелерди бөлүштүрүү нормативдерин туруктуу же узак мөөнөттүү негизде аныктоо;

- жергиликтүү бюджеттердин минималдуу бюджеттик камсыз кылуу деңгээлдерин теңдештирүү;

- чыгымдар боюнча ыйгарым укуктарды берүү же кошумча чыгымдарды талап кылган же бюджеттик кирешелерди жоготууга алып келген чечимдерди кабыл алууга байланышкан чыгымдардын ордун толтуруу;

Республикалык бюджеттин жана жергиликтүү бюджеттердин ортосундагы өз ара мамилелер жалпы мамлекеттик салыктарды жана башка кирешелерден жана трансферттерден чегерүү нормативдерин белгилөө аркылуу жөнгө салынат.

Трансферттер тутумуна төмөнкүлөр кирет:

- теңдештирүүчү гранттар;

- дем берүүчү гранттар;

- категориялык гранттар;

- өз ара эсептешүү боюнча бир бюджеттен башка бюджетке берилүүчү каражаттар;

- бюджеттик ссудалар.

(КР 2004-жылдын 20-июлундагы N 93, 2009-жылдын 17-июлундагы N 232 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

7-статья. Мыйзам жана ченемдик актыларды макулдашуу

Бюджетке тиешеси бар республикалык маселелерди камтыган мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен алдын ала макулдашылат.

Бюджетке жана финансыга тиешелүү маселелер жагынан Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары ушул Мыйзамга, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык-экономикалык негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келүүгө тийиш.

(КР 2004-жылдын 20-июлундагы N 93 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

8-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш (мындан ары - Координациялык кеңеш) экономикалык саясатты ишке ашыруу боюнча негизги министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администациялык ведомстволордун иш-аракеттерин координациялоону камсыз кылуучу кеңеш берүүчү орган болуп эсептелет.

Координациялык кеңештин курамын Кыргыз Республикасынын Президенти аныктайт.

Кеңешти Кыргыз Республикасынын Премьер-министри башкарат.

Координациялык кеңеш аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерин өз заседаниелерине катышуу үчүн тартууга укуктуу.

Бюджеттин долбоорун кароодо Координациялык кеңештин курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары - тармактык комитетинин мүчөлөрү жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы кирет.

(КР 2004-жылдын 17-сентябрындагы N 169, 2016-жылдын 22-июнундагы N 85 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

9-статья. Бюджеттин орточо мөөнөттүү прогнозу

Бюджеттин орточо мөөнөттүү прогнозу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жалпысынан жана ар бир тармак боюнча алдыда боло турган чыгымдарды пландаштыруу максатында келечектеги ресурстардын көлөмү жөнүндө түшүнүк берүүчү, мамлекет ишинин артыкчылыктуу багыттарын, өзгөчө артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлор жагындагы багытын так аныктоого мүмкүндүк бере турган мамлекеттик финансыны башкаруунун куралы болуп саналат.

Бюджеттин орточо мөөнөттүү прогнозу үстүдөгү жылдан кийинки үч жылга түзүлөт жана үстүдөгү бюджеттик жылдын жана кийинки үч жылдын көрсөткүчтөрүн чагылдырууга тийиш.

Орточо мөөнөттүү прогнозду иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген экономикалык прогнозунун көрсөткүчтөрүнүн негизинде жүзөгө ашырылат.

Бюджеттин орточо мөөнөттүү прогнозу төмөнкүдөй көрсөткүчтөрдөн турууга тийиш:

а) салыктын негизги түрлөрүн жана башка кирешелерди бөлүп көрсөтүү менен бюджеттин кирешеси;

б) учурдагы чыгымдарды, өнүгүүнүн бюджетин (анын ичинде капиталдык салымдар, геологиялык чалгындоо иштери, илим ж.б.) бөлүп көрсөтүү менен чыгымдардын негизги тобундагы бюджеттин чыгымдары;

в) бюджеттин тартыштыгы жана аны жабуунун булактары.

Бюджеттин орточо мөөнөттүү божомолу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан Координациялык кеңешке учурдагы жылдын 1-майынан кечиктирилбестен берилет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш бюджеттин орточо мөөнөттүү прогнозун 15-майга чейин карайт да, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, мамлекеттик комиссиялар, сот системасынан тышкаркы бюджеттен каржылануучу башка органдар боюнча чыгымдардын максималдуу өлчөмдөрүн чектеп, негизги принциптерди иштеп чыгууну аяктайт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш бекиткен бюджеттин орточо мөөнөттүү прогнозунун көрсөткүчтөрү контролдук цифралар түрүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго, мамлекеттик комиссияларга, сот системасынан тышкаркы бюджеттен каржыланган республикалык башка органдарга жеткирилет.

Бюджеттин орточо мөөнөттүү прогнозу салык жана бюджет саясаты жана экономикалык кырдаал өзгөргөн учурда жарым жылда кеминде бир жолу кайра каралат.

Прогноздун көрсөткүчтөрү келерки жылга бюджеттин киреше жана чыгым бөлүгүн аныктоо үчүн пайдаланылат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш бюджеттин орточо мөөнөттүү прогнозун иштеп чыккандан кийин аны Кыргыз Республикасынын Президентинин жактыруусуна коет.

(КР 2003-жылдын 25-сентябрынын N 216, 2004-жылдын 20-июлундагы N  93, 2004-жылдын 17-сентябрындагы N 169, 2009-жылдын 18-майындагы N 157, 2012-жылдын 28-июнундагы N 90 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

10-статья. Бюджетти кассалык аткаруу

Бюджетти кассалык аткаруу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгы жана анын региондук бөлүмдөрү тарабынан агент-банктар аркылуу жүргүзүлөт.

Кызмат көрсөтүү үчүн комиссиялык акы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгы тарабынан конкурстук негизде аныкталат.

11-статья. Бюджеттик жыл

Кыргыз Республикасынын аймагында бюджеттик жыл деп 1-январдан 31-декабрды кошо алган убакыттын аралыгы саналат.

(Экинчи бөлүк КР 2012-жылдын 28-июнундагы N 90 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2012-жылдын 28-июнундагы N 90 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

12-статья. Бюджеттик процесстин айкындуулугу

Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди кароо жана бекитүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, айылдык жана шаардык кеңештер тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен мамлекеттик сырлардын категориясына киргизилген, аларды таркатуу мамлекеттик кызыкчылыктарга, эгемендикке, экономикалык жана мамлекеттик коопсуздукка зыян келтириши мүмкүн болгон маселелерди кароодон тышкарыда, айкындуу жана ачык жүргүзүлөт.

Республикалык бюджетти аткаруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, жергиликтүү бюджеттерди аткаруу жөнүндөгү - айылдык жана шаардык кеңештердин отчеттору боюнча токтомдор, республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана кезектеги бюджеттик жылга жана андан кийинки болжол кылынуучу эки жылга жергиликтүү бюджеттер жөнүндө кеңештердин чечимдери айылдык жана шаардык массалык маалымат каражаттарында жарыяланууга тийиш.

(КР 2004-жылдын 20-июлундагы N 93, 2008-жылдын 17-октябрындагы N 226 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

13-статья. Мамлекеттик (бириккен) бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндөгү отчетторду берүүнүн мөөнөттөрү

Үстүдөгү жылга жана андан кийинки болжол кылынуучу эки жылга мамлекеттик (консолидацияланган) бюджет Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жергиликтүү бюджеттер бекитилгенден кийин, ал эми анын аткарылышы жөнүндө жылдык отчет отчеттук жылдан кийинки жылдын 20-майына чейин берилет. Бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетко ошондой эле Мамлекеттик инвестициялар программасын ишке ашыруу тууралу маалымат киргизилет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик (консолидацияланган) бюджетти Кыргыз Республикасынын Президентине жергиликтүү бюджеттер бекитилгенден кийин, ал эми анын аткарылгандыгы тууралу жылдык отчетту отчеттук мезгилден кийин келген жылдын 15-июнунан кечиктирбей киргизет.

Кыргыз Республикасынын финансы министри мамлекеттик бюджеттин талаптагыдай түзүлүшүн жана аткарылышын камсыз кылат.

(КР 2004-жылдын 20-июлундагы N 93, 2008-жылдын 17-октябрындагы N 226 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

14-статья. Бюджеттик классификация

Кыргыз Республикасында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бекитүүчү республикалык жана жергиликтүү бюджеттер үчүн бюджеттин кирешесинин жана чыгымынын бирдиктүү классификациясы пайдаланылат.

Бюджеттик классификация бюджеттик статистиканын формаларын бир түргө салууну жана эл аралык практикага салыштырмалуулугун камсыз кылууга тийиш.

Республикалык бюджеттин долбоору бюджеттик классификацияга ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бекитүүсүнө сунуш кылынат, ал өзүнө (министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, мамлекеттик комиссиялар, агентстволор жана башка аткаруу бийлик органдары боюнча) уюштуруу (администрациялык) классификациясын камтыйт.

15-статья. Мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик ыйгарым укуктары

Бюджетти аткаруу процессинде жүргүзүлгөн бюджеттин чыгымдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, айылдык жана шаардык кеңештер бекиткен бюджеттерде каралган өлчөмдүн чегинен ашпоого тийиш.

Бекитилген бюджеттин көрсөткүчтөрүн кирешелер жана чыгымдар боюнча жалпысынан, ошондой эле кирешелердин бөлүмдөрү, главалары, кичине главалары жана чыгымдардын негизги топтору, топтору, кичине топтору боюнча өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жана айылдык жана шаардык кеңештер тарабынан кошумча чыгымдарды жабуунун жана түшүүчү кирешелердин конкреттүү, негиздүү булактары болгондо гана кабыл алынышы мүмкүн.

Министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго, мамлекеттик комиссияларга, башка борбордук аткаруу бийлик органдарына, менчигинин түрүнө карабастан ишканаларга жана чарба субъекттерине республикалык бюджеттен бюджеттик ссуда берүү чечими Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекиткен тийиштүү жылдын бюджетинде көрсөтүлгөн максаттар үчүн каралган каражаттардын чегинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынат.

Ишканаларга, уюмдарга жана башка чарба субъекттерине республикалык бюджеттен берилүүчү ссудалар жана кредиттер алар мурда берилген кредиттерди жабууга зарыл пайыздарды жана суммаларды төлөп берем деген милдеттенмелерин аткарса гана берилет.

Жергиликтүү бюджеттерге бюджеттик ссудаларды берүү чечимдери аларда бюджетти аткаруу процессинде биринчи кезектеги чыгымдарды каржылоодо кыйынчылыктар болсо, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан кабыл алынат.

Эгерде республикалык бюджеттен берилген бюджеттик ссудалар бюджеттик жылдын аягына чейин жоюлбаган учурда, жоюлбаган ссуда жергиликтүү бюджеттерге чегерилүүчү жалпы мамлекеттик салыктардан жана башка кирешелерден чегерүүлөрдүн эсебинен республикалык бюджетке өндүрүлүп алынат.

Жергиликтүү бюджеттерден ссудаларды берүү тийиштүү келишим жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.

Муниципалдык ишканаларга жана мекемелерге, бирдей деңгээлдеги бюджеттерге жергиликтүү бюджеттен ссуда берүү жөнүндөгү чечимди жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары кабыл алат жана жергиликтүү бюджетте көрсөтүлгөн максаттарга каралган каражаттардын чектеринде айылдык жана шаардык кеңештер тарабынан бекитилет.

Жергиликтүү бюджеттердин, ошондой эле чарбакер субъекттердин республикалык бюджеттен берилген ссудалар боюнча береселерин кечүү жөнүндө чечимдерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кабыл алат, ал эми жергиликтүү бюджеттерден берилген ссудалар боюнча береселерин кечүү жөнүндө чечимдерди жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары айылдык жана шаардык кеңештер менен макулдашуу боюнча кабыл алышат. Республикалык бюджеттен берилген ссудалар боюнча береселерди төлөөнүн шарттарын өзгөртүү жөнүндө чечимдерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, ал эми жергиликтүү бюджеттерден берилген ссудаларды төлөөнүн шарттарын өзгөртүү жөнүндө чечимдерди жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары айылдык жана шаардык кеңештер менен макулдашуу боюнча кабыл алышат.

Юридикалык жак банкроттукка байланыштуу жоюлган учурда Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде жана "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте кредитордун талаптары аткарылат.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бюджетти аткаруу процессинде чыгымдардын корголгон статьяларын (эмгек акыны, акчалай акы төлөөнү, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондго чегеримдерди, дары-дармек жана таңуучу каражаттарды, тамак-аш, стипендия, пенсия жана пособие, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондго дотацияларды) азайтпастан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекиткен мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-милдеттеринин классификациясына тиешелүү чыгымдардын негизги топтору, топтору жана кичине топтору боюнча жалпы чыгымдардын чегинде, ошондой эле тийиштүү жылга республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген министрлик, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомство, мамлекеттик комиссия жана башка борбордук аткаруу бийлик органы боюнча жалпы каражаттардын чегинде чыгымдардын статьяларынын ортосунда каражаттарды кайра бөлүштүрүүгө укуктуу.

Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, мамлекеттик комиссиялар, башка борбордук аткаруу бийлик органдары жана кредиттин башка тескөөчүлөрү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашуу боюнча өздөрүнө караштуу бюджеттик мекемелер менен уюмдардын сметасындагы чыгымдардын статьялары боюнча (корголгон статьяларга чыгымды азайтпастан) тийиштүү жылга республикалык бюджет жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген жалпы каражаттардын чегинде бюджетти аткаруу процессинде каражаттарды тактоого укуктуу.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жогоруда белгиленген эрежелерди ишке ашыруу жана ушундай эрежелерден ар кандай чыгарып салууларды аныктоо үчүн толук нускама чыгарууга укуктуу.

Белгиленген тартипте бекитилген республикалык жана айылдык жана шаардык бюджеттердин көрсөткүчтөрүн кирешелердин негизги бөлүмдөрү, главалары, кичине главалары боюнча, чыгымдардын негизги топтору, топтору жана кичине топтору боюнча, чыгымдардын корголгон статьялары боюнча, ошондой эле бюджеттин тартыштыгынын (профицитинин) өлчөмү боюнча өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жана жергиликтүү кеңештер тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жүйөлүү жана негиздүү сунуштарынын негизинде өзгөчө жагдайларда гана киргизилиши мүмкүн.

Бекитилген бюджетке өзгөртүүлөр жана толуктоолор үстүдөгү жылдын бюджеттик көрсөткүчтөрүнө, кийинки болжол кылынуучу жылдардын бюджетинин параметрлерин өзгөртпөстөн киргизилет.

Финансы министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тышкы жана ички карыз алынуучу каражаттарды тартуу, кредиттерди жана гарантияларды берүү боюнча бирден бир агенти катары чыгат.

(КР 2004-жылдын 20-июлундагы N 93, 2004-жылдын 17-сентябрындагы N 169, 2006-жылдын 15-июлундагы N 110, 2008-жылдын 17-октябрындагы N 226, 2009-жылдын 17-июлундагы N 232, 2012-жылдын 28-июнундагы N 90, 2012-жылдын 29-июнундагы N 91 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

16-статья. Бюджеттердин ортосунда өз ара эсептешүү жүргүзүүнүн тартиби

Бюджет бекитилгенден кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жергиликтүү бюджеттердин чыгымдары көбөйүп же кирешелери азая турган ченемдик актылар кабыл алынса, тийиштүү суммалар республикалык бюджеттен алып коюлат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө өндүрүштүн (иштин, кызмат көрсөтүүнүн) көлөмүнүн, баанын деңгээлинин, инфляциянын темпинин өзгөргөндүгү жана республиканын экономикасында болгон башка процесстерден улам жалпы мамлекеттик жөнгө салынуучу салыктардын контингенти жана башка кирешелер боюнча көрсөткүчтөрдү тактоого байланыштуу квартал аяктаганга кеминде 30 күн калганда жергиликтүү бюджеттери менен республикалык бюджеттин өз ара эсептешүү ишине тактоо киргизүүгө укук берилет.

(КР 2004-жылдын 20-июлундагы N 93 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

17-статья. Чыгымдардан ашкан кирешелерди пайдалануу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары

Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди аткарууда кошумча алынган, Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген чегерүүлөрдүн ченемдиктери боюнча бөлүштүрүлүүчү кирешелер, ошондой эле жыл аягында кирешени ашык аткаруудан же чыгымды үнөмдөөнүн натыйжасында түзүлгөн кирешенин чыгымдан ашкан суммасы тийиштүү түрдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында калат, алып коюлбайт жана Өкмөттүн жана айылдык жана шаардык кеңештердин кароосу боюнча республикалык жана жергиликтүү бюджеттин чыгымдарын тийиштүүлүгүнө жараша финансылоого пайдаланылат. Ушул Мыйзамдын 31-статьясында көрсөтүлгөн жалпы мамлекеттик салык же киреше боюнча (мурдагы жылдагы салык калдыгын төлөө боюнча планды эске алуу менен) пландуу көрсөткүчтөр ашыгы менен аткарылган учурда ошол жалпы мамлекеттик салык же киреше боюнча пландуу көрсөткүчтөрдүн ашык аткарылган суммасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши белгилеген ченемдер боюнча ашык аткарылган суммада жергиликтүү бюджетке чегерилет.

Айрым учурларда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечими боюнча отчеттук финансы жылынын акырында топтолгон каражаттын эркин калдыгы (кассалык накталай акчаны жүгүртүүнү алып таштагандан кийин ушул Мыйзамдын 23-статьясына ылайык түзүлгөн кирешенин чыгымдан ашышы) республикалык бюджетти аткаруу процессинде Кыргыз Республикасынын ички мамлекеттик карызын толугу менен (же жарым-жартылай) жабууга жумшалышы мүмкүн.

(КР 2004-жылдын 20-июлундагы N 93 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

18-статья. Бюджетти бекитүүгө чейин жумшалган чыгымдар

Эгер бюджеттин долбоору үстүдөгү жылдын аягына чейин бекитилбесе, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ал бекитилгенге чейин Кыргыз Реслубликасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары - айылдык жана шаардык кеңештердин кароосуна киргизген бюджет долбоорунда каралган чыгымдардын жылдык суммасынын он экиден бир бөлүгүнүн чегинде ай сайын сарптоо жүргүзүүгө укуктуу.

(КР 2008-жылдын 17-октябрындагы N 226, 2012-жылдын 29-июнундагы N 91 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

19-статья. Бюджеттин кирешелери

Бюджеттин кирешелери негизинен тике жана кыйыр салыктардан салыктык эмес жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде жана мыйзамдарында белгиленген башка кирешелердин эсебинен түзүлөт.

Бюджетке түшкөн кирешелер республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана жергиликтүү бюджет жөнүндө айылдык жана шаардык кеңештердин ченемдик укуктук актыларына ылайык бюджеттин чыгымдарын каржылаш үчүн колдонулат.

Салык эмес кирешелер - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жыйымдар, төлөмдөр жана башка салык эмес кирешелер түрүндө Кыргыз Республикасынын республикалык жана жергиликтүү бюджетке түшкөн акча каражаттары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кызмат көрсөтүүдөн жана иш аткаруудан түшкөн акча каражаттары.

Бюджеттин финансылык тартыштыгын каржылоонун ички жана тышкы булактары бюджеттин киреше бөлүгүндө көрсөтүлбөйт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бюджеттин салык жана салыктык эмес кирешелери менен байланышкан мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашырууда бюджеттик каражаттарды түзүүнүн жана пайдалануунун атайын тартибин белгилейт.

(КР 2004-жылдын 20-июлундагы N 93, 2010-жылдын 28-январындагы N 14, 2015-жылдын 3-мартындагы N 48 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

19-1-статья. Бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары

Атайын каражаттар - бул бюджеттик мекемелердин Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик укуктук актыларына ылайык атайын эсептерге чегерилген продукцияларды сатып өткөрүүдөн, жумуштарды аткаруудан жана кызматтарды көрсөтүүдөн жана (же) иштин башка түрлөрүн жүзөгө ашыруудан алынган каражаттары.

Атайын каражаттар мамлекеттик бюджетте чагылдырылат, мында бюджеттик мекеменин атайын эсебине түшүүлөрдү жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларда бул каражаттар атайын каражаттар катары так көрсөтүлүүгө тийиш. Тиешелүү ченемдик укуктук актылар жок болгон учурда, каражаттар мекеменин атайын эсебине чегерилүүгө тийиш эмес жана мамлекеттик бюджеттин кирешесине келип түшөт.

Атайын каражаттардын курамына төмөнкү кирешелер кошулушу мүмкүн эмес:

- салык жана бажы мыйзамдарына, салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө мыйзамдарга ылайык белгиленген милдеттүү төлөмдөр;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган ченемдерди бузгандыгы үчүн айыптар, туумдар жана башка финансылык санкциялар;

- укук бузуулар менен келтирилген зыяндын ордун толтуруу түрүндө келип түшкөн каражаттар, ошондой эле укук бузууларды жасоонун конфискацияланган товарларын, куралдарын жана башка товарларды сатуудан түшкөн каражаттар.

(КР 2012-жылдын 28-июнундагы N 90, 2013-жылдын 7-августундагы N 189 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

20-статья. Бюджеттин чыгымдары

Тийиштүү жылдын бюджетинде ошол жылы аткаруу белгиленген иш-чараларга чыгымдар каралат.

Пландаштырылган жылы кийинки жылдары да кыйла өлчөмдөгү бюджеттик каражаттарды сарптоону талап кылган иш-чараларды өткөрүүдө министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго, мамлекеттик комиссияларга жана башка борбордук аткаруу бийлик органдарына аталган каражаттарды мамлекеттин финансылык мүмкүнчүлүктөрүнүн чегинде бөлүү каралат.

Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди түзүүдө мамлекет менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу функцияларын жана милдеттерин аткаруудан келип чыккан чыгымдар гана кабыл алынат. Ушул максатта чыгымдардын зарылчылыгына баа берилип, долбоорлордун бар экендиги жана чыгымдардын сметасына эсептердин негиздүүлүгү текшерилет.

Бюджеттердин сарптоо бөлүгү өзгөчө учурларда мамлекеттин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иш милдеттерин жана милдеттерин аткарууну камсыз кылуу үчүн юридикалык жактарга субсидияларды камтышы мүмкүн.

Өнүгүү боюнча программаны кабыл алуу үчүн салыктардын экономикалык майнаптуулугун изилдөөлөр жүргүзүлөт. Зарыл болгон учурда салым жумшоонун максатка ылайыктуулугун ырастоочу көз каранды эмес эксперттердин корутундусу пайдаланылат.

Бюджеттин чыгым бөлүгүнө иштеп жаткан жана жаңы ачылган ишканалар үчүн капиталдык салымдарына бөлүнгөн акча каражаттары киргизилет.

Республикалык бюджеттен капиталдык салымдарды пландаштыруу Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги, ал эми жергиликтүү бюджеттен капиталдык салымдарды пландаштыруу - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат. Орточо мөөнөттүү бюджеттин жана пландаштырылган тийиштүү жылга бюджеттин көрсөткүчтөрүнө киргизилген капиталдык салымдардын көлөмдөрү түздөн-түз ишканалар менен уюмдарга кредит же грант түрүндө берилген каражаттардан куралчу капиталдык салымдардын көлөмүн кошо алганда каржылоонун бардык булактарынын (ички жана тышкы) эсебинен каржылануучу капиталдык салымдардын көлөмдөрүн, ошондой эле тышкы булактардан каржылануучу бардык инвестициялык долбоорлор боюнча капиталдык салымдардын көлөмүн кошууга тийиш.

Өнөр жай-өндүрүштүк багыттагы объектилердин курулушуна бөлүнгөн каражат кайтарып берүү мүнөзүнө ээ жана пайыздарды төлөө менен берилет. Бюджеттин чыгым бөлүгүнө министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго, мамлекеттик комиссияларга жана башка борбордук аткаруу бийлик органдарына, ишканаларга жана чарба субъекттерине ссуда үчүн берилген каражат да кошулат.

Бюджеттин чыгым бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондго бөлүнгөн дотациялар жана башка каражаттар да көрсөтүлөт. Өз ишин бюджеттен тышкары жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын Социалдык фонд Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында бюджеттен алынуучу бюджеттик каражаттарды пайдалангандыгы үчүн отчет берет.

Чыгымдардын көрсөткүчтөрү бюджетте учурдагы чыгымдарды жана өнүгүү бюджетин, ошондой эле бюджеттин кирешеси менен чыгымынын классификациясына ылайык чыгымдардын негизги түрлөрүн жана статьяларын бөлүп көрсөтүү менен чагылдырылат.

Бюджеттин тартыштыгын каржылоо ички жана тышкы булактардан алынган кредиттердин негизги суммасын жабуу менен байланышкан чыгымдар бюджеттин чыгым бөлүгүндө көрсөтүлбөйт да, "Бюджеттин тартыштыгын жабуу булактары" бөлүмүндөгү анын балансында көрсөтүлөт.

Бюджеттин чыгашалар бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Медициналык камсыздандыруу фондуна Мамлекеттик гарантиялар программасын аткаруу үчүн бөлүнүүчү каражаттар көрсөтүлөт. Кыргыз Республикасынын Медициналык камсыздандыруу фонду саламаттык сактоо уюмдарын менчигинин формасына карабастан мамлекеттик бюджеттин каражаттары менен келишимдик негизде каржылайт. Кыргыз Республикасынын Медициналык камсыздандыруу фонду бюджеттен алынган бюджеттик ассигнованиелерди пайдаланганы үчүн Саламаттык сактоону реформалоо жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча Байкоочулар кеңешине отчет берет.

(КР 2004-жылдын 20-июлундагы N 93, 2009-жылдын 17-февралындагы N 54 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

21-статья. Резервдик фонддор

Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетин бекитүүдө каралышы мүмкүн болбогон экономикалык, социалдык-маданий жана башка иш-чаралар боюнча күтүүсүз чыгымдарды жабуу үчүн ар бир резервдик фонд (көрсөтүлгөн резервдик фонддорду эсепке албай) боюнча бюджеттин чыгымдарынын көлөмүнө карата 1 пайызга чейинки чектерде Жогорку Кеңештин Төрагасынын резервдик фонду, Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фонду жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фонду жана ошондой эле мамлекеттик администрация башчыларынын резервдик фонддору түзүлөт.

Жергиликтүү бюджеттерде чыгымдардын көлөмүнө карата 1 пайызга чейинки чекте (резервдик фонддорду эсепке албастан) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын резервдик фонддору түзүлөт.

Кошумча финансылык ресурстарды топтоо жана аларды өлкөнүн экономикасы жана бюджеттик системасы үчүн жагымсыз мезгилдерде сарамжалдуу пайдалануу, ошондой эле социалдык маанилүү иш-чараларды финансылык жактан камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Резервдик фонду түзүлөт. Кыргыз Республикасынын Резервдик фондун түзүүнүн жана пайдалануунун тартиби Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат.

(КР 2004-жылдын 20-июлундагы N 93, 2008-жылдын 14-февралындагы N 14, 2009-жылдын 15-июнундагы N 184, 2011-жылдын 17-февралындагы N 1 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Караңыз:

КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 13-июнундагы N 297 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - облустардын губернаторлорунун резервдик фонду жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

21-1-статья. Региондорду өнүктүрүү фонду

Региондорду өнүктүрүү фонду - жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдөрдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө пайдаланылуучу кирешелердин же башка келип түшүүлөрдүн конкреттүү түрлөрүнөн чегерүүлөрдүн жана максаттуу багыттагы башка конкреттүү иш-чараларды жүзөгө ашыруунун эсебинен мыйзамдарга ылайык түзүлгөн акча каражаттары.

Фонддун каражаттары тиешеси жок багыттарга  колдонулушу  мүмкүнэмес.

Фонддорду түзүүнүн жана ага каражаттарды чегерүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Республикалык бюджетти  түзүүдө фонддордун каражаттары региондорду бюджеттик каржылоону төмөндөтүүгө таасир тийгизе албайт.

(КР 2013-жылдын 17-июлундагы N 149 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

22-статья. Мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинин балансташпагандыгы, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин бюджетти талаптагыдай аткарбагандыгы жана финансы тартибин бузгандыгы үчүн жоопкерчилиги

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тийиштүү бюджеттин балансташпагандыгына байланыштуу келип чыккан милдеттенмелер боюнча өз алдынча жооп беришет.

Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, мамлекеттик комиссиялардын, башка борбордук аткаруу бийлик органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жана бюджеттик каражаттарды чыгымдоо үчүн жооптуу кызматчылары финансы тартибин бузгандык жана бюджетти аткарууга байланыштуу милдеттерди орундатпагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жекече жоопкерчилик тартат.

Мамлекеттик финансылык фактылары аныкталганда Финансы министрлиги мамлекеттик администрациялардын, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, ведомстволордун көрсөтүлгөн укук бузууларга күнөөлүү болгон жетекчилерин ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизет.

(КР 2004-жылдын 20-июлундагы N 93 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

23-статья. Жүгүртүүдөгү кассалык накталай акча

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, айылдык жана шаардык кеңештер бюджеттин курамына жаңы финансылык жылдын башталышында тийиштүү бюджет боюнча калган каражаттардын эсебинен каралган чыгымдардан тышкары жүгүртүүдөгү кассалык накталай акчанын көлөмүн бекитет. Жүгүртүүдөгү кассалык накталай акча жыл ичинде убактылуу кассалык үзгүлтүктөрдү жабууга пайдаланылышы мүмкүн жана ошол эле жылы бюджетти бекитүүдө белгиленген өлчөмгө чейин калыбына келтирилүүгө тийиш.

(КР 2004-жылдын 20-июлундагы N 93 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

24-статья. Бюджеттин профицити жана тартыштыгы түшүнүгү

Мамлекеттик кирешелердин чыгымдардан ашып кетиши - бюджеттин профицитин, мамлекеттик чыгымдардын кирешелерден ашып кетиши - бюджеттин тартыштыгын түзөт.

25-статья. Республикалык бюджеттин тартыштыгынын жогорку өлчөмү

Республикалык бюджеттин тартыштыгынын жогорку өлчөмү жыл сайын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилет.

26-статья. Бюджеттин тартыштыгын жабуунун булактары

Бюджеттин тартыштыгын жабуу үчүн каражат тартуунун негизги түрү болуп тийиштүү пайыздарды төлөө менен кайтарыла турган мүнөздөгү ыктыярдуу заемдордун негизинде мамлекеттик карыздарды калыптандыруу саналат.

Бюджеттин тартыштыгын жабууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө чет өлкөлүк инвесторлор, эл аралык уюмдар кредит түрүндө берилүүчү каржылоонун тышкы булактары да тартылышы мүмкүн.

Бюджеттин тартыштыгын жабууга мамлекеттик менчикте турган объекттерди менчиктештирүүдөн жана мурда берилген бюджеттик ссудалардын жана кредиттердин негизги суммасын кайтарып берүүдөн түшкөн кирешелер жумшалат.

Бюджеттин тартыштыгын жабуунун ички жана тышкы булактары "Бюджеттин тартыштыгын жабуу булактары" бөлүмүндөгү анын балансында көрсөтүлөт.

(КР 2012-жылдын 28-июнундагы N 90 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

27-статья. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди түзүүнү жана аткарууну текшерүү

Республикалык жана жергиликтүү бюджетти түзүүнү жана аткарууну текшерүү Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан жүргүзүлөт. Эсептөө палатасынын талабы боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү финансы органдары бюджетти түзүү жана текшерүү үчүн зарыл болгон документтердин көчүрмөлөрүн берүүгө милдеттүү. Эсептөө палатасы Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө отчет берет.

(Экинчи бөлүк КР 2012-жылдын 28-июнундагы N 90 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2002-жылдын 9-августундагы N 138, 2008-жылдын 17-октябрындагы N 226, 2012-жылдын 28-июнундагы N 90 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

28-статья. Өзгөчө бюджет

Республикада же анын айрым жерлеринде өзгөчө абал киргизилгенде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши өзгөчө кырдаал менен байланышкан иш-чараларды каржылоо багытындагы кошумча өзгөчө бюджетти бекитиши мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому менен өзгөчө бюджет боюнча чыгымдарды каржылоо үчүн кирешенин булактары аныкталат. Өзгөчө бюджеттин чыгымдарын каржылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечими менен кошумча салыктар, кошумча акылар, жыйымдар, төлөмдөр киргизилет.

29-статья. Республикалык бюджеттин чыгымдарынын секвестр түшүнүгү

Чыгымдардын секвестри деп бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылбай калышы күтүлгөн шартта, ошондой эле бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлерине пенсия жана эмгек акы төлөп берүү боюнча карыздардын топтолушун болтурбоо максатында республикалык бюджеттин чыгымдар статьясын белгиленген пропорцияларда кыскартуу түшүндүрүлөт. Учурдагы бюджеттик жылга секвестр киргизүү чечими республикалык бюджеттин кварталдагы иш жүзүндө аткарылышын талдоонун жана бюджеттик жылдын акырына чейин кирешенин аткарылышын баамдоонун негизинде кабыл алынат. Республикалык бюджеттин чыгымдарынын секвестри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилет.

Секвестрлештирүүгө жаткан статьялардын тизмеси, ошондой эле кыскартуунун өлчөмү бирдиктүү ставка боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш тарабынан белгиленет. Чыгымдардын айрым статьялары боюнча секвестрдин жеңилдетилген режими белгилениши мүмкүн.

Үстүдөгү финансы жылында Кыргыз Республикасынын сот системасын финансылоого мыйзам менен каралган бюджеттик каражаттарды Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин макулдугу менен гана секвестеризациялоого жол берилет.

(КР 2009-жылдын 18-майындагы N 157 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

30-статья. Бюджеттен тышкаркы фонддор

Кыргыз Республикасынын Социалдык фонддон, Кыргыз Республикасынын Медициналык камсыздандыруу фондунун, ошондой эле ыктыярдуу кайрымдуулук акчаларынан жана взностордун эсебинен түзүлгөн бюджеттен тышкаркы фонддордон башка министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, мамлекеттик комиссиялардын жана башка борбордук аткаруу бийлик органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттен тышкаркы фонддорун түзүүгө тыюу салынат.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджеттен тышкаркы фонддорун түзүү маселеси "Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынат.

(КР 2004-жылдын 20-июлундагы N 93, 2004-жылдын 17-сентябрындагы N  169, 2009-жылдын 17-февралындагы N 54, 2013-жылдын 3-августундагы N 186 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

II бөлүм
Кыргыз Республикасынын бюджетинин кирешелеринин курамы

31-статья. Жалпы мамлекеттик салыктар жана башка кирешелер

1. Жалпы мамлекеттик салыктарга жана башка кирешелерге төмөнкүлөр кирет:

1) киреше салыгы;

2) сатуудан салык;

2-1) жер казынасын пайдалануу үчүн салык (роялти);

3) милдеттүү патенттин негизиндеги салык;

4) ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык;

5) бирдиктүү салыктын негизиндеги салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутуму;

6) мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган мүлктү пайдалануудан түшкөн кирешелер;

7) мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган мүлктү сатуудан же башка акы төлөнүп менчиктен ажыратуудан түшкөн кирешелер;

8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле бюджеттик мекемелер, аткаруу бийлигине жана жергиликтүү өз алдынча башкарууга караштуу органдар акы төлөтүп кызмат көрсөтүүдөн жана иш аткаруудан түшкөн кирешелер;

9) материалдык, администрациялык жана кылмыш-жаза жоопкерчилигинин чараларын колдонуунун натыйжасында түшкөн каражаттар, атап айтканда: айып салуу, конфискация, компенсация;

9-1) эл аралык донорлордон расмий трансферттердин келип түшүүсү;

10) мыйзам тартибинде белгиленүүчү башка жалпы мамлекеттик салыктар жана кирешелер.

2. Жалпы мамлекеттик салыктар жана башка кирешелер республикалык, ошондой эле жергиликтүү бюджеттерге түшүшү мүмкүн.

(КР 2010-жылдын 28-январындагы N 14, 2012-жылдын 28-июнундагы N 90, 2016-жылдын 22-июнундагы N 83 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

32-статья. Республикалык бюджеттин кирешелери

Республикалык бюджетке төмөнкүлөр түшөт:

1) жалпы мамлекеттик салыктардан жана башка кирешелерден чегерүүлөр;

2) кошумча нарк салыгы;

3) акциздик салык;

4) пайдага салык;

5) кен байлыктарды пайдалануу үчүн салык (бонустар);

6) ( КР 2016-жылдын 22-июнундагы N 83 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

7) импорттук жана экспорттук бажы алымдары;

8) республикалык бюджеттен берилүүчү кредиттер (ссудалар) боюнча пайыздар;

9) адиске баалуу кагаздар менен операцияларды жүргүзүү укугуна күбөлүк бергендиги үчүн жыйым;

10) баалуу кагаздардын эмиссияларын каттагандыгы үчүн комиссиондук жыйым;

11) күрөөнү каттагандыгы, Бирдиктүү мамлекеттик реестрден көчүрмө алгандыгы жана күрөөнү кошумча билдиргендиги үчүн жыйымдар;

12) транспорттук каражаттарды каттагандыгы (кайра каттагандыгы) үчүн жыйым;

13) консулдук жыйымдар;

14) туристтик жана альпинисттик иштерди жүргүзгөндүгү үчүн жыйым жана чегерүүлөр;

15) мыйзамсыз, анын ичинде лицензиялык тартип менен белгиленген ишти лицензиясы жок жүзөгө ашыруудан түшкөн кирешелер;

16) мамлекеттик жана дем берүүчү лотереяларды өткөрүүдөн түшкөн кирешелер;

17) баалуу металлдардан жасалган зергердик (турмуш-тиричилик) буюмдарды сынактан өткөргөндүк жана эн тамга койгондук үчүн төлөм (баалуу металлдарга техникалык экспертиза жана контролдук талдоолор);

18) мамлекеттик менчикте турган объектилерди ижарага берүүдөн түшкөн кирешелер;

19) концессиялык (чет өлкөлүк инвесторлорго мүлктү, жерди жана анын кен байлыктарын ижарага берүүдөн) кирешелер;

20) айлана чөйрөнү булгагандык үчүн төлөм (анын ичинде булгоочу заттардын агындыларын, саркындыларын жана калдыктарды таштоочу жай үчүн төлөөлөр);

21) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен реестрге ылайык мамлекеттик уюмдар көрсөткөн акы төлөмө кызматтарды жана иштерди аткаруудан түшкөн кирешелер;

22) альтернативалуу (аскердик эмес) кызмат өтөөдөн түшкөн кирешелер;

23) жаратылыш ресурстарын пайдалануудан түшкөн кирешелер;

24) конфискацияланган мүлктү, белгиленген тартипте мамлекеттин менчигине биротоло өткөн мүлктү, анын ичинде мамлекеттин пайдасына бажы режиминде баш тартуу жол-жоболоштурулган товарларды жана транспорт каражаттарын сатып өткөрүүдөн түшкөн кирешелер;

25) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын пайдасынан түшкөн кирешелер;

26) акциялардын мамлекеттик пакетине дивиденддерден түшкөн кирешелер;

27) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык республикалык бюджетке алынуучу мамлекеттик алым;

28) жазык-аткаруу инспекцияларынын кирешелери;

29) материалдык баалуулуктардын уурдалышына жана кем чыгышына күнөөлүү адамдан төлөтүлүп алынуучу суммалар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мамлекеттик органдар жана алардын аймактык бөлүмдөрү өндүрүп алуучу администрациялык айыптар жана санкциялар;

30) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка салыктык эмес, жана башка кирешелер.

(КР 2010-жылдын 28-январындагы N 14, 2012-жылдын 28-июнундагы N 90, 2012-жылдын 10-октябрындагы N 170, 2016-жылдын 22-июнундагы N 83 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

33-статья. Жергиликтүү бюджеттердин кирешелери

1. Айылдын жана шаардын жергиликтүү бюджеттерине төмөнкүлөр түшөт:

1) жалпы мамлекеттик салыктардан жана башка кирешелерден чегерүүлөр;

2) муниципалдык мүлктү башкаруудан жана тескөөдөн түшкөн кирешелер;

3) жер салыгы;

4) мүлккө салык;

5) ( КР 2016-жылдын 22-июнундагы N 83 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

6) Айыл-чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин пайдалануу укугу үчүн алынуучу жерге ижара акысы;

7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү бюджетке алынуучу мамлекеттик алым;

8) айылдык жана шаардык кеңештер бекиткен реестрге ылайык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр жана аткарылган иштер үчүн муниципалдык мекемелердин кирешелери;

9) жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерине жана унаа каражаттарын эксплуатациялоого коркунуч келтирген укук бузуу болгондо салынган администрациялык жазалардан тышкары администрациялык айыптар жана башка санкциялар;

10) трансферттер, ыктыярдуу төлөмдөр;

11) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка салыктык эмес, жана башка кирешелер.

2. (КР 2012-жылдын 29-июнундагы N 91 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2010-жылдын 28-январындагы N 14, 2012-жылдын 29-июнундагы N 91, 2012-жылдын 25-июлундагы N 141 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

34-статья. Жалпы мамлекеттик салыктардан жана башка кирешелерден жергиликтүү бюджеттерге чегерүүнүн тартиби

(Статьянын аталышы КР 2012-жылдын 29-июнундагы N 91 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Жергиликтүү бюджеттерге кирешелер мамлекеттик салыктардын жана башка кирешелерден, ошондой эле салыктын ушул түрлөрү жана башка кирешелер боюнча салык органдары тарабынан алынуучу айыптардан, туумдардан жана башка санкциялардан бирдиктүү ченемдиктер боюнча чегерилет.

Жалпы мамлекеттик салыктардан жана башка кирешелерден чегерүүлөрдүн ченемдери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилет. Жалпы мамлекеттик салыктардан жана башка кирешелерден түшкөн каражаттарды республикалар аралык жана жергиликтүү бюджеттерге бөлүштүрүү республикалык бюджет жөнүндөгү мыйзам тарабынан белгиленет.

Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги бекиткен жалпы мамлекеттик салыктардан жана башка кирешелерден чегерүүлөрдүн ченемдери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жиберилет.

(КР 2004-жылдын 20-июлундагы N 93, 2009-жылдын 15-июнундагы N 184 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

III бөлүм
Кыргыз Республикасындагы трансферттер тутуму

(Бөлүмдүн аталышы КР 2009-жылдын 17-июлундагы N 232 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

35-статья. Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумдагы трансферттер

(Статьянын аталышы КР 2009-жылдын 17-июлундагы N 232 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Категориялык гранттар - мамлекет тарабынан кепилдик берилген жергиликтүү бюджеттин чыгымдарынын айрым түрлөрүн финансылоо үчүн акысыз жана кайтарымсыз негизде республикалык бюджеттен берилүүчү трансферттер.

Категориялык гранттар жергиликтүү деңгээлдеги мамлекеттик программаларды финансылоонун керектөөлөрүнө эсептелген формуланын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына республикалык бюджеттен берилет. Категориялык гранттарды эсептөөнүн ыкмалары жана формуласы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Билим берүү үчүн категориялык гранттын өлчөмдөрүн конкреттештирүү мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттардын аткарылышын камсыз кылуу үчүн зарыл болгон көлөмдөрдө жыл сайын белгиленет.

Категориялык гранттар белгиленген ыкмага жана формулага ылайык жергиликтүү бюджеттен Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги тарабынан бөлүштүрүлөт.

Теңдештирүүчү гранттар - стабилдүү социалдык экономикалык абалга колдоо көрсөтүү максатында минималдуу мамлекеттик социалдык стандарттарга ылайык жергиликтүү бюджеттердин чыгымдарын финансылоону камсыз кылуу үчүн республикалык бюджеттен берилүүчү трансферттер.

Теңдештирүүчү гранттар жергиликтүү коомдоштуктун чыгымдарын финансылоодо кирешелердин потенциалынын жана жергиликтүү бюджеттин керектүүлөрүнүн ортосундагы финансылык ажырымды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен формуланын негизинде эсептелинет жана бөлүштүрүлөт.

Теңдештирүүчү гранттар белгиленген ыкма жана формулага ылайык жергиликтүү бюджетке Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги тарабынан бөлүштүрүлөт.

Үлүштүк (дем берүүчү) гранттар - бюджеттик каражаттарды, мамлекеттик артыкчылыктуу программалардын жана долбоорлордун каражаттарын натыйжалуу чыгымдоого дем берүү, жергиликтүү бюджеттердин кирешелерин көбөйтүү жана жергиликтүү кирешелердин булактарын кыйла толугу менен мобилизациялоо максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына республикалык бюджеттен берилүүчү трансферттер.

Үлүштүк (дем берүүчү) гранттар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына конкурстук негизде берилет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен шарттарга ылайык үлүштүк (дем берүүчү) гранттарды алууга талаптама берүүгө укуктуу.

Гранттардын өлчөмдөрү жана алардын тизмеси республикалык бюджет жөнүндөгү мыйзамда жыл сайын каралып турушу мүмкүн. Гранттарды берүүнүн ыкмасы, эсептөө формуласы жана шарттары үч жыл боюу өзгөртүлүүгө тийиш эмес.

Өз ара эсептешүү боюнча бир бюджеттен башка бюджетке берилүүчү каражаттар ушул Мыйзамдын 16-статьясына ылайык өткөрүп берилет.

Бюджеттик ссудалар-кайтаруу, тез жана пайызсыз негизде башка бюджетке берилүүчү каражаттар. Бюджеттик ссудалар бюджеттик жылдын алкагында 12 айга чейинки мөөнөткө берилет. Бюджеттик ссудалар ушул Мыйзамдын            15-статьясына ылайык берилет.

(КР 2004-жылдын 20-июлундагы N 93, 2004-жылдын 17-сентябрындагы N 169, 2009-жылдын 17-июлундагы N 232, 2010-жылдын 28-январындагы N 14 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

36-статья. Жалпы мамлекеттик салыктардан жана башка кирешелерден чегерүүлөрдүн ченемдиктери, ошондой эле трансферттер өлчөмү сакталбагандыгы үчүн санкциялар

(Статьянын аталышы КР 2009-жылдын 17-июлундагы N 232 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жалпы мамлекеттик салыктардын, салык эмес жана бюджеттердин ортосундагы башка кирешелердин туура бөлүштүрүлүшүнө, трансферттердин туура эсеп кылынышына жана максаттуу пайдаланылышына контролдукту жүзөгө ашырат.

Жалпы мамлекеттик салыктарды, салык эмес жана башка кирешелерди эсептөө тартиби жана алардын өлчөмү бузулган, трансферттер максатына жараша пайдаланылбаган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жогору турган аймактык деңгээлдеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары региондун аймагында ишке ашырылып жаткан жалпы мамлекеттик программаларды жана иш-чараларды, бардык түрдөгү трансферттердин берилишин, ошондой эле бюджеттик ссудалар жана өз ара эсептешүүлөр боюнча каражаттардын берилишин токтотуп коюуга укугу бар.

Трансферттерди эсептөөнүн тартибине жоопкер мамлекеттик бийлик органдарынын кызмат адамдары анын туура эсептелишине жеке жоопкерчилик тартат.

(КР 2004-жылдын 20-июлундагы N 93, 2009-жылдын 17-июлундагы N 232 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

IV бөлүм
Бюджеттердин ортосунда чыгымдар боюнча милдеттердин бөлүштүрүлүшү

(КР 2004-жылдын 20-июлундагы N 93 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

37-статья. Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумундагы чыгымдык милдеттенмелердин түзүмү

1. Кыргыз Республикасында чыгымдык милдеттенмелерди бөлүштүрүүнүн төмөнкүдөй түзүмү белгиленет:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чыгымдык милдеттенмелери - мамлекеттик башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасы катышуучу болгон жана мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, башка келишимдерге жана макулдашууларга ылайык функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашырууда келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бюджеттик милдеттенмелери республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен жүргүзүлүүгө тийиш;

2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чыгымдык милдеттенмелери - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик милдеттенмелери, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленип, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилген функцияларына ылайык пайда болот, аларды каржылоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү бюджеттеринен жүргүзүлөт;

3) аралаш чыгымдык милдеттенмелери - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик милдеттенмелери, алар республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржыланат.

2. Республикалык бюджеттен жалпы мамлекеттик мааниге ээ болгон жана алар боюнча жоопкерчилик толугу менен тиешелүү мамлекеттик башкаруу органдары аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жүктөлүүчү иш-чаралар каржыланат. Бул категорияга төмөнкү чыгымдар кирет:

1) аткаруу жана мыйзам чыгаруу органдарына, мамлекеттик бийликке, финансылык жана салык-бюджеттик иш-аракетке (жергиликтүү органдардын аппараттары менен кошо), тышкы саясий иштерге, фундаменталдуу илимий изилдөөлөргө, план жана статистика кызматтарына, мамлекеттик жана мобилизациялык резервди түзүүгө, жалпы арналыштагы башка мамлекеттик тейлөө кызматтарына;

2) коргоого, коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоого;

3) билим берүүнүн, саламаттык сактоонун, социалдык жактан камсыздандыруунун жана социалдык жактан камсыздоонун, дене тарбиянын, телекөрсөтүүнүн, радиоуктуруунун, басмалардын, турак-жай коммуналдык, айыл, суу, токой чарбаларынын, балык уулоонун жана аңчылыктын, тоо-кен өнөр жайынын жана минералдык ресурстардын (отундан тышкары), кайра иштетүүчү өнөр жайдын жана курулуштун мамлекеттик ишкана, мекеме күтүүгө;

4) отун-энергетика комплексине;

5) транспортко жана байланышка;

6) экономикалык иш-аракетке байланыштуу башка тейлөө кызматтарына (соода, туризм, стандартташтыруу жана метрология, геодезия жана картография, гидрометеорология жана башкалар);

7) негизги топторго кирбеген башка иш-чараларга (мамлекеттик карыз милдеттенмелери боюнча операциялар, жергиликтүү бюджеттерге гранттар, республикалык бюджеттин эсебинен жумшалуучу негизги топтор боюнча классификацияланбаган башка чыгымдар), ошондой эле бюджеттик ссудаларды берүүгө жана тындырууга, мамлекеттик акцияларды сатып алууга, мамлекеттик менчикти менчиктештирүүгө байланыштуу операцияларды эске алуучу башка чыгымдарга;

8) областтык мамлекеттик администрациялардын, регионалдык архивдердин аппараттарын күтүүгө;

9) мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуулар боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн милдеттенмелерин аткарууга.

3. Каржылоо боюнча жоопкерчиликти Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бөлүшкөн иш-чаралар ушул Мыйзамга ылайык белгиленүүчү трансферттер аркылуу республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каржыланат.

4. Жергиликтүү бюджеттердин каражаттары төмөндөгүлөргө багытталат:

1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө;

2) билим берүүнүн, саламаттык сактоонун, маданият, социалдык жактан камсыздандыруунун жана социалдык жактан камсыздоонун, дене тарбиянын, телекөрсөтүүнүн, радиоуктуруунун, басмалардын, турак жай коммуналдык, айыл, суу, токой чарбаларынын, балык уулоонун жана аңчылыктын муниципалдык ишканаларын, мекемелерин күтүүгө;

3) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында болгон транспортко;

4) мыйзам же жергиликтүү бюджеттен финансыланууга тийиш болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталган башка иш-чараларга, ошондой эле бюджеттик ссудаларды берүүгө жана тындырууга, мамлекеттик акцияларды сатып алууга, муниципалдык менчикти менчиктештирүүгө, жергиликтүү бюджеттен кошо каржылоо каралган мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууларга байланыштуу операцияларды эске алуучу башка чыгымдарга.

(КР 2010-жылдын 28-январындагы N 14, 2013-жылдын 15-ноябрындагы N 201 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

38-статья. Бюджеттик милдеттенмелерди бөлүштүрүү тутумунун туруктуулугу жана кошумча каржылоону талап кылуучу бюджеттик программаларды аныктоо тартиби

Ушул Мыйзамдын 37-статьясында белгиленген мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда бюджеттик чыгымдар боюнча милдеттенмелерди кайра бөлүштүрүүгө, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечими менен аныкталуучу өзгөчө учурлардан тышкарыда жол берилбейт. Мындай учурларда ушундай милдеттенмени берип жаткан орган ал милдеттенмени кабыл алып жаткан органга тийиштүү бюджеттик компенсация берүүгө милдеттүү.

Бюджеттик жыл ичинде же бюджеттик жылдардын ортосунда тиешелүү финансылык каржылоо булагы болбой туруп (компенсациясыз) чыгымдардын көбөйүшүнө алып келүүчү ар кандай программаларды же иш-чараларды ишке ашыруу боюнча мамлекеттик бийлик органдарынын иш-аракеттерине тыюу салынат.

(КР 2004-жылдын 20-июлундагы N 93 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

V бөлүм
Кыргыз Республикасынын Республикалык бюджетин түзүү жана аткаруу боюнча иштерди уюштуруу

39-статья. Чыгымдардын эң чоң өлчөмү

Чыгымдардын эң чоң өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеши тарабынан мамлекеттин финансы мүмкүнчүлүктөрүнөн келип чыгуу менен, ар бир министрлик, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомство, мамлекеттик комиссия, башка борбордук аткаруу бийлик органы боюнча анык эмес жана жогорулатылган суроо-талаптарга жол бербөө максатында бюджеттин орто мөөнөттүү прогнозунда белгиленген ар бир негизги топ боюнча жалпы чыгымдардын чектеринде белгиленет.

Чыгымдардын эң чоң өлчөмү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн органдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген календардык планга ылайык кезектеги бюджеттик жылга жана андан кийинки болжол кылынуучу эки жылга бюджетти түзүү жөнүндөгү нускамалык көрсөтмөлөр менен бирге жеткирилет.

(КР 2004-жылдын 20-июлундагы N 93, 2008-жылдын 17-октябрындагы N 226 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

40-статья. Республикалык бюджетти түзүү

Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин долбоорун түзүү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү календардык планга ылайык республиканын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн прогноздорунун негизинде ишке ашырылат.

Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, мамлекеттик комиссиялар, фонддор жана башка аткаруу бийлик органдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген мамлекеттик уюмдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш бекиткен контролдук сандардын негизинде республикалык бюджеттен каржылануучу мекемелердин чыгымдарынын жыйынды сметасынын долбоорлорун, атайын каражаттар боюнча кирешелердин жана чыгымдардын сметаларынын долбоорлорун түзүшөт жана тийиштүү финансы жылы башталганга кеминде 6 ай калганга чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине беришет.

Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңеши Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын, Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин, (жергиликтүү соттордун бюджеттерин кошкондо) Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьялардын Окуу борборунун кезектеги бюджеттик жылга жана кийинки пландаштырылган эки жылга бюджеттеринин долбоорун карайт, аларды жалпылайт, соттордун бюджеттеринин бирдиктүү долбоору катары кийинки финансы жылы башталганга чейин 8 айдан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө макулдашууга жиберет. Кайчы пикирлер келип чыккан учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү соттордун бюджеттеринин бирдиктүү долбоорун макулдашуу үчүн Атайын комиссияны түзөт. Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Атайын комиссиясынын өкүлдөрү кийинки финансы жыл башталганга чейин 6 айдан кечиктирбестен макулдашуу жол-жобосун жүргүзүүгө жана аяктоого милдеттүү. Кайчы пикирлер келип чыккан учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жибериле турган республикалык бюджеттин долбооруна Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушун өзгөртүүсүз кошот жана өзүнүн корутундусун тиркейт.

Тийиштүү жылга бюджетти түзүүдө сот системасынын бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн көлөмү Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин макулдугу менен гана мурдагы жылдын бекитилген көрсөткүчтөрүнөн төмөн болушу мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бюджеттик мекемелердин чыгымдарынын сметасынын долбоорлорун, атайын каражаттар боюнча кирешелердин жана чыгымдардын сметаларынын долбоорлорун аталган органдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен карап чыгат, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Бюджеттик комиссиясы белгилеген чыгымдардын эң чоң өлчөмүнүн сакталышын текшерет, зарылдыгына карай тийиштүү түзөтүүлөрдү киргизет, республикалык бюджеттин долбоорун түзөт жана аны тийиштүү финансы жылы башталганга кеминде 4,5 ай калганга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бюджеттин кирешелери менен чыгымдарынын статьяларын майда-баратына чейин баяндоону камтыган түшүндүрмө кат, ошондой эле келерки бюджеттик жылга жана андан кийинки болжол кылынуучу эки жылга карата республикалык бюджет жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору менен бирге берет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү республикалык бюджеттин долбоорун, алардын эскертүүлөрүн карап чыгат жана аны тийиштүү финансы жылы башталганга кеминде 4 ай калганга чейин Кыргыз Республикасынын кезектеги бюджеттик жылга жана андан кийинки болжол кылынуучу эки жылга карата республикалык бюджети жөнүндөгү мыйзамынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берет, ал долбоорго төмөнкү көрсөткүчтөр киргизилет:

1) республикалык бюджеттин долбоору - кирешелердин жалпы суммасы боюнча кирешелердин ар бир булагын айырмалап көрсөтүү менен жана чыгымдардын жалпы суммасы боюнча чыгымдарды айырмалап көрсөтүү менен;

- жалпы арналыштагы мамлекеттик тейлөө кызматтарына (анын ичинде аткаруу жана мыйзам чыгаруу органдарына, финансы жана салык-бюджеттик иш-аракетке, тышкы саясий иштерге, фундаменталдуу илимий изилдөөлөргө, жалпы пландоо жана статистика кызматтарына, жалпы жагдайдагы башка мамлекеттик тейлөө кызматтарына жана башка категорияларга кирбеген) жалпы жагдайдагы башка тейлөө кызматтарына;

- коргонууга;

- Өзгөчө кырдаалдар жана граждандык коргонуу министрилигинин иш-чараларын каржылоого;

- коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоого;

- билим берүүгө;

- саламаттыкты сактоого;

- социалдык жактан камсыздандырууга жана социалдык жактан камсыздоого;

- турак-жай-коммуналдык чарбага;

- эс алууну уюштурууга жана маданий иштерге (анын ичинде дене тарбияга, маданиятка, телекөрсөтүү жана радиоуктурууга, басма мекемелери менен кызматтарына жана башка коомдук иш-аракеттерге);

- отун-энергетика комплексине;

- айыл жана суу чарбасына, токой чарбасына, балык уулоого, аңчылыкка;

- тоо-кен өнөр жайына жана минералдык ресурстарга (отундан тышкары), кайра иштетүүчү өнөр жайга, курулушка (анын ичинде тоо-кен чалгындоо иштерине);

- транспортко жана байланышка (анын ичинде автожол, суу, темир жол жана аба транспортуна, түтүк жүргүчтөргө жана ташуунун башка тутумдарына);

- экономикалык жана администрациялык иш-аракетке байланыштуу башка тейлөө кызматтарына;

- негизги топко киргизилбеген башка чыгымдарга.

Чыгымдардын көрсөткүчтөрү бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарынын эсебинен ишке ашырылуучу чыгымдарды жана мамлекеттик чыгымдардын экономикалык жана администрациялык классификациясына ылайык чыгымдардын негизги статьяларын жана ссудаларды чыгымдардын негизги топторунун, топтору менен кичине топторунун курамында тындырууну алып салуу менен бөлүп көрсөтүү аркылуу чагылдырылат. Бюджеттин чыгымдарынын жалпы көрсөткүчтөрүндө утурумдук чыгымдардын бюджети жана өнүгүүнүн бюджети айырмаланып көрсөтүлөт;

2) республикалык бюджеттин тартыштыгынын эң жеткен өлчөмү жана аны каржылоонун ички жана тышкы булактары;

3) жергиликтүү бюджеттерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жалпы мамлекеттик салыктарды жана башка кирешелерден чегерилүүчү ченемдиктери;

4) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары боюнча категориялык, теңдештирүүчү жана дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын өлчөмдөрү;

5) республикалык бюджет боюнча жыл аягына карата кассалык жүгүртүүдөгү накталай акчанын өлчөмү.

(КР 2003-жылдын 12-июлунун N 125, 2003-жылдын 25-сентябрынын N 216, 2004-жылдын 20-июлундагы N 93, 2008-жылдын 14-февралындагы N 14,  2008-жылдын 17-октябрындагы N 226, 2009-жылдын 18-майындагы N 157, 2010-жылдын 28-январындагы N 14 , 2013-жылдын 6-февралындагы N 13 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

41-статья. Республикалык бюджеттин долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин туруктуу комитеттеринде кароо

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин туруктуу комитеттери:

- Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун, башка аткаруу бийлик органдарынын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын, Кыргыз Республикасынын Сот департаментинин жетекчилеринин алардын сметасы жана бюджети боюнча баяндамаларын угат, алар жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары киргизген бюджет боюнча сунуштарды жана сын-пикирлерди карайт;

- республикалык бюджет боюнча корутундуларды жана сунуштарды даярдап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна берет.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин туруктуу комитеттери тарабынан бюджеттин чыгымдарын көбөйтүү же кирешелерин азайтуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда аны менен кошо бюджеттин чыгып калган кирешелеринин же көбөйгөн чыгымдарынын кошумча булактары боюнча сунуш да киргизилет.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин туруктуу комитеттери тарабынан бюджеттин долбоорунун каралышы 20 күндүн ичинде бүткөрүлүүгө тийиш.

(КР 2004-жылдын 20-июлундагы N 93, 2009-жылдын 18-майындагы N 157 , 2013-жылдын 6-февралындагы N 13 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

42-статья. Республикалык бюджеттин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралышы жана бекитилиши

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан киргизилген республикалык бюджеттин долбоорун, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин туруктуу комитеттери менен комиссияларынын корутундуларын карайт жана кезектеги бюджеттик жылга жана андан кийинки болжол кылынуучу эки жылга карата жаңы бюджеттик жыл башталганга бир ай калгандан кечиктирбей республикалык бюджет жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алат.

Республикалык бюджет жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамы:

а) төмөндөгүлөрдү бекитет:

- утурумдук чыгымдардын бюджетин жана өнүгүүнүн бюджетин айырмалап бөлүү менен Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетин - кирешелердин жалпы суммасын жана чыгымдардын жалпы суммасын, ошондой эле бюджеттин тартыштыгынын эң чоң өлчөмүн же болбосо кирешелердин чыгымдардан ашкан өлчөмүн (профицит) көрсөтүү менен;

- бюджеттин тартыштыгын каржылоонун ички жана тышкы булактарын;

- жергиликтүү бюджеттерге Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жалпы мамлекеттик салыктарды жана башка кирешелерден чегерүүлөрдүн ченемдери;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары боюнча категориялык, теңдештирүүчү жана дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын өлчөмдөрүн;

- республикалык бюджет боюнча жыл аягына карата кассалык жүгүртүлүүчү накталай акчанын өлчөмүн;

б) төмөндөгүлөрдү аныктайт:

- республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн кирешенин ар бир булагы боюнча түзүлүү булактарын;

- чыгымдардын багыттары жана статьялары боюнча ушул Мыйзамдын 40-статьясынын алтынчы бөлүгүндө каралган тартип боюнча республикалык бюджеттин чыгымдарын.

Республикалык бюджет жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынып жана Кыргыз Республикасынын Президенти кол койгондон кийин күчүнө кирет.

Кезектеги бюджеттик жылга республикалык бюджет жана андан кийинки болжол кылынуучу эки жылга карата болжолдуу көрсөткүчтөр жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенден кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жалпы мамлекеттик салыктар жана башка кирешелер контингентин жергиликтүү бюджеттер боюнча бөлүштүрүүнү, ошондой эле республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамында бекитилген жалпы чыгымдоолордун чектеринде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары боюнча чыгымдоолорду даректүү бөлүштүрүүнү караган кезектеги бюджеттик жылга жана андан кийинки болжол кылынуучу эки жылга болжолдуу көрсөткүчтөрдү аткаруу боюнча уюштуруу чараларын кабыл алат.

Киреше бөлүгүнө кошумча түшүүлөрдү мыйзам чегинде бекитүү үчүн зарыл болгон учурларды кошпогондо, республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына финансы жылы бүткөнгө чейин 3 айдан кечиктирбестен экиден ашык эмес өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.

Күчүнө кириши салыктардын жана республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин башка кирешелеринин тизмесинин жана ставкаларынын өзгөрүшүнө алып келүүчү бардык мыйзамдык жана ченемдик актылар бюджеттик жылдын апрель айынан кечиктирилбей тийиштүү түрдө Жогорку Кеңеш жана жергиликтүү кеңештер тарабынан кабыл алынууга тийиш.

(КР 2004-жылдын 20-июлундагы N 93, 2008-жылдын 14-февралындагы N 14, 2008-жылдын 17-октябрындагы N 226, 2010-жылдын 28-январындагы N 14, 2012-жылдын 28-июнундагы N 90 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

43-статья. Республикалык бюджеттин аткарылышын уюштуруу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү республикалык бюджеттин аткарылышын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык жана бажы кызматынын органдары, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, мамлекеттик комиссиялар, фонддор жана Кыргыз Республикасынын башка борбордук аткаруу бийлик органдары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген башка уюмдар аркылуу уюштурат.

Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилген бюджетке ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин кирешелер менен чыгымдарды бөлүштүрүп жазганы боюнча аткарылат.

Соттордун бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына судьялар Кеңеши жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка органдар контролдук жүргүзөт.

Кыргыз Республикасынын сотторунун бюджети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекиткен республикалык бюджетке ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аткарылат.

(КР 2009-жылдын 18-майындагы N 157, 2010-жылдын 28-январындагы N 14 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

44-статья. Республикалык бюджеттин аткарылышын тескөө

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бюджетте каралган бардык кирешелердин келип түшүшүн, бюджеттик каражаттардын натыйжалуу жана максатына жараша пайдаланылышын камсыз кылат. Ал республикалык бюджеттин аткарылышынын жүрүшүн контролдойт жана ай сайын талдап турат, ар бир кварталдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңешине анын аткарылышы боюнча маалымат, ошондой эле кирешелерди толугу менен жумшоо жана бюджеттик каражаттардын пайдаланылышынын натыйжалуулугун арттыруу боюнча айкын сунуш киргизет.

45-статья. Республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту түзүү жана бекитүү

Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, мамлекеттик комиссиялардын, фонддордун жана башка борбордук аткаруу бийлик органдарынын отчеттук маалыматтарынын негизинде түзөт жана алар республиканын мамлекеттик бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү отчеттун курамына кошулуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берилет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өткөн жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кароо жана кабыл алуу үчүн, ага түшүндүрмө кат менен отчеттук жылдан кийинки жылдын 15-майынан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берет.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджеттик маселелерди тейлеген Комитеттери Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү отчетту карап чыгат, ал боюнча корутунду түзөт жана аны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын заседаниесинин жана Эл өкүлдөр жыйынынын сессиясынын кароосуна коет.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын, бюджет маселесин тейлеген туруктуу комитеттердин баяндамасы боюнча Кыргыз Республикасынын өткөн жылдагы республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамын карайт жана кабыл алат.

(КР 2008-жылдын 17-октябрындагы N 226, 2012-жылдын 28-июнундагы N 90 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

VI бөлүм
Жергиликтүү бюджеттерди түзүү жана аткаруу боюнча иштерди уюштуруу

(КР 2004-жылдын 20-июлундагы N 93 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

46-статья. Жергиликтүү бюджет

Жергиликтүү бюджет - айылдын жана шаардын коомдоштугунун жергиликтүү бюджети, аны түзүүнү, бекитүүнү жана аткарууну жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жүзөгө ашырат.

Жергиликтүү бюджеттерди бекитүү жана аткаруу жергиликтүү бюджеттерди теңдештирүү принцибинде ишке ашырылат, анда каралган чыгымдардын көлөмү бюджеттин кирешелеринин суммардык көлөмүнө ылайык келүүгө тийиш.

Бюджеттик жыл ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз бюджетинин балансын камсыз кылууга тийиш.

(КР 2004-жылдын 20-июлундагы N 93, 2008-жылдын 14-февралындагы N 14, 2012-жылдын 29-июнундагы N 91 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

47-статья. Жергиликтүү бюджеттердин долбоорлорун түзүүнүн жана бюджеттик маалыматтарды берүүнүн тартиби жана мөөнөтү

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тийиштүү аймактык бөлүмдөр аркылуу үстүдөгү жылдын 30-майына чейин айыл өкмөтүнүн, шаар башкармаларынын жана шаарлардын мэрияларынын финансылык органдарына бюджетти, календарлык планды түзүү, жалпы мамлекеттик салыктардан чегерүүлөрдүн болжолдонгон ченемдерин жана жергиликтүү бюджеттер бөлүштүрүлүүчү категориялык жана теңдештирүүчү гранттардын болжолдонгон өлчөмдөрү боюнча нускамаларды таратат.

Жергиликтүү бюджетгердин долбоорлорун өзүлөрүнүн финансы органдары аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары түзөт.

Жергиликтүү бюджеттин алгачкы долбоору жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы айылдык жана шаардык кеңештер менен макулдашат.

Макулдашылган жергиликтүү бюджеттин алгачкы долбоору Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө, ал эми райондук, областтык, республикалык маанидеги шаарлар - түздөн-түз Кыргыз Республикасыны Финансы министрлигине берилет.

Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн долбоору Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине үстүдөгү жылдын 1-июлуна чейин берилет. Жергиликтүү бюджеттин чыгымдоо бөлүгүнүн долбоору Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине үстүбүздөгү жылдын 1-августна чейин берилет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү республикалык бюджеттин долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине бергенден кийин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жалпы мамлекеттик салыктарды чегерүүлөрдүн ченемдерин жана жергиликтүү бюджетте бөлүштүрүлүүчү категориялык жана теңдештирүүчү гранттардын такталган өлчөмдөрүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына берет.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары жаллы мамлекеттик салыктардан чегерүүлөрдүн такталган ченемдерин жана жергиликтүү бюджетте бөлүштүрүлүүчү категориялык жана теңдештирүүчү гранттардын өлчөмдөрүн алгандан кийин жергиликтүү бюджеттин алгачкы долбоорун тактайт жана бекитүү үчүн аны айылдык жана шаардык кеңешке сунуш кылат.

(КР 2004-жылдын 20-июлундагы N 93, 2008-жылдын 14-февралындагы N 14, 2012-жылдын 29-июнундагы N 91 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

48-статья. Жергиликтүү бюджеттердин каралышы

Айылдык жана шаардык кеңештердин бюджеттик комиссиясы башкармалыктардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бөлүмдөрүнүн, муниципалдык ишканалардын жана мекемелердин жетекчилеринин баяндамаларын алдын ала угат, бюджеттин кирешелеринин жана чыгашаларынын өзгөрүүлөрүнө тиешелүү сунуштарды карайт, бюджеттин долбоору боюнча айылдык жана шаардык кеңештердин корутундуларын түзөт жана сунуш кылат.

Айылдык жана шаардык кеңештер жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын жана бюджеттик комиссияларынын баяндамаларын угат жана кезектеги бюджеттик жыл жана андан кийинки болжол кылынуучу эки жылга жергиликтүү бюджеттердин долбоорлорун карайт.

(КР 2004-жылдын 20-июлундагы N 93, 2008-жылдын 17-октябрындагы N 226 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

49-статья. Жергиликтүү бюджеттерди бекитүү

Айылдык жана шаардык кеңештер:

жергиликтүү бюджеттерди кирешелердин жалпы суммасында жана учурдагы чыгымдарда бюджетти бөлүүнүн чыгымдарынын жалды суммасы жана бюджетти өнүктүрүүнүн, ошондой эле зарылчылык болгондо кирешелердин чыгашалардан ашып кеткен өлчөмдөрүн;

бюджеттик квалификацияга ылайык жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин булактарын жана чыгымдардын багытын;

жергиликтүү бюджет боюнча жылдын аягындагы кассалык акчаны жүгүртүүнүн өлчөмүн бекитет.

(КР 2004-жылдын 20-июлундагы N 93 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

50-статья. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине бекитилген жергиликтүү бюджеттерди берүү

Белгиленген тартипте бекитилген жергиликтүү бюджет Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине республиканын мамлекеттик (бириктирилген) бюджетине кошуу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши республикалык бюджетти бекиткенден кийин эки айдан кечиктирбестен берилет.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жалпы мамлекеттик салыктардын (суммардык түрдөгү жана ченемдер боюнча) өлчөмдөрүн, республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда белгиленген категориялык, теңдештирүүчү, дем берүүчү (үлүштук) гранттардын көрсөткүчтөрүнун бекитилген жергиликтүү бюджетке дал келишин текшерет. Жергиликтүү бюджетте каралган кошумча чыгымдар, эгерде ал жекече киреше булактарынын эсебинен жабылса Кыргыз Республикасынын мамлекеттик (бириктирилген) бюджетине кабыл алынат жана киргизет.

Республикалык бюджеттен , ошондой эле жалпы мамлекеттик салыктардан чегерүүлөрдүн ченемдери боюнча түшүүчү жергиликтүү бюджеттердин кирешелери боюнча өзгөртүүлөр жана тактоолор бир жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен негизделүүгө жана макулдашылууга тийиш.

(КР 2004-жылдын 20-июлундагы N 93 , 2016-жылдын 22-июнундагы N 83 Мыйзам дар ынын редакция лар ына ылайык)

51-статья. Жергиликтүү бюджеттерди аткаруу

Жергиликтүү бюджеттердин аткарылышы бекитилген бюджеттердин негизинде түзүлгөн, кол коюлган кирешелерге жана чыгашаларга ылайык казыналыктын регионалдык бөлүмдөрү жана салык кызматынын органдары аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан жүзөгө ашырылат.

(КР 2004-жылдын 20-июлундагы N 93 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

52-статья. Жергиликтүү бюджеттердин аткарылышы жөнүндө отчетторду түзүү жана бекитүү

Жергиликтүү бюджеттердин аткарылышы жөнүндөгү отчетту, эгерде мыйзамда башкача белгиленбесе жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү аткаруучу органы жылына бир жолу түзөт.

Айылдык жана шаардык кеңештердин бюджеттик комиссиялары бюджеттин аткарылышы жөнүндөгү отчетту карашат,, корутунду түзөт жана аны тийиштүү кеңешке берет.

Айылдык жана шаардык кеңештер жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын жана бюджеттик комиссиялардын баяндамаларын угат, бюджеттик комиссиянын корутундусун карайт жана жергиликтүү бюджеттердин аткарылышы жөнүндөгү отчетторду бекитет.

Жергиликтүү бюджеттердин аткарылышы жөнүндөгү отчеттор кийинки отчеттук жылдын 1-мартынан кеч эмес мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берилет.

(КР 2004-жылдын 20-июлундагы N 93 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

53-статья. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын заемдору

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын зайымын жүзөгө ашыруунун тартиби "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык-экономикалык негиздери жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары жөнүндө" мыйзамы менен аныкталат.

(КР 2004-жылдын 20-июлундагы N 93 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

54-статья. Жергиликтүү бийлик органдарынын заем чыгарууга карата ыйгарым укуктары

(КР 2004-жылдын 20-июлундагы N 93 Мыйзамынын редакциясына ылайык алынып салынган)

55-статья. Жергиликтүү бийлик органдарынын милдеттенмелерине чек коюу

(КР 2004-жылдын 20-июлундагы N 93 Мыйзамынын редакциясына ылайык алынып салынган)

56-статья. Жергиликтүү бийлик органдарынын карыздык милдеттенмелерин эсепке алуу реестри

(КР 2004-жылдын 20-июлундагы N 93 Мыйзамынын редакциясына ылайык алынып салынган)

57-статья. Заем чыгаруу шарттарынын сакталышына карата контроль

(КР 2004-жылдын 20-июлундагы N 93 Мыйзамынын редакциясына ылайык алынып салынган)

58-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы расмий жарыяланган учурдан тартып колдонууга киргизилсин.

"Эркин Тоо" газетасынын 1998-жылдын 2 4 - июнун да N 79 - 80 жарыяланды

Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-жыл, N 2, 52-ст.);

- "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-жыл, N 2, 53-ст.);

- "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1995-жыл, N 7, 249-ст.);

- "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-жыл, N 4, 156-ст.).

"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Мыйзамдын 53-57-статьялары Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзам актылары кабыл алынган жана колдонууга киргизилген учурдан тартып күчүн жоготот.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- ар жылдын бюджеттеринин долбоорлорун даярдоодо фундаменталдык илимий изилдөөлөргө бюджеттин чыгымдарынын статьяларын түзүү сынактык негизде каралуучу өтүнүчтөрдүн негизинде жүзөгө ашырылууга тийиш экендигин эске алсын;

- Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндө сунуштарын эки айлык мөөнөттө даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берсин.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

А.Акаев

 

 

 

1998- жылдын 20- мартында

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган

   

 

1998- жылдын 8- майында

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйыны тарабынан жактырылган