КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 2015-жылдын 9-декабры № 847

"Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркелгендер жактырылсын:

- "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;

- "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун бекитүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.

Караңыз:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 24-декабрындагы № 131-VI "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтому

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-августундагы № 611 токтому менен жактырылган "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен чакыртып алынсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-августундагы № 611 Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

Т.Сариев

 

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө

1-берене.

1. Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети кирешелер боюнча 124399639,1 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 146853412,8 миң сом суммасында 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын чектик өлчөмү 22453773,7 миң сом суммасында 2-тиркемеге ылайык белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын чектик өлчөмүн жабууга тышкы жана ички каржылоо булактарынан 22453773,7 миң сом суммасында каражат 2-тиркемеге ылайык жумшалсын.

2-берене.

1. Кыргыз Республикасынын 2016-2018-жылдарга консолидацияланган бюджетинин болжолу 1-тиркемеге ылайык жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын 2017-2018-жылдарга республикалык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын:

1) 2017-жылга кирешелер боюнча болжол - 131504243,2 миң сом суммасында, 2018-жылга - 142212603,0 миң сом суммасында;

2) 2017-жылга чыгашалар боюнча болжол - 152563463,7 миң сом суммасында, 2018-жылга - 155898385,3 миң сом суммасында;

3) Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын болжолу - 21059220,5 миң сом суммасында, 2018-жылга - 13685782,3 миң сом суммасында.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2017-2018-жылдарга жактырылган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин болжолдуу көрсөткүчтөрүн аларды ар бир дайындуу мезгилге кабыл алууда тактоо жүргүзүүгө укуктуу.

3-берене.

Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджетинин киреше бөлүгү жана 2017-2018-жылдарга болжолу 3 жана 3-1-тиркемелерге ылайык булактар боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлсүн.

4-берене.

Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджетинин жана 2017-2018-жылдарга болжолунун чыгашаларын каржылоого каражаттар 4, 5 жана 5-1-тиркемелерге ылайык белгиленсин.

5-берене.

1. 2016-2018-жылдарга Мамлекеттик инвестициялар программасы боюнча чыгашалар 7-тиркемеге ылайык белгиленсин.

2. 2016-жылы капиталдык салымдарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 4510984,4 миң сом суммасында бекитилсин жана алардын артыкчылыктарын эске алуу менен алар 2016-жылга жана мурунку жылдарга түзүлгөн тизмекте бекитилген курулуш объекттерин бүткөрүүгө багытталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин мамлекеттик ипотекалык сертификаттарына ылайык табигый кырсыктардан жабыр тарткандарга берилүүчү бюджеттик каражаттарды төлөөгө 500000,0 миң сом багытталсын.

4. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 2016-жылы - 500000,0 миң сом суммасында, 2017-жылы - 600000,0 миң сом, 2018-жылы 700000,0 миң сом суммасында бекитилсин. Республикалык бюджеттен дотацияларды алуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоонун артыкчылыктуулугу белгиленсин.

6-берене.

1. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр, дары-дармектер, тамактануу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөкпулдар, социалдык жөлөкпулдар, стипендиялар жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна чегерүүлөр), ошондой эле мамлекеттик карыз милдеттенмелер боюнча жүргүзүлсүн.

2. Бюджеттик мекемелерде бош орундардын түзүлүшү жана алардын штаттык санынын өзгөрүшүнө алып келген ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышы менен байланыштуу корголгон беренелерге каралган суммаларды азайтууга жол берилет.

3. Ушул Мыйзамга ылайык өздүк чыгашалардын корголгон беренелерин толук каржылоону камсыз кылуу үчүн министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилерине жоопкерчилик жүктөлөт.

4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2016-2018-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоону биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча жүзөгө ашыруу сунушталсын.

7-берене.

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөргө укуктуу:

1) эгерде бул Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин киреше бөлүгүн азайтууга алып келбесе, ушул Мыйзамдын 1-беренесинде бекитилген суммалардын чегинде, ушул Мыйзамдын тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;

2) тийиштүү органдар тарабынан кабыл алынуучу ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле түзүмдүк өзгөртүүлөрдөн, өндүрүштүн көлөмдөрүнүн (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн), баалардын деңгээлинин өзгөрүүлөрүнөн келип чыккан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттери менен республикалык бюджеттин өз ара эсептерине тактоолорду киргизүүгө.

2. Зарылдыкка жараша өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашуу боюнча ушул Мыйзамга тийиштүү оңдоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам кабыл алынганга чейин аткарылышы мүмкүн.

3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана башка мамлекеттик органдар аларды каржылоо булактары табылган учурда маанилүү иш-чараларды аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча же Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен макулдашуу боюнча ушул Мыйзамга өзгөртүүлөрдү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети жана тармактык комитеттери менен макулдашууга киргизүүгө укуктуу.

8-берене.

2016-жылдын 1-январына карата Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накталай акча 150000,0 миң сом суммасында белгиленсин.

9-берене.

1. Мурда облустардын бюджетинде турган мекемелерди 2016-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен каржылоо 8-тиркемеге ылайык жүргүзүлсүн.

2. Мурда облустардын бюджетинде турган мекемелерди 2017-2018-жылдарга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен каржылоо суммасынын болжолу 8-1, 8-2-тиркемелерге ылайык жактырылсын.

10-берене.

1. 2016-жылга чегерүүлөрдүн ченемдери төмөнкүлөрдөн белгиленсин:

1) жалпы мамлекеттик салыктык түшүүлөрдөн: салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгынан жана шаарлардын жана айылдардын жергиликтүү бюджеттери үчүн сатуудан түшкөн салыктан - 50 пайыз өлчөмүндө;

2) ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктан, милдеттүү патенттөөнүн негизиндеги салыктан, бирдиктүү салык негизинде түшүүлөрдөн - шаарлардын жана айылдардын жергиликтүү бюджеттеринин тескөөсүнө - 100 пайыз өлчөмүндө;

3) жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салыктан (стратегиялык пайдалуу кендерди: алтынды, мунайды, газды кошпогондо роялти) алардын иштетилген жери (жайгашкан орду) боюнча шаарлардын жана айылдардын тиешелүү жергиликтүү бюджеттерине - 50 пайыз өлчөмүндө;

4) администрациялык айыптардан, анын ичинде мамлекеттик органдар тарабынан шаарлардын жана айылдардын жергиликтүү бюджеттерине салынган айыптардан өндүрүп алынган суммалардан - 50 пайыз өлчөмүндө, мында төмөндөгү учурларды кошпогондо:

а) жол кыймылынын коопсуздугунун жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерине кыянаттык келтирген администрациялык укук бузууларды жасоодо өндүрүлүүчү администрациялык айыптардын суммасын;

б) бажы органдары өндүрүп алуучу администрациялык айыптардын суммаларын.

2. Жалпы мамлекеттик салыктар боюнча болжолун ашыра аткаруу суммаларын республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда бөлүштүрүүнү салыктардын ар бир түрү боюнча пландык түшүүлөрдөн чегерүүлөрдүн бекитилген ченемдери боюнча жүргүзүү белгиленсин.

3. Жергиликтүү салыктардан жана салыктык эмес жыйымдардан түшүүчү жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка деңгээлдеги бюджетке алынууга тийиш эмес.

11-берене.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мурда алынган бюджеттик ссудалардын жана кредиттердин суммасынын жергиликтүү бюджеттерден республикалык бюджетке кайтарылышы 9-тиркемеге ылайык 2016-жылы - 86656,2 миң сом, 2017-жылы - 130101,1 миң сом, 2018-жылы - 119895,9 миң сом суммасында камсыз кылынсын.

12-берене.

1. Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджетинен жергиликтүү бюджеттер үчүн теңөөчү гранттардын өлчөмү 10-тиркемеге ылайык чыгашалардын 1609300,0 миң сом жалпы суммасында бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын 2017-2018-жылдарга республикалык бюджетинен теңөөчү гранттардын өлчөмдөрүнүн болжолу 10-тиркемеге ылайык жактырылсын.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына теңөөчү гранттар биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды каржылоого жөнөтүлсүн.

4. Республикалык бюджеттен теңөөчү гранттардын эсебинен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды толук каржылоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жоопкерчилик тартышат.

5. Мыйзамдар менен каралган ыйгарым укуктардын чегинде, жер салыгы боюнча базалык ставкаларды же коэффициенттерди жогорулатуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алуунун эсебинен жергиликтүү бюджеттердин кирешесинин көбөйүүсү ушул Мыйзам менен бекитилген 2016-2018-жылдарга теңөөчү гранттардын өлчөмдөрүн өзгөртүү үчүн негиз болуп эсептелбестиги белгиленсин.

13-берене.

Эң аз эмгек акынын өлчөмү 2016-жылга - 1060,0 сом, 2016-жылга - 1060,0 сом, 2017-жылга - 1140,0 сом, 2018-жылга 1220,0 суммасында белгиленсин.

14-берене.

1. Бюджеттик мекемелер, чарба жүргүзүүчү субъекттер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максаты боюнча пайдаланылбаган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүп алынсын.

Кайтарып берүү негизинде берилген бюджеттик каражаттарды өз убагында кайтарбаган, ошондой эле аларды пайдалангандыгы үчүн пайыздарды төлөөнүн мөөнөтүн өткөрүп жиберген шартта мамлекеттик колдоонун бардык түрлөрү кыскартылууга же токтотулууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул Мыйзамдын беренелерин аткарбагандыгы үчүн кызмат адамдары жоопкерчилик тартууга тийиш.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөрдө жайгашкан мекемелерин кошпогондо бюджеттик мекемелерге казына системасын четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Аталган тартип бузулганда атайын каражаттардын 100 пайызы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине алынат.

15-берене.

Коомдук уюмдардын, чыгармачыл бирликтердин, өздүк көркөм чыгармачыл жамааттардын чыгашаларын каржылоого ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн чекте жол берилет.

16-берене.

Ушул жылы кабыл алынган ченемдик укуктук актылар боюнча кошумча финансы ресурстарын талап кылган чыгашалар кийинки жылдагы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинде каралсын.

17-берене.

Сот органдарынын чечимдерине ылайык жеке адамдарга аткаруу барагы боюнча төлөмдөр тиешелүү министрликтердин жана административдик ведомстволордун каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылсын.

18-берене.

Пилоттук министрликтердин жана административдик ведомстволордун 2016-2018-жылдарга программалык бюджети 6-тиркемеге ылайык жактырылсын.

19-берене.

Ушул Мыйзам 2016-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджетинин долбооруна жана 2017-2018-жылдарга болжолуна
ТҮШҮНДҮРМӨ КАТ

"Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджетинин долбоору 2017-2018-жылдарга болжолу даярдалды. Бул долбоор Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 19-июнундагы № 5274-V токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2016-жылга Кыргыз Республикасынын Бюджеттик резолюциясында жана 2017-2018-жылдарга болжолунда аныкталган негизги артыкчылыктарды жана багыттарды эске алуу менен иштелип чыкты. Бюджет долбоорунун эсептөө негизине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча Координациялык кеңештин 2015-жылдын 13-майындагы № 16-40 чечими менен жактырылган Кыргыз Республикасынын Бюджеттин орточо мөөнөттүү болжолунун параметрлери алынган.

2016-2018-жылдарга өнүгүүнүн макроэкономикалык келечеги

2016-2018-жылдарга экономикалык көрсөткүчтөрдүн болжолун иштеп чыгуу үчүн база: 2013-2015-жылдар үчүн өнүгүү тенденцияларын талдоо; макроэкономикалык туруктуулукту сактоо, экономикалык өсүштү камсыз кылуу; 2013-2017-жылдардагы мезгилге Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү Улуттук стратегиясы; улуттук экономиканы чыңдоо боюнча 2015-жылга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш чаралар планы.

2016-2018-жылдарда ИДПнын өсүшүнө таасир тийгизиши мүмкүн болгон тобокелчиликтерге төмөнкүлөр тийиштүү:

- дүйнөлүк экономиканын туруксуздугу;

- алтынга болгон дүйнөлүк баанын өзгөрүүсү (волотилдүүлүгү);

- ЕАЭСга кошулуу шарттарында экономиканы функциялаштыруу;

- азык-түлүк товарларына баанын өсүшүнүн эсебинен инфляциянын деңгээлин жогорулатуу;

- азык-түлүк товарларын, мунай заттарды жана газды импорттоодон ички рыноктун көз карандылыгы;

- айыл чарбасын өнүктүрүүгө терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон табигый-климаттык фактор.

ИДПнын анык өсүш арымы 2016-жылы 5,2%, 2017-жылы 3,9% жана 2018-жылы 4,9% деңгээлинде экономика тармактарынын өсүш эсебинен жетишилет(1): кызмат көрсөтүү чөйрөсү (2016-ж. - 3,8%, 2017-ж. - 4,0%, 2018-ж. - 4,3%), курулуш (2016-ж. - 12,1%, 2017-ж. - 10,3%, 2018-ж. - 11,5%), айыл чарбасы (2016-ж. - 2,5%, 2017-ж. - 2,9%, 2018-ж. - 3,3%), өнөр жайы (2016-ж. - 9,6%, 2017-ж. - 1,0%, 2018-ж. - 4,6%).

1-таблица. 2016-2018-жылдарга маанилүү макроэкономикалык көрсөткүчтөр

 

2015-ж. күтүлг.

2016-ж. болжол

2017-ж. болжол

2018-ж. болжол

Номиналдык ИДП, млн. сом.

437772,7

501582,5

557755,5

627323,6

Анык ИДП, %

3,1

5,2

3,9

4,9

Инфляция, %

7,0

9,8

7,7

6,9

2016-жылы акчалай-кредиттик саясаттын негизги максаты баалардын туруктуулугун колдоо, алмашуу курсунун кескин өзгөрүшүнөн кармануу, Өкмөттүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын биргелешкен пландарын ишке ашыруу, экономикалык жана социалдык өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү болуп калат. Акчалай-кредиттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу 2013-2017-жылдарга Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында аныкталган милдеттерди ишке ашырууга багытталат, бул инфляцияны 9,8% деңгээлинде кармоого мүмкүндүк берет.

Инфляция деңгээлинин динамикасын тышкы баа коньюнктурасына, бюджеттик-салыктык жана тарифтик саясатка, ЕАЭСке кирүү шартына, АКШ долларынын алмашуу курсунун өзгөрүүсүнө жараша сакталышын алдын ала аныктайт. 2017-жылга инфляциянын деңгээли 7,7%, 2018-жылга 6,9% деңгээлинде болжолдонууда.

ИДП өндүрүшүнүн түзүмүндө кызмат көрсөтүүнүн салыштырма салмагынын өсүш динамикасы 2016-жылы 48,9%, 2017-ж. - 49,4% (2018-ж. - 49,3%) деңгээлинде болжолдонот. ИДПда өнөр жайдын үлүшү 2016-жылы 14,4%дан 2017-жылы 13,5%га чейин (азаюу 2018-жылы 13,1%га чейин) азаят. Кумтөрдү эсепке албаганда, өнөр жайдын салыштырма салмагы 2016-ж. 9,4%ды түзөт (2017 жана 2018-жылдарга - 9,5%, 2017-ж. - 9,4%). ИДПда курулуштун салыштырма салмагы 2016-жылдагы 8,4%дан 2017-жылы 9,0%га чейин (2018-жылы - 9,6%) көбөйөт. Айыл чарбасынын салыштырма салмагы 2016-2017-жылдарда 14,3%ды (2018-ж. - 13,9%) түзөт.

2016-2018-жылдарда өнөр жайында өсүш(2) иштеп жаткан өнөр жай ишканаларынын туруктуу иштешинин жана жаңы кен чыккан жерлерин пайдаланууга киргизүүнүн эсебинен тийиштүү түрдө 9,7%, 1,1% жана 4,7% болжолдонот.

Каралып жаткан мезгилдеги Кумтөр кенин иштетүүчү ишканаларды кошпогондо өнөр жайында төмөнкү тармактардагы өндүрүш көлөмдөрүн көбөйтүүгө байланыштуу өсүш (2016-ж. - 10,3%га, 2017-ж. - 6,8%га, 2018-ж. - 8,3%га) болжолдонот, анын ичинде:

- продуктуларды (суусундуктарды кошкондо) жана тамекини өндүрүү (2016-ж. - 3,2%, 2017-ж. - 4,5%, 2018-ж. - 5,1%га) шекерди, этиль спиртин, пивокайнатма продукцияларын, сүт азыктарын, ун-акшак азыктарын, алкоголсуз ичимдиктерди чыгаруунун өсүш эсебинен;

- текстиль өндүрүшүндө; кийим жана бут кийим тигүү, тери жана башка булгаары буюмдарды өндүрүүдө (2016-ж. - 4,9%, 2017-ж. - 6,0%, 2018-ж. - 6,5%га). Өсүш тигүү буюмдарын өндүрүүнү көбөйтүү (тармактын үлүшү 80%дан ашыкты түзөт) эсебинен болжолдонууда. Орточо өсүш болжолу ЕАЭСке кирүү шартында товарларды экспорттоодо мүмкүн болуучу тобокелчиликтер менен шартталган;

- резина жана желим буюмдарды, башка металл эмес минералдык буюмдарды өндүрүү (2016-ж. - 2,7%, 2017-ж. - 4,0%, 2018-ж. - 2,0%га). Өсүш "Интергласс" ЖЧКсынын өндүрүш көлөмүн өстүрүү менен шартталат, мында лист айнекти өндүрүү көлөмү "Түштүк Кыргыз Цемент" ЖАК, "Түштүк курулуш материалдар комбинаты" ЖЧК,"Кант цемент заводу ААК, "Ак-Сай Цемент" ЖЧКсы жана башкалардын кубаттуулугун өнүктүрүү эсебинен цемент жана асбетцементтердин өсүшү менен 24,0 млн. чарчы метрге чейин жетет;

- кокс жана тазартылган мунайзаттарды өндүрүү Кара-Балта жана Токмок шаарларында мунайзатты кайра иштетүүчү заводдордун кубаттуулугун өркүндөтүү эсебинен (2016-ж. - 37,3%, 2017-ж. - 14,3%, 2018-ж. - 12,5%);

- кен казып алуу (2016-ж. - 6,2%, 2017-ж. - 5,5%, 2018-ж. - 4,8%). Өндүрүштүн көлөмүнүн өсүшү таштарды жана боз көмүрдү, лигнитти казып алууну көбөйтүү эсебинен жетишилет.

Айыл чарбасында 2016-2018-жылдарда өндүрүштүн анык өсүшүнө тийиштүү түрдө 2,5%, 2,9% жана 3,3%га жетүү болжолдонууда. Өсүш көпчүлүк даражада өсүмдүк өстүрүү тармактарында өсүмдүк өстүрүү продукцияларынын бардык түрлөрүн иш жүзүндө өндүрүүнү көбөйтүүнүн эсебинен (2016-жылы - 3,0%, 2017-жылы - 3,3%, 2018-жылы - 3,9%) күтүлүүдө. Мал чарбасында жылдык өсүш этти, сүттү, жумуртканы жана жүндү өндүрүүнү көбөйтүүнүн эсебинен (2016-жылы - 2,0%, 2017-жылы - 2,3%, 2018-жылы - 2,5%) болжолдонууда.

Төмөндөгү чараларды ишке ашыруу айыл чарба продукцияларды өндүрүүнүн өсүшүн камсыздоонун жагымдуу өбөлгөлөрү болуп саналат:

- ЕАЭСке катышуучу өлкөлөрдө өтө көп эмес суроо талап менен колдонулуучу техникалык өсүмдүктөрдүн айдоо аянтын системалык көбөйтүү жолу менен айдоо аянттарын структуралык өзгөртүү;

- айыл чарба өсүмдүктөрүн айдоонун өткөрүлүп берилүүчү технологияларын киргизүү, айыл чарба азыктарын экспорттоонун көлөмүн көбөйтүү үчүн органикалык, минералдык жана органоминералдык жер семирткичтерди колдонуу;

- фермерлерди зарыл болгон айыл чарба техникалары менен жеңилдетилген кредиттик шарттарда камсыздоону улантуу;

- суу жана жер ресурстарын туура пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу;

- жайыттарды туура пайдалануу;

- өтө жугуштуу ылаңдар боюнча мал чарбасындагы экпизоотиялык кырдаалдардын жагымдуулугун камсыздоо;

- жазгы-талаа иштерин өз убагында жүргүзүү.

Белгиленген чараларды ишке ашырууда айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө жеңилдетилген кредиттерди жана күйүүчү-майлоочу материалдарга жана минералдык жер семирткичтерге жетүүгө жеңилдиктерди берүү практикасы улантылат ж.б.

Кызмат көрсөтүү  чөйрөсүндө өсүштүн орточо тенденциясы болжолдонууда. Кызмат көрсөтүүнү дүңүнөн чыгаруунун жылдык көлөмү (2016-жылы - 3,9%, 2017-жылы - 4,1%, 2018-жылы - 4,5%га) түзөт, бул негизинен дүң жана чекене соода, транспорт иштери жана жүктөрдү сактоо, маалымат жана байланыш, мейманкана жана ресторан, туризм кызматтарын көрсөтүүнүн өсүш эсебинен болот. Кызмат көрсөтүүлөргө суроо-талап калктын акчалай кирешесинин өсүшү менен колдоого алынат.

Кызмат көрсөтүү секторундагы саясат күнүмдүк турмушка зарыл болгон кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга жана байланыш, транспорт кызматтарын, чакан финансы уюмдарынын кызматтарын, соода жана башка кызматтарды кошкондо, ЕАЭС менен экономикалык байланышты интеграциялоого багытталат. Б

2016-2018-жылдарда транспорт ишин жана жүктөрдү сактоо кызматтарын көрсөтүүнүн өсүшү тийиштүү түрдө 5,7%, 5,9%, 7,0% деңгээлинде болжолдонууда.

Транспорт ишинин кызматтарын көрсөтүүнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары автотранспорт системасын жакшыртуу болуп калат, анткени республикада пайдаланылуучу транспорттун өзгөчө түрлөрү автомобиль транспорту болуп саналат, ошондой эле ички мааниге ээ болгон жолдорду талаптагыдай деңгээлде жана сапатын жакшыртууну колдоо болот. Ошондой эле, аба транспортундагы транспорттук кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүн модернизациялоо боюнча иштер улантылат. Транспорт кызматтарын өнүктүрүү чөйрөсүндөгү базалык негизги саясат мамлекеттик жеке өнөктөштүк механизмдерин киргизүү болот.

Кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндө дүң жана чекене соода, автомобиль жана мотоцикл оңдоо кызматтарын көрсөтүү маанилүү үлүштү (2016-2018-жылдар үчүн орточо үлүш - 35,2%) ээлейт, анын өсүш тенденциясы (2016-ж. - 7,0%га, 2017-ж. - 7,2%га, 2018-ж. - 7,1%га) болжолдонууда.

ЕАЭСке соода агымын интеграциялоону жакшыртуу, ЕАЭС рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жакшыртуу үчүн шарттарды түзүү, соода чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын статусун жана компетенциясын жогорулатуу сооданы көбөйтүүгө өбөлгө түзөт.

Мейманкана жана ресторан кызматтарын көрсөтүүнүн көлөмүн көрсөтүлүүчү кызматтардын тармагын көбөйтүүнүн жана туристтердин агымынын эсебинен (2016-ж. - 7,5%га, 2017-жылы - 7,3%га, 2018-жылы - 7,5%га) көбөйтүү болжолдонууда.

Туризм өлкөнүн башкы экономикалык артыкчылыктарынын бири катары каралат. Бул багытты өнүктүрүү үчүн төмөндөгү милдеттер чечилүүгө тийиш: (а) туристтик инфраструктураны, анын ичинде транспорт жана коммуникацияларды өнүктүрүү; (б) туристтик формалдуулукту тартипке келтирүү жана саякаттоонун коопсуздугун жогорулатуу; (в) өлкө үчүн жагымдуу туризм образын түзүү жолу менен чет өлкөлүк рыноктордо улуттук туристтик продуктуларды илгерилетүү; туризмди өнүктүрүүнүн экономикалык жана административдик механизмдерин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү.

2016-2018-жылдарда курулушта өсүш арымы тийиштүү түрдө 12,1%, 10,3%, 11,5% деңгээлинде болжолдонууда.

Курулушта артыкчылыктуу багыттар төмөнкүлөр болуп саналат:

- Кыргыз Республикасынын 2013-2017-жылдарга туруктуу өнүктүрүүгө өтүүсү боюнча Программага киргизилген ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу;

- жеке турак жай курулуш объекттери, транспорт магистрал объекттери, социалдык-экономикалык маанидеги объекттер, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият жана спорт объекттеринин курулушу;

- айыл чарба (ирригациялык курулмалар) объекттери;

- энергетика объекттери (өлкөнүн аймагын бирдиктүү энергетикалык айлампага байланыштыруучу электр өткөргүч линияларынын курулушу боюнча иштер).

2016-2018-жылдарда бардык каржылоо булактарынан капиталдык салымдардын жалпы көлөмү орточо алганда 10,1%га (2016-жылы 145,1 млрд. сомдон 2018-жылы 204,2 млрд. сомго) чейин өсөт. Орточо мөөнөттүү келечекте улуттук экономиканын туруктуу өсүшүн камсыздоочу маанилүү бир багыттардын бири экономиканын курулуш сектору деп болжолдонууда. Бул сектордогу анык өсүш арымы жыл үчүн орточо алганда 10,5%ды түзөт. Курулуш тармагын өнүктүрүү курулуш материалдарына, буюмдарына жана жергиликтүү сырье негизиндеги конструкцияларды өндүрүүнүн өсүшүнө дем берүүчү таасир көрсөтөт.

ИДПны пайдалануу жагында керектөөнүн үлүшүн 2016-жылы 115,0%дан 2018-жылы 114,5%га чейин көбөйтүү болжолдонот, бул жеке керектөөнү көбөйтүү менен шартталган. Мамлекеттик керектөөнүн үлүшү азаят. Жеке керектөө 2016-жылы ИДПга карата 98,8%дан 2018-жылы 99,4%га чейин өсөт. Мамлекеттик керектөөнүн үлүшү 2016-жылы ИДПга карата 16,1%дан 2018-жылы 15,1%га чейин азаят.

2016-жылы жеке керектөөнүн өсүшү арымы 4,2% деңгээлинде болжолдонот. 2017-2018-жылдарда жеке керектөөнүн өсүшү орточо 4,3% деңгээлинде болжолдонууда. Жеке керектөөнүн динамикасы эмгек акынын болжолдонгон номиналдык өсүш арымы менен, ошондой эле калктын акчалай кирешесинин өсүшү менен (2016-ж. - 12,0%, 2017-ж 10,1%, 2018-ж. - 9,1%) колдоого алынат. Мамлекеттик керектөөнүн өсүш арымы орточо 0,5%га (2016-ж. - (-2,4%) 2017-ж. - 0,2%, 2018-ж. - 0,2%га) азаят.

Орточо мөөнөттү мезгилде дүң инвестициялардын өсүшү орточо 6,1% (2016-ж. - 6,5%, 2017-ж. - 5,4%, 2018-ж. - 6,3%га) деңгээлинде болжолдонууда. Орточо мөөнөттүү мезгилде инвестициялык саясат инвестициялык климатты калыбына келтирүүгө жана бекемдөөгө, 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында каралган жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга багытталат.

Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн таза экспортунун көрсөткүчтөрүн 2016-жылы (ИДПга карата - 50,0%дан) 2018-жылы (- 50,3%га) чейин начарлатуу болжолдонууда.

Орточо мөөнөттүү келечекте тышкы сооданы өнүктүрүүгө маанилүү таасирлер:

- 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын экспортун өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Планын ишке ашыруу;

- ЕАЭС өлкөлөрүнүн рынокторуна товарларды илгерилетүү маселелери боюнча жеке сектор үчүн консультациялык-маалыматтык иш-чараларды жүргүзүү;

- Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ), КМШнын алкагында тышкы экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү;

- эл аралык экономикалык жана финансылык уюмдар менен кызматташтыкты тереңдетүү.

Бул факторлорду эске алуу менен, тышкы соода жүгүртүүлөр 2016-жылы 7900,0 млн. АКШ долларынан 2018-жылы 8300 млн. АКШ долларына чейин өсөт, анын ичинен:

- товарларды экспорттоо орточо мөөнөттүү келечекте 2016-жылы 2000 млн. АКШ долларынан 2018-жылы 2100 млн. АКШ долларына чейин көбөйөт. 2016-2018-жылдардагы мезгил үчүн товарларды экспорттоонун орточо жылдык номиналдык өсүш арымы 5,4%ды түзөт. Экспорттун өсүшү кийимдерди жана ага тиешелүү материалдарды, жашылча-жемиштерди, цементти, лист айнек, кебез-жүндөрдү жабдып-жеткирүүлөрдүн өсүш эсебинен камсыздалат.

- товарларды импорттоо орточо мөөнөттүү келечекте 2016-жылы 5900 млн. АКШ долларынан 2018-жылы 6200 млн. АКШ долларына чейин көбөйөт. Товарларды импорттоонун жылдык орточо номиналдык өсүш арымы 2,2%ды түзөт, бул мунайзаттардын, жаратылыш газынын, кара металлдардын жана алардан жасалган буюмдардын, электр машиналарынын, жабдуулардын жана аппаратуралардын фармацевттик продукциялардын, азык-түлүк товарларынын (айыл чарба чийки затын кошкондо) түшүүлөрүнүн көбөйүшү менен байланыштуу.

Социалдык саясат жаатында 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын калкын социалдык коргоо системасын өнүктүрүү программасы менен кабыл алынган чаралардын эсебинен калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу жана жакырчылыкты кыскартуу милдети орто мөөнөттүү мезгилдеги негизги милдеттерден болуп кала берет.

Калктын жан башына ИДПнын көлөмү 2016-жылы 1331,6 АКШ долларынан 2018-жылы 1443,5 АКШ долларына чейин өсөт.

2016-2018-жылдарда калктын акчалай кирешелерин жогорулатуу тенденциясы сакталат, ал орточо 4,9% анык өсүш менен, тийиштүү түрдө 352,8 млрд. сом, 403,6 млрд. сом жана 468,3 млрд. сом өлчөмүндө болжолдонууда. Орточо айлык эмгек акынын өлчөмү 2016-жылы 14900,0 сомдон 2018-жылы 17850,0 сомго чейин көбөйөт же орточо анык өсүш 0,4%ды түзөт.

Калктын жан башына жашоо минимумунун болжолдонгон нарктык чоңдугу айына, 2016-жылы - 5762,1 сомду, 2017-жылы - 6240,3 сомду, 2018-жылы - 6727,0 сомду түзөт.

2016-2018-жылдарда иштеген калктын санынын өсүшү орточо 0,6% деңгээлинде болжолдонууда. Калктын ишке тартылуусун жогорулатууну эске алуу менен, орточо мөөнөттүү келечекте жалпы жумушсуздуктун деңгээлин 7,9%дан 7,7%га чейин азайтуу болжолдонууда.

Бюджеттин киреше бөлүгү

2016-2018-жылдарда Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын киреше базасын калыптандыруу 2016-2018-жж. өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолунун базасында, Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык союзуна кирүүсүн, бир катар жылдардагы иш жүзүндөгү түшүүлөрдү, 2015-жылы кирешелердин түшүүлөрдүн баалоону жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын негизинде ишке ашырылды.

2016-2018-жылдарга бюджеттин киреше бөлүгүнүн негизги параметрлери

МИП гранттарын эсепке алганда, мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 2016-жылга 141433,1 млн. сом суммасында же ИДПга карата 28,2% деңгээлинде болжолдонууда. 2015-жылдын такталган бюджетине салыштырмалуу мамлекеттик бюджеттин болжолдонгон кирешеси ИДПга карата 0,7%га азаят, салыктык эмес кирешелердин эсебинен - 0,8%га, мында салыктык кирешелер 0,3%га, алынган расмий трансферттер 0,2%га көбөйөт. 2015-жылдын такталган бюджетине салыштыруу боюнча кирешелердин көлөмү номиналдык туюнтууда 11,7%га же 14798,3 млн. сомго өсөт.

2017-2018-жылдардагы мезгил үчүн МИП гранттарын эсепке алганда, мамлекеттик бюджеттин кирешесинин жалпы көлөмү тийиштүү түрдө 149741,0 млн. сомго жана 162038,5 млн. сомго чейин өсөт.

Салыктык кирешелер 2016-жылы 107647,3 млн. сомду түзөт. 2016-жылы салыктык кирешелердин номиналдык өсүшү 2015-жылдын такталган бюджетине салыштырмалуу 15,9% деңгээлинде же 14805,3 млн. сом өсүш менен болжолдонууда. ИДП көлөмүндө салыктык түшүүлөрдүн үлүшү ИДПга карата 21,5%ды түзөт. Орточо мөөнөттүү келечекте салыктык түшүүлөр 2017-жылы 119653,2 млн. сомдон 2018-жылы 134585,3 млн. сомго чейин өсөт.

2016-жылы мамлекеттик бюджеттин салыктык эмес кирешелери 22156,2 млн. сом же ИДПга карата 4,4%га бааланат (2015-жылдын такталган бюджети - ИДПга карата 5,2%). Салыктык эмес кирешелер 2015-жылдын бекитилген бюджетине карата 459,2 млн. сомго азаят. 2017-2018-жылдардагы мезгил үчүн салыктык эмес кирешелердин түшүүлөрү тийиштүү түрдө 17394,5 млн. сом жана 17677,7 млн. сом суммасында болжолдонууда.

МИП гранттарын эсепке алуу менен, республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 2016-жылы 124399,6 млн. сом суммасында же ИДПга карата 24,8% (2015-жылдын такталган бюджети ИДПга карата - 25,4%) каралган. 2015-жылдын такталган бюджетине карата республикалык бюджеттин кирешелерин номиналдык туюнтууда 11,5%га же 12868,2 млн. сомго өсөт. 2017-2018-жж. мезгилде республикалык бюджеттин кирешелери тийиштүү түрдө 131504,2 млн. сомду жана 142212,6 млн. сомду түзөт.

Республикалык бюджеттин кирешелер курамында салыктык кирешелер 2016-жылы 92937,7 млн. сомду ( ИДП карата 18,5% ), 2017-жылы - 103725,6 млн. сомду (ИДП карата 18,6%), 2018-жылы 117099,9 млн. сом (ИДП карата 18,7%) түзөт. Үч жылдык мезгил үчүн алардын орточо жылдык өсүш арымы 113,6%ды түзөт.

Республикалык бюджеттин салыктык эмес кирешелери 2016-жылы - 19832,3 млн. сом (ИДПга карата 4,0%), 2017-жылы - 15085,3 млн. сом (ИДПга карата 2,7%) жана 2018-жылы - 15337,2 млн. сом (ИДПга карата 2,4%) өлчөмүндө каралууда.

2016-2018-жылдарга мамлекеттик бюджеттин салыктык түшүүлөрүнүн структурасы төмөнкү таблицада көрсөтүлгөн:

Мамлекеттик бюджет

2015

2016

2017

2018

Такталг. бюджет

ИДПга карата %

болжол

ИДПга карата %

болжол

ИДПга карата %

болжол

ИДПга карата %

ИДП

438579,8

 

501582,5

 

557755,5

 

627323,6

 

Салыктык кирешелер

92842,0

21,2

107647,3

21,5

119653,2

21,5

134585,3

21,5

Салыктык кирешелер (Кумтөрсүз)

87327,0

19,9

102284,3

20,4

114516,2

20,5

129429,3

20,6

Мамлекеттик салык кызматынын салыктык кирешелери

60137,3

13,7

75471,2

15,0

82025,2

14,7

91576,3

14,6

Мамлекеттик бажы кызматынын салыктык кирешелери

32704,7

7,5

32176,1

6,4

37628,0

6,7

43009,0

6,9

Киреше салыгы

8462,0

1,9

10000,0

2,0

10917,6

2,0

12665,6

2,0

Пайдадан алынуучу салык

5226,1

1,2

5947,0

1,2

6491,8

1,2

7060,8

1,1

Милдеттүү патент негизиндеги салык

262,3

0,1

285,9

0,1

314,5

0,1

357,2

0,1

Ыктыярдуу патент негизиндеги салык

1830,1

0,4

2019,0

0,4

2230,9

0,4

2230,9

0,4

Атайын каражаттарга салык

5515,0

1,3

5363,0

1,1

5137,0

0,9

5156,0

0,8

Кумтөрдүн дүң кирешесине салык

648,2

0,1

669,2

0,1

669,2

0,1

669,2

0,1

Кыймылсыз мүлккө салык

650,1

0,1

708,9

0,1

725,8

0,1

743,2

0,1

Транспорт каражаттарына салык

873,6

0,2

906,3

0,2

906,3

0,2

906,3

0,1

Жер салыгы

34535,9

7,9

39125,2

7,7

45727,0

8,2

51538,0

8,2

Кошумчаланган нарк салыгы (КНС)

10500,0

2,4

11850,0

2,4

13516,0

2,4

15700

2,5

КНС - ички

8769,1

2,0

           

КНС - ЕАЭСке кошулууга чейин импортко

9042,4

2,1

15700,0

3,1

17376,0

3,1

19800,0

3,2

КНС - ЕАЭСтен импортко

6224,4

1,4

11575,2

2,3

14835,0

2,7

16038,0

2,6

КНС - үчүнчү өлкөлөрдөн импортко

8405,0

1,9

9638,0

1,9

10572,0

1,9

11748,5

1,9

Сатуудан алынуучу салык

7910,0

1,8

10621,8

2,1

11430,5

2,0

12343,7

2,0

Акциз салыгы

1603,3

0,4

1886,5

0,4

1974,2

0,4

1993,0

0,3

Акциз салыгы - ички

1683,2

0,4

           

Акциз салыгы - ЕАЭСке кошулганга чейин импортко

3890,8

0,9

7150,0

1,4

7750,0

1,4

8800,0

1,4

Акциз салыгы - үчүнчү өлкөлөрдөн импортко

732,7

0,2

1585,3

0,3

1706,3

0,3

1850,7

0,3

Жер казынасын пайдалануу үчүн салык

1401,4

0,3

1263,5

0,3

1156,4

0,2

1187,2

0,2

Бажылык төлөмдөр

15295,3

3,5

19015,6

3,8

21086,7

3,8

25120,3

4,0

Бюджеттин кирешесинин жалпы көлөмүндө салыктык түшүүлөрдүн үлүшүнүн орточо көрсөткүчү (МИП гранттарын эсепке алганда) 2016-2018-жылдардагы мезгилде 80,5%ды түзөт, ошол эле учурда 2015-жылдын бекитилген бюджетинде бул көрсөткүч 73,7%ды түзөт. 2016-2018-жылдарга бюджеттин сунушталган долбоорунда салыктык түшүүлөрдүн үлүшүнүн жылдык өсүшүнүн оң тенденциясы 2016-жылы 78,7%дан 2017-2018-жылдарда 79,9% жана 83,1%га чейин жана тийиштүү түрдө жалпы кирешелердин структурасында башка кирешелердин азайышы салынган.

Жеке жактардан киреше салыгы

2016-2018-жылдарга киреше салыгы боюнча болжолдуу көрсөткүч Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык, мурдагы жылдардын түшүү динамикасына, 2015-жылы салыктардын түшүүсүнө баа берүүгө, ошондой эле орточо айлык эмгек акынын болжолдуу көрсөткүчүнүн 10,4%га жана калктын акча кирешелеринин 14,8%га өсүшүнө байланыштуу эсептелген. Ошондой эле, эсепте социалдык чөйрөнүн жана мамлекеттик эмес сектордун кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуунун эсебинен киреше салыгынын кошумча суммасы эске алынган.

Натыйжада, жалпысынан киреше салыгы боюнча болжол 2016-жылга 10000 млн. сом суммасында же ИДПга карата 2,0% деңгээлинде эсептелген. 2015-жылдын такталган көрсөткүчүнө салыштырмалуу жыйымдар 18,2%га же 1538,0 млн. сомго көбөйөт. Кийинки эки жылдын аралыгында киреше салыгы боюнча жыйымдар тийиштүү түрдө 10917,6 млн. сом жана 12665,6 млн. сомду түзөт. 2017-2018-жылдардагы мезгил үчүн салыктын өсүш деңгээли бир жылга орточо 12,6%ды түзөт.

Бул салык: республикалык бюджетке - 50%, жергиликтүү бюджетке - 50% пропорциясында чегерилүүгө тийиш.

Юридикалык жактардын пайдасына салык

Пайдадан алынуучу салык боюнча болжолдуу эсептөөлөр өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн негизги болжолдуу макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнүн, бир катар жылдар үчүн тарыхый маалыматтардын жана 2015-жылы салыктык түшүүлөрдү баалоонун негизинде жүргүзүлдү.

Пайдадан алынуучу салыктын болжолу 2016-жылы 5947,0 млн. сом, 2017-жылы - 6491,8 млн. сом жана 2018-жылы - 7060,8 млн. сом суммасында түзүлгөн. Орточо өсүш арымы үч жылдык мезгил үчүн 110,6%ды түзөт. ИДПга карата салыктык түшүүлөр 2016-2018-жылдардагы мезгил үчүн бир деңгээлде сакталат же ИДПга карата 1,2%.

2016-жылга алтын кенин иштетүүчү компаниялардын кирешелеринен салыктардын түшүүсү 2016-жылга 85,4 млн. сом, 2017-2018-жылдарда тийиштүү түрдө 67,5 млн. сом жана 85,3 млн. сом тартибин түзөт.

Бул салыктар толук көлөмүндө республикалык бюджетке чегерилүүгө тийиш.

Атайын салыктык режимдер

Атайын салыктык режимдеринин эсептик деңгээли 2016-2018-жылдарда Салык кодексине, мурдагы жылдардагы түшүүлөрдүн динамикасына, 2015-жылдагы түшүүлөрдү баалоого ылайык жүргүзүлдү.

Ошентип, милдеттүү патент негизиндеги салыктын болжолдуу көрсөткүчү 2016-жылы 285,9 млн. сом, 2017-2018-жылдарга - тийиштүү түрдө 314,5 млн. сом жана 357,2 млн. сом өлчөмүндө аныкталган. Салыктын бул түрү толук көлөмдө жергиликтүү бюджетке чегерилет.

Ыктыярдуу патент негизиндеги салыктын түшүүсү 2016-жылга 2019 млн. сом, 2017-2018-жылдарга тийиштүү түрдө - 2230,9 млн. сом жана 2230,9 млн. сом өлчөмүндө күтүлүүдө. ИДПга карата алардын үлүшү үч жылда бир деңгээлде сакталат же ИДПга карата 0,4%. Салыктын бул түрү толук көлөмдө жергиликтүү бюджетке чегерилет.

Кошумча нарк салыгы

Кошумча нарк салыгын эсептөө (КНС) эсептөө Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык союзуна кирүүсүн, ошондой эле ИДПнын, анын структурасынын көлөмүнө, товарларды импорттоонун болжолдонгон көлөмүн, алдыдагы жыл үчүн иш жүзүндөгү жыйымдарды, 2015-жылдагы түшүүлөрдү баалоону, ошондой эле кошумча чараларды эске алуу менен жүргүзүлдү.

Кошумча нарк салыктын жалпы болжолдуу суммасы 2016-жылы 39125,2 млн. сомду түзөт жана 2015-жылдын такталган бюджетине карата 4589,4 млн. сомго же 13,3%га өсөт. 2017-2018-жылдарга болжолдуу сумма 45727,0 млн. сомду жана 51538,0 млн. сомду түзөт, тийиштүү түрдө өсүш бир жылга орточо 14,8%ды түзөт. КНСтин жалпы суммасында түшүүлөрдүн негизги үлүшү ЕАЭС өлкөлөрүнөн ташылып келинүүчү продукцияларга кошумча нарк салыгы туура келет же 38,0%дан ашык.

Ошентип, үчүнчү өлкөлөрдөн ташылып келинүүчү продукцияларга кошумча нарк салык 2016-жылга 11575,2 млн. сом өлчөмүндө аныкталган, 2015-жылдын такталган көрсөткүчүнө карата өсүш 86% же 5350,8 млн. сом. Кийинки эки жылда салыктын жыйымы 2017-жылдагы 14835,0 млн. сомдон 2018-жылы 16038,0 млн. сомго чейин көбөйөт.

ЕАЭС өлкөлөрүнөн ташылып келинүүчү продукцияларга кошумча нарк салыгынын болжолдуу суммасы 2016-жылга 15700,0 млн. сом өлчөмүндө аныкталган, 2015-жылдын такталган көрсөткүчүнө карата өсүш 73,6% же 6657,6 млн. сом. Кийинки эки жылда салыктын жыйымы 2017-жылдагы 17376,0 млн. сомдон 2018-жылы 19800,0 млн. сомго чейин көбөйөт.

Ички продукцияга кошумча нарк салыгынын болжолдуу суммасы 2016-жылга 11850,0 млн. сом бааланат, 2015-жылдын такталган көрсөткүчүнө карата өсүш 12,9% же 1350,0 млн. сом. Орточо мөөнөттүү келечекте түшүүлөр 2017-жылдагы 13516,0 млн. сомдон 2018-жылы 15700,0 млн. сомго өсөт. Бул эки мезгилде орточо жылдык өсүш арымы 115,1%ды түзөт.

Кошумча нарк салыгынын эсептик суммасы толук көлөмдө республикалык бюджетке чегерилүүгө тийиш.

Мындан тышкары, экспортер-ишканалардын жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрү тарабынан (кошумча нарк салыгынын ордун толтуруу) кошумча нарк салыгын ашып кеткен суммаларынын ордун толтуруу жана кайтарып берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан бюджетте 850,0 млн. сом каралган. Бул иш чара экспортко-багытталган ишканаларды колдоого багытталган.

Сатуудан алынуучу салык

Сатуудан алынуучу салыктын түшүүлөрүнүн эсеби 2015-жылга болжолдонгон экономикалык көрсөткүчтөрүнө, салыктын күтүлгөн баасына негизделди. Мындан тышкары, эсептөөлөрдө кошумча нарк салыгынын отчету боюнча салык салынуучу жабдып-жеткирүүлөрдүн жана кошумча нарк салык боюнча каттоо босогосунан ашпаган жабдып-жеткирүүлөр боюнча жыйынды жылдык киреше жана сатуудан алынуучу салыктын отчету боюнча товарларды сатып өткөрүүдөн түшкөн акчанын көлөмү пайдаланылды.

Баяндалгандарды эске алуу менен, сатуудан алынуучу салык 2016-жылга 9638,0 млн. сом өлчөмүндө болжолдонгон. 2017-2018-жылдарда түшүүлөрдүн болжолдуу эсептөөлөрүнө ылайык жылына 10572,0 млн. сомду жана 11748,5 млн. сомду түзөт, жылдык орточо өсүш арымы 111,8%.

Бул салык республикалык бюджетке - 50%, жергиликтүү бюджетке - 50%. чегерилүүгө тийиш.

Акциз салыгы

2016-2018-жылдарга акциз салыгынын түшүүлөрүнүн болжолу өндүрүш көлөмүнүн болжолдуу көрсөткүчтөрүнө жана акциз салынуучу товарларды ташып келүүгө негизделген, алардын тизмеси Салык кодексинде акциз салыгынын белгиленген коюмдарын жана мурдагы мезгилдердеги жыйымын талдоонун негизинде аныкталган. Ошондой эле, эсептөө Евразия экономикалык союзуна Кыргыз Республикасынын кирүүсүн жана акциз салыгынын коюмдарынын көбөйүүсүн эске алуу менен жүргүзүлдү.

Ликер-арак ичимдиктери боюнча ички продукцияга акциздердин болжолдуу суммасы бул өндүрүштөн акциз салыгынын бардык түшүүлөрүнүн негизги үлүшүн түзөт, ал 2016-жылга 1177,9 млн. сом өлчөмүндө аныкталган. Кийинки эки жылга салыктын түшүү суммасы тийиштүү түрдө 1225,0 млн. сомду жана 1237,2 млн. сомду түзөт. Ички продукцияга акциз салыгынын жалпы суммасы 2016-жылы 1886,5 млн. сом, 2017-жылы - 1974,1 млн. сомду жана 2018-жылы - 1 993,0 млн. сомду түзөт.

Үчүнчү өлкөлөрдөн ташылып келинүүчү продукцияларга акциз салыгынын болжолу 2016-жылга 1585,3 млн. сом, андан кийинки эки жылга 1706,3 млн. сом жана 1850,7 млн. сом суммасында аныкталган.

ЕАЭС өлкөлөрүнөн ташылып келинүүчү продукцияларга акциз салыгынын болжолу 2016-жылга 7150,0 млн. сом, андан кийинки эки жылга 7550,0 млн. сом жана 8800,0 млн. сом суммасында аныкталган.

2016-жылга акциз салыгы боюнча жалпысынан болжолдонгон сумма 10621,8 млн. сомду түзөт. Орточо мөөнөттүү келечекте акциз салыгынын жалпы суммасы 2017-жылы 11430,5 млн. сом жана 2018-жылы 12643,7 млн. сом өлчөмүндө болжолдонот.

Акциз салыгынын эсептик суммасы толук көлөмдө республикалык бюджетке чегерилүүгө тийиш.

Жер казынасын пайдалануу үчүн салык

Бюджеттин долбоорунда жер казынасын пайдалануу үчүн 2016-2018-жылдарга салыктын түшүүлөрүнүн болжолу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, ошондой эле салык мыйзамдарында белгиленген коюмдарды колдонуу менен, пайдалуу кен чыккан жерлерди казуунун, мурдагы жылдардагы түшүүлөрдүн жана 2015-жылга салык жыйымына баанын негизинде белгиленди.

Жаңы кен чыккан жерлерди лицензиялоо жана ишке киргизүү 2016-жылы 690,0 млн. сом өлчөмүндө бонустардын түшүүсүн камсыздайт. Ошол эле учурда, роялтиден түшүүлөр 573,5 млн. сом өлчөмүндө бааланууда. Баяндалганды эске алганда, жер казынасын пайдалануу үчүн салыктын болжолдонгон суммасы 2016-жылы 1263,5 млн. сомду, кийинки эки жылга салыктын суммасы орточо 1171,8 млн. сомго жакынды түзөт. 2016-2018-жж. ИДП карата салыктын түшүүлөрү бирдей деңгээлде сакталат же ИДП 0,2%.

Стратегиялык пайдалуу кендерди: алтын, мунай, газды, кошпогондо роялти жыйымдары республикалык бюджетке - 50%, жергиликтүү бюджетке - 50% чегерилет. Бонустардан түшүүлөр толук көлөмдө республикалык бюджетке чегерилүүгө тийиш.

Кумтөрдүн дүң кирешесине салык

Кумтөрдөн дүң кирешесине салыктык түшүүлөрдүн эсеби Кумтөр боюнча макулдашууда аныкталган дүң кирешеден 13% ченинде 2016-2018-жылдарга Кумтөр өндүрүшүнүн болжолдонуучу көлөмүнүн негизинде жүргүзүлдү. Алсак, Кумтөрдөн дүң кирешесине салыктын суммасы 2016-жылы 5363,0 млн. сом жана 2017-2018-жылдарда тийиштүү түрдө 5137,0 млн. сом жана 5156,0 млн. сом өлчөмүндө болжолдонууда.

Салыктын бул түрү боюнча түшүүлөр толук көлөмдө республикалык бюджетке чегерилүүгө тийиш.

Эл аралык соодага жана операцияларга салык

Үч жылдык мезгилге эл аралык соодага жана операцияларга салыктардын түшүүсүнүн эсептик деңгээли Кыргыз Республикасынын ЕАЭСке кирүүсүн, ошондой эле товарлардын импортунун көлөмүнүн болжолдонгон өсүшүн, мурунку жылдардагы иш жүзүндө жыйымдар эсепке алуу менен жүргүзүлдү.

Ошентип, 2016-жылга бажы төлөмдөрүнүн болжолдонуучу көлөмү 2015-жылдын такталган түшүүлөрүнө карата 124,3% өсүү менен, 19015,6 млн. сом суммасында аныкталды.

2017-2018-жылдардагы мезгилдеги түшүүлөр 21086,7 млн. сомдон 23120,3 млн. сомго чейин өсөт. Жылдык өсүш арымы орточо 117,6%ды түзөт же абсолюттук суммада орточо 4033,6 млн. сомго өсөт.

Эл аралык соодага салыктардын түшүүлөрүндө 94,0%дан ашыгын Евразия экономикалык союзуна кошулуу жөнүндө Келишимге ылайык ЕАЭСке катышуучу мамлекеттерден түшүүчү ташып келүүлөргө бажы алымдарынын түшүүлөрү камсыз кылат. Ушул төлөмдүн болжолдонгон суммасы 2016-жылы 17981,6 млн. сом, 2017-жылы 20000,0 млн. сом жана 2018-жылы - 24000,0 млн. сом өлчөмүндө бааланууда.

Эл аралык соодага жана операцияларга салыктардын эсептик суммасы толук көлөмдө республикалык бюджетке чегерилүүгө тийиш.

Салыктык эмес кирешелер

Салыктык эмес кирешелердин түшүүсү 2016-жылы 22156,2 млн. сом өлчөмүндө болжолдонууда. Алардын үлүшү ИДП көлөмүндө 4,4%ды түзөт жана 2015-жылдын такталган бюджетинин деңгээлине карата 0,8%га азаят.

2017-2018-жылдарда болжолдуу сумма орточо 17536,1 млн. сомду түзөт. ИДПга карата салыктык эмес кирешелердин жыйымы 2017-жылы ИДПга карата 3,1%дан 2018-жылы ИДПга карата 2,9%га чейин төмөндөйт.

Берилген бюджеттик ссудалар жана кредиттер боюнча пайыздар 2016-жылы - 1095,4 млн. сом, 2017-жылы - 736,3 млн. сом, 2018-жылы - 707,6 млн. сом өлчөмүндө болжолдонууда. Пайыздардын суммасы төлөмдөрдүн түшүүсүн талдоонун жана карыз милдеттенмелерине карата төлөө графиги боюнча төлөмдөрдүн негизинде, ошондой эле карыз алуучулардын анык мүмкүнчүлүгүн эсепке алуу менен эсептелген.

Акциялардын мамлекеттик пакетине дивиденддер боюнча салынган сумма 2016-2018-жылдарга тийиштүү түрдө 1550,8 млн. сом, 1604,3 млн. сом жана 1587,3 млн. сом өлчөмүндө каралууда.

Ижара акысынан түшүүлөрдүн жалпы көлөмү 2016-жылы 2429,6 млн. сом суммасында болжолдонууда. 2015-жылдын такталган бюджетине салыштырмалуу жыйындар 1506,9 млн. сомго көбөйөт.

2017-2018-жылдардагы мезгил үчүн түшүүлөр тийиштүү түрдө 900,6 млн. сомдон 931,6 млн. сомго чейин өсөт.

Курамына лицензияларды берүү үчүн акы, сертификаттарды жана башка уруксат документтерди берүү үчүн акы, лотерея ишин жүргүзүү укугу үчүн акы, транспорт каражаттарын каттоо жана кайра каттоо үчүн акы кирген жыйымдар менен төлөмдөрдүн түшүүлөрү бир катар жылдардын иш жүзүндө түшүүлөрүнүн динамикасынын жана 2015-жылга түшүүлөрдү баалоонун негизинде болжолдонду. 2016-2018-жылдарда жыйымдар менен төлөмдөрдүн жалпы суммасы 933,1 млн. сомдон 1135,4 млн. сомго чейин болжолдонууда.

Мамлекеттик алымдын болжолдонгон суммасы үч жылга орточо 236,5 млн. сом суммасында аныкталган. Мамлекеттик алымдардын жалпы көлөмүндө негизги үлүштү юстиция органдары тарабынан өндүрүлүүчү мамлекеттик алымдар ээлейт, анын түшүүсү үч жылдык мезгилде орточо 192,1 млн. сом тартибинде болжолдонууда.

Салыктык эмес түшүүлөрдүн негизги үлүшүн бюджеттик мекемелердин калкка акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүсүнөн атайын каражаттар ээлейт. Атайын каражаттардын суммасы жогоруда белгиленген кайра түзүүлөрдү эсепке алуу менен республикалык бюджетте турган бюджеттик мекемелердин табыштамалары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын табыштамаларынын негизинде аныкталды. Ошентип, республикалык бюджетте турган бюджеттик уюмдардын атайын каражатынын суммасы 2016-2018-жылдарга 10016 млн. сом, 10199,5 млн. сом жана 10315,9 млн. сом өлчөмдөрүндө каралууда. 2015-жылдын такталган бюджети менен салыштырууда атайын каражаттардын анча көп эмес көбөйүшү доллардын курсунун өсүүсүн болжолдоого байланыштуу жана наркы АКШ доллары менен белгиленген акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөрдүн 1%га көбөйүшүнө ылайык болду.

Мындан тышкары, көрсөтүлгөн жылдарга ЖӨБ органдарынын атайын каражаттары орточо 1057,9 млн. сомду түзөт.

Расмий трансферттердин (программалык гранттар менен МИП гранты) түшүүсү жыл сайын азаюу менен чагылдырылат. Алсак, ИДП көлөмүндө расмий трансферттин үлүшү 2016-жылы 2,3% ИДПдан 2018-жылы 1,6% ИДПга чейин азаят, бул программалык гранттардын жана МИП гранттарынын түшүүлөрүнүн азайышы менен байланыштуу.

Алынган расмий трансферттердин номиналдык көлөмү 2016-2018-жылдарда тийиштүү түрдө 11629,6 млн. сом, 12693,3 млн. сом жана 9775,5 млн. сом суммасында болжолдонот. Алынган расмий трансферттердин көлөмүндө төмөнкү түшүүлөр каралууда:

- ЕС гранты "Секторалдык саясатты колдоо" программасынын алкагында 2016-жылы 19,8 млн. доллар өлчөмүндө;

- "Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо" SWAP программасынын алкагында грант 2016-жылы 9,4 млн. доллар, 2017-жылы - 5,1 млн. доллар жана 2018-жылы - 1,3 млн. доллар өлчөмүндө;

- ДБ гранты "Өнүктүрүү жагында саясатты колдоо операциясы" 2015-жылы 10,8 млн. долл. суммасында.

Мамлекеттик инвестициялар программасынын гранттары сунушталган бюджет долбоорунда: 2016-жылы - 9035,6 млн. сом, 2017-жылы - 9662,3 млн. сом жана 2018-жылы - 8164,6 млн. сом өлчөмдө каралат.

Бюджеттин ресурстук бөлүгү

Бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттер боюнча негизги сумманы тындыруу 2016-жылы 1431,8 млн. сом, 2016-2017-жылдарда тийиштүү түрдө 1085,5 млн. сом жана 1167,5 млн. сом өлчөмүн түзөт. Негизги сумманы тындыруу карыз милдеттенмелеринин графиктерине карата эсептелип чыкты.

Төмөндөгү кредиттердин түшүүлөрү пландалууда:

- "Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо" SWAP программасынын алкагындагы кредит 2016-жылы 1,6 млн. доллар, 2017-жылы 1,6 млн. доллар жана 2018-жылы 1,6 млн. доллар көлөмүндө;

- "Өнүктүрүү жагында саясатты колдоо операциясы" Дүйнөлүк Банктан кредит 2016-ж. 13,2 млн. долл. өлчөмүндө.

- "Кеңейтилген кредиттик механизм" Эл аралык валюта фондунун кредити 2016-жылы - 39604,4 млн. сом, 2017-жылы - 36967,6 млн. сом жана 2018-жылы - 34 552,8 млн. сом. өлчөмүндө каралууда.

Мамлекеттик инвестициялар программасынын кредиттери бюджеттин болжолдонгон долбоорунда 2016-жылы - 39604,4 млн. сом, 2017-жылы 36967,6 млн. сом жана 2018-жылы - 34552,8 млн. сом өлчөмүндө каралууда.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду маалыматына ылайык мамлекеттик менчикти менчиктештирүүдөн каражаттардын түшүүсү 2016-жылга бюджет долбоорунда 3156,6 млн. сом суммасында каралган.

2016-жылга болжолдуу көрсөткүчтөрдү аткаруу боюнча тобокелчиликтер:

- ЕАЭС өлкөлөрүнүн импортунун көлөмүн азайтууну улантуучу тенденция. Алсак, 2015-жылдын январь-май айларынын жыйынтыгы боюнча ЕАЭС өлкөлөрүнүн импортунун үчүнчү өлкөлөр менен консолидацияланган көлөмү 2014-жылдын бирдей мезгилине салыштырууда 35%га азайды. Көрсөтүлгөн тенденциялардын негизинде салыктардын жана бажы алымдарынын бааланган түшпөй калуулары 2 млрд. сом жана жогору тартипти түзөт.

- 2015-жылдын 1-январынан тартып сатуудан алынуучу салыкты жокко чыгаруу же этап менен жокко чыгаруу тууралуу чечим кабыл алынышы мүмкүн, алсак, 2016-жылга бюджет долбоорунда сатуудан алынуучу салык боюнча болжолдун жалпы суммасы 9,4 млрд. сомду түзөт. Салыкты жокко чыгаруу боюнча кабыл алынган сценарийдин негизинде бааланган түшпөй калуулар 1,5-6,0 млрд. сом тартибин түзөт.

- 2016-жылга бюджеттин долбоорунда мамлекеттик менчикти менчиктештирүүдөн түшүүлөрдүн болжолу 3,2 млрд. сом суммасында каралган. Мында, бул учурда каралуу объекттерге суроо-талап жок болгон учурда бул каражаттар боюнча кем түшүүлөр тобокелчилиги бар.

Бюджеттин чыгаша бөлүгү

2016-2018-жылдарда мамлекеттик чыгашалар саясатынын максаты 2016-жылга Кыргыз Республикасынын Бюджеттик резолюциясына жана 2017-2018-жылдарга болжолуна ылайык мамлекеттик чыгашалардын социалдык багыттуулугун сактоо, аны менен бир катар натыйжасыз жана артыкчылыксыз чыгашаларды кыскартуу болуп саналат.

Бюджеттик-салыктык саясат мамлекеттик бюджеттин туруктуулугун сактоого максатталган.

Мамлекеттик чыгашалардын инвестициялык түзүлүүлөрүн күчөтүү максатында керектөөчү чыгашалар өсүшүнөн карманат.

Бюджетти программалык форматта түзүүгө өтүү боюнча иштер улантылууда. Республикалык бюджеттен каржылануучу бардык мекемелер 2016-2018-жылдарга бюджетти программалык форматта иштеп чыгуу процессине тартылды. Алардын программалык бюджеттери бул бюджет долбооруна карата 6-тиркемеде берилди.

2016-жылга республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү 146853,4 млн. сом деңгээлинде белгиленди (ИДП карата 29,3%), бул такталган бюджеттен 9994,9 млн. сомго көп (136858,5 млн.сом), анын ичинде бюджеттик каражаттардын эсебинен - 108444,8 млн. сом, бул 2015-жылдын такталган бюджетинен (104807,6 млн. сом) 3637,2 млн. сомго көп, атайын каражаттар - 10016,0 млн. сом, бул 2015-жылдын такталган бюджетинен (12133,5 млн. сом) 2117,5 млн. сомго аз, өнүктүрүү бюджетинин (МИП) каражаттары - 28392,6 млн. сом, бул такталган бюджеттен 4240,2 млн. сомго көп. 2017-2018-жылдардагы мезгилде республикалык бюджеттин чыгымдары тийиштүү түрдө 152563,5 млн. сомду жана 155898,4 млн. сомду түзөт.

(млн. сом)

 

2015-ж.
такт.

2016-ж.
долбоор

Четтөө

Бардыгы (финансылык активдерди эске алуу менен)

157135,5

163052,4

5916,9

I. Жалпы багыттагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр

15272, 4

15977,5

705,0

II. Экономикалык маселелер

55924,6

54956,4

-968,2

III. Курчап турган чөйрөнү коргоо

799,8

835,8

36,0

IV. Турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүү

1825,7

1152,9

-672,8

V. Саламаттык сактоо

13843,4

14570,1

726,7

VI. Эс алуу, маданият жана дин иштерин уюштуруу

2654,5

2805,1

150,6

VII. Билим берүү

21316,1

21608,2

292,2

VIII. Социалдык коргоо

28003,4

34587,6

6584,2

701-бөлүм. "Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар"

"Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар" бөлүмү боюнча 2016-жылга чыгымдар 15977,5 млн. сом суммасында каралган, 2015-жылдын такталган бюджетине карата көбөйүү 705,0 млн. сом, анын ичинде бюджеттик каражаттардын эсебинен чыгымдар 1101,0 млн. сомго көбөйүү менен 14607,0 млн. сомду, атайын каражаттардын эсебинен 370,4 млн. сомго азаюу менен 1337,7 млн. сомду түзөт.

Бул бөлүмү аткаруу жана мыйзам чыгаруу органдарына чыгашаларды, бюджет-финансы маселелерин, эл аралык мамилелерди, кадрдык тейлөөнүн жалпы маселелерин, жалпы багыттагы пландоо кызматы жана статистикалык кызматты, башка жалпы кызматтарды, башка категорияларга таандык болбогон жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтарды жана калкты каттоо боюнча кызматтарды өзүнө камтыйт.

(млн. сом)

Аталышы

2015-ж. такт.

2016-ж. долбоор

Четтөө

Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар

15272,4

15977,5

705,0

Бюджеттик каражаттар

13506,2

14607,2

1101,0

Атайын каражаттар

1708,1

1337,7

-370,4

Атайын каражаттар боюнча 370,4 млн. сомго азаюу 2015-жылы каралган бир жолку чыгымдарды алып салууга байланыштуу болду.

"Аткаруу жана мыйзам чыгаруучу органдары" бөлүмү боюнча чыгымдар 2016-жылы 1876,4 млн. сом көлөмүндө каралды, 2015-жылдын такталган бюджетине салыштырмалуу көбөйүү 17,5 млн. сом же 0,9%, анын ичинен бюджеттик каражаттардын эсебинен чыгымдар 1717,1 млн. сомду, азаюу 6,7 млн. сом, атайын каражаттар 159,3 млн. сом, көбөйүү 24,2 млн. сомду түзөт (бул бөлүмгө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Президенттин Аппараты, Өкмөттүн Аппараты, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармалыктары, Эсептөө палатасы жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук экспертиза Мамлекеттик борбору, Президенттин Резервдик фонддору, Жогорку Кеңештин Төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кирет).

(млн. сом)

Аталышы

2015-ж. такт.

2016-жылга долбоор

Четтөө

Аткаруу жана мыйзам чыгаруучу органдар

1858,9

1876,4

17,5

бюджеттик каражаттар

1723,8

1717,1

-6,7

атайын каражаттар

135,1

159,3

24,2

Бюджеттик каражаттар боюнча 6,7 млн. сом суммасында азаюу 2015-жылы каралган бир жолку чыгымдарды алып салууга байланыштуу болду.

Атайын каражаттар боюнча 24,2 млн. сомго четтөө көбөйүү Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармалыктарынын ведомстволук мекемелери боюнча кошумча пландык көрсөткүчтөрдүн болжолдуу көрсөткүчтөрүнүн көбөйүүсү менен байланыштуу болду.

"Бюджеттик-финансы органдары" бөлүмчөсү боюнча чыгымдар 2016-жылга 1037,4 млн. сом суммасында каражаттар каралды, 2015-жылдын такталган бюджетине салыштырмалуу кыскартуу 136,9 млн. сом, анын ичинде бюджеттик каражаттардын эсебинен чыгымдар 998,2 млн. сомду, кыскаруу 123,4 млн. сом, атайын каражаттар 39,2 млн. сом, азаюу 13,5 млн. сомду түзөт.

Бул бөлүмгө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы кирет.

(млн. сом)

Чыгаша беренелеринин аталышы

2015-ж. такт.

2016-жылга долбоор

Четтөө

Бюджеттик-финансы органдары

1174,3

1037,4

-136,9

бюджеттик каражаттар

1121,6

998,2

-123,4

атайын каражаттар

52,7

39,2

-13,5

Бюджеттик каражаттар боюнча 123,4 млн. сомго азаюу "Имараттар жана курулмалар" жана "Машиналар жана жабдуулар" беренеси боюнча 2015-жылы каралган бир жолку чыгымдарды алып салууга байланыштуу болду.

Атайын каражаттар боюнча 13,5 млн. сомго азаюу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондунун пландык көрсөткүчтөрүнүн азаюусуна байланыштуу болду.

"Эл аралык мамилелер" бөлүмчөсү боюнча чыгымдар 2016-жылга 1382,4 млн. сом суммасында каралды, азаюу 91,5 млн. сом же 2015-жылдын такталган бюджетине карата 6,2%, анын ичинде бюджеттик каражаттардын эсебинен чыгымдар 229,9 млн. сомго көбөйүү менен 1066,4 млн. сомду, атайын каражаттардын эсебинен 316,0 млн. сом, азаюу 320,8 млн. сомду түзөт.

(млн. сом)

Аталышы

2015-ж. такт.

2016-жылга долбоор

Четтөө

КР Тышкы иштер министрлиги

1473,3

1382,4

-91,5

бюджеттик каражаттар

837,1

1066,4

229,3

атайын каражаттар

636,8

316,0

-320,8

Бюджеттик каражаттар боюнча 229,9 млн. сомго көбөйүү "Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө" КР Мыйзамынын 29-беренесине ылайык жүргүзүлдү.

Атайын каражаттар боюнча 320,9 млн. сомго азаюу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин пландык көрсөткүчтөрүнүн азайышына жана алдыдагы жылга калдыктарды алып салууга байланыштуу болду.

"Кадрдык тейлөөнүн жалпы маселелери" бөлүгү боюнча чыгашалар 2016-жылы 57,2 млн. сом суммасында каралды, азаюу 2,9 млн. сомду жана 2015-жылдын такталган бюджетине карата 4,8%ды түзөт, атайын каражаттар каралган жок.

(млн. сом)

Аталышы

2015-ж. такт.

2016-жылга долбоор

Четтөө

Мамлекеттик кадр кызматы

60,1

57,2

-2,9

бюджеттик каражаттар

60,1

57,2

-2,9

Бюджеттик каражаттар боюнча 2,9 млн. сом суммасында азаюу "машиналар жана жабдуулар" беренеси боюнча 2015-жылы каралган бир жолку чыгымдарды алып салууга байланыштуу болду, мында Тестирлөө борборунун мурдагыларын жаңылоо жана региондордогу жаңы түзүлгөн 6 филиалын заманбап компьютерлер жана кеңсе жабдуулары менен жабдууга каралган.

"Жалпы багыттагы пландоо кызматы жана статистикалык кызмат" бөлүмчөсү боюнча чыгымдар 2016-жылга 526,5 млн. сом суммасында каражаттар каралды, көбөйүү 44,2 млн. сом же 2015-жылдын такталган бюджетине салыштырмалуу 9,2%, анын ичинде бюджеттик каражаттардын эсебинен чыгымдар 474,9 млн. сом, көбөйүү 45,0 млн. сом, атайын каражаттардын эсебинен 51,6 млн. сом, азаюу 0,8 млн. сом (бул бөлүмгө Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана өнөр жай министрлиги кирет).

(млн. сом)

Чыгаша беренелеринин аталышы

2015-ж. такт.

2016-жылга долбоор

Четтөө

Жалпы багыттагы пландоо кызматы жана статкызмат

482,4

526,5

44,2

бюджеттик каражаттар

430,0

474,9

45,0

атайын каражаттар

52,4

51,6

-0,8

Бюджеттик жана атайын каражаттар боюнча 45,0 млн. сом суммасында көбөйүү 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Экономика жана өнөр жай министрлигинин түзүмүнүн өзгөрүүсүнө байланыштуу болду.

"Башка жалпы кызматтар" бөлүмчөсү боюнча чыгымдар 2016-жылга 355,3 млн. сом суммасында каражаттар каралды, көбөйүү 8,1 млн. сом же 2015-жылдын такталган бюджетине салыштырмалуу 2,3%, анын ичинде бюджеттик каражаттардын эсебинен чыгымдар 340,6 млн. сомду түзөт, көбөйүү 6,9 млн. сом, атайын каражаттардын эсебинен 14,7 млн. сом, көбөйүү 1,2 млн. сом (бул бөлүмгө Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин Иш башкармалыгынын автотранспорт ишканасы, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармалыктары (Мамлекеттик кадрлар кызматы, Шайлоо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш башкармалыгынын Автотранспорт ишканасы) жана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Фонддору жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы кирет).

(млн. сом)

Аталышы

2015-ж. такт.

2016-жылга долбоор

Четтөө

Башка жалпы кызматтар

347,2

355,3

8,1

бюджеттик каражаттар

333,7

340,6

6,9

атайын каражаттар

13,5

14,7

1,2

Бюджеттик каражаттар боюнча 6,9 млн. сомго көбөйүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Автотранспорт ишканасынын "Транспорттук чыгымдар" беренеси боюнча көбөйүүлөргө байланыштуу болду.

Атайын каражаттар боюнча 1,2 млн. сомго көбөйүү Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармалыктарынын ведомстволук мекемелери боюнча кошумча пландык көрсөткүчтөрдүн көбөйүшүнө байланыштуу болду.

"Калкты каттоо боюнча кызмат" бөлүмчөсү боюнча 2016-жылга бюджет долбоорунда атайын каражаттарсыз 2015-жылдын бекитилген бюджетинин деңгээлинде 2,9 млн. сом суммасында пландалууда.

"Шайлоолор жана референдумдарды өткөрүү" бөлүмчөсү боюнча чыгымдар 2016-жылга 341,9 млн. сом суммасында каражаттар каралды, азаюу 332,9 млн. сом же 2015-жылдын такталган бюджетине караганда 2 эсе көп, анын ичинде бюджеттик каражаттардын эсебинен чыгымдар 337,1 млн. сомду түзөт, азаюу 333,6 млн. сом, атайын каражаттардын эсебинен 4,8 млн. сомду түзөт, көбөйүү 0,7 млн. сом.

(млн. сом)

Аталышы

2015-ж. такт.

2016-жылга долбоор

Четтөө

КР БШК (шайлоолор)

674,8

341,9

-332,9

бюджеттик каражаттар

670,7

337,1

-333,6

атайын каражаттар

4,1

4,8

0,7

Бюджеттик каражаттар боюнча 333,6 млн. сом суммасында азаюу 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарын шайлоону өткөрүүгө каралган чыгымдарды алып салууга байланыштуу болду.

"Жалпы багыттагы башка мекемелер" бөлүмчөсү боюнча чыгымдар 2016-жылы 592,0 млн. сом суммасында каражаттар каралган, азаюу 398,1 млн. сом же 2015-жылдын такталган бюджетине салыштырмалуу 40,2%, анын ичинде бюджеттик каражаттардын эсебинен чыгымдар 261,5 млн. сом, азаюу 393,0 млн. сом, атайын каражаттардын эсебинен 330,5 млн. сомду түзөт, азаюу 5,1 млн. сом (бул бөлүмчөгө Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этникалык мамилелер мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу этиль спиртин, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү үчүн контролдоо боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Электрондук башкаруу борбору жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы кирет).

(млн. сом)

Аталышы

2015-ж. такт.

2016-жылга долбоор

Четтөөсү

Башка жалпы кызматтар

990,1

592,0

-398,1

бюджеттик каражаттар

654,5

261,5

-393,0

атайын каражаттар

335,6

330,5

-5,1

Бюджеттик каражаттар боюнча 393,0 млн. сом суммасында азаюу "имараттар жана курулмалар" жана "машиналар жана жабдуулар" беренелери боюнча 2015-жылы каралган бир жолку чыгымдарды алып салууга байланыштуу болду.

Атайын каражаттар боюнча 5,1 млн. сом суммасындагы азаюу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондунун пландык көрсөткүчтөрүнүн азайышына байланыштуу болду.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекция

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциянын жана анын ведомстволук уюмдарынын 2016-жылга республикалык бюджетинин долбоорунда 218,6 млн. сом көлөмүндөгү бюджеттик каражаттарды же 2015-жылдын такталган бюджетине карата 98,8% бөлүү каралууда.

(млн. сом)

 

2015-жылга такт.

2016-жылга контролдук цифра

Четтөө

Бюджеттик каражаттар

221,3

218,6

-2,7

Атайын каражаттар

5,7

0,0

-5,7

Бардыгы:

227,0

218,6

-8,4

Каражаттар улуттун жашоосунун жана ден соолугунун коопсуздугунун ченемдерин жана талаптарын сактоо үчүн көзөмөлдүктү жана контролдукту ишке ашырууга, курчап турган чөйрөнү, мал чарбасын жана өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоого, ошондой эле жалпысынан терс кесепеттерди жана экологиялык катастрофаларды алдын алууга багытталат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдардык резервдер Фонду

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдардык резервдер Фондунун 701 "Башка жалпы кызматтар" бөлүмү боюнча 2016-жылга республикалык бюджетинин долбоорунда атайын каражаттар 87 млн. сом суммасында каралган, бул 2015-жылдын такталган параметрлерине карата 89,8%ды түзөт.

Мамлекеттик материалдардык резервдер Фондун күтүүгө, укуктук негиздерин өркүндөтүүгө, ведомстволор аралык маалыматтык ресурстарды колдонууга, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө каражаттар багытталат.

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын "Илим бөлүмү боюнча чыгымдары 2016-бюджеттик жылга 300,0 млн. сом көлөмүндө каралууда, анын ичинен бюджеттик каражаттар 253,6 млн. сом, атайын каражаттар 46,4 млн. сомов.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринариялык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекция

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринариялык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекцияга 2016-жылга республикалык бюджеттин долбоорунда жана 2017-2018-жылдарга болжолунда 488,8 млн. сом каралган, бул 2015-жылга такталган бюджеттин чыгымдарынын деңгээлине карата 109,9%ды түзөт:

- Борбордук аппарат боюнча 43,3 млн. сом, бул 2015-жылдын такталган деңгээлине карата 97,9%ды түзөт;

- Ведомстволук уюмдар боюнча 445,5 млн. сом, бул 2015-жылдын такталган бюджетине карата 115,1%ды түзөт.

Инспекциянын чыгашалары функционалдык классификация боюнча 704 жана 705 разделдерге бөлүнөт.

"Башка категорияларга кирбеген жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар" бөлүмчөсү боюнча чыгымдар 2016-жылы 262,2 млн. сом суммасында каралган. Бөлүнгөн каражаттардын эсебинен инспекциянын борбордук аппараты камсыздалат (бюджеттик каражаттар - 43,3 млн. сом), ошондой эле, Маминспекциянын башкаруу түзүмүндө аймактык органдар каралган (бюджеттик каражаттар - 218,9 млн. сом), ал эскертүү, ошондой эле эпизоотияга каршы профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү жолу менен тамак-аш азыктарынын, өсүмдүк жана мал чарба продукцияларынын коопсуздугун камсыздоо боюнча ири көлөмдүү иш-чараларды жүргүзүү менен алектенет кошумча 70,0 млн. сом каралды).

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик кадр кызматынын алдындагы Архив агенттиги

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик кадр кызматынын алдындагы Архив агенттигинин 2016-жылга чыгымдары 224,7 млн. сом көлөмүндө каралууда, анын ичинен бюджеттик каражаттар 205,1 млн. сом, атайын каражаттар 19,6 млн. сом.

Бюджеттик каражаттар боюнча 110,2 млн. сом суммасында көбөйүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 токтомуна ылайык мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген, Маданият тармагындагы мекемелердин кызматкерлеринин эмгек акысынын жогорулашына байланыштуу болду.

Кыргыз Республикасынын Президентинин архиви

Кыргыз Республикасынын Президентинин Архиви боюнча чыгымдар 2016-бюджеттик жылга 5,5 млн. сом көлөмүндө каралууда, анын ичинен бюджеттик каражаттар 5,45 млн. сом, атайын каражаттар 0,06 млн. сом.

2016-2018-жылдарда райондук бюджеттерден республикалык бюджетке өткөрүлүп берилген мекемелер

2016-жылга бюджеттин долбоорунда жана 2017-2018-жылдарга болжолунда райондук бюджеттен республикалык бюджетке өткөрүлүп берилген мекемелерге акимдердин резервдик фонддорун кошпогондо 307,2 млн. сом каралган.

Бөлүнгөн каражаттардын эсебинен 40 райондук мамлекеттик администрациялар жана 40 райондук ардагерлер кеңешинин мекемелери камсыздалат.

2016-2018-жылдарда жергиликтүү бюджеттен республикалык бюджетке өткөрүлүп берилген мекемелер

2016-жылга бюджеттин долбоорунда жана 2017-2018-жылдарга болжолунда жергиликтүү бюджеттен республикалык бюджетке өткөрүлүп берилген мекемелерге 174,1 млн. сом каралган.

Бөлүнгөн каражаттардын эсебинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү жана жергиликтүү бюджеттен республикалык бюджетке өткөрүлүп берилген мекемелер камсыздалат.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын тейлөөгө чыгымдар

Бюджеттин ресурстары:

2016-жылга бюджетте жана 2017-2018-жылдардын болжолунда республикалык бюджет Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын (МБК) жайгаштыруудан каражаттардын түшүүсү менен камсыздоо пландалууда, ал төмөндөгү көлөмдөрдө болот.

(млн. сом)

Түшүү булактары

2016-жыл

2017-жыл

2018-жыл

МКВны чыгаруу

4000,0

3610,0

3510,0

МКОну чыгаруу

6000,0 5890,0

6240,0

Жыйынтыгы

10000,0 9500,0

9750,0

2016-2018-жылдарга карыз шаймандарын жүгүртүү мөөнөтү боюнча МБКны чыгаруу түзүмү төмөнкү графикте берилген.

Узак мөөнөттүү мамлекеттик баалуу кагаздарды (МБК) чыгарууну көбөйтүү боюнча саясатты улантууга карабастан Мамлекеттик баалуу кагаздардын иш жүзүндөгү көлөмү жана чыгаруу Мамлекеттик баалуу кагаздардын рыногундагы түзүлгөн кырдаалга, Мамлекеттик баалуу кагаздардын кирешелүүлүгүнүн көрсөткүчтөрүнүн өзгөрүшүнө жана Мамлекеттик баалуу кагаздарга суроо талаптын түзүмүнө жараша болот.

Бюджеттин чыгымдары:

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик карызын тейлөөгө 2016-жылы - 21869,7 млн. сом, 2017-жылы - 22682,6 млн. сом, 2018-жылы - 25536,8 млн. сом багыттоо пландалууда.

(млн. сом)

Чыгымдар

2016-жыл

2017-жыл

2018-жыл

Пайыздар

5598,6

6300,5

6623,2

Ички карыз

1899,0

2011,7

1870,1

Тышкы карыз

3699,6

4288,8

4753,1

Негизги сумма

16271,1

16382,1

18913,6

Ички карыз

10161,7

9145,2

9819,7

Тышкы карыз

6109,4

7236,9

9093,9

Бардыгы

21869,7

22682,6

25536,8

А) Тышкы карыз

Кыргыз Республикасынын 2016-жылга тышкы карызын тейлөө бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу чет өлкөлүк карыз алууларды тартуунун жана чыгымдоонун катуу тартибин камсыз кылууга багытталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жүргүзгөн иштерин эсепке алуу менен түзүлгөн, бул төмөнкүдөй максаттуу багыттар менен өлчөнөт:

1. Кыргыз Республикасынын тышкы карызын тындыруу боюнча төлөмдөрдүн мөөнөтүнөн өтүп кетпешине жол бербөө (11.03.2005-ж. Париж Клубунун Протоколунун алкагында карызды кайра структуралоо жөнүндө эки тараптуу макулдашуу түзүү боюнча сүйлөшүүлөр процессинин жүрүшүндө түзүлгөн техникалык мөөнөтүнөн өтүүлөрдү кошпогондо);

2. Жаңы тышкы карыз алуулар үчүн жеңилдик берүүнүн 35% минималдуу деңгээлин сактап калуу жана мамлекеттик башкаруунун жергиликтүү органдарына Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин уруксатысыз карыз алууларды тартууга тыюу салуу;

3. Жаңы тышкы карыз алууларды ишке ашыруу процессинде Мамлекеттик инвестициялар программасынын сандык жана сапаттык талаптарын жолдоо.

2016-жылга Кыргыз Республикасынын тышкы карызын жана 2017-2018-жылдарга болжолун тейлөө боюнча бюджетти эсептөөдө төмөнкүдөй баштапкы маалыматтар пайдаланылды:

- 31.12.2015-жылга карата абал боюнча мамлекеттик тышкы карыздын болжолдуу көлөмү 3,7 млрд. АКШ доллары суммасында;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызы боюнча учурдагы калдыктарды тындыруу графиги;

- 2016-2018-жж. тышкы карыз алуулар боюнча каражаттарды өздөштүрүүнүн пландалган көлөмү;

- АКШ долларынын орточо жылдык алмашуу курсу 2016-жылы - 64,8 сом, 2017-жылы - 69,2 сом, 2018-жылы - 72,4 сом.

- 2014-жылдын июнунан 2015-жылдын июнуна чейин иш жүзүндө келип чыккан курстардын базасында эсептелген АКШ долларына карата чет өлкөлүк валюталардын болжолдуу алмашуу курсу.

Кыргыз Республикасынын тышкы карызын тейлөө боюнча республикалык бюджеттин чыгашасына 2016-жылы - 9809,0 млн. сом, 2017-жылы - 11525,7 млн. сом, 2018-жылы - 13847,0 млн. сом багыттоо пландалууда:

(млн. сом)

Чыгымдар

2016-жыл

2017-жыл

2018-жыл

Пайыздар

3699,6

4288,8

4753,1

Эки тараптуу кредиттер

2581,3

2975,1

3275,4

Көп тараптуу кредиттер

1118,3

1313,7

1477,7

Негизги сумма

6109,4

7236,9

9093,9

Эки тараптуу кредиттер

1804,3

1918,2

2920,3

Көп тараптуу кредиттер

4305,1

5318,7

6173,6

Бардыгы

9809,0

11525,7

13847,0

2016-жылы тышкы карызды тейлөө боюнча чыгымдар 9809,0 млн. сомду түзөт, анын ичинен пайыздар боюнча - 3699,6 млн. сом (37,7%) жана негизги сумма боюнча - 6109,4 млн. сом (62,3%). 2016-2018-жылдардагы мезгилде мамлекеттик тышкы карызды тейлөө структурасы төлөм категориялары боюнча (негизги сумма - пайыздар) төмөнкү графикте келтирилген.

2016-2018-жылдарда көп тараптуу кредиттерди тейлөөгө чыгымдар эки тараптуу кредиттердин чыгымдарынан ашат, бул төмөнкүлөр менен түшүндүрүлөт:

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызынын жалпы структурасында көп тараптуу кредиттердин үлүшүнүн басымдуу санына ээ болуу;

- көп тараптуу кредиттердин негизги суммасын тындыруу мөөнөтүнүн башталгандыгы;

- эки тараптуу кредиттердин көпчүлүгүнүн негизги суммасын тындыруу боюнча төлөөлөрдүн кыйла кеч башталгандыгы (айрыкча 2018-жылдан кийин).

2016-2018-жылдарга мамлекеттик тышкы карызды тейлөө боюнча төлөмдөр кредиторлор/кредиттер категориялары боюнча төмөндөгү графикте берилди.

2016-2018-жылдарга мамлекеттик тышкы карыздар боюнча аткарылуучу милдеттенмелердин болжолдонуучу валюталык структурасы төмөнкүдөй берилди:

(жалпы суммадан %)

Валюта

2016

2017

2018

AED

0,2%

0,8%

0,7%

CNY

3,0%

1,3%

0,0%

EUR

4,0%

4,5%

4,9%

ID1

0,0%

0,0%

0,0%

JPY

2,7%

2,6%

4,8%

KRW

0,3%

0,2%

0,4%

KWD

2,9%

2,6%

2,0%

SAR

0,1%

0,6%

0,5%

USD

87,0%

87,3%

86,7%

XDR1

0,0%

0,0%

0,0%

Общий итог

100,0%

100,0%

100,0%

1 - Төлөө суммасы АКШ долларында киргизилген, анткени бул валютада карыздык милдеттенмелерди иш жүзүндө аткаруу эреже катары АКШ долларында жүргүзүлөт.

Таблицадан көрүнүп тургандай, Кыргыз Республикасынын тышкы карызы боюнча аткарылган милдеттенмелеринин валюталык структурасында төлөөлөр АКШ долларында басымдуулук кылат. 2016-2018-жылдардагы мезгилде алардын салыштырма үлүшү 87,0-86,7% интервалында өзгөрүп турат. Ошентип, сомго карата АКШ долларынын курсунун жогорулашында, ошондой эле башка валюталардын (евро, йен, (СДР) кросс-курсунун жогорулоосунда АКШ долларына мамлекеттик тышкы карызды тейлөө үчүн салынган бюджеттик каражаттардын жетишсиздик тобокелчилиги пайда болот.

Б) Ички карыз

Кыргыз Республикасынын ички карызын тейлөө боюнча чыгымдарга 2016-жылы - 12060,7 млн. сом, 2017-жылы - 11156,9 млн. сом, 2018-жылы - 11689,8 млн. сом багыттоо пландалууда:

(млн. сом)

Чыгымдар

2016-жыл

2017-жыл

2018-жыл

Пайыздар

1899,0

2011,7

1870,1

Кыска мөөнөттүү МБК

457,1

486,3

425,1

Узак мөөнөттүү МБК

1441,4

1524,9

1444,5

Аманаттарды индексациялоо

0,5

0,5

0,5

Негизги сумма

10161,7

9145,2

9819,7

Кыска мөөнөттүү МБК

4720,2

3880,0

3498,1

Узак мөөнөттүү МБК

5441,5

5265,2

6321,6

Жыйынтыгы

12060,7

11156,9

11689,8

Ички карызды тейлөөгө 2016-жылы 12060,7 млн. сом жумшоо пландалууда, анын ичинен пайыздар боюнча 1899,2 млн. сом (15,7%) жана негизги сумма боюнча - 10161,7 млн. сом (84,3%). 2016-2018-жылдарга ички мамлекеттик карызды тейлөө структурасы төлөмдөр категориясы боюнча (негизги сумма - пайыздар) төмөнкү графикте келтирилди.

Карыздык шаймандардын мөөнөттүүлүгү боюнча ички карызды тейлөө структурасында кыска мөөнөттү шаймандарды тейлөөгө 2016-жылы чыгашалардын салыштырма салмагы 42,9%ды түзөт, узак мөөнөттүүлөр - 57,1%. 2016-2018-жылдарга окшош маалыматтар төмөндөгү графикте көрсөтүлгөн.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ички карызын тейлөөдө жогоруда болжолдонгон инфляциянын көбөйүү шартында пайыздык төлөмдөрдүн көбөйүү тобокелчилиги бар. Бул ички карыз боюнча Мамлекеттик баалуу кагаздардын кирешелүүлүгү Мамлекеттик баалуу кагаздар рыногунун катышуучулары тарабынан белгилендигине, анын ичинде күтүлгөн инфляцияны эсепке алынуусу менен байланыштуу болду.

Жергиликтүү бюджеттер

Бюджет аралык мамилелердин системасы "2013-2017-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук Стратегиясына" ылайык түзүлөт, ал жалпы мамлекеттик салыктарды бөлүү үлүшүн этап менен көбөйтүү жана башка салыктарды жергиликтүү бюджет курамына кошуу, дем берүүчү гранттарды бөлүштүрүү механизмин кайра кароо, ошондой эле мамлекеттик ыйгарым укуктарды каржылоо эсебинен жергиликтүү бюджеттин киреше потенциалын күчөтүү жолу аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик бюджеттик саясатын өркүндөтүүнү карайт.

2016-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоору жана 2017-2018-жылдарга болжолу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынан жана эки деңгээлдүү бюджет системасынын негизинде аныкталды. Жергиликтүү бюджеттердин жалпы саны 484 бирдикти түзөт. Алардын ичинен, республикалык маанидеги 2 шаар, облустук маанидеги 12 шаар, райондук маанидеги шаарлар 17 жана 453 айыл аймак.

2016-жылга республиканын жергиликтүү бюджеттеринин долборунун жалпы көлөмү 19111,9 млн. сомду түзөт же 2015-жылга салыштырмалуу 1666,3 млн. сомго көбөйдү.

(млн. сом)

Аталышы

2015-жылга такт. бюджет

2016-жылга бюджет. долбоору

Четтөө (3-2)

Өсүш % (3/2)

2017-жылга болжол

2018-жылга болжол

1

2

3

4

5

6

6

Жергиликтүү бюджеттер, бардыгы, анын ичинен:

17445,6

19111,9

1666,3

109,6%

20244,6

21823,7

Өздүк кирешелер

15129,5

17051,9

1922,4

112,7%

18255,3

19844,4

Теңдөөчү гранттар

1349,2

1609,3

260,1

119,3%

1489,3

1479,3

р/б ж/б өткөрүлүп берилүүчү каражаттар

966,9

450,7

-516,2

46,6%

500,0

500,0

Жергиликтүү бюджеттердин көлөмүнүн көбөйүшү негизинен жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин көбөйүшү менен байланыштуу болду.

2016-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоорун түзүүдө жалпы мамлекеттик жана башка кирешелерден чегерүү ченемдери 2015-жылдын деңгээлинде калды:

- салык агенти тарабынан төлөнгөн киреше салыгынан - 50%;

- сатуудан алынуучу салык - 50%;

- ыктыярдуу патент негизинде салык, милдеттүү патенттөө негизиндеги салык, бирдиктүү салык негизинде түшүүлөрдөн - 100%

- жер казынасын пайдалангандык үчүн салык (стратегиялык пайдалуу кендерден тышкары роялти: алтын, мунай зат, газ) - 50%.

Эки деңгээлдүү бюджет системасына өткөндөн кийин киреше потенциалынын жаңы ыкмаларын жана объективдүү баалоо методикасын колдонуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү салыктарды администрациялоо боюнча ыйгарым укуктарды берүү жолу аркылуу салыктардын жана башка түшүүлөрдүн жыйымына дем берүү үчүн бардык зарыл болгон шарттар түзүлдү.

Мындан тышкары, жергиликтүү бюджеттерди бекитүүдө узак мөөнөттүү негизде жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүү ченемдеринин туруктуулугу сакталат, ал Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жана жергиликтүү бюджетин пландоодо аныктуулукка алып келет.

Бюджеттик системанын деңгээлдери ортосунда киреше булактарын так чектөө жана жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүү ченемдерин туруктуу негизде так белгилөө жана Кыргыз Республикасынын салыктык жана бюджеттик мыйзамдарын өркүндөтүү жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик камсыздуулугун натыйжалуу баалоо бюджет аралык мамилелердин натыйжалуулугун жогорулатуунун маанилүү шарты болуп саналат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын киреше потенциалын чыңдоо боюнча кабыл алынган иш чараларга карабастан, өнүктүрүүдө айрыма дагы эле бар, ал табигый-климаттык шарттар, экономиканын агрардык багыттуулугу, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү өнүгүүнүн жетишсиз деңгээли, өнөр жай потенциалын толук эмес көлөмдө пайдалануу, өндүрүштүк инфраструктураны жайгаштыруудагы, ресурстарга жеткиликтүүлүк, өзгөчө финансылык, коммуникациялык жана маалыматтык кызматтарга айырмачылык менен шартталган.

Теңөөчү гранттар 2016-жылга 1609,3 млн. сом суммасында эсептелди. Теңөөчү гранттардын өлчөмүнүн көбөйүшү жергиликтүү бюджеттердин милдеттенмелерин аныктоодо коммуналдык кызмат көрсөтүү беренелери боюнча жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоо тартибинин өзгөрүшүнө, ошондой эле электр энергиясына тарифтердин жогорулашына байланыштуу болду. Коммуналдык кызматтарга чыгымдар мурда жергиликтүү бюджеттерге жетиштүү деңгээлде эмес каралып келген, ал эми республикалык бюджетте өзүнчө сап менен каралып келген. 2015-жылы жергиликтүү бюджеттерде коммуналдык кызматтарга чыгашалар толугу менен каралган. Бул чыгашаларды каржылоо булагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жеке кирешелеринен жана теңөөчү гранттардан аныкталган.

Жергиликтүү бюджеттердин "бюджеттик камсыздуулук" маанисин эсептөө негизи кабыл алынган, ал калктын структурасындагы, социалдык-экономикалык, климаттык, географиялык жана башка объективдүү факторлору жана бир тургунга эсептөөдөгү бюджеттик кызматтардын көрсөтүүнүн наркына таасир берүүчү шарттарындагы айрыманы эсепке алуу менен, тийиштүү аймактын экономикалык өнүгүү деңгээлине карата айылдык аймактардын жана шаарлардын бюджетине түшүүчү бир тургунга киреше көлөмүнүн эсептөө негиздери Теңөөчү гранттарды түзүүнүн бирден бир өзгөчөлүгү болуп саналат.

Мындан тышкары, жергиликтүү бюджеттердин киреше потенциалын баалоо үчүн теңдөөчү гранттарды бөлүштүрүү эсептөө методикасында үч жылдык базадагы маалыматтар колдонулат, ал формула боюнча эсептелет.

Маанилүү маселелердин бири болуп жергиликтүү бюджеттин корголгон жана биринчи кезектеги чыгашалар беренелерин (коммуналдык тейлөө) Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан (айрыкча жергиликтүү кеңеш тарабынан) каржылоодогу жана пландоодогу артыкчылыктарын аныктоо болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан 2016-жылга республикалык бюджеттин социалдык пакетинде республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке өткөрүлүп берилүүчү каражаттар түрүндө 450,7 млн. сом суммасын, мамлекеттик ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилген Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, республиканын бийик тоолуу алыскы райондоруна электр энергиясына 50% компенсацияга, Ош шаарынын жылуулук энергиясынын чыгымдарын компенсациялоого, финансылык айырманын чыгымдарына, кирешелердин түшпөй калуусуна жана башкаларга кароо пландалууда.

702-бөлүм. "Коргоо"

Бөлүм Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигин, Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасын жана Кыргыз Республикасынын Аскер сотун камтыйт.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана анын ведомстволук уюмдарына 2016-жылы 2130,7 млн. сом көлөмүндө же 2015-жылдын такталган бюджетине карата 103,7% каражаттарды бөлүү каралууда, анын ичинен: бюджеттик каражаттар 1894,3 млн. сом, бул 2015-жылдын такталган бюджетине карата 95,4%ды, атайын каражаттар - 8,5 млн. сомду же 2015-жылдын такталган бюджетине карата 87,8%ды, өнүктүрүү бюджети - 227,9 млн. сомду же 2015-жылдын такталган бюджетине карата 382,8%ды түзөт, анын ичинен:

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аппаратын күтүү үчүн - 52,3 млн. сом, бул 2015-жылдын такталган бюджетине карата 100%ды түзөт.

Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу үчүн (вед. мекемелер) - 735,5 млн. сом же 2015-жылдын бюджетине карата 108,8% каралган.

"Селден суудан коргоо" башкармалыгы үчүн - 131,1 млн. сом же 2015-жылдын такталган бюджетине карата 100%.

Мамлекеттик өрткө каршы кызмат агенттиги үчүн - 813,0 млн. сом, бул 2015-жылдын такталган бюджетине карата 101,5%ды түзөт.

Гидрометеорология боюнча Агенттикти күтүүгө - 120,8 млн. сом, бул 2015-жылдын такталган бюджетине карата 102%ды түзөт.

Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу боюнча атайын фонд үчүн - 50,0 млн. сом.

Каражаттар, селден коргоо курулмаларын, дамбаларды, автомобиль жолдорун, көпүрөлөрдү, жээк бекемдөө иштерин, инженердик коммуникацияларды жана башка объекттерди калыбына келтирүү, өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында бузулган жана планда каралган курулуштарды алмаштыруу боюнча биринчи кезектеги чараларга багытталат.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (бардыгы)

(млн. сом)

 

2015-жылга такт.

2016-жылга долбоор

Четтөө

Бардыгы:

2054,7

2130,7

-76,0

Бюджеттик каражаттар

1985,5

1894,3

-91,2

Атайын каражаттар

9,7

8,5

-1,2

МИП

59,5

227,9

168,4

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин функционалдык классификация боюнча чыгымдары үч функция менен берилген - жарандык коргонуу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча иш-чаралар (702), экономикалык маселелер (704) жана өрттөн коргоо (703).

702 бөлүм Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин чыгаша параметрлерин камтыйт, анын ичинен:

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (аппарат)

(млн. сом)

 

2015-жылга такт.

2016-жылга долбоор

Четтөө

Бардыгы

52,3

52,3

0

Бюджеттик каражаттар

52,3

52,3

0

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ведомстволук мекемелер)

(млн. сом)

 

2015-жылга такт.

2016-жылга долбоор

Четтөө, %

Бардыгы

869,4

785,5

-2,8

Бюджеттик каражаттар

865,3

781,7

-2,5

Атайын каражаттар

4,1

3,8

-0,3

Көрсөтүлгөн каражаттар авариялык-калыбына келтирүү иштерин, коргоо мүнөзүндөгү капиталдык курулуштарды, радиоактивдүү жана токсикалык калдыктарды камтыган калдык сактоочу жайларды жана тоолуу катмарды рекультивациялык жана реабилитациялык иш чараларын ишке ашырууга, өзгөчө кырдаалдарды жоюу ж.б. иштерин жүргүзүүгө багытталат.

Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы

Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасынын 2016-жылга чыгымдары 23,7 млн. сом суммасында каралган, өсүш 0,6 млн. сом же 2015-жылдын бекитилген бюджетине карата 2,8%.

Бюджеттик каражаттар боюнча чыгымдардын көбөйүүсү аскер кызматчыларына азык-түлүк паегунун ордуна акчалай компенсациялардын жогорулашына байланыштуу болду.

Кыргыз Республикасынын Аскер соту

Кыргыз Республикасынын Аскер сотунун 2016-жылга чыгымдары 23,2 млн. сом суммасында каралган, азаюу 2015-жылдын бекитилген бюджетине карата 2,1 млн. сом.

Азаюу "Имараттар жана курулмалар", "Машиналар жана жабдуулар" беренелери боюнча бир жолку чыгымдардын кыскарышына байланыштуу болду.

703-бөлүм. "Коомдук тартип жана коопсуздук"

"Коомдук тартип жана коопсуздук" бөлүмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү Мамлекеттик кызматын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын түзөтүү мекемелерин жана соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды кайтаруу жана коштоп жүрүү боюнча Департаментин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңги заттарын контролдоо боюнча Мамлекеттик кызматын, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрткө каршы мамлекеттик кызматы агенттигин күтүүгө чыгымдарды жана "Сот системасы" бөлүмчөсүн камтыйт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат

Кыргыз Республикасынын Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча Мамлекеттик кызматы боюнча чыгымдар 2016-жылга 143,8 млн. сом суммасында каралган, 2015-жылдын бекитилген бюджетине карата (127,9 млн. сом) көбөйүү 15,9 млн. сом.

Чыгымдардын көбөйүшү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-апрелиндеги № 179 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын штаттык санынын 24 бирдикке көбөйүүсүнө жана Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине катышуучу мамлекеттердин салыктык (финансылык) изилдөө органдарынын жетекчилеринин Координациялык кеңешинин 18-жыйынын өткөрүүгө байланыштуу болду.

Чет мамлекеттерден жана эл аралык уюмдардан кредиттерди жана гранттарды алууга байланыштуу каражаттар жок.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы

Кыргыз Республикасынын Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы боюнча чыгымдар 2016-жылга атайын каражаттарды эсепке алуу менен 929,2 млн. сомду түздү, 2015-жылга такталган бюджетке (850,9 млн. сом) карата 78,4 млн. сомго көбөйүү менен.

- бюджеттик каражаттардын эсебинен 92,0 млн. сомго көбөйүү менен 897,5 млн. сом;

- атайын каражаттардын эсебинен 13,6 млн. сомго азаюу менен 31,8 млн. сом.

Бюджеттик каражаттардын көбөйүшү "Кыргыз Республикасынын 2014-2017-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 660 токтомуна байланыштуу, ошондой эле көбөйүү кийим-кечек мүлкүн сатып алууга жана тигүүгө, жабдууларды сатып алууга жана "Имараттар жана курулмалар" беренеси боюнча чыгымдар боюнча жүргүзүлдү.

Атайын каражаттар боюнча чыгымдардын азаюусу болжолдуу көрсөткүчтөрдүн азаюусуна байланыштуу болду.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын түзөтүү мекемелерин жана соттолгондорду кайтаруу жана коштоп жүрүү боюнча департаменти

Департамент боюнча чыгымдар 2016-жылга атайын каражаттарды эсепке алуу менен 194,6 млн. сомду түздү, 2015-жылга такталган бюджетке карата (195,0 млн. сом) азаюу 0,4 млн. сомго, анын ичинде:

- бюджеттик каражаттардын эсебинен 194,2 млн. сом, азаюу 0,4 млн. сом;

- атайын каражаттардын эсебинен 0,4 млн. сом, өзгөрүүсүз.

Бюджеттик каражаттардын азайышы "Социалдык камсыздоо боюнча жөлөкпул" беренеси боюнча бир жолку чыгымдардын кыскарышына байланыштуу болду.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мамлекеттик бажы кызматы боюнча чыгымдар 2016-жылга атайын каражаттарды эсепке алуу менен 756,6 млн. сом каралган, 2015-жылга такталган бюджетке карата (954,3 млн. сом) азаюу 197,7 млн. сомго, анын ичинде:

- бюджеттик каражаттардын эсебинен 658,6 млн. сом, азаюу 163,3 млн. сом;

- атайын каражаттардын эсебинен 98,0 млн. сом, азаюу 34,4 млн. сом.

 Бюджеттик жана атайын каражаттардын азаюусу "Имараттар жана курулмалар", "Машиналар жана жабдуулар" жана "Башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу" беренелери боюнча бир жолку чыгымдардын кыскаруусуна, ошондой эле атайын каражаттар боюнча болжолдуу көрсөткүчтөрдүн азаюусуна байланыштуу болду.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы

Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат боюнча чыгымдар 2016-жылга атайын каражаттарды эсепке алуу менен 259,2 млн. сом суммасында каралды, 2015-жылдын такталган бюджетине карата (381,7 млн. сом) азаюу 122,4 млн. сом.

- бюджеттик каражаттардын эсебинен 141,1 млн. сом, азаюу 0,7 млн. сом;

- атайын каражаттардын эсебинен 118,1 млн. сом, азаюу 121,7 млн. сом.

Бюджеттик жана атайын каражаттардын азаюусу "Имараттар жана курулмалар", "Машиналар жана жабдуулар" беренелери боюнча бир жолку чыгымдардын кыскаруусуна, ошондой эле атайын каражаттар боюнча болжолдуу көрсөткүчтөрдүн азаюусуна байланыштуу болду.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу өрткө каршы Мамлекеттик кызмат агенттиги

(млн. сом)

 

2015-ж. такт.

2016 -ж. долбоор

Четтөө

Бардыгы

800,0

813,0

13,0

Бюджеттик каражаттар

797,5

809,7

12,2

Атайын каражаттар

2,5

3,4

0,9

Каражаттар өрткө каршы кызматтын жеке курамын күтүүгө, материалдык-техникалык камсыздоого, өрткө каршы техникаларды, жабдууларды жана атайын каражаттарды күтүүгө, ошондой эле калк арасында өрткө каршы пропагандалоого жана квалификациялуу кадрларды даярдоого жана кайра даярдоого багытталат.

"Сот системасы" бөлүмчөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасын, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасын, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Аппаратын жана Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын-алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборун күтүүгө чыгымдарды камтыйт.

"Сот системасы" бөлүмчөсү боюнча чыгымдар 2016-жылга 1585,5 млн. сом суммасында каралган, көбөйүү 2015-жылдын (1521,6 млн. сомов) такталган бюджетине карата 63,9 млн. сом, анын ичинен:

- бюджеттик каражаттардын эсебинен 1570,7 млн. сом, көбөйүү 83,2 млн. сом же 2015-жылдын такталган (1487,5 млн. сом) бюджетине карата 5,6%;

- атайын каражаттардын эсебинен 14,8 млн. сом, 2015-жылдын такталган (34,1 млн. сом) бюджетине карата азаюу 19,3 млн. сом.

(млн. сом)

Аталышы

2015-жылга такт.

2016-жылга долб.

Четтөө

Коомдук тартип жана коопсуздук "Сот системасы"

1521,6

1585,5

63,9

Бюджеттик каражаттар

1487,5

1570,7

83,2

Атайын каражаттар

34,1

14,8

-19,3

Бюджеттик каражаттар боюнча 83,2 млн. сом суммасында көбөйүү "Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-беренесин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жактырылган (2014-жылдын 19-мартындагы № 174 токтому) "2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын Сот системасын өнүктүрүү" Мамлекеттик максаттуу программасын бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 25.06.2014-ж. № 4267-V токтомун аткарууга байланыштуу болду.

Атайын каражаттар боюнча 19,3 млн. сомго азаюу Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын болжолдуу көрсөткүчтөрүнө байланыштуу болду.

Кыргыз Республикасынын Жогорку соту боюнча 2016-жылга 136,3 млн. сом суммасында каралган, азаюу 2015-жылдын такталган (179,5 млн. сом) бюджетинен 43,2 млн. сом, анын ичинен:

- Бюджеттик каражаттардын эсебинен 129,5 млн. сом, азаюу 2015-жылдын такталган бюджетине карата (172,1 млн. сом) 42,6 млн. сом;

- Атайын каражаттардын эсебинен 6,7 млн. сом, азаюу 2015-жылдын такталган (7,4 млн. сом) бюджетине карата 0,7 млн. сом.

Кыргыз Республикасынын Конституциялык палатасы боюнча 2016-жылга чыгымдар 45,5 млн. сом суммасында каралды, көбөйүү бюджеттик каражаттардын эсебинен 2015-жылдын такталган (40,1 млн. сом) бюджетине карата 5,4 млн. сом.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин 2016-жылга чыгымдары 935,5 млн. сом суммасында каралды, көбөйүү 2015-жылдын такталган (818,2 млн. сом) бюджетине карата 117,3 млн. сом, анын ичинде:

- бюджеттик каражаттардын эсебинен 927,4 млн. сом, көбөйүү 2015-жылдын такталган бюджетинен 120,2 млн. сом;

- атайын каражаттардын эсебинен 8,1 млн. сом, азаюу 2015-жылга такталган бюджеттен 2,9 млн. сом.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын жана Сот департаментинин чыгашаларынын көбөйүүсү "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын эмгек акы шарттары тууралу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28.06. № 384 токтомуна ылайык мамлекеттик кызматчылардын, ошондой эле жергиликтүү соттордун аппаратынын кызматтык маяналарын кадам боюнча көбөйтүүнүн эсебинен жүргүзүлдү.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы боюнча 2016-жылга чыгымдар 428,4 млн. сом суммасында каралды, азаюу 2015-жылдын такталган (444,2 млн. сом) бюджетине карата 15,8 млн. сом, анын ичинде:

- Бюджеттик каражаттар эсебинен 428,4 млн. сом, көбөйүүсүз;

- Атайын каражаттар эсебинен 15,8 млн. сомго азаюу менен.

Атайын каражаттар боюнча 15,8 млн. сомго азаюу Кыргыз Республикасынын башкы прокуратурасынын болжолдуу көрсөткүчтөрүнө байланыштуу болду.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Аппараты боюнча 2016-жылга чыгымдар 28,6 млн. сом суммасында каралды, көбөйүү 2015-жылдын (28,4 млн. сом) такталган бюджетинен 0,2 млн. сом.

Кыргыз Республикасынын Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору боюнча чыгымдар 2016-жылга 11,3 млн. сом суммасында каралды, 2015-жылдын такталган бюджетинин (11,3 млн. сом) деңгээлинде .

704-Бөлүм. "Экономикалык маселелер"

"Экономикалык маселелер" бөлүмү боюнча 2016-жылга чыгымдар 54956,4 млн. сом суммасында каралды же 2015-жылдын такталган бюджетине карата азаюу 968,2 млн. сом, анын ичинде бюджеттик каражаттардын эсебинен чыгымдар 11380,9 млн. сомду түзөт, атайын каражаттар эсебинен 1249,2 млн. сом, МИП каражаттарынын эсебинен 42326,4 млн. сом, көбөйүү 4597,7 млн. сом.

Бөлүмгө Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча Мамлекеттик агенттиктин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча Фондунун, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометрология боюнча Агенттиктин, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаментинин, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, Жерди прикладдык изилдөө Борбор Азия институтунун чыгымдары боюнча көрсөткүчтөрү кирет.

Чыгым беренелеринин аталышы

2015-ж. такт.

2016-ж. долбоор

2015-ж. тактоодон четтөө

Экономикалык маселелер

55924,6

54956,4

- 968,2

- бюджеттик каражаттар

16103,8

11380,9

- 4722,9

- атайын каражаттар

2092,2

1249,2

-843,0

- өнүктүрүү бюджети

37728,6

42326,4

4597,7

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин функционалдык классификация боюнча чыгымдары эки функция - экономикалык маселелер (704) жана курчап турган чөйрөнү коргоо (705) менен берилген.

2016-жылга республикалык бюджеттин долбооруна ылайык МИПтин каражаттарын кошкондо, 704 функциясы боюнча чыгымдар 5467,1 млн. сом суммасында пландалды, бул 2015-жылга бекитилген республикалык бюджеттин бирдей чыгымдары боюнча 118,7%ды түзөт.

Аталган функциядагы чыгымдардын негизги үлүшү - бул суу чарба жана мелиорацияга чыгымдар, алар 2016-жылы 1267,3 млн. сом суммасында пландалган.

Айыл чарбасынан тышкары бул функцияда балык уулоо жана аңчылык, ошондой эле чек араларды делимитациялоо көрсөтүлгөн.

Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин 705 функциясы боюнча чыгымдар 108,6 млн. сом суммасында же 2015-жылдын такталган бюджетине 125,5% пландалган.

Бул функцияда мал чарбасын жана өсүмдүктөрдү коргоо, химиялаштыруу, өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин, ошондой эле био ар түрдүүлүктү жана ландшафты коргоо боюнча башка кызматтар көрсөтүлгөн.

2016-2018-жылдарга республикалык бюджеттин долбооруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин (АЧММ) чыгымдары 2016-жылга 5575,7 млн. сом суммасында пландалган, бул 2015-жылга такталган республикалык бюджеттин чыгымдарынын деңгээлине карата 124%ды түзөт.

Пландалган чыгымдарды каржылоо булактары: республикалык бюджеттин каражаттары, атайын каражаттар жана МИП долбоорлорунун каражаттары, ал чыгымдардын жалпы көлөмүнө карата пайыздык катышта тийиштүү түрдө 25,6%ды, 2,1%ды, 72,3%ды түзөт.

Республикалык бюджеттен каржылануучу 2016-жылдын долбоорунда пландалган 1430,0 млн. сом суммасындагы чыгымдар 2015-жылга такталган республикалык бюджеттин бирдей чыгымдарынын деңгээлине карата 105,1%ды түзөт.

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин 2016-жылга 1645,1 млн. сом суммасындагы табыштамасы 86,9%га канааттандырылган. Кошумча 215,1 млн. сом билдирилген, анын ичинен: мамлекеттик ирригациялык курулмаларды капиталдык жана учурдагы оңдоого тийиштүү түрдө 100 жана 37,9 млн. сом; сугат суусун берүү боюнча мамлекеттик насостук станциялар тарабынан керектелген электр энергиясына чыгымдарды каржылоо көлөмүн көбөйтүүгө -20 млн. сом; машиналарды жана жабдууларды сатып алууну кошкондо, айыл чарба өсүмдүктөрүн зыянкечтерден жер кыртышын химиялык иштетүүгө - 20,1 млн. сом; жерлерди инвентаризациялоону жүргүзүүгө -19,3 млн. сом; башка чыгымдарга - 17,8 млн. сом.

2016-жылга атайын каражаттар боюнча чыгымдар 117,5 млн. сом суммасында пландалган, бул 2015-жылдын такталган республикалык бюджетинин деңгээлине карата 32,3%ды түзөт.

МИП каражаттарынын эсебинен чыгымдар 2016-жылга 1430,0 млн. сом суммасында пландалган, бул АЧММ чыгымдардын экономикалык беренелери боюнча төмөнкү катышта бөлүштүрүлгөн:

- корголгон чыгаша беренелерине (эмгек акы жана Соцфондго чегерүү) 953,5 млн. сом же 66,7%;

- коммуналдык чыгымдарга 165,5 млн. сом же 11,2% багыттоо пландалууда;

- финансылык эмес активдерди колдоого чыгымдар (машиналарды жана жабдууларды капиталдык оңдоо жана сатып алуу) - 174 млн. сом, же 12,2%;

- чыгымдардын башка беренелери - 142 млн. сом же 9,9%.

Бюджеттик каражаттарды бөлүмдөр боюнча бөлүштүрүү Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин өзү тарабынан пландалган жана 2015-жылга республикалык бюджеттин долбоорунда төмөнкүдөй берилген:

- Суу чарба департаментине анын аппаратын күтүүгө, ошондой эле мамлекеттик ирригациялык курулмаларды күтүүгө, техникалык пайдаланууга жана капиталдык оңдоого 1158,6 млн. сом багыттоо пландалууда, бул Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги үчүн пландалган бюджеттик каражаттардын жалпы көлөмүнө карата 81%ды түзөт;

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин аппаратынын жана анын ведомстволук уюмдарынын чыгымдарын каржылоого 179,8 млн. сом же бюджеттик чыгымдардын жалпы көлөмүнө карата 12,6%;

- агрардык өнүктүрүүнүн райондук башкармалыктарынын чыгымдарын каржылоого, ошондой эле "Кыргызгипрозем" МИ чыгымдарына 91,6 млн. сом же бюджеттик каржылоонун жалпы көлөмүнүн 6,4%ы.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бул бөлүмгө транспорт жана байланыш бөлүмчөлөрү кирет.

2016-жылдын республикалык бюджетинин долбоорунда бөлүм боюнча 21175,7 млн. сом суммасында каражаттар каралган, бул 2015-жылдын такталган планына карата 118,5%, анын ичинде:

- бюджеттик каражаттар - 2282,6 млн. сом;

- атайын каражаттар - 176,5 млн. сом;

- өнүктүрүү бюджетинин каражаттары - 18716,6 млн. сом.

2016-жылы чыгымдардын көбөйүүсү жалпы багыттагы автомобиль жолдорун реабилитациялоо боюнча долбоорлорду ишке ашырууга чыгымдардын көбөйүүсүнө байланыштуу.

Автожолдорду оңдоого, реабилитациялоого, ошондой эле аларды күтүүгө жалпы сумма 20756,9 млн. сом же бөлүнгөн каражаттардын жалпы суммасына карата 98,0% багытталат.

Транспорт бөлүмчөсү

Республикалык бюджеттин долбоорунда бул бөлүмчөгө 21133,1 млн. сом суммасында каражат каралган (2015-жылдын такталган бюджетине карата 118,3%), анын ичинен:

- бюджеттик каражаттар - 2242,5 млн. сом;

- атайын каражаттар  - 174,0 млн. сом;

- өнүктүрүү бюджетинин каражаттары - 18716,6 млн. сом.

Автожолдорду оңдоого, пайдаланууга жана реабилитациялоого 20756,9 млн. сом суммасында каражат жумшоо пландалууда, бул Транспорт бөлүмчөсү боюнча жалпы каражаттын 98,2%ын түзөт.

Инвестициялык чыгымдардын маанилүү көлөмү (өнүктүрүү бюджетинин каражаттары) Кытай Эл Республикасы тарабынан каржылануучу "Кыргыз Республикасында автожолдордун эки тилкесин реабилитациялоо" долбоорунун, Азия өнүктүрүү банкынын "Транспорттук коридор-1 ЦАРЭС Экинчи жана үчүнчү долбоорлорунун (Бишкек-Нарын-Торугарт жолу), Араб координациялык тобу тарабынан каржылануучу "Бишкек-Нарын-Торугарт" долбоорунун, "Ош-Баткен-Исфана" автомобиль жолдорун реабилитациялоо" Ислам өнүктүрүү банкынын долбоорунун, "Тараз-Талас-Суусамыр", авто жолдорун реабилитациялоо ИӨБ жана СФР тарабынан каржылануучу долбоору, "Ош-Баткен-Исфана" улуттук жол тармактарын реабилитациялоо" Дүйнөлүк банк долбоору, "Ош-Исфана автожолун реабилитациялоо, 1-фаза" ЕКӨБ долбоору, "Бишкек-Ош автожолун жакшыртуу" АӨБ жана ЕАӨБнын пландалган долбоорлору: Азия Өнүктүрүү Банкынын "Жолдорду реабилитациялоо жана жакшы абалда кармап туруу", Кытай Эл Республикасынын "Түндүк-Түштүк" альтернативдүү жолун куруу" долбоорлорунун эсебинен күтүлүүдө.

Байланыш бөлүмчөсү

Республикалык бюджеттин долбоорунда бул бөлүмчөгө 42,6 млн. сом өлчөмүндө каражат каралган, бул 2015-жылдын такталган планына карата 101,7% , анын ичинен:

- бюджеттик каражаттар - 40,1 млн. сом;

- атайын каражаттар - 2,5 млн. сом.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик

2016-жылга бюджеттин долбоору жана 2017-2018-жылдарга болжолу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттикке 20,7 млн. сом каралган, бул 2015-жылдын деңгээлинде сакталган.

Бөлүнгөн каражаттардын эсебинен Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин аппараты, ошондой эл отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу, Отун энергетика комплекси чөйрөсүндө ишкердик ишти лицензиялоо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тарифтик саясатка ылайык, электр жана жылуулук энергиясына, жаратылыш газына тарифтерди белгилөө жана лицензиялоо шарттарын сактоону контролдоо камсыздалат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик

2016-жылга бюджеттин долбоору жана 2017-2018-жылдарга болжолу боюнча КР Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттикке 159,1 млн. сом каралган. Анын ичинен бюджеттик каражаттар (2015-жылдын такталган параметрлерине карата 85,7%) 112,4 млн. сомду, атайын каражаттар 46,7 млн. сомду түздү, бул 2015-жылдын такталган көлөмүнө карата 12,2%.

Жалпы экономикалык маселелер

"Жалпы экономикалык маселелер" бөлүмчөсү боюнча чыгымдар 2016-жылы 37 млн. сом суммасында каралган. Бюджеттик каражаттардын эсебинен чыгымдар 32,2 млн. сомду түзөт, атайын каражаттардын эсебинен 4,8 млн. сом.

Мамгеология агенттигине караштуу Мамкартографияга бөлүнгөн каражаттардын эсебинен гидрогеологиялык изилдөөлөр, геодезиялык издеп табуулар ж.б., же аларга колдоо көрсөтүүлөр жүргүзүлөт.

Мамлекеттик секторду түзүү

Жалпы экономикалык маселелер

"Жалпы экономикалык маселелер" бөлүмчөсү боюнча чыгымдар 2016-жылга 169,8 млн. сом суммасында каралган, 2015-жылдын такталган бюджетине карата азаюу 57,5 млн. сом, анын ичинен бюджеттик каражаттардын эсебинен чыгымдар 10,3 млн. сомго азаюу менен 148,0 млн. сомду, атайын каражаттардын эсебинен 47,0 млн. сомго азаюу менен 21,8 млн. сомду түзөт.

Бул бөлүмчө Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин бардык ведомстволук мекемелерин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик финансылык көзөмөлдү камтыйт.

(млн. сом)

Аталышы

2015-жылга такт.

2016-жылга долбоор

Четтөө

Жалпы экономикалык маселелер

227,1

169,6

-57,3

Бюджеттик каражаттар

158,3

148,0

-10,3

Атайын каражаттар

68,8

21,8

-47,0

Бюджеттик каражаттар боюнча 10,3 млн. сомго азаюу 2015-жылы "Имараттар жана курулмалар" жана "Машиналар жана жабдуулар" беренелери боюнча каралган бир жолку чыгымдарды алып салууга байланыштуу болду.

Атайын каражаттар боюнча 47,0 млн. сомго азаюу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин бардык ведомстволук мекемелеринин пландык көрсөткүчтөрүнүн азайышына байланыштуу болду.

Чек араны делимитациялоо

"Чек араны делимитациялоо" бөлүмчөсү боюнча чыгымдар 2016-жылы 43,2 млн. сом суммасында каралган.

Мамгеология агенттигине караштуу Мамкартографияга бөлүнгөн каражаттардын эсебинен 2020-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын аймагында топографиялык карталарды жаңылоо Мамлекеттик программасына жана ушул эле мезгилге Кыргыз Республикасынын бардык пункттарын каталогизациялоо Мамлекеттик программасы менен бекитилген топографиялык-геодезиялык жана картографиялык иштерди улантууга, жер-жерлерде чек ара белгилерин даярдоо иштеринен баштап аларды орнотууга чейинки Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек араларын делимитациялоону жана демаркациялоону аткаруу каралууда.

Кен иштетүүчү өнөр жай, кайра иштетүүчү өнөр жай жана курулуш

"Кен иштетүүчү өнөр жай, кайра иштетүүчү өнөр жай жана курулуш" бөлүмү боюнча 2016-жылы 105,4 млн. сом суммасында каралган. Бюджеттик каражаттардын эсебинен чыгымдар 63,6 млн. сомду түзөт, атайын каражаттардын эсебинен 41,8 млн. сом.

Каралган каражаттар КРӨгө караштуу Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин борбордук аппаратын камсыздоого, ведомстволук геологиялык ишканаларга багытталат, алар алтынга, түстүү жана сейрек кездешүүчү металлдарга, руда эмес пайдалуу казындыларга карата ири масштабдуу комплекстүү иликтөө-баалоочу жана адистештирилген баалоо иштерин жүргүзүү менен алектенген ведомстволук геологиялык ишканаларга, Кыргыз Республикасынын аймагында казылып алынуучу кендерди жана руда эмес пайдалуу казындыларды аналитикалык жана технологиялык изилдөөлөрдү, геофизикалык жана гидрогеологиялык иштерди жүргүзүүгө багытталат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду

Жалпы экономикалык маселелер

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондун күтүүгө чыгымдарды каржылоого 2016-жылы бюджеттин долбоорунда атайын каражаттарды эсепке алуу менен 47,5 млн. сом жалпы суммасында каралган (анын ичинен бюджеттик каражаттар 37,5 млн. сом жана атайын каражаттар - 10,0 млн. сом), бул 2015-жылга каралгандан 66,1%ды түзөт.

Бюджеттик каражаттар боюнча 7,5 млн. сом суммасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мамкызматкерлеринин эмгек акысын каржылоону толугу менен республикалык бюджеттин эсебинен камсыздоого өткөрүүгө байланыштуу болду.

Атайын каражаттар боюнча 32,0 млн. сом суммасында азаюу мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү процессинин кечиктирилишине байланыштуу болду.

Бюджеттик жана атайын каражаттар менчиктештирүүдөн, дивиденддерден, ижара акысынан мамишканалардын пайдасынан 50% чегерүүлөрдөн каражаттардын түшүүсүн камсыздоо үчүн Фонддун негизги функционалдык милдеттерин аткарууга багытталат:

мамлекеттик менчикти башкаруу; мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү; АКнын дивиденддери өз убагында төлөөсүн камсыздоо боюнча контролдоону жана чараларды ишке ашыруу; мамлекеттик ишканалар менен иштөө; мамлекеттик мүлктү эсепке алууну системалаштыруу.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик материалдык резервдер фонду

2016-жылга бюджеттин долбоорунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун 2016-жылга атайын каражаттары эки 704 - экономикалык маселелер жана 701 - башка жалпы кызматтар функциялары менен берилген. Бардыгы 387,0 млн. сом көлөмүндөгү чыгымдар каралган.

Жалпы экономикалык маселелер

Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун 704 функциясы боюнча "Азык-түлүк коопсуздугу" атайын эсебинин көлөмү 300 млн. сомду же 2015-жылдын такталган параметрлеринин 71,8%ын түзөт, бул "Стратегиялык запастар" беренеси боюнча 282,0 млн. сом көлөмүндөгү жана "Башка чыгымдар" беренеси боюнча 18,0 млн. сом көлөмүндөгү каражаттарды камтыйт. Товардык-материалдык баалуулуктарды топтоону уюштуруу жана аларды мамлекеттик резервдерден чыгымдоо боюнча милдеттерди аткаруу сыяктуу мындай. Милдеттерди чечүү пландалууда.

Жерлерди прикладдык изилдөө Борбор Азия институту

Экономикалык иштин башка тармактары менен байланышкан Илимий изилдөө жана конструкторлук иштеп чыгуу.

2016-жылы Жерлерди прикладдык изилдөө Борбор Азия институтуна 14,9 млн. сом бөлүү каралууда, бул такталган бюджетке карата 100%.

Каражаттар Борбордук аппаратты күтүүгө жана кооптуу жаратылыш процесстерин, климатты, суу ресурстарын жана геоэкологияны изилдөөгө жана мониторинг системасын түзүүгө багытталат.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин гидрометеорология боюнча агенттиги

(млн. сом)

 

2015-ж. такт.

2016-ж. долбоор

Четтөө

Бардыгы

118,4

120,8

2,5

Бюджеттик каражаттар

115,3

119,5

4,2

Атайын каражаттар

3,1

1,3

-1,8

Каражаттар метеорологиялык жабдууларды, приборлорду күтүүгө жана химиялык реактивдер менен иштөөнү камсыздоого багытталат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги

Республикалык бюджеттин долбоорунда бул бөлүмчөдөгү чыгымдар болгону 190,6 млн. сом суммасында каралган, бул 2015-жылдын такталган бюджетинен 18,4% аз (42,8 млн. сом, анын ичинен бюджеттик каражаттардын эсебинен 10,5 млн. сомго аз жана атайын каражаттардын эсебинен 32,3 млн. сомго аз), анын ичинен:

(млн. сом)

 

2015-ж. такт.

2016-ж. долб.

четтөө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттиги

232,8

190,6

-42,2

Бюджеттик каражаттар

10,5

0,0

-10,5

Атайын каражаттар

222,3

190,6

-31,7

"Байланыш" бөлүмчөсү боюнча чыгымдарды 2016-жылы каржылоо атайын каражаттардын эсебинен пландалууда, бул Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 6-мартындагы № 5 "Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" 8-беренесин кабыл алуу менен шартталат, анда электр жана почта байланышы кызмат көрсөтүүнү берүүчүнүн түшкөн кирешесинин 0,9 пайызын байланыш тармагын өнүктүрүүгө жылдык төлөмдөрдүн эсебинен түзүлүүчү байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды камсыздоого чыгымдарды карай турган ченемдер бар.

2016-жылга пландалган 190,6 млн. сом каражаттар МБАга, тармакты өнүктүрүүгө 60% көлөмдө, операциялык чыгымдарды каржылоого - 40% көлөмдө, тактап айтканда, радио мониторинг системасын өнүктүрүүгө, телеберүү жана интернет кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүү эмес аймактарды камтууну кеңейтүүгө, дүйнөлүк глобалдуу инфокоммуникациялык коомчулукка интеграциялоо үчүн улуттук телерадиоберүүнүн атаандаштыкка жөндөмдүү жана жогорку технологиялуу тармактарын куруу үчүн байланыш системасынын тармактарын андан ары өнүктүрүүгө жана калкты камсыздоого багытталат.

Токой чарбасы

Классификация

2015-жылга такт.

2016-жылга контролдук цифра

Четтөө

Бюджеттик каражаттар

149,9

200,8

50,9

Атайын каражаттар

154,3

137,1

-17,2

Бардыгы:

304,2

337,9

33,7

705-бөлүм. "Курчап турган чөйрөнү коргоо"

"Курчап турган чөйрөнү коргоо" бөлүмү боюнча 2016-жылга чыгымдар 835,8 млн. сом суммасында каралган, көбөйүү 2015-жылы такталган бюджеттин ордуна 36,0 млн. сом, анын ичинен бюджеттик каражаттардын эсебинен 456,5 млн. сом, көбөйүү 31,1 млн. сом, атайын каражаттар 379,2 млн. сом, көбөйүү 4,9 млн. сом.

Бул бөлүм Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринария жана фитосанитария коопсуздугу мамлекеттик агенттигинин жана Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана мелиорация министрлигинин чыгымдарын камтыйт.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиги

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттикке 2016-жылдын республикалык бюджетинин долбоорунда 956,3 млн. сом суммасында каражат каралган, бул 2015-жылдын такталган бюджетине карата 98,3%ды түзөт. Анын ичинен, бюджеттик каражаттар 368,6 млн. сом, бул 2015-жылдын такталган бюджетине карата 113,9%, атайын каражаттар - 490,6 млн. сом, бул 2015-жылдын такталган бюджетине карата 88,8% түзөт. Өнүктүрүү бюджети боюнча каралган көлөм 97,2 млн. сом көлөмүндө экендигин белгилеп кетүү керек.

Агенттиктин аппараты боюнча 32,2 млн. сом каралган, бул 2015-жылдын бекитилген бюджетине карата 102,5% түзөт, анын ичинен бюджеттик каражаттар боюнча 17 млн. сом, бул 103,0% жана атайын каражаттар боюнча 15,2 млн. сом, бул 2015- жылдын такталган бюджетине карата 99,0%.

Ведомстволук уюмдар боюнча 826,9 млн. сом каралган, бул 2015-жылдын бекитилген параметрлерине карата 92,2% түзөт. Анын ичинде бюджеттик каражаттар боюнча-351,6 млн. сом, 2015-жылдын такталган бюджетине карата 114,3% жана атайын каражаттар боюнча 475,4 млн. сом, 2015-жылдын деңгээлине карата 89,1%.

Бир ар түрдүүлүктү жана ландшафтты коргоо боюнча башка кызмат көрсөтүүлөр

(млн. сом)

Классификация

2015-ж. такт. БА

2016-ж. долбоор

Четтөө

Бюджеттик каражаттар

15,9

17,0

1,1

Атайын каражаттар

15,5

15,2

-0,3

Бардыгы:

31,4

32,2

0,8

Ведомстволук мекеме

(млн. сом)

Классификация

2015-ж. такт. ведом.

2016-ж. долбоор

Четтөө

Бюджеттик каражаттар

307,7

351,6

43,9

Атайын каражаттар

533,9

475,4

-58,8

Бардыгы:

843,5

827,0

-14,6

Анын ичинде

Курчап турган чөйрөнү булгоо менен күрөшүү

(млн. сом)

Классификация

2015-ж. такт.

2016-ж. Контролдук цифра

Четтөө

Бюджеттик каражаттар

48,5

35,5

-13,0

Атайын каражаттар

81,9

57,1

-24,8

Бардыгы:

130,4

92,6

-37,8

Жаратылыш паркы жана коруктар

(млн. сом)

Классификация

2015-ж. такт.

2016-ж. Контролдук цифра

Четтөө

Бюджеттик каражаттар

84,5

85,9

1,4

Атайын каражаттар

17,7

25,0

7,7

Бардыгы:

102,2

110,9

9,1

Биоартүрдүүлүктү жана ландшафты коргоо боюнча башка кызмат көрсөтүүлөр

(млн. сом)

Классификация

2015-ж. такт.

2016-ж. Контролдук цифра

Четтөө

Бюджеттик каражаттар

24,1

29,1

5

Атайын каражаттар

281,9

256,1

-25,8

Бардыгы:

306,0

285,2

-20,8

Каражаттар Курчап турган чөйрөнү коргоого, экосистемаларды жана ландшафттык биоартүрдүүлүктү, табигый ресурстарды жана комплекстерди сактоого, өзгөчө корголуучу табигый аймактардын тармактарын өнүктүрүүгө багытталат.

Мындан тышкары, экосистемаларды, маанилүү жаратылыш комплекстерин, флора жана фауна түрлөрүн, ландшафттарды табигый туруктуу өндүрүш абалында сактоо жана калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды өткөрүү пландалууда.

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги

705-функция боюнча Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин чыгымдары 108,6 млн. сом суммасында же 2015-жылы бекитилген бюджетке карата 125,5%.

Бул функцияда мал чарбасын жана өсүмдүктөрдү коргоо, химиялаштыруу, коргоо жана өсүмдүктөрдүн карантини, ошондой эле биоартүрдүүлүктү коргоо жана ландшафтты коргоо боюнча башка кызматтар көрсөтүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция

Био ар түрдүүлүктүү сактоо жана ландшафтты коргоо

"Био ар түрдүүлүктүү сактоо жана ландшафтты коргоо" бөлүмчөсү боюнча чыгымдар 2016-жылы 120,0 млн. сом суммасында каралган. Каралган каражаттар эпизоотикага каршы иш-чараларга, ошондой эле жаныбарлардын ылаңдарынын себептерин табуу жана изилдөөгө жана аларды дарылоонун жаңы ыкмаларын изилдөөгө жумшалат.

Ветеринардык диагностика

"Ветеринардык диагностика" бөлүмчөсү боюнча чыгымдар 2016-жылы 106,6 млн. сом. суммасында каралган. Каралган каражаттар жаныбарлардын ылаңдарынын себептерин табуу жана изилдөөгө аларды дарылоонун жаңы ыкмаларын изилдөө боюнча колдонмого кетет.

705 бөлүмгө таандык мамлекеттик сектордун мекемелери

"Курчап турган чөйрөнү коргоо" бөлүмү боюнча 2016-жылга чыгымдар 28,4 млн. сом суммасында каралган, 2015-жылдын такталган (29,4 млн. сом) бюджетине карата азаюу 1,0 млн. сом же 3,3%, анын ичинде бюджеттик каражаттардын эсебинен чыгымдар 0,3 млн. сомго азаюу менен 8,5 млн. сом, атайын каражаттардын эсебинен 0,6 млн. сомго азаюу менен 20,0 млн. сомду түзөт. (Бул бөлүм Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармалыктарын камтыйт, Ала-Арча).

Бюджеттик каражаттар боюнча азаюу 2015-жылы каралган бир жолку чыгымдарды алып салууга байланыштуу болду. Атайын каражаттар боюнча азаюу Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармалыктарынын пландык көрсөткүчтөрүнүн азайышына байланыштуу болду (Ала-Арча).

706-бөлүм. "Турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр"

"Турак-жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр" бөлүмү боюнча 2016-жылга чыгымдар 1152,9 млн. сом суммасында каралган, 2015-жылдын такталган бюджетине карата 672,8 млн. сомго аз, анын ичинде бюджеттик каражаттардын эсебинен 1151,6 млн. сомду түзөт, атайын каражаттардын эсебинен - 1,3 млн. сомду түзөт.

Бул бөлүм "Кыргыз турак-жай жана коммуналдык союз" МИ, Республикалык атайын комбинат жана "Ысык-Көл Аврора" санаторийи МИ боюнча чыгымдарды камтыйт.

(млн. сом)

Чыгаша беренелеринин аталышы

2015-ж. такт.

2016-ж. долбоор

Четтөө

Турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр

1825,7

1152,9

-672,8

- бюджеттик каражаттар

1824,4

1151,6

-672,8

- атайын каражаттар

1,3

1,3

0

Бюджеттик каражаттардан жүргүзүлүүчү турак жай-коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы чыгашасынын негизги бөлүгү "жылуулук коммунэнерго" бөлүмчөсүнө - 1139,3 млн. сом (98,9%) жана турак жай-коммуналдык союзга - 12,2 млн. сом (1,1%) туура келет .

"Жылуулуккоммунэнерго" бөлүмчөсү "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын жана "Ысык-Көл Аврора санаторийи" МИ Кыргыз Республикасынын региондорунун калкына мамлекет тарабынан жөнгө салынуучу тарифтер боюнча жылуулук энергиясын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга байланышкан сарптоолорун компенсациялоо чыгымдарын камтыйт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 660 "Кыргыз Республикасынын 2014-2017-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык, калкка берилүүчү жылуулук энергиясына тарифтерди этап менен жогорулатуу каралууда. 2016-жылдын 1-апрелинен баштап калкка 1 Гкал үчүн 1366,9 сом өлчөмүндө тариф каралып жатат, же азыркы тарифке карата 20,4% өсүү менен чыгарылат.

Бирок, бул тариф жылуулук энергиясын иштеп чыгуу жана сатууга кеткен чыгымдарды толук жабуу үчүн зарыл болгон деңгээлден дагы деле алыс. 2016-жылга ишкана тарабынан сатуунун өздүк наркы 1 Гкал үчүн 4055,1 сом деңгээлинде пландалууда. Калк үчүн жылуулук энергиясын пландалган көлөмдө иштеп чыгуу 400,7 миң Гкал жана Миң-Куш ТЖКЧнын чыгымдарын эске алуу менен субсидиялар 1137,8 млн. сом деңгээлинде пландалууда. Ысык-Көл Аврора санаторийи" МИ боюнча - 1,6 млн. сом.

Республикалык атайын комбинатка радиоактивдүү заттарды көмүү боюнча иштерди жүргүзүүгө 13,6 млн. сом, анын ичинен 12,3 млн. сом - бюджеттик каражаттардын эсебинен жана 1,3 млн. сом атайын каражаттардын эсебинен каралууда. 2015-жылдын такталган бюджетине салыштыруу боюнча өсүш "Республикалык атайын комбинаттын кызматкерлеринин эмгек акы шарттары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 196 токтомуна ылайык Республикалык атайын комбинаттын кызматкерлеринин эмгек акы шарттарына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө байланыштуу "эмгек акы" беренеси боюнча чыгымдардын көбөйүшүнүн эсебинен 1,9 млн. сомду түзөт.

707-бөлүм. "Саламаттык сактоо"

"Саламаттык сактоо" бөлүмү боюнча чыгымдар 2016-жылдын бюджетинин долбоорунда 2015-жылдын такталган бюджетине карата 726,7 млн. сомго көбөйүү менен 14570,1 млн. сом көлөмүндө каралган, анын ичинде бюджеттик каражаттар 12261,3 млн. сом, атайын каражаттар 1600,8 млн. сом, МИП каражаттары 707,9 млн. сом көлөмүндө пландалууда.

Бул бөлүм Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду боюнча чыгымдарды камтыйт.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги

(млн. сом)

 

2015-ж. такт.

2016-ж.

Четтөө

Бардыгы

4501,7

3724,7

-777,0

Бюджеттик каражаттар

2723,7

2513,8

-209,9

Атайын каражаттар

433,6

366,0

-67,6

Өнүктүрүү бюджети

1344,4

844,9

-499,5

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги боюнча чыгымдар 2016-жылга 3724,7 млн. сом суммасында каралган, же 2015-жылга салыштырганда 777,0 млн. сомго азайган. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин бюджетинин долбоорунда гемодиализге - 225,0 млн. сом, кант оорусуна каршы препараттарга (инсулин) кошумча - 60,0 млн. сом, СПИДден медпрепарттарга -20,0 млн. сом, Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментин каржылоого республикалык бюджеттен 70,0 млн. сом көлөмүндө каралган (мурда чарбалык эсеп уюму болгон), ошондой эле адистештирилген ооруканалардын мекемелери Бирдиктүү төлөмчү системасы менен каржылоого өткөрүлүп берилген.

Мындан тышкары, атайын каражаттар боюнча 366,0 млн. сом суммасында түшүүлөр пландалган. Өнүктүрүү бюджети боюнча план 707,9 млн. сом суммасында пландалган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду

(млн. сом)

 

2015-жылга такталган

2016-жыл

Четтөө

Бардыгы

8544,4

10227,1

+1682,7

Бюджеттик каражаттар

7868,6

9132,2

+1263,6

Атайын каражаттар

675,8

1094,9

+419,1

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду боюнча 2016-жылга чыгымдар 2015-жылдын ордуна 1682,7 млн. сом өсүү менен 10227,1 млн. сом суммасында каралат. Бул Бишкек шаарынын саламаттык сактоо уюму республикалык бюджетке өтүшү менен байланыштуу. Мындан тышкары, атайын каражаттар боюнча түшүүлөр 1094,9 млн. сом суммасында пландалууда, же 2015-жылга салыштырмалуу 419,1 млн. сомго көбөйдү.

708-бөлүм. "Эс алуу, спорт, маданият жана дин"

"Эс алуу, спорт, маданият жана дин" бөлүмү боюнча 2016-жылга чыгымдар 2015-жылга такталган бюджетке карата 150,6 млн. сомго көбөйүү менен 2805,1 млн. сом суммасында болжолдонууда, анын ичинде бюджеттик каражаттардын эсебинен чыгымдар 2546,9 млн. сомду жана атайын каражаттардын эсебинен 258,2 млн. сомду түзөт.

"Эс алуу, спорт, маданият жана дин" бөлүмү маданият, телеберүү жана радиоберүү, басма, дене тарбия жана спорт чыгымдарын өзүнө камтыйт.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги боюнча 2016-жылга чыгымдар 761,7 млн. сом суммасында же 5,8 млн. сомго көбөйүү менен 2015-жылдын такталган планына карата 100,8%ды түзөт, анын ичинен бюджеттик каражаттардын эсебинен чыгымдар 669,7 млн. сомду түзөт же өткөн жылдын такталган планынын ордуна көбөйүү 15,5 млн. сом.

(млн. сом)

Чыгаша беренелеринин аталышы

2015-жылга такталган план

2016-жылга долбоор

Четтөө

Бардыгы

755,9

761,7

5,8

бюджеттик каражаттар

654,2

669,7

15,5

атайын каражаттар

101,7

92,0

-9,7

Бюджеттик каражаттар боюнча 15,5 млн. сомго көбөйүү мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген, министрликтин ведомстволук мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысынын жогорулашына (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 токтому); Ысык-Көл облусундагы Курманжан датка атындагы Мемориалдык тарых музейинин комплексинин ишин камсыздоого ("Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 22-майындагы № 4068-V токтомун ишке ашыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-ноябрындагы № 682 токтому) байланыштуу болду;

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы боюнча 2016-жылга чыгымдар 488,4 млн. сом суммасында же 2015-жылдын такталган планынын ордуна 10,0 млн. сом же 102,1% өсүш менен каралган, анын ичинен бюджеттик каражаттардын эсебинен чыгымдар 2015-жылдын такталган планынын ордуна 2,2 млн. сомго көбөйүү менен 433,4 млн. сомду, атайын каражаттардын эсебинен 7,8 млн. сомду түзөт.

(млн. сом)

Чыгаша беренелеринин аталышы

2015-жылга такталган план

2016-жылга долбоор

Четтөө

Бардыгы

478,4

488,4

10,0

бюджеттик каражаттар

431,2

433,4

2,2

атайын каражаттар

47,2

55,0

7,8

Бюджеттик каражаттар боюнча 2,2 млн. сомго четтөө (көбөйүү) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 197 токтомуна ылайык, мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарынын карамагындагы мекемелерде иштеген, министрликтин ведомстволук мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысынын жогорулашына, автордук укук объектилерин пайдалануу үчүн акы төлөөгө байланыштуу болду.

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча Мамлекеттик комиссия

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча Мамлекеттик комиссия боюнча 2016-жылга чыгымдар 2015-жылдын такталган планына карата 6,5 млн. сомго же 1,4 эсе көбөйүү менен 23,0 млн. сом суммасында каралган.

(млн. сом)

Чыгаша беренелеринин аталышы

2015-жылга такталган план

2016-жылга долбоор

Четтөө

Бардыгы

16,5

23,0

6,5

бюджеттик каражаттар

16,3

23,0

6,7

Бюджеттик каражаттар боюнча 6,7 млн. сомго көбөйүү республиканын 6 облусундагы дин иштери боюнча Мамлекеттик комиссиянын өкүлчүлүктөрүнүн ишин уюштурууга жана башкаруу аппаратынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарына үстөк акыларды төлөп берүүгө байланыштуу болду.

Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик

(млн. сом)

Чыгаша беренелеринин аталышы

2015-жыл (такталган бюджет)

2016-жыл (долбоор)

Четтөө

Агенттик боюнча бардыгы

490,6

625,5

+134,9

бюджеттик каражаттар

490,6

623,0

+132,4

атайын каражаттар

 

2,5

+2,5

Өкмөткө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин базасындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик боюнча чыгымдар 2016-жылга бюджеттин долбоорунда

532,1 млн. сом суммасында каралган, алардын ичинен бюджеттик каражаттардын эсебинен чыгымдар 529,6 млн. сомду түзөт, 2015-жылдын такталган планынан 39,0 млн. сомго көп, атайын каражаттардын эсебинен 2,5 млн. сом. 2016-жылга бюджеттин долбоорунда ГАФИС боюнча жергиликтүү бюджеттен республикалык бюджетке каржылоого өткөрүлүп берилген дене тарбия жана спорт мекемелерин күтүүгө 34,8 млн. сом суммасында каражат каралган, сындан тышкары "Айрым аңчылык участкаларын жана мүлктүк комплекстерди өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-мартындагы № 179 токтомун аткаруу үчүн ГАФИСтин карамагына 1,3 млн. сом суммасында "Эдельвейс" пионер лагери өткөрүлүп берилген. Футболдук матчты өткөрүүгө.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 16.11.2015-жылдагы № 768 токтомуна ылайык кайра түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин борбордук аппаратынан 18 бирдик санындагы жана аймактык бөлүмдөрүнөн 40 бирдик санындагы штат менен жаштар чөйрөсүнө функциялардын финансылык, материалдык-техникалык каражаттары менен өткөрүлүп берилгендигине жана "Манас" республикалык жаштар сарайынын өткөрүлүп берилгендигине байланыштуу бюджет 24,5 млн. сомго көбөйгөн.

2016-жылга бюджеттин долбоорунда "Имараттар жана курулмалар" беренесине каражаттар жана "Машиналар жана жабдуулар" беренеси боюнча 15,0 млн. сом суммасында 2015-жылдын бюджетине каралган чыгымдар каралган эмес.

Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик (вед. маданий мек)

(млн. сом)

Чыгаша беренелеринин аталышы

2015-жыл (такталган бюджет)

2016-жыл (долбоор)

Четтөө

Агенттик боюнча бардыгы

424,3

551,1

+126,8

бюджеттик каражаттар

424,3

550,2

+125,9

атайын каражаттар

 

0,9

+0,9

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик (вед.мадан.) боюнча чыгымдар 2016-жылга бюджеттин долбоорунда 551,1 млн. сом суммасында каралган, анын ичинен бюджеттик каражаттардын эсебинен 550,2 млн. сомду түзөт, 2015-жылга такталган пландан 125,9 млн. сомго көп, атайын каражаттардын эсебинен 0,9 млн. сом. 2016-жылга бюджеттин долбоорунда жергиликтүү бюджеттен республикалык бюджетке өткөрүлүп берилген дене тарбия жана спорт мекемелерин күтүүгө 34,8 млн. сом суммасында, ошондой эле футбол боюнча эл аралык матчтарды өткөрүүгө 100,0 млн. сом суммасында каражаттар каралган.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 16.11.2015-жылдагы № 768 токтомуна ылайык кайра түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин борбордук аппаратынан 18 бирдик санындагы жана аймактык бөлүмдөрүнөн 40 бирдик санындагы штат менен жаштар чөйрөсүнө функциялардын финансылык, 6,5 млн. сом суммасындагы материалдык-техникалык каражаттары менен өткөрүлүп берилгендигине жана "Манас" республикалык жаштар сарайынын өткөрүлүп берилгендигине байланыштуу бюджет 6,5 млн. сомго көбөйгөн.

2016-жылга бюджеттин долбоорунда "Имараттар жана курулмалар" беренесине каражаттар жана "Машиналар жана жабдуулар" беренеси боюнча 15,0 млн. сом суммасында 2015-жылдын бюджетине каралган чыгымдар каралган эмес

709-бөлүм. "Билим берүү"

"Билим берүү" бөлүмү боюнча чыгымдар 2016-жылга бюджеттин долбоорунда учурдагы жылдын бекитилген планынын ордуна 292,2 млн. сомго көбөйүү менен 21608,2 млн. сом суммасында каралган, анын ичинен бюджеттик каражаттардын эсебинен чыгымдар 17077,0 млн. сомду, атайын каражаттар 3234,5 млн. сомду, МИП каражатынын эсебинен 1296,8 млн. сомду түзөт.

Билим берүү чыгашалары Билим берүү жана илим министрлигинин, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин, Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча агенттиктин, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын, Авиациялык колледждин, Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын, Билим берүү фондунун билим берүү уюмдары, Жогорку соттун, Финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин окуу борборлору боюнча консолидацияланган чыгымдарды өзүнө камтыйт.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги

(млн. сом)

 

2015-жылга такт.

2016-жыл

Четтөө

 

17843,4

18436,7

+593,3

Бюджеттик каражаттар

14537,7

15109,6

+571,9

Атайын каражаттар

2661,7

2390,5

-271,2

Өнүктүрүү бюджети

644,0

936,6

+292,6

2016-жылдын бюджет долбоорунда Билим берүү жана илим министрлиги боюнча чыгымдар 18436,7 млн. сом суммасында каралган же учурдагы жылдын такталган планынын ордуна өсүш 593,3 млн. сом, анын ичинен бюджеттик каражаттардын эсебинен чыгымдар 571,9 млн. сомго көбөйүү менен 15109,6 млн. сомду түзөт, атайын каражаттардын эсебинен 271,2 млн. сомго азаюу менен 2390,5 млн. сомду, МИП каражаттарынын эсебинен 292,6 млн. сомго көбөйүү менен 936,6 млн. сомду түзөт.

2016-жылга бюджеттик чыгымдардын долбоору боюнча чыгымдар жаңы ачылган мектепке чейинки мекемелердин кызматкерлеринин эмгек акысына, жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдерине квалификациялык категориялардын киргизилиши менен байланыштуу эмгек акыны жогорулатууга, мектептен тышкары балдарды мектепке даярдоонун 480-сааттык программаларын киргизүүгө жана окуучулардын контингентинин көбөйүшү менен байланыштуу жогорулаган. Компьютерлерди сатып алуу үчүн 38,0 млн. сом суммасында каражаттар каралган.

2016-жылы бюджеттик саясат мурдагы жылдардай эле билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоого жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталат.

КР Билим берүү жана илим министрлиги (вед. илим. мек)

КР Билим берүү жана илим министрлигинин "Илим" бөлүмү боюнча чыгымдары 2016-бюджеттик жылга 158,2 млн. сом көлөмүндө каралууда, анын ичинен бюджеттик каражаттар 156,4 млн. сом, атайын каражаттар 1,8 млн. сом.

Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы

Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын "Илим" бөлүмү боюнча чыгымдары 2016-бюджеттик жылга 10,3 млн. сом көлөмүндө каралууда, анын ичинен бюджеттик каражаттар 5,5 млн. сом, атайын каражаттар 4,8 млн. сом.

Кесиптик-техникалык билим берүү агенттиги

(млн. сом)

Чыгаша беренелеринин аталыштары

2015-жыл (такт. план)

2016-жыл (долбоор)

Четтөө

Агенттик боюнча бардыгы

1426,2

1577,1

+150,9

Бюджеттик каражаттар

953,8

1100,7

+146,9

Атайын каражаттар

111,0

116,2

+5,2

Өнүктүрүү бюджети

361,4

360,2

-1,2

2016-жылы бюджеттин долбоорунда Кесиптик-техникалык билим берүү агенттиги боюнча чыгымдар 1577,1 млн. сом суммасында каралган, алардын ичинен бюджеттик каражаттардын эсебинен 1100,7 млн. сомду түзөт, 2015-жылга бекитилген пландан 146,9 млн. сомго көп, атайын каражаттардын эсебинен 116,2 млн. сом же көбөйүү 5,2 млн. сом. 2016-жылы Кесиптик-техникалык билим берүү агенттигинде кесиптик билим берүү жана көндүмдөрдү өнүктүрүүнүн экинчи долбоору улантылууда (АӨБ), өнүктүрүү бюджетинин суммасы 360,2 млн. сом.

2016-жылы бюджет долбоорунда "Имараттар жана курулуштарга" каражаттар жана 2015-жылы бюджетте каралган "Машиналар жана жабдуулар" беренеси боюнча 70,0 млн. сом суммасында чыгымдар каралган эмес.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-июлундагы № 473 токтомуна ылайык, 2015-жылдын 1-сентябрынан баштап билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысынын өлчөмү жогорулайт, ушуга байланыштуу 2016-жылга Кесиптик-техникалык билим берүү агенттигинин бюджетинде ушул ведомствонун мугалимдеринин эмгек акысынын көбөйтүүгө жалпы суммасы 216,0 млн. сом каражат каралган.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 16.11.2015-жылдагы № 768 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлиги миграция жана жаштар чөйрөсүндөгү функцияларды алып салуу менен Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине кайра түзүлгөн, Кесиптик-техникалык билим берүү агенттиги тийиштүү түрдө Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин карамагына кирген.

Буга байланыштуу Кесиптик-техникалык билим берүү агенттигинин (АПТО) штаты 0,9 млн. сом бюджетин өткөрүп берүү менен 7 штаттык бирдикке көбөйгөн.

Бүгүнкү күндө кесиптик техникалык билим берүүнүн окуу жайларынын тармактары 101,0 млн. сомду түзөт. Окуучулардын контингенти 28,6 миң адам. 94 кесиптик техникалык лицейлерде 26,7 миң адам билим алат. Мындан тышкары, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына караштуу 6 КТУ, Токмок шаарында индустриалдык-педагогикалык колледж иштейт. 11,3 миңге жакын адам айыл жергесинде окушат. Эң көп бүтүрүүчүлөр курулуш, айыл чарба, жеңил өнөр жай, тамак аш өндүрүү, тейлөө кызматы сыяктуу тармактарына келет.

Бюджетте каралган каражаттар мамлекеттик билим берүү стандарттарынын негизинде кадрларды ишке даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатууга, калктын социалдык аялуу катмары кесип алууга, мугалимдерди, өндүрүштүк окутуунун чеберлерин аттестациялоо жана квалификациясын жогорулатуу аркылуу билим берүү кызматтарынын сапатын камсыздоо, окуу куралдарын жана методикалык колдонмолорду басып чыгаруу, жумушчу адистиктерге окутуу жана кайра окутууну уюштурууга багытталат.

Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик (вед. билим берүү мек.) РУОР

(млн. сом)

Чыгаша беренелеринин аталышы

2015-жыл (такталган бюджет)

2016-жыл (долбоор)

Четтөө

Агенттик боюнча бардыгы

51,5

54,4

+2,9

бюджеттик каражаттар

51,5

52,8

+1,3

атайын каражаттар

 

1,6

+1,6

Олимпиадалык резерв Республикалык училищасы (РУОР) боюнча 2016-жылга чыгымдар 54,4 млн. сом суммасында каралган, алардын ичинен бюджеттик каражаттардын эсебинен чыгымдар 52,8 млн. сомду түзөт, 2015-жылга бекитилген бюджеттен 1,3 млн. сомго көп, атайын каражаттардын эсебинен 1,6 млн. сом. 2016-жылга бюджеттин долбоорунда "Айрым аңчылык участкаларын жана мүлктүк комплекстерди өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 25-мартындагы № 179 токтомун аткаруу үчүн Олимпиадалык резерв Республикалык училищасы (РУОР) боюнча "Эдельвейс" пионер лагерин күтүүгө 1,3 млн. сом суммасында каражат каралган.

710-бөлүм. "Социалдык коргоо"

"Социалдык коргоо" бөлүмү боюнча 2016-жылга чыгымдар 34587,6 млн. сом суммасында каралган, көбөйүү 2015-жылдын такталган бюджетине карата 6584,2 млн. сом, анын ичинен бюджеттик каражаттардын эсебинен чыгымдар 34575,5 млн. сомду, атайын каражаттардын эсебинен 12,1 млн. сомду түзөт.

"Социалдык коргоо" бөлүмү социалдык камсыздандыруу, калкты социалдык коргоо, эмгек, миграция, жаштар, ишке орноштуруу жана башка маселелерге чыгымдарды камтыйт. Андан сырткары бул бөлүмгө билим берүү системасынын эмгек акысын жогорулатууга байланыштуу (ТТП жаан КТП), Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча улуттук программага жана ЕАЭБга кыргыз Республикасынын кирүүсүнө байланыштуу жол картасы боюнча министрликтердин жана ведомстволордун чыгымдары кирет.

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү бекитилгендигине байланыштуу уюштуруу чаралары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-ноябрындагы № 768 токтому менен, Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине кайра түзүлгөн, борбордук аппараттан 30 бирдик санындагы штат жана эмгек жана ишке орноштуруу чөйрөсүндөгү функцияларды өткөрүп берүү менен кайра түзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин аймактык органдарынын 325 бирдигинде 187,5 млн. сом суммасындагы финансылык каражаттар менен Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине берилет.

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин чыгымдары мамлекеттик жөлөкпулдарды, жумушсуздук боюнча жөлөкпулдарды, компенсациялык төлөөлөрдү, эмгекчилерди социалдык камсыздоону, калкты социалдык коргоо системасынын калкты социалдык тейлөө стационардык мекемелерин күтүүнү жана башкаларды камтыйт. 2016-жылга Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине 683,3 млн. сомго өсүш менен 8265,0 млн. сом суммасындагы акча каражаты каралган, анын ичинен:

- бюджеттик каражаттардын эсебинен 689,3 млн. сомго өсүш менен 8234,3 млн. сомду;

- атайын каражаттардын эсебинен 2015-жылдын бекитилген бюджетине карата 6,0 млн. сомго кыскаруу менен 30,7 млн. сомду түзөт;

- өнүктүрүү бюджетинин эсебинен чыгашалар каралган эмес.

Чыгаша беренелеринин аталышы

2015-жыл

2016-жылга (долбоор план)

Четтөө

Бардыгы

7581,7

8265,0

683,3

Бюджеттик каражаттар

7545,0

8234,3

689,3

Атайын каражаттар

36,7

30,7

- 6,0

Чыгашалар төмөнкү социалдык төлөөлөрдү жана социалдык кызматтарды ишке ашырууга багытталат:

1. Мамлекеттик жөлөкпул - 5474,5 млн. сом, гранттык каражаттарды алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен ЕБ ортосунда түзүлгөн Финансылык макулдашуунун шарттарына ылайык, ГМД көлөмүнүн 10% көбөйүүсүн эске алуу менен.

2. Компенсациялык төлөөлөр жана жеңилдиктер - 1401,6 млн. сом

3. Социалдык камсыздандыруу - 300,0 млн. сом

4. "Мамлекеттик социалдык заказдар жөнүндө" КР Мыйзамын ишке ашыруунун алкагында социалдык кызматтарды өнүктүрүү - 26,9 млн. сом.

5. Социалдык стационардык мекемелер (улгайгандар жана майыптар үчүн жатак үйлөр) - 423 млн. сом.

6. Администрациялоо - 400,6 млн. сом.

7. Ишке орноштуруунун активдүү жана пассивдүү саясатына - 86,7 млн. сом.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Миграция мамлекеттик кызматы

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмүн бекитүүгө байланыштуу уюштуруу чаралары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-ноябрындагы № 768 токтому менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Миграция мамлекеттик кызматы түзүлгөн, ага кайра түзүлүүчү Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинен миграция чөйрөсүндөгү функцияларды өткөрүп берүү менен борбордук аппараттан 48 бирдик санындагы штат жана финансылык жана материалдык-техникалык каражаттар жана Кыргыз Республикасынын жарандарын ишке орноштуруу борбору берилген.

Ошондой эле, 2015-жылдын 15-апрелинде Москва шаарында кол коюлган "Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнүн укуктук статусу жөнүндө" Макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Россия Федерациясында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Миграция мамлекеттик кызматынын өкүлчүлүгү түзүлөт. Өкүлчүлүктү күтүүгө чыгымдар 2016-жылга 20,0 млн. сом суммасында каралган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Миграция мамлекеттик кызматынын 2016-жылга чыгымдары бюджеттик каражаттардын эсебинен 65,9 млн. сом көлөмүндө каралды, анын ичинен бюджеттик каражаттар 64,7 млн. сом, атайын каражаттардын эсебинен 1,2 млн. сом көлөмүндө каралган.

(млн. сом)

Чыгаша беренелеринин аталышы

2016-жыл (болжол)

 

 

Бардыгы

65,9

бюджеттик каражаттар

64,7

атайын каражаттар

1,2

Социалдык фонд

Калкка жеңилдетилген (мөөнөтүнөн мурда) пенсиялык камсыздоо боюнча, аскер кызматкерлерине пенсияларды төлөө, пенсияга жана компенсацияга үстөк акы боюнча мамлекеттик милдеттенмелерди аткаруу үчүн 2016-жылы 17046,4 млн. сом суммасында же 2015-жылга салыштырмалуу 491,1 млн. сомго көп финансылык ассигнования каралган.

Социалдык фондго трансферттер

(млн. сом)

 

2015-жыл такт.

2016-жыл

Четтөө

Бардыгы

16555,3

17046,4

491,1

Бюджеттик каражаттар

16555,3

17046,4

491,1

Согуштун, эмгектин жана Куралдуу күчтөрдүн жана укук коргоо органдарынын Ардагерлеринин республикалык кеңеши

2002-жылдын 11-мартында № 34 кабыл алынган "Согуштун, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык колдоо көрсөтүү үчүн 2015-жылдын деңгээлинде 0,7 млн. сом каралган.

Азиздер жана дүлөйлөр кыргыз коому

"Азиздер жана дүлөйлөр кыргыз коомунун өндүрүштүк ишканаларын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 27-августундагы № 243 Жарлыгына ылайык, салыктар жана жыйымдар жана Социалдык фондго чегерүүлөр боюнча өз ара эсептешүүлөргө, б.а. колдонуудагы мыйзамдар боюнча салыктарды төлөөдөн жана чегерүүлөрдөн бошотулбаган бөлүгүнө азиздер жана дүлөйлөр коомунун майыптары үчүн 28 млн. сом суммасындагы бюджеттик ассигнование, каралган.

Жалпы мамлекеттик чыгымдар
(мамлекеттик программалар, иш-чаралар жана төлөмдөр)

- Ордун толтуруу жана КНСти кайтарып берүү - 850,0 млн. сом;

- Коммерциялык банктардын пайыздык коюмдарын субсидиялоо - 400,0 млн. сом;

- Соттун чечимин аткаруу - 190,3 млн. сом;

- Чек ара аймактарын өнүктүрүү - 100,0 млн. сом;

- "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААКны капиталдаштырууга - 300 млн. сом.

Социалдык төлөмдөрдү жогорулатууга 8 692,8 млн. сом каралган, анын ичинде:

- Мугалимдерге эмгек акы - 5706,8 млн. сом;

- Техникалык тейлөө персоналдарына, кенже тейлөөчү персоналдарга эмгек акы - 541,2 млн. сом;

- Коммуналдык кызматтар - 1222,9 млн. сом;

- Жол картасы боюнча чыгымдарга (ЕАЭБга кирүү) - 172,8 млн. сом;

- Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн улуттук программасын аткарууга - 174,0 млн. сом;

- Табигый кырсыктардын кесепетин жоюу боюнча иш-чараларга (сертификаттар) - 500,0 млн. сом;

- Эл аралык уюмдарга төгүмдөр - 450,0 млн. сом.

Өнүктүрүү бюджети

2016-2018-жылдарда капиталдык салымдарга чыгашаларды артыкчылыктуу тартипте социалдык-экономикалык маанидеги объекттерди, анын ичинде билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, спорт чөйрөсүндөгү объекттерди курууга жана кайра конструкциялоого, суу чарба объекттерин курууга, Бишкек шаарынын жаңы конуштарынын социалдык жана инженердик инфраструктураларын өнүктүрүүгө, ошондой эле республикадагы стратегиялык маанидеги жана чек арага жакын жайгашкан райондордогу автожолдорду курууга жана кайра конструкциялоого, маанилүү мамлекеттик максаттуу программаларды жана бул программаларга киргизилбеген айрым социалдык маанилүү маселелерди чечүү үчүн багыттоо пландалууда.

Мында, 2016-жылы "Жерүйдү" ишке ашыруудан түшкөн 3,1 млрд. сом көлөмүндөгү пландалган каражаттардын калдыгына ылайык, "капиталдык салымдар" беренеси боюнча чыгымдар биринчи кезекте табигый кырсыктардан жабыр тарткан билим берүү объекттеринин жана авариялык объекттерин курулушун аяктоого жана кайра конструкциялоого, ошондой эле курулушу жогорку даярдыктагы объекттерге багытталат.

2016-жылга республикалык бюджет жана 2017-2018-жылдарга болжолу долбоорунда 1411,0 млн. сом көлөмүндө каражаттар пландалууда, ошондой эле 3100,0 млн. сом көлөмүндө пландалган каражаттардын калдыгын эске алуу менен, б.а. "капиталдык салымдар" беренеси боюнча каражаттар 4510,9 млн. сом көлөмүндө болжолдонуп жаткандыгын белгилеп кетүү керек.

Жыл сайын "капиталдык салымдар" беренеси боюнча чыгымдардын көлөмү толук каржылоо үчүн фактылай зарыл болгондон аз пландалып жаткандыгын белгилейбиз. Бюджеттин долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү этабында бюджетке кошумча каражаттарды тапкан учурда, бул каражаттар капиталдык салымдарга багытталат. Бул ресурстардын чектүү шартында "капиталдык салымдарды" пландоо калдык принциби боюнча жүргүзүлүп жаткандыгын билдирет

Объектилер тизмеси бюджеттик камсыздалбаганына карабастан бекитилет.

Капиталдык салымдардын олуттуу көйгөйү аякталбаган курулуш болуп саналат. Бардык тапшырыктар камтууга умтулуу каражаттардын чачылып кетишине, жана негизинен долбоорлор пландалган жылга бүткөрүлбөй калат.

Капиталдык салымдардын фактылай бөлүгү өзгөчө кырдаалдарга (табигый кырсыктан жабыр тарткан социалдык обьекттердин курулушуна, көпүрө, мектептердин бузулуп калууларын калыбына келтирүү ж.б.) чыгымдалат. Ошондой эле капиталдык салымдардын маанилүү көлөмү Бишкек жана Ош шаарларынын жалпы курулуштар зонасындагы инженердик жана социалдык инфраструктура обьекттерине багытталат. Капиталдык салымдарды пайдалануунун бул багыттары иш жүзүндө капиталдык салымдар негизинен учурдагы маселелерге жана аргасыз болуп саналган чыгымдарга багытталат, мында экономиканы өнүктүрүүгө алар кыйыр натыйжа гана берет.

Дем берүүчү (үлүштүк) гранттар

Үлүштүк ( дем берүүчү ) гранттар беренеси боюнча "2016-жылга республикалык бюджет жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна 500,0 млн. сом суммасында каражаттар каралган.

"Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 230 токтомуна ылайык, бул каражаттар билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, спорт, турак-жай-коммуналдык, айылдык, суу чарба жана башка объекттердин көмөкчү жана кошумча объекттерин оңдоо, кайра конструкциялоо көрктөндүрүү жана курулушту каржылоо боюнча артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашырууга багытталат жана жергиликтүү бюджеттин, эл аралык уюмдардын жана башка субъекттердин мобилизацияланган ресурстарына кошумча долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кош каржылоо түрүндө берилет.

Мамлекеттик инвестициялар программасы

2016-2018-жылдарда мамлекеттик инвестицияларды бюджеттик каржылоонун жалпы суммасы бардык булактардан 136603,4 млн. сомду түзөт. Мында, зайымдардын жана гранттардын эсебинен тышкы каржылоо үлүшү (132887,4 млн. сом) каржылоонун жалпы суммасынын 97,3%, МИП долбоорлорун кош каржылоого бул сумманын 2,7%ы пайдаланылган (3716,0 млн. сом).

Бул мезгилде олуттуу чыгымдар салттуу түрдө экономикалык секторго туура келет (энергетика, транспорт, айыл чарбасы, ирригация, айылды суу менен жабдуу) жана 124399,4 млн. сомду же жалпы чыгымдын 91,1%ын түзөт.

Социалдык секторго 5663,9 млн. сом, анын ичинен: 2016-2018-жылдардагы мезгилде Билим берүү жана илим министрлигине 4734,3 млн. сом күтүлүүдө, Саламаттык сактоо министрлиги 929,6 млн. сом.

2016-2018-жылдарга республикалык бюджеттин долбоорунда МИП бюджети административдик бюджеттик классификацияга ылайык министрликтер жана ведомстволор боюнча берилген.

2016-2018-жылдардагы мезгилде гранттык жана кредиттик каражаттарды кайра кредиттөөгө 45595,5 млн. сом жумшоо пландалууда. Анын ичинен, кредиттик каражаттардын эсебинен - 40853,7 млн. сом, гранттык каражаттар - 4741,8 млн. сом.

Каржылоонун көбүрөөк көлөмү транспорт секторуна (61240,9 млн. сом) туура келет.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги боюнча чыгымдардын маанилүү көлөмү белгиленген мезгилде төмөнкүлөрдүн эсебинен күтүлүүдө: Кытай Эл Республикасы тарабынан каржылануучу долбоорлор: "Түндүк-Түштүк" альтернативдүү жолунун курулушу (15056,9 млн. сом), "Түндүк-Түштүк" альтернативдүү жолунун экинчи фаза (14495,2 млн. сом), "Кыргыз Республикасында автожолдордун эки участкасын реабилитациялоо" (1290,5 млн. сом); "Транспорттук коридор-1 ЦАРЭС үчүнчү долбоору" АӨБ негизги жана кошумча долбоорлору АӨБ (Бишкек-Нарын-Торугарт" автожолу (1016,4 млн. сом), "ЦАРЭС 3 коридорун өркүндөтүү" (Бишкек-Ош автожолун, Бишкек - Кара-Балта участогун) Фаза 4 (6577,6 млн. сом); Араб координациялык тобу тарабынан каржылануучу "Бишкек-Нарын-Торугарт" долбоору, (2651,1 млн. сом); "Ош-Бактен-Исфана" автожолун реабилитациялоо ИӨБ долбоору (1234,5 млн. сом), ИӨБ жана СФР тарабынан каржылануучу "Тараз-Талас-Суусамыр - 3" автожолун реабилитациялоо" долбоору (1074,7 млн. сом); АКФ ЕАБР "Бишкек-Ош автожолун жакшыртуу Фаза 4" долбоору (744,3 млн. сом) ж.б.

Экономика министрлиги боюнча чыгымдардын олуттуу көлөмү белгиленген мезгилде төмөнкүлөрдүн эсебинен: "500 кВ "Датка-Кемин" электр өткөргүч линияларынын курулушу жана 500 кВ "Датка" подстанциясы (1262,9 млн. сом), "Бишкек шаарынын ЖЭБ кайра конструкциялоо" (10664,1 млн. сом). Белгиленген мезгилде Азия Өнүктүрүү банкынын "Энергетика секторун өнүктүрүү" долбоору (1356,8 млн. сом), "Энергетика секторун реабилитациялоо" (12866,7 млн. сом) жана "Энергетика секторун реабилитациялоо" долбоорунун пландалган экинчи жана үчүнчү фазасы (2 фаза - 4881,3 млн. сом, 3 фаза - 5190,4 млн. сом), Дүйнөлүк банктын пландалган долбоорлору, "CASA-1000" долбоору (5097,0 млн. сом), "Электр менен жабдуунун отчеттуулугун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу " долбоору (1367,7 млн. сом); Ислам өнүктүрүү банкынын "Бишкек жана Ош шаарларын электр менен жабдууну жакшыртуу" долбоору (517,5 млн. сом), "Лейлек районунун Арка массивин электр менен жабдууну жакшыртуу" (747,1 млн. сом) долбоорлору, "Ат-Башы ГЭСин реабилитациялоо" Швейцария Конфедерациясын тарабынан каржылануучу долбоорлор (1425,7 млн. сом) ж.б.

Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин өнүктүрүү бюджетинин финансылык көрсөткүчтөрү 11755,9 млн. сомду түзөт. 2016-2018-жылдарда "Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү" (МФСР), Ички чарбалык сугат экинчи долбоору үчүн кошумча каржылоо (ДБ), "Кыргыз Республикасында айыл чарба техникаларын жабдып-жеткирүүнү каржылоо" (ЕАБР) долбоорлорун ишке ашыруу улантуу, "Жайыт ресурстарын жана мал чарбасын башкаруу" долбоорлорун баштоо пландалууда (ДБ), айыл чарба секторундагы долбоорлорду каржылоо жана Кыргыз Республикасында айылдык региондорду өнүктүрүү (Польша) ж.б. пландалууда.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин финансылык көрсөткүчтөрү белгиленген мезгилге 8471,9 млн. сом. Суу менен жабдуу жана санитария, ошондой эле Швейцария Конфедерациясы, ЕКӨБ жана ЕИБ тарабынан каржылануучу Кыргыз Республикасынын шаарларында тиричилик техникаларын башкаруу боюнча долбоорлорду баштоо, улантуу жана аяктоо пландалууда. Ошондой эле, "Калабына келтирүү жана кайра конструкциялоо үчүн өзгөчө жардамдар" АӨБ долбоорлору улантылат. "Бишкек шаарынын транспортун өнүктүрүү 2" (ЕБРР), "Ош шаарынын транспортун өнүктүрүү" (ЕБРР), "Бишкек шаарын суу менен жабдуу жана канализациясын реабилитациялоо - фаза 2", (Швейцария, ЕБРР), "Нарын, Токмок, Баткен, Кант жана Кара-Балта шаарларынын суу менен жабдуу системасын жакшыртуу" (ЕБРР), "Жалал-Абад жана Ош шаарларынын тиричилик таштандыларын башкаруу" (ЕБРР, ЕИБ) долбоорлорун баштоо пландалууда.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Мамлекеттик агенттиктин финансылык көрсөткүчтөрү белгиленген мезгилге 2121,3 млн. сомду түзөт.

"Айылды инвестициялоо долбоору 3" (ДБ, КфВ), "Шаарды пландаштыруу жана өнүктүрүү" долбоору" (ДБ), "Кыргыз Республикасынын айылдарын туруктуу өнүктүрүү" (ИӨБ) долбоорлору ишке ашырылат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин долбоорлорунун финансылык көрсөткүчтөрү белгиленген мезгилге 731,2 млн. сом.

"Климаттын өзгөрүү шартында токой чарбасын башкаруу" (ДБ) долбоору ишке ашырылат.

2016-2018-жылдарда Финансы министрлиги боюнча чыгымдардын күтүлгөн өлчөмү чыгашалардын жалпы көлөмүндө 2762,8 млн. сомду түзөт. 2016-2018-жылдарда Немец өнүктүрүү банкынын (КфВ) "Айыл региондорунун финансы системасын өнүктүрүү - 2" долбоору аяктайт. Ысык-Көлдү туруктуу өнүктүрүү (АБР) долбоорун улантуу жана "Ысык-Көлдү туруктуу өнүктүрүү - 2" (АБР) экинчи фазасы баштоо пландалууда.

Мындан тышкары, 2016-2018-жылдарда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги боюнча чыгымдар 227,9 млн. сомду түзөт.

Бюджеттин тартыштыгы

2016-жылга республикалык бюджеттин тартыштыгы 22453,8 млн. сомду түзөт, бул ИДПга карата 4,5%.

Бюджеттин тартыштыгын жабууга 2016-жылы 22453,8 млн. сом суммасында каржылоо булактары каралган.

Ички булактар боюнча - 8588,3 млн. сом суммасында терс сальдо каралган, анын ичинен:

Ички булактардан түшүүлөр 1873,4 млн. сомду түзөт.

- Мамлекеттик баалуу кагаздарды сатуудан түшүүлөр 10000,0 млн. сом;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эсебиндеги калдыктар 3184,0 млн. сом;

- Мамлекеттик инвестициялар программасынын кредиттерин жана гранттарын кайра каржылоо - 15893,3 млн. сом;

- Кредиттер, ссудалар жана зайымдар (чыгаруу) атайын каражаттар - 5,6 млн. сом;

- Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү 3156,6 млн. сом;

- Бюджеттик ссудаларды кайтаруу 1431,8 млн. сом.

Ички булактардан тындыруу - 10461,7 млн. сом:

- Ички карыздын негизги суммасын тындыруу - 10161,7 млн. сом өлчөмүндө болжолдонууда;

- Акциялар жана ага катышуунун башка формалары - 300,0 млн. сом.

Тышкы булактар боюнча 31042,0 млн. сом суммасында оң сальдо каралган, анын ичинен:

Тышкы программалык зайымдардан түшүүлөр 37151,4 млн. сомду түзөт:

- МИп кредиттери 34504,4 млн. сом;

- Өнүктүрүү саясатын колдоого операциялар (ДБ) 855,4 млн. сом;

- Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо (SWAP) 106,9 млн. сом;

- Кеңейтилген кредиттик механизм (МВФ) 1684,8 млн. сом.

Тышкы карыздын негизги суммасын тындырууга - 6109,4 млн. сом суммасында каралган.

Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджетин аткаруунун тобокелчиликтери

2016-жылга республикалык бюджетти аткарууда төмөнкүдөй белгилүү бир тобокелчиликтер бар:

I. Макроэкономикалык тобокелчиликтер

Кыргыз Республикасынын экономикасы ачык экономика болуп саналат жана алтын өндүрүүдөн, акча которуудан, транзиттик соодадан жана тышкы жардамдардан көз карандылыгы менен мүнөздөлөт. Бул көз карандылык экономиканын тышкы жана ички толкундоолорунун аярлуулугун шарттайт жана Кыргызстандын экономикасы дагы деле болсо жетиштүү эмес туруктуу бойдон калууда.

Кыргыз Республикасы ошондой эле импортко көз каранды өлкө болуп саналат жана азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарлардын маанилүү бөлүгү негизги соода өнөктөш өлкөлөрдөн ташылып келинет, бул ички баалардын өсүшүн алдын ала аныктайт жана стимулдайт.

2016-2018-жылдарда ИДПнын өсүшүнө таасир көрсөтүшү мүмкүн болгон негизги тышкы жана ички тобокелчиликтерге:

- дүйнөлүк экономиканын туруксуздугу;

- алтынга болгон дүйнөлүк баанын өзгөрүүсү (волотилдүүлүгү);

- азык-түлүк товарларына баанын өсүшүнүн эсебинен инфляциянын деңгээлин жогорулатуу;

- азык-түлүк товарларын, мунай заттарды жана газды импорттоодон ички рыноктун көз карандылыгы;

- айыл чарбасын өнүктүрүүгө терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон табигый-климаттык фактор кирет.

2015-жылдан баштап Кыргызстандын Евразия экономикалык мейкиндигине кошулушуна байланыштуу Кыргызстандын Евразия экономикалык бирлигине кошулушуна (мындан ары - ЕАЭБ) жана аларды администрациялоодо кыйыр салыктардын салыктык базасын азайтууга байланыштуу:

- импорттун көлөмүнүн арымын ЕАЭБнын алкагында да, ошондой эле үчүнчү өлкөлөр менен да мүмкүн болгон азайтуу;

- КНСтин салыктык базасын азайтуу (салык салынуучу импорттун наркына транспорттук чыгымдар, камсыздандыруу, жыйымдар кирет);

- ЕАЭБга мүчө мамлекеттерден декларациялоосуз жана салык органдарына отчетторду бербестен импортту ишке ашыруучу жеке жактардан жана чакан бизнестен мүмкүн болгон түшпөй калуулар.

II. Республикалык бюджеттин ресурстук бөлүгү боюнча

1. Салыктык төлөмдөр боюнча

- ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импорттун көлөмүнүн улантылып жаткан азаюу тенденциясы. 2014-жылдын ушул мезгили менен салыштырмалуу, үчүнчү өлкөлөр менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн импортунун консолидацияланган көлөмү 2015-жылдын январь-сентябрь айларынын жыйынтыгы боюнча 36,8%га азайган. Аталган тенденциянын негизинде, салыктардын жана бажы төлөмдөрүнүн баалануучу түшпөй калуулары 2 млрд. сом тартибин жана андан ашыкты түзөт.

- 2016-жылдын 1-январынан баштап сатуудан алынуучу салыкты жокко чыгаруу же этабы менен жокко чыгаруу тууралуу чечимдерди кабыл алуу мүмкүн. Алсак, 2016-жылга бюджеттин долбоорунда сатуудан алынуучу салыктын болжолунун жалпы суммасы 9,6 млрд. сомду түзөт. Салыкты жокко чыгаруу боюнча кабыл алынган сценарийдин негизинде, баалануучу түшпөй калуулар 1,5-6,0 млрд. сом тартибин түзөт.

- өлкөнүн экономикасына инвестициялоочу жана жумуш орундарды түзүүчү ишканалардын пайдасынан алынуучу салыктан бошотуу бөлүгүнө, Салык Кодексине ченемдерди киргизүү менен байланыштуу, пайдадан алынуучу салык боюнча түшүүлөрдүн төмөндөөсү. Мында, түшпөй калуу суммасын баалоо бүгүнкү күндө көптөгөн факторлордун болуусуна байланыштуу мүмкүн эмес.

2. Мамлекеттик менчикти менчиктештирүүдөн каражаттардын түшүүсү боюнча

2016-жылга бюджеттин долбоорунда мамлекеттик менчикти менчиктештирүүдөн түшүүнүн болжолу 3,2 млрд. сом суммасында каралган. Мында, каралып жаткан объект боюнча суроо-талап жок болгон учурда, бул каражаттардын кем түшүү тобокелчилиги бар.

3. Мамлекеттик баалуу кагаздарды (МБК) чыгаруудан каражаттардын түшүүсү боюнча

2016-2018-жылдарда мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруудан каражаттардын толук көлөмдө түшүүсү, жалпысынан, Кыргыз Республикасынын финансы рыногундагы түзүлгөн кырдаалга, анын ичинде кирешелүүлүктүн көрсөткүчтөрүнүн өзгөрүүсүнө жана МБК суроо-талаптарына жараша болот.

4. Тышкы булактар боюнча

Программалык жардамдын алкагында 5241,0 млн. сом (же 83,88 млн. АКШ долл.) өлчөмүндө каражаттардын түшүүсү пландалууда, алардын ичинен 2. 647,0 млн. сом (43,85 млн. АКШ долл.) кредит жана 2593,9 млн. сом (40,03 млн. АКШ долл.) грант төмөнкү программалар боюнча:

1. Дүйнөлүк банктын (мындан ары - ДБ) "Өнүктүрүү саясатын колдоодогу операциялар" 24,0 млн. АКШ долл. өлчөмүндө;

2016-жылы бул программа боюнча реформалар саясатынын шарттарынын Матрицасынын долбоору иштелип чыккан. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан реформалар саясатынын шарттарынын Матрицасын ийгиликтүү аткарууда бул каражаттар 2016-жылы өлкөнүн бюджетин колдоо үчүн түшөт.

2. Эл аралык валюта фондунун (мындан ары ЭВФ) "Кеңейтилген кредиттик механизм" программасы 26,0 млн. АКШ долл. өлчөмүндө;

Кыргыз тараптан ЭВФнын бул программасынын алкагындагы максаттуу жана контролдук көрсөткүчтөрдү аткарууда (жакшыртуу) программанын экинчи жылынын 26,0 млн. АКШ долл. (ар бир транш 13,0 млн. АКШ доллардан) жалпы суммасындагы үчүнчү жана төртүнчү траншын бөлүү пландалууда.

3. ДБ, Швейцария Элчилиги жана Германия өнүктүрүү банкы донорлору тарабынан биргеликте төмөнкү макулдашуулар боюнча 11,08 млн. АКШ долл. өлчөмүндө каржылануучу саламаттык сактоо жана социалдык коргоо;

- Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо SWAp-2 - 9,43 млн. АКШ долл. (грант)

- Саламаттык сактоону экинчи кошумча каржылоо (SWAp) - 1,65 млн. АКШ долл. (кредит)

Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Дүйнөлүк банкка отчеттор жана сатып алуулар планы жетишсиз берилген учурда 2016-жылы каражаттарды кеч алуу тобокелчилиги бар.

4. Европа Бирлигинин (мындан ары ЕБ) "Секторго контракт - Кыргыз Республикасын социалдык коргоо" программасы 8,0 млн. евро (8,8 млн. АКШ долл.);

Азыркы учурда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Секторго контракт - Кыргыз Республикасын социалдык коргоо" 3 жылдык программаны ишке ашырат жана бардык коюлган шарттарды ийгиликтүү аткарууда ЕБ өлкөнүн бюджетин колдоого 8,0 млн. евро сом өлчөмүндөгү биринчи траншты бөлөт.

5. ЕБ "Билим берүү секторун колдоо" программасы 10,0 млн. евро (11,0 млн. АКШ долл.) өлчөмүндө.

Азыркы учурда, ЕБ менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда билим берүү секторунда жаңы 3 жылдык программа иштелип чыгууда. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан реформалоо саясатынын шарттарынын матрицасынын долбоорун ийгиликтүү аткарууда бул программа боюнча 2016-жылы 10,0 млн. евро өлчөмүндөгү биринчи транш келип түшөт.

6. Түркия Республикасынын кредити 3,0 млн. АКШ долл. өлчөмүндө.

Кыргыз Республикасы 2012-жылдан баштап 2015-жылдын ноябрына чейин бул кредиттин алкагында 100,0 млн. АКШ долларынын 97,0 млн. АКШ долларын алды.

Министрликтер жана ведомстволор тарабынан бул кредиттин алкагында каржылануучу долбоорлордун каражаттарын өз учурунда өздөштүрүүдө 2016-жылы 3,0 млн. АКШ долл. 8-транш пландалууда.

7. Саламаттык сактоо сектору үчүн "Натыйжалардын негизинде каржылоо" Программасы 3,6 млн. АКШ долл. өлчөмүндө, ал Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин атайын каражаттары болуп саналат.

Эл аралык финансы институттарынын программаларынын шарттарын аткарууга тартылган Кыргыз Республикасынын айрым министрликтери жана ведомстволору бул программанын шарттарын аткарбоодо өз жоопкерчиликтерин толугу менен түшүнбөй тургандыгын белгилеп кетүү зарыл, ал өз кезегинде терс натыйжаларга жана финансылык каражаттарды кем алууга алып келиши мүмкүн.

5. Бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттер боюнча карыздарды тындыруу боюнча

2016-жылы түшпөй калуу тобокелчиликтери бар, анткени зайымчылар төлөмдөрдүн жана мамлекеттик зайым каражаттар боюнча карыздардын мөөнөтүн узартуу жана эсептен чыгаруу өтүнүчтөрү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн дарегине кайрылууда.

- Энергетика комплексиндеги оор кырдаалга байланыштуу, "Кыргызстандын УЭТ" ААК жана "Электр станциялары" ААКдан күтүлүүчү түшүүлөрдүн эсебинен кирешелер төмөндөшү мүмкүн, алсак, аталган субъекттер талап кылынган көлөмдө өздөрүнүн милдеттенмелерин аткара албай жаткандыгын мурунку жылдардын тындыруу динамикасы көрсөтүп жатат.

"Кыргызстандын УЭТ" ААКдан 919990,0 миң сом суммасында, "Электр станциялары" ААКдан 429510,0 миң сом суммасында түшүүлөр болжолдонууда. Бирок, жыл сайын, күзгү-кышкы мезгилинен өтүү үчүн Евразия өнүктүрүү банкынан мөөнөтү 1 жыл болгон 30000,0 миң АКШ долл. суммасында кредиттерди алышат. "Электр станциялары" ААКнын Евразия өнүктүрүү банкынын кредити боюнча тындыруусу мамлекеттик зайым каражаттар боюнча кредиттик карыздарды тындырууда терс чагылдырылат.

Электр жана жылуулук энергияларына колдонуудагы тарифтер кредиттер боюнча милдеттенмелерди толук тындыруу үчүн жетишсиз. Мында, 2015-жылы "Электр станциялары" ААКнын мөөнөтү өткөн карызы 969743,85 миң сом жалпы суммасына кайра структуралаштырылган, бул республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн төмөндөшүнө таасирин тийгизет.

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин тапшырмасына ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эки буйрук долбоору демилгеленген:

- "Кыргызстандын УЭТ" ААКнын мамлекеттик зайым каражаттары боюнча мөөнөтү өткөн карызын кайра структуралаштыруу жана Ислам өнүктүрүү банкынын каражатынан 16250,0 миң АКШ доллар суммасында кредиттерди берүү жөнүндө;

- "Электр станциялары" ААКнын мамлекеттик зайым каражаттары боюнча мөөнөтү өткөн карызын кайра структуралаштыруу жана "Энергетика секторун өнүктүрүү саясатын колдоодогу Операциялар" программасынын алкагында МАР тарабынан бөлүнүүчү каражаттардын эсебинен 200000,0 миң сом өлчөмүндө кредиттик каражат бөлүү жөнүндө.

III. Республикалык бюджеттин чыгымдар бөлүгү боюнча

Республикалык бюджеттин чыгымдар бөлүгү боюнча төмөнкүдөй багыттагы тобокелчиликтер болушу мүмкүн:

1. Социалдык блок боюнча

2015-жылы жалпы билим берүү жана баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарынын эмгек акысын, социалдык чөйрөдөгү мекемелердин кенже тейлөөчү жана техникалык персоналдарынын эмгек акысын жогорулатууга байланыштуу, 2016-жылы башка категориядагы кызматкерлердин - дарыгерлердин, социалдык коргоо жана маданият кызматкерлеринин, мектептен тышкаркы, орточо атайын жана жогорку билим берүү уюмдарынын педагог кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга чыгымдардын көбөйүшү боюнча тобокелчиликтер болушу мүмкүн.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча социалдык чөйрөнүн калган категориядагы кызматкерлеринин эмгек акысын 50%га жогорулатууга жылына 2,7 млрд. сомдон көп керектелет.

- 2016-жылы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүүгө байланыштуу болжолдуу эсептөөлөр боюнча 195 млн. сом зарыл.

- Коомдук телерадиокомпания (КТРК) үчүн көчмө телевизиондук станцияларды сатып алууга 234,0 млн. сом тартибинде зарыл.

2. Жергиликтүү бюджет боюнча

Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке трансферттердин эсепке киргизилбегендигине байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын 2014-2017-жылдарга карата электр жана жылуулук энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 660 токтомун ишке ашырууга байланыштуу 36,0 млн. сом суммасында чыгымдардын көбөйүү тобокелчиликтери бар.

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 9-июлундагы № 127 Мыйзамын ишке ашыруу менен байланышкан 100,0 млн. сомдон жогору суммада чыгашалардын көбөйүшү боюнча тобокелчиликтер. Аталган Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө мамлекеттик бийлик органдары бир эле мезгилде мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү менен аларды аткаруу үчүн зарыл болгон материалдык, финансылык же башка ресурстарды, анын ичинде республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке максаттуу трансферттерди (субвенцияларды) караган учурларда гана жол берилет.

3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ички карызы боюнча пайыздык төлөмдөрдүн көбөйүшү боюнча тобокелчиликтер

Жогоруда болжолдонгон инфляциянын көбөйүү шартында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ички карызын тейлөө боюнча пайыздык төлөмдөрдүн көбөйүү тобокелчилиги келип чыгышы мүмкүн, анткени ички карыз боюнча мамлекеттик баалуу кагаздар (МБК) боюнча кирешелүүлүк МКБ рыногунун катышуучулары тарабынан, анын ичинде күтүлүүчү инфляцияны эске алуу менен белгиленет.

4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карыздарын тейлөө боюнча тобокелчиликтер

Курстук айырманын тобокелчиликтери. Сомго карата АКШ долларынын курсу жогорулаган учурда, ошондой эле АКШ долларына карата башка валюталардын (евро, япон йени, карыз алуунун атайын укуктары (КАУ) ж.б.) кросс-курсу жогорулаган учурда мамлекеттик тышкы карызды тейлөө үчүн белгиленген бюджеттик каражаттардын жетишсиз болуу тобокелчилиги келип чыгышы мүмкүн.

ИДПга карата мамлекеттик тышкы карыздын чектик деңгээлинен ашып кетүүсү

ИДПнын көлөмүнүн азаюу жагына макроэкономикалык кырдаалдын өзгөрүүсү, АКШ долларынын курсунун өзгөрүшү, МИП кредиттери жана программалык зайымдар боюнча өздөштүрүүнүн маанилүү көлөмү ИДПга карата 60% мамлекеттик тышкы карыздын чектик маанисин бузууга таасир бериши мүмкүн, ал 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүктүрүү улуттук стратегиясына (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген), ошондой эле "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карыз жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2001-жылдын 21-сентябрындагы № 83 Мыйзамына ылайык белгиленген.

5. Соттук териштирүүлөргө байланыштуу тобокелчиликтер

2016-жылы ички талаш-тартыштар боюнча соттук териштирүүлөргө байланыштуу тобокелчиликтер бар.

- Медициналык стаж үчүн медициналык системасынын кызматкерлеринин соттук талаш-тартыштары боюнча. "Жарандардын ден соолугун коргоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде 2005-жылдан баштап 2009-жылга чейин медициналык стаж үчүн саламаттык сактоо системасынын кызматкерлеринин үстөк акысын эсептөө маяна боюнча эмес, эмгек акыдан эсептелүүгө тийиш. Мында, доонун эскирүү мөөнөтү эмгек акыны өндүрүп алууга жайылтылбайт. Тийиштүү түрдө медициналык стаж үчүн төлөөлөр боюнча айырманы өндүрүү жөнүндө доо кылуу бардык учурларда ишке ашырылышы мүмкүн.

Медицина кызматкерлеринин доо арыздарын канааттандырууда сот чечимдерин аткарууга республикалык бюджеттен каражаттарды бөлүңү тобокелчилиги бар.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө коюлган талаптар боюнча эл аралык арбитраждык талаш-тартыштардын алкагында соттук териштирүүлөргө 2015-жылдын деңгээлиндеги каражаттар талап кылынат.

2015-жыл үчүн берилген доо арызы боюнча республикалык бюджеттен 768,6 млн. сом суралууда.

Жалпысынан, акыркы жылдар үчүн республикалык бюджетти талдоодо республикалык бюджет мамлекеттик чыгымдарды жана милдеттенмелерди жыл сайын олуттуу күчөтүү тенденциясына ээ экендигин көрсөтүп турат, бул бюджеттик жана финансылык туруктуулукка терс таасирин тийгизет.

Жалпысынан 2016-жылга республикалык бюджеттин долбоору төмөнкү факторлор менен мүнөздөлөт:

- өнүктүрүү бюджетинин өсүшүн кармап туруунун эсебинен мамлекеттик бюджет (жалпы чыгымдардын үлүшү 50% жогору)

- республикалык бюджеттин тышкы каржылоо булактарынан олуттуу көз карандылыгы;

- республикалык бюджеттин маанилүү тартыштыгынын болуусу (2016-жылы. ИДПга карата 4,5%); мамлекеттик карызды кармап туруу зарылдыгы;

- ички булактардан карыз алуунун начар өнүккөн системасы;

- экономикалык өсүшкө түрткү берүүчү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн өнүктүрүү бюджетинин каражаттарынын жетишсиздиги;

- кошумча акчалай каражаттарды табууну талап кылган, каржылоо булактары менен бекитилбеген ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу;

- республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттин олуттуу көз карандылыгы (бюджет аралык өз ара мамилелердин дотациялык мүнөзү).

2016-2018-жылдарда бюджеттик туруктуулуктун ликвиддүүлүгүн жана ага таасир тийгизүү менен байланышкан тобокелчиликтер болжолдонууда:

- жыл ичинде бюджетке ресурстардын бирдей эмес (квартал боюнча) түшүүлөрү;

- өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу, иштерди аткаруунун мезгилдүүлүгү (күзгү-кышкы жылытуу мезгили, жазгы талаа жумуштары ж.б.) менен байланышкан белгилүү бир мезгилинде бюджетке жүктүн маанилүү көбөйүүсү;

2016-2018-жылдарда республикалык бюджетти аткаруунун тобокелчиликтерин минималдаштыруу максатында төмөнкү иш-чаралар ишке ашырылат:

- Республикалык бюджетти баланстуулугун (теңдөө) камсыздоо.

- Финансылык (бюджеттик) тартипти күчөтүү. Министрликтер жана ведомстволор тарабынан аларга каралган бюджеттик каражаттарды так артыкчылыктар боюнча чыгымдоону күчөтүү.

- Жергиликтүү бюджеттин дотациялуулугун этап боюнча азайтуу.

- Социалдык-багыттоо бюджетинен өнүктүрүү бюджетине өтүү. Бир жолку түшүүлөрдү (мисалы Жерүйдөн каражаттар) толугу менен өнүктүрүү бюджетине багыттоо.

- Натыйжага багытталган программалык бюджеттештирүү механизмин киргизүү.

- Министрликтердин жана ведомстволордун жаңы чыгаша демилгелерин кабыл алуудан, анын ичинен финансылык бекитилбеген эмгек акыны жогорулатуудан кармануу жана аларга мораторий киргизүү.

_______________

Эскертүү:

(1)  Экономика тармактарынын өсүшү кошумча нарк боюнча келтирилди.

(2) Давальдык чийки затты эсепке алуу менен дүң нарк боюнча өсүш темпи келтирилди жана электрэнергиясын сатып алуу наркын алып салуу менен.

(3) Өсүш темпи дүң наркы боюнча келтирилди.

 

Кыргыз Республикасынын Финансы министри

 

А.Касымалиев

"Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна
НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМ КАТ

"Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын 2016-2018-жылдарга республикалык бюджетинин долбоору даярдалды. Бул долбоор Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 19-июнундагы № 5274-V токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2016-жылга бюджеттик резолюциясында жана 2017-2018-жылдарга болжолунда аныкталган негизги артыкчылыктарды жана багыттарды эсепке алуу менен иштелип чыкты. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча Координациялык кеңештин 2015-жылдын 13-майындагы № 16-40 чечими менен жактырылган Кыргыз Республикасынын бюджетинин орточо мөөнөттүү болжолунун параметрлери бюджеттин долбоорундагы эсептин негизи катары алынды.

2013-2015-жылдардагы өнүгүү тенденциясын талдоо; макроэкономикалык туруктуулукту сактоо; туруктуу экономикалык өсүүнү камсыздоо; 2013-2017-жылдардагы мезгилге Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү улуттук стратегиясы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн улуттук экономиканы бекемдөө боюнча 2016-жылга иш-чараларынын Планы 2016-2018-жылдарга экономикалык көрсөткүчтөрдүн болжолун иштеп чыгуунун базасы болуп калды.

Сунушталган Мыйзам долбоорунда 2016-2018-жылдарга Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын киреше базасын түзүү Кыргыз Республикасынын ЕАЭСке кирүүсүн, бир катар жылдардагы иш жүзүндөгү түшүүлөрдү, 2015-жылда кирешелердин түшүүлөрүн баалоону эсепке алуу менен, 2016-2018-жылдарга өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолунун базасында жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын негизинде жүргүзүлдү.

Мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү МИП гранттарын эсепке алуу менен 2016-жылга 141433,1 млн. сом суммасында (ИДПга карата 28,2%) болжолдонот, бул 2015-жылдын такталган бюджетинен 14798,3 млн. сомго көп. 2017-2018-жылдардагы мезгилге мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү МИП гранттарын эсепке алуу менен, тийиштүү түрдө 149741,0 млн. сомго жана 162038,5 млн. сомго чейин өсөт.

Республикалык бюджеттин жалпы кирешелери МИП гранттарын эсепке алуу менен 2016-жылы 124399,6 млн. сом суммасында (ИДПга карата 24,8%) каралууда, бул 2015-жылдын такталган бюджетинен 12868,2 млн. сомго көп. 2017-2018-жылдаргы мезгилге республикалык бюджеттин кирешелери тийиштүү түрдө 131504,2 млн. сомду жана 142212,6 млн. сомду түзөт.

Мамлекеттик бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү 2016-жылга 163886,9 млн. сом (ИДПга карата 32,7%) деңгээлинде каралууда, бул 2015-жылдын такталган бюджетинен 11925,0 млн. сомго көп.

Республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү 2016-жылы 146853,4 млн. сом (ИДПга карата 29,3%) деңгээлинде белгиленген, бул 2015-жылдын такталган бюджетинен 9994,9 млн. сомго көп, анын ичинен бюджеттик каражаттардын эсебинен - 108444,8 млн. сом, бул 2015-жылдын такталган бюджетинен 3637,2 млн. сомго көп, атайын каражаттар - 10016,0 млн. сом, бул 2015-жылдын такталган бюджетинен 2117,5 млн. сомго аз, өнүктүрүү бюджетинин каражаты - 28392,6 млн. сом, бул 2015-жылдын такталган бюджетинен 4240,2 млн. сомго көп. 2017-2018-жылдаргы мезгилге республикалык бюджеттин чыгашалары тийиштүү түрдө 152563,5 млн. сомду жана 155898,4 млн. сомду түзөт.

2016-жылга республикалык бюджеттин тартыштыгы 22453,8 млн. сомду түзөт, бул ИДПга карата 4,5%.

2016-жылы бюджеттин тартыштыгын жабууга 22453,8 млн. сом суммасында каржылоо булагы каралган.

Ички булактар боюнча - 8588,3 млн. сом суммасында терс сальдо каралган.

Тышкы булактар боюнча 31042,0 млн. сом суммасында оң сальдо каралган.

Бюджеттик маалыматтардын айкындуулугун жогорулатуу максатында төмөнкү шаарларда: Ошто - учурдагы жылдын 3-августунда, Жалал-Абадда - 4-августунда, Нарында - 10-августунда, Караколдо - 12-августунда 2016-2018-жылдарга бюджеттин долбоору боюнча региондук коомдук угуулар жүргүзүлгөн, ага бейөкмөт уюмдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышкан.

Бишкекте 14-августта бейөкмөт уюмдардын, эл аралык донордук уюмдардын, министрликтердин жана ведомстволордун жана алардын коомдук байкоочу кеңештеринин өкүлдөрүнүн, ошондой эле ЖМК өкүлдөрүнүн катышуусу менен коомдук угуулар жүргүзүлдү.

Кыргыз Республикасынын бул мыйзам долбоору социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочу, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт, ошондой эле, көрсөтүлгөн Мыйзам долбоорунун ченемдери башка колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга каршы келбейт.

"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы Мыйзамынын 22-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Мыйзам долбоору коомдук талкуулоо үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин расмий сайтына www.minfin.kg жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтына жайгаштырылган.

 

Кыргыз Республикасынын Финансы министри

 

А.Касымалиев

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2015-жылдын 9-декабрындагы
№ 847 токтому менен
жактырылган

"Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун бекитүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
КОРУТУНДУСУ

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 72-беренесине ылайык "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун бекитүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкү корутундуну киргизет.

"Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылган (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-августундагы № 611 токтому) жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилген.

Бирок Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 5-ноябрындагы № 11-VI "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтому менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмү аныкталган.

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык мамлекеттик органдардын чыгымдарын оңдоп-түзөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-августундагы № 611 токтому менен жактырылган, "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кайра чакыртат.

Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Мыйзамдын долбооруна төмөнкүдөй параметрлерди караштырган долбоор киргизилет:

- 2016-жылдагы ПГИ гранттарын эске алуу менен республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 124399,6 млн. сом суммасында (ИДПга карата 24,8%) караштырылат;

- 2016-жылга республикалык бюджеттин чыгымдарынын жалпы көлөмү 146853,4 млн. сом (ИДПга карата 29,3%) деңгээлинде белгиленген;

- 2016-жылга республикалык бюджеттин дефицити 22453,8 млн. сомду түзөт, бул ИДПга карата 4,5%.

Мыйзам долбоорунда финансылык каражаттар, анын ичинде төмөнкү иш-чараларды ишке ашыруу: коммерциялык банктардын айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн пайыздык ставкаларын субсидиялоого, чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүүгө; "Мамлекеттик ипотекалык компания" ачык акционердик коомун капиталдаштырууга; мугалимдердин жана тарбиячылардын эмгек акысын жогорулатууга; электр энергиясынын тарифтерин жогорулатууга; жылуулук энергиясынын тарифтерин жогорулатууга; Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн улуттук программасынын жана 2014-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында тил саясатын өркүндөтүүнүн иш-чараларына; бөөдө кырсыктардын кесепеттерин жоюуга каралган.

Жогоруда айтылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн милдеттенмелерин өз убагында финансылоону камсыздоо максатында "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун бюджеттик жөнгө салууда кыйынчылыктардын келип чыгышынан качуу үчүн кезексиз тартипте кароо зарыл деп эсептейт.