КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2008-жылдын 4-августу N 184

Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө

(КР 2011-жылдын 14-июлундагы N 97 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Ушул Мыйзам адамдын жашоо-турмушунун социалдык, саясий, экономикалык, маданий жана башка жааттарында ар башка жыныстагы адамдарга бирдей укуктар менен мүмкүнчүлүктөрдү көрсөтүү боюнча мамлекеттик кепилдиктерди белгилейт; эркектер менен аялдарды жыныстык белгиси боюнча басмырлоодон калкалоого чакырылган; эркектер менен аялдардын ортосундагы прогрессивдүү демократиялык мамилелерди бекитүүгө багытталган.

1-глава
Жалпы жоболор

1-берене. Ушул мыйзамда колдонулган негизги түшүнүктөр

Гендер - ар башка жыныстагы адамдардын ээ болгон, социалдык жактан бекемделген жүрүм-туруму; саясатты, экономиканы, укукту, идеологияны, маданиятты, билим берүүнү жана илимди кошкондо, турмуштун бардык чөйрөлөрүндө көрсөтүлгөн эркектер жана аялдардын ортосундагы мамилелердин социалдык аспектиси.

Гендердик басмырлоо (тикелей, кыйыр) - жынысы боюнча адамдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын чектеген аргандай айырмалоо, өзгөчөлөө же артыкчылык берүү; коомдук турмуштун саясий, экономикалык, маданий, жарандык же аргандай башка жааттарында эркектердин жана аялдардын тең укуктуулугун таанууну, пайдаланууну, же жүзөгө ашырууну солгундатууга, же ажыратууга багытталган.

Гендердик саясат - ар башка жыныстагы адамдардын ортосундагы өзара мамилелерде теңчиликти орнотууга багытталган мамлекеттик, коомдук иш.

Гендердик статистика - социалдык-саясий турмуштун бардык чөйрөлөрүндөгү ар башка жыныстагы адамдардын тийиштүү абалын чагылдырган жана коомдогу гендердик маселелерди жана мамилелерди баяндаган статистика.

Гендердик экспертиза - улуттук мыйзамдардын мониторинги жана коомдук укуктук талдоо, ошондой эле аялдар жана эркектер үчүн аларда бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн, укуктардын, милдеттердин, жоопкерчиликтердин, теңөнөктөштүк мамилелердин жана теңчилик натыйжалардын сакталышына ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун баалоо, гендердик басмырлоону болтурбоо.

Гендердик өкүлчүлүк - кандайдыр бир уюмдун курамында аргандай жыныстагы адамдардын белгиленген катышта болушу.

Гендердик теңчилик - аялдардын жана эркектердин бирдей укуктук статусу жана аны жүзөгө ашыруу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрү, ал адамдарга жынысына карабастан жашоо-турмуштун саясий, экономикалык, эмгектик, социалдык, коомдук жана маданий чөйрөлөрүнө катышуу үчүн өз жөндөмдүүлүгүн эркин пайдаланууга мүмкүнчүлүк берилиши.

Гендердик тең укуктуулук - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жеңилдетүүчү жагдайлардан сырткары ар башка жыныстагы адамдардын мыйзам алдында укуктарынын, милдеттеринин жана жоопкерчиликтеринин теңдиги.

Гендердик индикаторлор - белгилүү бир мезгилдин аралыгында коомдо болуп жаткан гендердик-маанилүү өзгөрүүлөрдү жыйынтыктоо үчүн сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү пайдаланган көрсөткүчтөр же ченегичтер.

Гендердик мамилелер - карым-катнаш жүрүмүндө же биргелешкен ишмердигинин аргандай түрлөрүн жүзөгө ашыруу учурунда ар башка жыныстагы адамдардын ортосундагы жүрүм-турумдун жана мамилелердин мүнөзү.

Гендердик стереотиптер - тиешелүү мезгилде тиешелүү коом үчүн эркек менен аялдын ортосундагы айырмачылыктар жөнүндө туруктуу түшүнүктөр.

Гендердик талдоо - коомдун жана мамлекеттин бардык чөйрөлөрүндө иш жүзүндө болгон же сунушталып жаткан программалар, мыйзамдар, мамлекеттик саясий багыт менен аялдар менен эркектерге көрсөтүлүп жаткан аргандай таасир этүүлөрдү баалоо жүрүмү.

Үй эмгеги - үйбүлөнүн муктаждыктарын канааттандырууга багытталган эмгек ишмердигинин таризи. Үй эмгеги социалдык-пайдалуу жана эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн түрлөрүнүн бири болуп саналат, ал өлкөнүн адамдык жана социалдык мүмкүнчүлүктөрүнүн негизин түптөйт.

Квоталар - саясий институттарда, эмгек мамилелер чөйрөсүндө жана башка чөйрөлөрдө бардык жыныстагы адамдардын өкүлчүлүктөрүн мыйзамдаштырылган деңгээлде чагылдырган убактылуу атайын чаралардын түрлөрүнүн бири, ал мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарында аялдардын жана эркектердин өкүлчүлүгүнүн теңдештигине жетишилген соң жокко чыгарылышы мүмкүн.

Гендердик маселелерге комплекстүү мамиле - аялдар менен эркектердин ортосунда теңсиздикти жоюу үчүн стратегия, анын жардамы менен аялдар жана эркектердин кызыкчылыгы жана тажрыйбасы бардык саясий, экономикалык, эмгектик, социалдык жана башка чөйрөлөрдө мыйзамдарды, саясатты жана программаны түзүүдө, аткарууда, мониторингде жана баалоодо ажырагыс аспектиси болуп калат.

Гендердик кыйыр басмырлоо - жыныстык таандыгын түздөн-түз көрсөтпөгөн басмырлоо.

Гендердик тең укуктуулуктун бузулушу - басмырлоо, жек көрүү, ошондой эле адамдын жыныстык таандыгына байланыштуу укуктарын чектөө жана артыкчылык берүү түрүндө чагылдырыла турган активдүү же пассивдүү жүрүм-турум.

Гендердик теңчиликтин объектиси - укуктук жөнгө салууга жаткан коомдук, саясий, экономикалык жана башка социалдык мамилелер.

Позитивдүү аракеттер - Конституция жана мыйзамдар тарабынан берилген укуктарды жүзөгө ашырууда эркектердин жана аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн теңөөгө багытталган чаралар.

Гендердик тикелей басмырлоо - жыныстык таандыгын тикелей билдирүү менен басмырлоо.

Бирдей мүмкүнчүлүктөр - гендердик тең укуктуулукка иш жүзүндө жетүү үчүн зарыл болгон каражаттардын жана шарттардын тутуму.

Натыйжанын теңдиги - теңчилик концепциясы, ага ылайык аялдарга жана эркектерге бирдей жыйынтыкка жетишүү үчүн аларга аргандай мамиле кылуу экендиги таанылат, анткени алардын жана башкалардын турмуштук шарттары аргандай.

Бирдей өнөктөштүк мамилелер - ар башка жыныстагы адамдардын мамлекеттик жана коомдук турмушта бирдей шарттарда кызматташуусу же биргелешкен катышуусу.

Сексуалдык асылуу - эмгектик, кызматтык, материалдык, үй-бүлөлүк жана башка көзкаранды болгон адамды оозеки жана күч колдонуу менен кордоочу жана мазактоочу сексуалдык мүнөздөгү аракеттер.

Атайын чаралар - жашоо-турмуштун бир кыйла басмырланган чөйрөсүндөгү жыныстардын бириндеги адамдарды колдоого багытталган уюштуруучулук, мыйзамдык, институционалдык мүнөздөгү чаралар. Атайын чаралар убактылуу мүнөздө болушу мүмкүн.

2-берене. Ушул мыйзамдын максаттары жана милдеттери

Коомдун жашоо-турмушунун бардык чөйрөлөрүндө аялдар менен эркектердин тең абалына жетишүү ушул Мыйзамдын максаты болуп эсептелет.

Бул мыйзамдын милдети аргандай жыныстагы адамдар үчүн улуттук механизмдерди камсыз кылууну түзүү болуп саналат:

- саясий, социалдык, экономикалык, эмгектик жана башка ишмердикте укуктардын, милдеттердин жана жоопкерчиликтин теңчилиги;

- мүмкүнчүлүктөрдүн теңчилиги;

- жашоо-турмуштун бардык чөйрөлөрүндө бирдей өнөктөштүк мамилелер;

- үйбүлөдөгү мамилелердин теңчилиги;

- жыйынтыктардын теңчилиги.

3-берене. Ушул мыйзамдын принциптери

Ушул мыйзам төмөнкү принциптерге негизделет:

- гендердик теңчиликти камсыз кылуу жаатында эларалык укуктун ченемдерин сактоого;

- демократияга;

- мыйзамдуулукка;

- басмырлабоого;

- гендердик саясаттын жүзөгө ашырылышына ар бир ведомствонун жоопкерчилигине жана отчеттуулугуна;

- гендердик саясатты алдыга жылдырууда жарандык коомдун көмөктөшүүсүнө жана катышуусуна.

4-берене. Кыргыз Республикасынын гендердик мамилелер жаатындагы мыйзамдар

Гендердик мамилелер жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон эларалык келишимдерге жана макулдашууларга негизделет жана ушул Мыйзамдан жана ага ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынан жана башка ченемдик укуктук актылардан турат.

Ушул мыйзам Кыргыз Республикасынын жарандарына, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу же убактылуу турган чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга, юридикалык жактарга жана мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары аркылуу мамлекетке жайылтылат.

Эгерде мыйзам тарабынан белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эларалык келишимдерде жана макулдашууларда гендердик теңчилик ченемдерин камтыган бул мыйзамда жана башка ченемдик укуктук актыларда каралгандан башка эрежелер каралса, анда эларалык келишимдердин жана макулдашуулардын эрежелери колдонулат.

5-берене. Гендердик басмырлоого тыюу салуу

Ар башка жыныстагы адамдарга карата ишмердиктин кандай гана чөйрөсүндө болбосун тикелей жана кыйыр гендердик басмырлоого тыюу салынат.

Гендердик тикелей басмырлоого төмөнкүлөр кирет:

- үйбүлөлүк абалы, кош бойлуулугу, потенциалдуу кош бойлуулугу жана үйбүлөлүк милдеттеринин себептери боюнча басмырлоо;

- сексуалдык асылуу;

- бирдей квалификациядагы бирдей эмгекке ар башкача эмгек акы;

Гендердик кыйыр басмырлоого төмөнкүлөр кирет:

- жалпыга маалымдоо каражаттары, билим берүү, маданият аркылуу гендердик стереотиптерди кайрадан жаратуу;

- кандайдыр бир жыныстагы адамдар үчүн залал келтирүү сыяктуу терс кесепеттерге алып келген же алып келе турган шарттарды, талаптарды коюу.

Тикелей же кыйыр басмырлоону жүргүзүп жаткан адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте жоопкерчиликке тартылат.

Төмөнкүлөр гендердик басмырлоо деп эсептелбейт:

- бала төрөө жана эмчек эмизүү иш-милдеттери менен байланышкан мамилелерди жөнгө салууда айырмачылыктарды белгилөө;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда эркектерди гана анык мөөнөттүү аскердик кызматка чакыруу;

- ушул Мыйзамдын негизинде укуктук жөнгө салууга жаткан саясий, экономикалык, эмгектик жана башка социалдык мамилелерде анык теңчиликке жетишүүгө багытталган атайын чараларды кабыл алуу;

- аялдар менен эркектердин эмгегин коргоонун, алардын репродукциялык денсоолугун сактоого байланышкан коргоонун өзгөчөлүктөрү;

- оң аракеттер;

- белгилүү бир жыныстагы адамдардын гана милдеттерин аткаруу мүмкүнчүлүктөрүнө негизделген кесиптик квалификациясына талаптарды коюу.

Гендердик теңчиликти жүзөгө ашырууда ушул Мыйзамдын жана эларалык укуктун ченемдеринин талаптарына карама-каршы келген, жөнөкөй укуктун, каада-салттын жана маданияттын ченемдерине негизделген адамдардын жүрүш турушуна жол берилбейт.

Кыргыз Республикасы өзүнө гендердик басмырлоонун элементтерин камтыбаган элдик үрп-адаттар жана каада-салттарды колдоого алат.

6-берене. Гендердик теңчиликти камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясат

Гендердик теңчиликти камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясат демократиялык принциптерге ылайык жарандык коомдун жана жеке сектордун катышуусу менен мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлөт жана жүзөгө ашырылат.

Гендердик теңчиликти камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери болуп төмөнкүлөр саналат:

- гендердик тең укуктуулукту камсыз кылуу үчүн ченемдик укуктук базаны түзүү, өркүндөтүү жана өнүктүрүү;

- гендердик саясатты жүзөгө ашыруу боюнча институционалдык механизмдерди түзүү;

- гендердик теңчиликке жетишүүгө багытталган мамлекеттик максаттуу программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

- аялдардын жана эркектердин мүмкүнчүлүктөрүнүн ортосундагы дисбалансты жоюуга багытталган атайын чараларды кабыл алуу;

- өнүктүрүүнүн мамлекеттик, региондук жана жергиликтүү программаларында жана стратегиясында гендердик мамилени интеграциялоо;

- коомду гендердик теңчиликти бузууга багытталган маалыматтан, пропагандадан жана үгүттөн коргоо;

- гендердик теңчиликтин маданиятына тарбиялоо жана аны пропагандалоо;

- эларалык укуктун жалпы таанылган принциптери менен ченемдерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын гендердик теңчилик маселелерине тийиштүү эларалык милдеттенмелерин аткаруу.

7-берене. Гендердик саясаттын аткарылышынын мониторинги жана отчеттуулугу

Гендердик саясаттын аткарылышынын мониторинги жана анын ишке ашырылышын баалоо Өкмөт бекиткен гендердик индикаторлордун негизинде мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары жана жарандык коом тарабынан жүзөгө ашырылат.

Гендердик саясаттын ишке ашырылышынын айкындыгы жогоруда көрсөтүлгөн бардык субъектилери менен камсыз кылынат.

Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары, Өкмөт бекиткен тартипте жана атайын тариздердин негизинде гендердик саясатты ишке ашырууга жоопкерчиликтүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга гендердик саясатты ишке ашыруу боюнча жыл сайын отчет берет жана аны жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт.

8-берене. Гендердик статистика

Кыргыз Республикасында гендердик статистикалык маалыматтар жөнүндө маалымат чогултууга жетекчиликти Улуттук статистика комитети жүзөгө ашырат.

Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары жана менчиктин түрүнө карабастан юридикалык жактардын жетекчилери Улуттук статистика комитетине гендердик маселелер боюнча тийиштүү маалыматты берүүгө милдеттүү.

2-глава
Мамлекетти башкарууда жана мамлекеттик менен муниципалдык кызмат өтөөдө гендердик теңчиликтин кепилдиктери

9-берене. Мамлекетти башкарууда гендердик теңчиликтин кепилдиктери

Мамлекет укуктук, уюштуруучулук жана башка механизмдер аркылуу мамлекеттик бийликтин бардык бутактарында ар башка жыныстагы адамдардын гендердик өкүлчүлүк жолу менен камсыз кылуу аркылуу мамлекетти башкарууга катышуусу үчүн ар башка жыныстагы адамдарга бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзөт жана кепилдикке алат жана ушул мыйзамдын жоболорун аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликти белгилейт.

10-берене. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирүүдө гендердик теңчиликтин кепилдиктери

Ар башка жыныстагы адамдар мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирүүдө, кызматтан көтөрүлүүдө жана анын органдарында андан ары иштөөдө бирдей укуктарга жана бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат.

Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жетекчилери ар башка жыныстагы адамдардын жөндөмдүүлүгүнө жана кесиптик даярдыгына жараша мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирүүсүнүн бирдей мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.

Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын кызматчыларынын кадрдык курамында бир гана жыныстагы кызматчылар үстөмдүк болбошу керек. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын кызматтарын квоталаштыруу тутуму (кадрдык курамында жетимиш пайыздан ашык эмес, анын ичинде чечим кабыл алуу деңгээлинде) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.

3 жылдын аралыгында кызматынан көтөрүлбөгөн жана квалификациясын андан ары жогорулатуу максатында окууга жөнөтүлбөгөн ар башка жыныстагы адамдар мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдын жетекчисинен мындай аракеттердин себептерин кат жүзүндө негизделишин, ошондой эле ал талаптанып жаткан кызматка (кабыл алынган, жогорулатылган) дайындалган же окууга жөнөтүлгөн адамдын тажрыйбасына жана квалификациясына тийиштүү маалыматтарды суроого жана алууга укуктуу.

Мамлекеттик жана муниципалдык бош орундарын ээлөө, ар башка жыныстагы адамдарды бирдей деңгээлде жана бирдей шартта катышып, конкурс өткөрүү жолу менен камсыз кылынат.

Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жетекчилери гендердик саясатты эске алып, кызматкерлердин мансаптык өсүшүнүн саясатын иштеп чыгышы керек.

Бир жыныстагы гана адамдар үчүн конкурс жарыялоого жол берилбейт.

Бул беренеде белгиленген талаптарды бузуу мыйзамсыз чечимдерди же бош кызмат орундарын ээлөөгө конкурстун жыйынтыгын жокко чыгарууга алып келет.

Эгерде конкурс боюнча мамлекеттик же муниципалдык кызматка ар башка жыныстагы эки талапкер өтсө, анда мындай шарттарда бул органда азыраак көрсөтүлгөн жыныстагы талапкер бирдей шарттарда алынышы керек.

Бул берененин жоболорун бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдар администрациялык жоопкерчиликке тартылат.

(КР 2011-жылдын 14-июлундагы N 97 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

11-берене. Бирдей шайлоо укуктарынын кепилдиктери

Эркектер жана аялдар мамлекет башчысын, жогорку мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын башчыларын шайлоого катышууга бирдей укуктарга ээ.

Шайлоо өткөрүлүп жатканда, аялдарга эркектер менен бирдей шайлоого жана мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына шайланууга адилеттүү жана анык мүмкүнчүлүктөр менен камсыз кылынат.

Бирдей демократияга жетишүү максатында мамлекет азыраак көрсөтүлгөн талапкерди колдоого багытталган атайын чараларды белгилөөгө укуктуу.

Саясий партиялардын шайлоолорго катышуусу талапкерлердин тизмесинде эки жыныстагы адамдардын кепилдүү бирдей өкүлчүлүгүнүн болушун талап кылат.

Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укугу жана мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына шайлоолорго даярданууга, катышууга жана өткөрүүгө байланышкан алардын кепилдүү мамилелери, ошондой эле гендердик өкүлчүлүктүн сакталышында саясий партияларга дем берүү жана колдоо чаралары Кыргыз Республикасынын шайлоолор жана партиялар жөнүндө мыйзамдары менен белгиленет.

3-глава
Экономикалык жана социалдык мамилелердеги гендердик теңчиликтин кепилдиктери

12-берене. Менчиктин бардык түрлөрүнө бирдей жеткиликтүүлүк

Мамлекет ар башка жыныстагы адамдарга менчик укугун ишке ашырууну кепилдикке алат.

Мамлекет ар башка жыныстагы адамдарга менчиктин бардык түрлөрүнө жетүүнүн бирдей шарттарын камсыз кылат.

13-берене. Жерди пайдаланууга бирдей жеткиликтүүлүк

Ар башка жыныстагы адамдардын жерге болгон укугу бирдей ченемде корголот.

Жерге болгон укуктарды жүзөгө ашырууда гендердик басмырлоого жол берилбейт.

Мамлекет ар башка жыныстагы адамдарга жер участокторун пайдаланууда бирдей укуктарды камсыз кылат.

14-берене. Ишкердик ишмердикти жүргүзүүгө бирдей жеткиликтүүлүк

Мамлекет ар башка жыныстагы адамдардын ишкердик ишмердикти жүргүзүүгө бирдей жетүүгө кепилдик берет.

Ишкердик ишмердикти жүзөгө ашырууда гендердик басмырлоого тыюу салынат.

15-берене. Уюмдарды түзүүгө (уюштурууга) бирдей жеткиликтүүлүк

Мамлекет аргандай жыныстагы адамдарга юридикалык жактарды уюштурууга же юридикалык жактын тең уюштуруучусу катары чыгууга бирдей укуктарды кепилдик кылат жана ал укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн бирдей шарттарды түзөт.

16-берене. Ишканаларды башкарууга бирдей жеткиликтүүлүк

Мамлекет ар башка жыныстагы адамдарга ишканаларды (чарба жүргүзүүчү субъекттерди) башкарууга жетишүүнүн бирдей шарттарын түзөт.

Ишканалардын (чарба жүргүзүүчү субъекттердин) башкаруу чөйрөсүндө гендердик басмырлоого жол берилбейт.

17-берене. Социалдык кызматтарга жана социалдык коргоого бирдей жеткиликтүүлүк

Ар башка жыныстагы адамдар мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзам менен белгиленген тартипте социалдык кызматтарга жана социалдык коргоого жетүүдө бирдей мүмкүнчүлүккө ээ болушат.

4-глава
Эмгек мамилелериндеги гендердик теңчилик

18-берене. Эмгектик ишмердикти тандап алуу эркиндиги

Жалдоочу өзүнүн ишин жүзөгө ашырууда гендердик өкүлчүлүккө этабы менен жылдырууну камсыз кылышы керек.

Жалдоочу эмгектик ишмердиктин аргандай чөйрөлөрүндө, ошондой эле кызматкерлердин аргандай категорияларынын арасында аял менен эркектин теңдеш катышына жетишүүгө багытталган позитивдүү аракеттерди жүзөгө ашырууга укуктуу.

Бул жобо жалданма эмгекти колдонбой ишмердикти жүргүзгөн ишкерлерге, саны 10 адамдан азыраак юридикалык жактарга жайылтылбайт.

Жалдоочу менчигинин түрүнө карабастан иштин шарттары, ар башка жыныстагы адамдар үчүн бирдей болушу үчүн чаралары көрүүгө милдеттүү.

Жалдоочуларга бош орундар жөнүндө кулактандырууларда (жарнактарда) белгилүү бир жыныстагы адамдар тарабынан гана аткарыла турган атайын иштерден сырткары аялдарга же эркектерге гана жумуш сунуш кылууга, аргандай шарттарды коюуга, ишке орношуп жаткан адамдардан алардын жеке турмушу, бала төрөөгө карата пландары тууралу маалыматтарды талап кылууга жол берилбейт.

Жалдоочу ар башка жыныстагы адамдарга эмгектик ишмердигин үйбүлөлүк милдеттери менен айкалыштыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.

19-берене. Эмгек акы төлөөдөгү теңчилик

Ар башка жыныстагы адамдар бирдей шарттарда атаандаштык кылат жана кызматкердин бирдей квалификациясы болгон учурда жана эмгектин бирдей шарттарында бирдей эмгек акыга ээ болот.

Жыныстык белгиси боюнча акы төлөөнү төмөндөтүүгө же эмгек шарттарынын начарлашына жол берилбейт жана ал гендердик басмырлоонун көрүнүшү катары каралат.

20-берене. Кызматкерлерди бошоткон учурларда тең укуктуулук кепилдиктери

Жалдоочу менен эмгек келишими бузулган учурларда (кызматкерлердин саны же штаты кыскарганда, анын ичинде уюм кайра түзүлгөндө) бошотулуп жаткан бир жыныстагы адамдардын саны ошол ишканадагы кызматкерлердин калыптанган санына пропорционалдуу болууга тийиш.

21-берене. Эмгек чөйрөсүндө гендердик негизде асылууларга эскертүү берүү менен бөгөт коюу жана гендердик басмырлоо үчүн жоопкерчилик

Жалдоочу өзүнүн сексуалдык асылууларынан иштеп жаткан ар башка жыныстагы адамдардын баш тарткандыгы же гендердик басмырлоо үчүн жалдоочунун үстүнөн даттангандыгынын негизинде кысым көрсөтүүгө жана куугунтуктоого укуксуз.

Гендердик стереотиптердин негизинде кызматкерлерге кысым көрсөтүлгөн же куугунтукка алынган учурларда, анын ичинде сексуалдык асылууларды кошкондо жалдоочу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.

Жалдоочу сексуалдык асылууларды болтурбоо боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.

Жалдоочу өзүнүн мыйзамсыз аракеттери менен кызматкерди бошонууга мажбур кылган учурларда, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жоопкерчиликке тартылат.

Гендердик басмырлоо аныкталса, кызматкерге соттук тартипте моралдык жана материалдык залалдын орду толтурулат. Сот жалдоочуну гендердик басмырлоо себеби боюнча ишке алынбаган адамды ишке алууга жана гендердик басмырлоо себеби боюнча бошотулган адамды кызматка кайра коюуга милдеттендирүүгө укуктуу.

22-берене. Үй эмгегиндеги гендердик теңчилик

Мамлекет үй эмгегин тааныйт. Үй эмгеги үйбүлө мүчөлөрүнүн денсоолугун, эмгекке жарамдуулугун жана руханий керектөөлөрүн калыптандырат, колдойт жана өнүктүрөт.

Үй эмгеги үйбүлө мүчөлөрү тарабынан ыктыярдуу негизде аткарылат жана үйбүлө мүчөлөрүнүн гендердик жана басмырлоонун башка тариздеринин каражаты боло албайт жана ар башка жыныстагы адамдар тарабынан бирдей деңгээлде жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

Мамлекет үйбүлө мүчөлөрүнө алардын жынысына карабастан балдарды, улгайган ата-энелерди жана майыптарды эмгек жөнүндө жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте жана негизде мамлекеттик жөлөкпул төлөп берүү жолу менен багууну, адилеттүү компенсациялоону камсыз кылат.

Мамлекет үй эмгеги боюнча кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү чөйрөсүндө жарандык коом жана жеке сектор менен кызматташат жана кубаттайт.

5-глава
Гендердик теңчиликти сактоону камсыз кылуу механизми

23-берене. Гендердик саясатты аныктоо боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин компетенциясы

(1-бөлүк КР 2011-жылдын 14-июлундагы N 97 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

Президент өз ыйгарым укуктарынын алкагында ар бир мамлекеттик органга бир жыныстагы адамдын жетимиш пайыздан ашпаган гендердик өкүлчүлүктү эске алуу менен ар бир мамлекеттик органга талапкерлерди дайындайт жана көрсөтөт.

(3-бөлүк КР 2011-жылдын 14-июлундагы N 97 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2011-жылдын 14-июлундагы N 97 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

24-берене. Гендердик теңчиликти камсыз кылуу боюнча Жогорку Кеңештин компетенциясы

Жогорку Кеңеш мыйзамдарды кабыл алуу жолу менен мамлекеттик жана коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүндө гендердик теңчиликтин мамлекеттик саясатынын укуктук негиздерин түзөт.

Жогорку Кеңеш өз компетенциясынын чектеринде бир жыныстагы адамдардын жетимиш пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эске алуу менен:

- Президенттин сунуштамасы боюнча Жогорку соттун судьяларын (анын ичинде Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларын) шайлайт;

- Судьяларды тандоо боюнча кеңештин курамын бекитет;

- Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөлөрүн шайлайт;

- Эсептөө палатасынын мүчөлөрүн шайлайт;

- Акыйкатчынын (Омбудсмендин) сунуштамасы боюнча Акыйкатчынын (Омбудсмендин) орун басарларын шайлайт;

(3-бөлүк КР 2011-жылдын 14-июлундагы N 97 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2011-жылдын 14-июлундагы N 97 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

25-берене. Гендердик теңчиликти камсыз кылуу боюнча Өкмөттүн компетенциясы

Өкмөт өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде:

- гендердик саясаттын негизги багыттарын аныктайт;

- эл аралык милдеттенмелерге ылайык, ар кыл социалдык топтор үчүн мыйзамда белгиленген жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга багытталган гендердик саясатты ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча атайын чараларды ишке ашырат;

- Кыргыз Республикасында коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүндө гендердик теңчиликке жетишүүгө багытталган бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга катышат жана аны жүргүзүүнү камсыз кылат;

- гендердик тең укуктуулукту жүзөгө ашыруу боюнча республикалык максаттуу программаларды түзөт, алардын аткарылышын камсыз кылат;

- республикалык бюджеттин, бюджеттен тышкаркы булактардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка булактардын эсебинен гендердик теңчилик жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча иш-чараларды каржылайт;

- гендердик теңчиликти коргоо жана камсыз кылуу боюнча мамлекеттик бийликтин аткаруучу органдарынын ишине багыт берет жана контролдук жүргүзөт;

- Кыргыз Республикасынын гендердик теңчилик жаатында иштердин абалы жөнүндө жыл сайын берген отчетту даярдайт.

(КР 2011-жылдын 14-июлундагы N 97 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

26-берене. Гендердик саясат жаатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясы

Гендердик саясат жаатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында:

- бирдиктүү мамлекеттик гендердик саясатты жүргүзөт;

- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жана менчиктин түрүнө карабастан юридикалык жактардын Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликке жетишүүгө багытталган улуттук саясатты ишке ашыруу боюнча ишмердикти координациялайт;

- гендердик өнүктүрүү жаатында маалыматтык жана агартуучулук ишмердикти камсыз кылат;

- улуттук саясатка жана мамлекеттик программаларга гендердик мамилелердин киргизилишин камсыз кылат;

- мыйзамдарга жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна гендердик экспертиза жүргүзүүгө көмөк көрсөтөт;

- турмуштун бардык социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий чөйрөлөрүндө гендердик теңчиликке жана тең укуктуулукка жетишүүнү камсыз кыла турган механизмдерди түзүүгө көмөктөшөт;

- гендердик теңчиликти бузуулардын бардык фактыларын каттоону жана эсебин жүргүзөт;

- гендердик теңчиликтин бузулушу жөнүндө талаштарды чечүү боюнча органдардын ишин координациялайт;

- гендердик теңчилик жаатында бул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын эларалык милдеттенмелеринин аткарылышы боюнча мониторингди жүзөгө ашырат;

- бул Мыйзамдын аткарылышы жөнүндө жыл сайын отчет түзөт жана аны жарыялайт, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына сунуштарды жиберет.

27-берене. Гендердик саясатты ишке ашыруу боюнча жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын ишмердиги

Жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары гендердик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат, тийиштүү мамлекеттик, регионалдык жана жергиликтүү программаларга колдоо көрсөтүү жагында өздөрүнүн аракеттерин мамлекеттик бийликтин аткаруу органдарынын аракеттери менен координациялайт.

28-берене. Жарандык коомдун гендердик саясатты алга жылдырууга көмөктөшүүгө катышуусу

Жарандык коомдун уюмдары:

- гендердик теңчиликти камсыз кылуу маселелери боюнча мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары кабыл алуучу чечимдерди иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга катышат;

- гендердик теңчилик принциптерин коргоо программалары бар талапкерлерди көрсөтүшөт жана колдошот;

- мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынан гендердик басмырлоону жоюуга багытталган мамлекеттик, регионалдык жана жергиликтүү программаларда белгиленген көлөмдө жана тартипте усулдук, маалыматтык жана башка жардам алууга укуктуу болушат;

- гендердик теңчиликтин бузуу фактыларын каттайт жана гендердик теңчиликти камсыз кылуу чөйрөсүндө мониторинг жүргүзүү үчүн гендердик өнүктүрүү жаатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалыматтарды берет;

- ушул Мыйзамдын аткарылышы боюнча мониторингди жүзөгө ашырат.

Жарандык коомдун уюмдары альтернативалуу ачык отчетторду даярдоого укуктуу.

29-берене. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорунун гендердик экспертизасы

Гендердик экспертиза улуттук мыйзамдарды мыйзам тарабынан белгиленген тартипте күчүнө кирген гендердик, теңчилик жаатында эларалык келишимдердин ченемдерине ылайык келтирүү жана иштелип жаткан долбоорлордо гендердик теңчиликти бузуу фактыларын болтурбоо, адамдын жашоо турмушунун саясий, социалдык, экономикалык, эмгектик, маданий жана башка жаатында ар башка жыныстагы адамдарга бирдей укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү көрсөтүү принциптеринин сакталышы, аялдарды жана эркектерди жыныстык белгиси боюнча басмырлоодон коргоо үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында жана алардын долбоорлорунда, гендердик теңчиликти бузуунун фактыларын изилдөө жана айкындоо максатында жүргүзүлөт.

Гендердик экспертиза мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдар жана жарандык коомдун уюмдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

Ченемдик укуктук актылар аялдардын жана эркектердин бирдей укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу принциптерине дал келбегендиги аныкталса, гендердик экспертизанын тыянагы ушундай ченемдик укуктук актыны кабыл алган органга жиберилет.

Гендердик экспертизаны жүргүзүү тартиби ченемдик укуктук актылар менен белгиленет.

6-глава
Ушул мыйзамдын жоболорун ишке ашыруу кепилдиктери

30-берене. Гендердик теңчиликти бузуу фактылары боюнча жарандардын кайрылуу тартиби

Гендердик кодулоого туш болгон адамдар бир учурда Акыйкатчыга (Омбудсменге), прокуратура органдарына, сот жана башка мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына кайрылууга укуктуу.

Аталган субъекттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана мөөнөттө гендердик басмырлоо фактыларын карап чыгууну жүзөгө ашырат.

31-берене. Укукка жат аракеттерге даттануу

Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын, ошондой эле менчигине карабастан юридикалык жактардын жана алардын кызмат адамдарынын аракеттери жыныстык белгиси боюнча жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин басмырлоого алып келсе, алар даттанылышы мүмкүн, ал эми жарандардын укуктары сот тартибинде калыбына келтирилет.

32-берене. Ушул Мыйзамдын аткарылышына көзөмөл менен контролдукту жүзөгө ашыруу

Ушул Мыйзамдын так жана бир түрдүү аткарылышына көзөмөл жүргүзүүнү Кыргыз Республикасынын прокуратура органдары жүзөгө ашырат.

Жарандык коомдун уюмдары ушул Мыйзамдын аткарылышына коомдук контролдукту жүзөгө ашырат.

(КР 2011-жылдын 14-июлундагы N 97 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

33-берене. Ушул Мыйзамды аткарбоонун кесепеттери

Гендердик теңчиликти бузуу фактылары табылган учурларда, ушул Мыйзамдын аткарылышына контролдукту жана көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруучу органдар төмөнкүлөргө укуктуу:

- гендердик теңчиликти бузуу фактылары табылганда, аларды жоюу боюнча аткаруу мөөнөтүн көрсөтүү менен мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына жана менчиктин түрүнө карабастан юридикалык жактардын жетекчилерине жазуу жүзүндө жазма буйрук жөнөтүүгө;

- ушул мыйзамдын жоболорунун бузулушуна күнөөлүү адамдарды жоопко тартууга;

- жалпыга маалымдоо каражаттарында менчиктин түрүнө карабастан юридикалык жактардын аталышын ушул Мыйзамды бузган субъекттердин тизмесинде жарыялоого.

34-берене. Ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги

Уюштуруучулук-тескөөчүлүк же администрациялык-чарбалык иш-милдеттерди жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын кызмат адамдары, ошондой эле бирдей иш-милдеттерди аткаруучу башка уюмдардын жетекчилери жана башка кызматкерлери ушул Мыйзамдын жоболорун бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

7-глава
Ушул мыйзамдын корутунду жоболору жана анын күчүнө киришинин тартиби

35-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

“Эркин Тоо” газетасынын 2008-жылдын 8-августунда N 58 жарыяланды

36-берене. Ченемдик укуктук актыларды ушул Мыйзамга ылайык келтирүүгө багытталган уюштуруу чаралары

Ушул Мыйзам кабыл алынгандан кийин Өкмөт:

- үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;

- ушул Мыйзамдан келип чыккан уюштуруучулук маселелерди чечсин;

- алты айлык мөөнөттө Жогорку Кеңешке колдонуудагы мыйзамдарды бул мыйзамга ылайык келтирүү боюнча сунуштарын берсин.

"Гендердик теңчиликти камсыз кылуунун мамлекеттик кепилдиктеринин негиздери жөнүндө" 2003-жылдын 12-мартындагы N 60 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүн жоготту деп табылсын.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

К.Бакиев

 

 

 

2008-жылдын 5-июнунда

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган