Тиркеме

 

   

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси – министринин
2012-жылдын 26-майындагы
N 156 буйругу менен
бекитилген

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын мамлекеттик кызматчыларынын тышкы көрүнүшү (дресс-код) жөнүндө
ЖОБО

1. Жалпы жоболор

1.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын мамлекеттик кызматчыларынын (мындан ары - мамлекеттик кызматчы) иш мезгилиндеги тышкы көрүнүшүнүн жана кийиминин стилинин стандартын аныктайт.

1.2. Бул Жобо жуманын күнүнө, отпускада жүргөнүнө ж.б. карабастан Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүндө болуу мезгилинде бардык мамлекеттик кызматчылар үчүн милдеттүү болуп эсептелет.

2. Мамлекеттик кызматчынын тышкы көрүнүшүнө жана кийиминин стилине жалпы талаптар

2.1. Мамлекеттик кызматкер үчүн кийимдин иш стили милдеттүү болуп эсептелет. Тышкы көрүнүшү жарашыктуу жана расмий-иштиктүү болушу керек.

2.2. Кийим көбүнчө консервативдик-классикалык багыттагы так, иш стилинде болууга тийиш. Кийимдин түсү классикалык иш стилине шайкеш келиши керек, өтө эле ачык түстөр, кийимдин предметтеринде үчтөн ашык түстү айкалыштыруу сунушталбайт.

2.3. Спорттук жана иш эмес стилдеги кийимдер жана бут кийим, анын ичинде жынсы кийим, шорта, ачык сарафандар, футболка, тенниска, спорт свитери, ошондой эле өтө жөнөкөй кийимдер алгылыксыз болуп эсептелет.

2.4. Кызматкердин кийиминин иш стили жыл мезгилин эске алууга тийиш, жайкы мезгилде (май-октябрь) бир түстөгү, ачык тондогу кийимдер сунушталат.

2.5. Кышкы жана сезон аралык мезгилде кызматкерлерге жумуш ордунда алмаштырма таза бут кийим кармоо сунушталат. Бут кийим жабык болууга тийиш, жайкы мезгилде аялдарга тумшугу жабык же колготкиси же байпагы болгондо тумшугу ачык расмий иш стилиндеги босоножка кийүүгө жол берилет.

2.6. Косметиканы жана жасалгаларды көп пайдаланбоо колдоого алынат. Өтө жыпар жыттуу парфюмерияны пайдалануу сунушталбайт.

3. Эркектер үчүн кийимдин стили боюнча сунуштар

3.1. Эркектерге классикалык стилдеги костюм кийүү сунушталат. Кийимдин милдеттүү атрибуту болуп галстук (жагоо) эсептелет.

3.2. Көйнөк костюмдун түсүнө шайкеш келиши керек, жеңи узун, жакасы кайырма, ак, көгүлтүр, башка ачык пастелдик тондор артыкчылыкка ээ болот. Анча байкалбаган ичке тилкелүү же чакмактуу болушу мүмкүн. Жайында - кыска жеңдүү ачык түстөгү көйнөк, пиджаксыз, галстук менен. Галстук костюмдун жана көйнөктүн түсүнө шайкеш келиши керек, өтө гүлдүү болушуна жол берилбейт.

Көйнөктү шымданбай кийүүгө жол берилбейт.

3.3. Өтө чоң трикотаж кийимдерди, свитерлерди, жемперлерди, спорттук стилдеги кийимдерди жана бут кийимди, кыска шым, жынсы, шорта, майка, пляж кийимин кийүүгө жол берилбейт.

3.4. Бут кийим костюмдун түсүнө шайкеш келиши керек, күңүрт түстөгү классикалык бут кийим артыкчылыкка ээ, жайкы мезгилде ачык түстөгү классикалык бут кийим кийүүгө жол берилет.

3.5. Айрым жасалгаларга - нике шакегине, жең кыстаргыч, галстук кыпчыткычтарга жол берилет.

4. Аялдар үчүн кийимдин стили боюнча рекомендациялар

4.1. Аялдарга классикалык костюм (жакет, юбка же шым), көйнөк, юбка/шымдан жана блузкадан турган комплект кийүү сунушталат. Юбканын узундугу тизеден өйдө 10 сантиметрден ашпоого тийиш.

4.2. Жагымдуу өңдөгү кийимдин элементтери менен айкалыштырып көк, боз, саргыч жана баш пастелдик тондордогу бир калыптагы түстүк чечилиштер артыкчылыкка ээ. Чоң-чоң сүрөттөрү бар кийимдерден качуу керек.

4.3. Өтө эле жакасы ачык блузка, сарафан, ийни, курсагы жана далысы ачык декольте көйнөк, тилиги узун макси жана мини юбка (классикалык узундугу - тизенин ортосуна чейин), юбка-шорта, капри шым, жынсы, шорта, майка, топик, ошондой эле өтө чоң трикотаж кийим - жемпер, свитер, спорттук стилдеги кийим жана бут кийим кийүүгө жол берилбейт.

4.4. Жалтырак сайма, шуру-мончоктор менен кооздолгон тор, тафта, шифон, парчадан тигилген кийимдерди кийүүгө жол берилбейт.

4.5. Колготка жана байпак кийим жана бут кийим менен айкалыштырылышы керек. Саймасы бар жана торчолонгон түстүү колготки же байпак кийүүгө жол берилбейт.

4.6. Спорттук жана пляждык бут кийим, сандал, тапочка жана шлепка кийүүгө жол берилбейт.

4.7. Бетте пирсингдин жана ашыкча боенгонго жол берилбейт. Боекторду тандоодо өтө ашыкча боенбоо принцибин кармануу керек. Калың жана ачык боекторду пайдалануу сунушталбайт.

4.8. Аялдарга ачык эмес макияж жана маникюр пайдалануу сунушталбайт.